Прелюдиялар (бир шилтемдер)

Айлыма барам. Апама. Бакырып тосуп алат. Бирок барган сайын мал союп, бапыраңдаган бейиши болгур атам жок.

Кетээримде апам ыйлап узатат.

***
Биз жолуктук акыры. Көздөрүн баягыдай, тамшантып карагыдай.

Бир гезиттин бир номуру. Экөөбүздүн жан дүйнөбүз. Сенин ырың, менин ырым. Махабатка себеп болгон жан сырым. Кат аркылуу таанышканбыз. Сүрөтү жок кат аркылуу сүйлөшчүбүз, ыймандай сыр жашырбай. Ортодогу убадабыз кат аркылуу сүйүүгө жетүү максат. Ак кагазда ак жашадык. Төрт жыл өмүр, төрт жыл көңүл оорутпай. Кадыр тутуп сөз кудуретин, сөз маанисин тутуп ыймандай. Сизден сага өттүк, махабатка малындык.

Бир күнү, бир кечеде чогуу болдук. Сени сүй­лөгөндө сөздөрүңдөн ырдаган ыр­ла­рың­дан тааныдым. Чыдабадым, жарылдым:

— Саламатсыңбы?! Бул менмин-дедим, атым атап, жаш балача талпынып.

Сенек болуп катып калдың. Жан дүй­нөң­дө бакырып, балдагыма кадалып. Бир убакта жашың төгүп, менден алыс качып кеттиң. Убададан танбадым. Канча жолу кат жазбадым, бирок жооп албадым. 34 жашка чейин үйлөнбөдүм, сенден үмүт үзбөдүм. Тилекке каршы колу-жолум бош эмес өгөй тагдыр, өгөй турмуш мойнумда. Биринчи сен мени тааныдың. Дагы эле ыйлап турдуң. Бирок кете албадың кылчактап. Жүзүңдө каның жок. Жүрөгүңдө жалын жок. Көздөрүң гана чаңырат.

Бар күнөөм, болгон күнөөм-махабатым, жана да болгон айыбым-майыптыгым.

Кош болгун! Аруу тилек. Арман жаштык.

***
Айлыма барам, апама. Мен окуган мектеп урап турат, ыйлап турат… Тагдырым-азап-тозогум. Атамдын, апамдын, эжекемдин, эшегимдин жонуна минген күндөрүм, жана да балдак менен кармашкан чолок өмүрүк көз алдыма тартылат. Жан дүйнөмдө ачуу аккорд жаңырат. Симфония жаралат. Мен эмес, сен чолоксуң-тагдырым. Мен сен менен кармаша билем.

***
Кайсы бир күнү ГАИшник кууп алды, серенасын бакыртып. Качып жүрөм жеткизбей, машинамды алкынтып. Эмнеге качып баратканымды түшүнбөй, акыры токтодум, өзүмө-өзүм араң батынып. Машинаман чыга калдым, балдактарыма чалынып. ГАИшник бир мени, бир машинанын рулун таң кала карап, анан мени кучактады да, жайдары күлүп машинасына түшүп кетип калды. Ошондон кийин ГАИлерден качпай калдым. ГАИлерден коркпой калдым. Ар кайсы шопурлардын, ар кандай кептерине көңүл бурбас болдум.

***
Айлыма барам, апама. Караан тутуп элимди, кадырлуу кутман жеримди. Апам өлбөсө экен. Мен айлыма барып турсам экен. Көңүлүм ток, дүйнөм шаң.

***
Көңүлүм көтөрүңкү абалда, мен жаратылыштын жамгырын жанымдай жакшы көрөм. Суу алдында тура берем. Денем тазарат. Көңүлүм агарат. Жамгырдан далдаланган, жамгырдан качкан адамдарды көрүп таңдана карайм.

Ал эми көңүлүм чөгүңкү абалда Кудай мени менен кошо ыйлап жаткандай туюлат.

***
Ооруп турсам да кээде догдурларга баргым келбейт. Тажадым үмүтөткөн сөздө­рү­нөн, сугалак көздөрүнөн.

***
Жарым жылдыкта сабакка бир да катышпаган студентка экзаменге келиптир.

— Сессияга уруксатың жок. Деканатка бар-дедим.

— Агай мен сизди жакшы көрөм. Эркексизби? Башкача сүйлөшпөйлүбү?-дейт сулуулугуна чиренип. Эркектик намысым тура калды. Абийирим болсо жата калды. Коё бербейт тилден, колдон, буттан алып.

***
бир күнү ГАИшник токтотот:

— а, чолоксуңбу? Бара бер-дейт.

Баралбадым. Көпкө турдум. Бутум эмес, акылым чолок болуп.

***
Мен бүгүн да ыйлап күлдүм!

Качан кубанып күлөм?

***
Мен бүгүн өзүмө-өзү чоочунмун (бейтаанышмын). Калагы жок кайыктаймын. Жээкке сүрүлгөн кайыктаймын. Кумга чөгүп барам, шамал бийлейт бийлигин. Толкун тартылат. Алга умтулат. Кумдар колу-бутума жабышып мени ээрчийт. Алп-күч көкүрөккө түртөт. Менден мурун кумдар калат чачылып.

***
Мен бүгүн да уктаган жокмун. Эртең менен кызматка барышым керек. Аялдамада тургам. Машинанын ачуу сигналын уктум. Калганы эсимде жок. Көзүмдү ачсам, дары жыт­танган бөлмөдө жатам. Кийин билдим «мас адам» деп 2 милиция сүйрөп баратышканда «аялымын» деп бейтааныш жаш кыз уру­шуп да, ыйлап да, жалынып-жалбарып да сактап калыптыр. Тез жардамды да чакырыптыр. Эсиме келгенге чейин ооруканада жанымда болуптур. Андан кийин качып кетиптир. Ким болду экен? Менин өмү­рүм­дү сактап калган. Арман дүйнө, арман махабат.

***
Кыялым мага накта дос. Кезигиштик. Эс оогуча эзилиштик. Көзүм ачсам түш экен. Өмүрү эртең менен чай бербеген аялым ысык тамак жасап коюптур.

***
Мен бала кезде айыл таңын, азан чалып короздор, булбулдар жарыялашар эле. Азыр малдар маарашат экен. Булбулдар кайда? Короздор тилден калганбы?

***
Айылга бардым, апамды сагындым. Түн бир оокумда, сыркоолоп жаткан баламды эстеп, санаам тынчыбай кетүүгө шашылдым шаарга. Апам коё бергиси келбеди. Болбодум. Айылдын аягына келгенде эсиме келдим. Машинамды токтотуп бир айылды, бир алыстагы Бишкекти карайм жалдырап.

Ошентип ал таңды машинам экөөбүз айыл этегинен тостук. Эртең менен үйгө барып, апамдан кечирим сурап, андан кийин жолго чыктым.

***
— Чындык барбы?

— Бар, ал сенин өлүп-тирилгениң.

— Жинди го өлгөн адам тирилмек беле? Анда сен өлүп, сен тирил.

— макул.

***
Досум келди, мас болуп.

— Урдум катын баламды-дейт көздөрүнө жаш толуп. Үйүнө бардык. Араң зорго жараштырдым. Досум мага кол салды. Досум калды мас болуп, көңүлүмдө кас болуп.

***
Колдон-буттан алган көр оокат. Рулдамын. Караңгы түн. Ары өтсөм, бери өтсөм деле. Чүй-Ибраимова көчөсүнүн бурчунда капоту ачылган эски «Москвич» токтоп турат. Таңга маал ал москвичке бардым.

— Эмне жардам керек?-десем,

— Урдум сенин заманыңды, сенин адамдарыңды-дейт жети­миш-сексен жаштагы орус чал жаш балача солкулдап ыйлап.

— Советтер Союз учурунда шопурлар бири-бирибизди талаага таштачу эмеспиз. Азыр болсо 1 литр бензин көзүмөн учуп, үйгө жете албай турам.

— Мен берейин-десем.

— Урдум сенин заманыңды, сенин адамдарыңды-дейт ызырынып.

1,5 литрдик бутылкада ак суу бар эле «суусагандыр» деп сунуш кылдым. Колумду кагып жиберди. Суу чачылды. Мен да чычаладым. Теңелбедим. Москвичтин багына 3 литр бензин куйдум да, машинамды айдап кеттим.

Эртеси кечинде жумуштан келе жатсам, кошунам Алексей подъездден тосуп алды. 3 литр самогон алып келди. Түн­дөгү орус чал таштап кетиптир. Адресимди кайдан тапты экен? Өмүрү самогон ичип көргөн эмесмин. Мас болуп Алексей үйүнө кетти. Мен үйдө калдым. Түндөгү жаш балача солкулдап ыйлап турган чалды эстеп, мен да ыйладым.

«Урдум сенин заманыңды, сенин адамдарыңды» деген сөздөр кулагыма жаңырып турду.

***
Мен бүгүн «көзү ачыкка» бардым. Кубандырды. Толкундатты. Эртеси ачка калдым. Кайра бардым. Кайра акча сурады.

***
Мен бүгүн да уктаган жокмун. Бирок жумушка бардым. Эки пар лекция окудум. Кечинде үйдө отурсам телефон шыңгырады. Бөлүм башчыдан тил уктум. Көрсө бүгүн филармонияда иштемек экем. Арабаев университетиндеги кайсы мугалим  бүгүн ишке келбеди экен? Кимдин ордунда иштедим экен.

Мен бүгүн да уктабайм, бактылуумун. Бүгүн да өзүм менен өзүм болом. Музыка жазам. Эс алганда китеп окуйм. Бирок эртең жумушка барыш керек да. Кайсы жакка? Расписаниямды карайынчы?

***
Кийинки күндөрү жумушка баратсам, жолдун берки өйүзүндөгү аялдамадан мени бир ит тосуп алчу болду. Жумушка узатып коёт, эркелеп. Кечинде тосуп алат кубанып. Үйгө чейин ээрчип келет. Подъездге келгенде качып жөнөйт безилдеп, нан бергениме карабай.

Бүгүн да жумушка баратам. Аялдамада баягы ит жок. Издедим. Күттүм. Аман болгой эле. Артка тарттым. Жан дүйнөмдө ээндик.

***
Биринчи жолу сөөк жууганга кирдим. Өлүм жытын сездим. Өлүп кайра тирилдим.

***
«Кызмын» дедиң кылыктанып, кол салууга даабадым. «Күткүн» дедиң, «келем» дедиң, «мен сендикмин ардагым». Мен оорудум, өлдүм окшойт, бирок жүрөк сопо-соо. Көрөм, сезем. Сен сүйүүңдү башка адамга арнадың. Сен өзүңдү алдадың.

***
— Куйчу арак, ыр окуйун-дейт акын кыз, бир досум. Ыйлайт. Ырдайт. Күлөт. Жыргайт, ал жыргалың курусун. Ушул беле тур­му­шуң.

***
Жээкте желбиреген сени карап.

Мен бүгүн барам сар-санаага.

***
«Көзү ачык» молдого бардым. Кудайдын атынан сүйлөдү. Акыры акча алып тынды. Сыртка чыктым. Айланам муздак, ээндик. Кимге ишенип, ким менен жашайм.

***
Көлгө түштүм. Көлдөй болуп толкудум. Көл толкунда  турмуш шарын окудум.

***
Бир күнү бир досум келди үйгө. Көйгөйүн айтып, ыйлайт, сыздайт. Ээрчишип үйүнө бардык. Мен күйөө жолдош болуп ала качып берген, баягы жоош кыздын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып калыптыр.

— Эй дос, мындай катынга ким чыдайт, кетир-дедим. Аяшымдын оозу ачылды.

— Жинди го. Жараштырганы келгениң ушулбу?-дейт жалдырап. Табам канды жадырап. Казан-аяк шаңгырап, тамак жасала баштады. Мен кетип калдым.  Жан досум рахмат да «тамакка кал» деп да айткан жок. Экинчи келбес бекен.

***
Жамандыкта тараза жок.

***
Душман өлсө да, жөн өлбөйт. Ала жаткысы келет.

***
Кедей тагдырга байлыктын кереги жок.

***
Сараң өлүмдү ойлобойт.

***
Уйкучуга күн деле түн.

***
Тагдыр, сен мага кимсиң? Душман­сың­бы?! Доссуңбу?!

***
Изде мени саймалуу саамайыңан, чачтарына оролуп, өлүп калган.

***
Түлкүнүн тагдыры-териси.

***
Кыз намысы-бир түндүк.

***
Жокчулук-жыртык чөнтөк.

***
Мен өз эркимдин кожоюнумун.

***
Арык кишиге жүнү жүк.

***
Карыз сурабай кайышып жүрөм. Карызымды ала албай майышып жүрөм.

***
Төрт көз, тогуз буту бар ал ким?

***
Көз караш — жүрөк ачкычы.

***
Ак карага түткөн кол.

Сталбек Бактыгулов,
Кыргыз Композиторлор, Жазуучулар жана Журналисттер кошундарынын мүчөсү
«Жаны ордо», 21.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий