Бээнин сүтү эненин сүтүндөй касиетке ээ

Кыргыз окумуштуулары кечээ жакынкы жылдарда бээнин сүтүн, андан даярдалган кымызды кургатуу жолдорун табышкан. Эгер бул ишке ашса, мындай азыктарды чет өлкөлөргө экспорттоо жеңил болмок. Кезегинде бул иш-аракеттерге Германиядан инвестор чыгып, бирок ал биздин кээ бир чиновниктердин тоскоолдуктарынан улам өз максатын ишке ашыра алган эмес. Натыйжада кыргыз окумуштууларынын илимий ачылышы да өз үзүрүн көргөн жок.

1900-жылы венгриялык окумуштуулар бээнин сүтүн изилдеп, анын 92 пайызы адамзат энесинин сүтү менен шайкеш келерин аныкташкан. Ал эми эненин сүтү баланын организмин калыптандырууда кандай роль ойнорун билесиз. Илимий түрдө дарылык касиеттери далилденгенден кийин, европалыктар арасында бээнин сүтүн дары катары пайдалануу акырындап жайылтыла баштаган. Мисалы, орустун опол тоо жазуучусу Лев Толстой өзүнүн кургак учук оорусунан бээнин сүтүн ичип айыкканы белгилүү. Албетте, көчмөн эл үчүн жылкынын сүтүнөн жасалган азыктарды даярдоо, аны пайдалануу көнүмүш. Бирок орустардын тарыхында анын дары экени белгилүү болгонго чейин бул азыкты колдонгондор болгон эмес.

Дарыгерлердин айтуусу боюнча бээнин сүтү менен дарыланууда өтө кылдат болуш шарт. Көрүнгөн жерден сүт сатып алып иче берүү дарыланууга кирбейт. Эгер бул дарынын касиетин чындап сезем, сыркоомдон тазаланам десе, ал адам бир гана бээнин сүтүн ичүүгө тийиш. Күнүнө үч маал белгилүү өлчөмдө ичкен жакшы. Дарылануу убактысы толук он беш күн. Ушул күндөр аралыгында гана бул тамак организмге толук сиңип, алгачкы күндөрдө арыктатып, зыяндуу заттарды айдап чыгып, бара-бара күч-кубатка киргизип, баладай тазалап, акырында балканактай киши кылып коет дешет. Сыркоосу өтүшүп кеткен адам аны алгач кашыктап, анан чөйчөктөп, айтор, көлөмүн акырындап көбөйтүш керек экен. Дарылануу учурунда сөзсүз диета кармалышы зарыл. Аны башка тамактар менен аралаштырып иче берүү анча таасир этпейт. Эскерте кетчү жагдай, бээнин сүтү кан басымын түшүрөт, ал эми кымыз көтөрөт. Ошондуктан бээнин сүтү менен бардык эле оорулар дарылана бергенге болбойт. Бул үчүн атайын дарыгердин кеңешин алганыңыз оң.

Шаарда кымыз, атургай атайын бээнин сүтүн алып келип саткандар толтура. Учурда кыргыз интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү таң атпай Ош базарынын түштүк жагында жайгашкан анчалык чоң эмес кымызканага чогулушат. Өздөрүнчө бул жерде кымыз сүйүүчүлөр коомун да түзүп алган. Алардын айтуусу боюнча ушул жердин кымызы жана саамалы таза. Бээнин сүтүнүн бир литри 60 сом турат. Мындай жайлар шаардын сырттарында Байтик, Арашан айылдарында да бар. Акчалуулар көбүнчө шаардын сыртына барганды сүйүшөт. Бирок жана айткандай анын дарылык касиетин сезем деген адам бир бээнин сүтүн желе башынан толук он беш күн ичүүгө тийиш. Бээнин сүтүнүн дары боло турган учуру үркөр жылдызы чыкканга чейин гана экенин кыргыздар небак аныктап чыгышкан.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий