БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ

(Уландысы. Башы)

«Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты» гезиттеринде, «Ала-Тоо» журналында иштеп жүргөнүмдө Нарын облустуна далай жолу командировкага бардым, бирок, Ат-Башыга жол түшпөй, Нарындан ары жылсам Ак-Талаа районунан, бери жылсам Тянь-Шань менен Кочкор районунан туз буюруп туруп алды.

Ат-Башы мен үчүн өзгөчө маанидеги жер эле. Он тогузунчу кылымдын орто ченинде Ормон хан туугандарына жер ээлетем деп Кеминден Ат-Башы, Нарынга көчүргөндө арасында менин да ата-бабам кошо көчкөн экен. Жетимиш жылдан ашуун убакыт Ат-Башы, Нарынды мекендеп, үркөрдөй эл катары калың очор-бачар «калкка» айланып, эчен кылым мурун ээлик кылган эл менен, мал киндиктүү маңдайы жарык жер менен жытыгышып, кыз алып, кыз беришип, тамырын терең жайып калган кезинде, жыйырманчы кылымдын отузунчу жылдары каруусуна катуу кирген Совет мамлекети короодогу менчик малдын мыдырын койбой ортого алып койгон кезде «малыбыз болсо Ат-Башыдай жер барбы, эми малыбыздан ажырап калдык, эгин-тегин айдап жашаганга бышыкчылыктуу Кемин жакшы жер эмеспи» дешип, кайрадан Кеминге көчүп келишет. Кеңирсиген Ат-Башыда, ак кар, көк муз Ак-Сайда, ак бороондуу Арпада чоңоюп-өскөн чоң энелерибиз менен чоң эжелерибиз «кенедей Кеминге батпай», өз жерин, өз элин сагынышып, «Аа, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы» дешип, баштары бириге калса эле эртеден кечке Ат-Башы, Арынды (алар Нарын дебей Арын дешчү) көздөрүнө жаш алып эскерип отургандарын эси кирип калган мага окшогон нечен чыт курсак балдар кулагыбыз менен угуп, көзүбүз менен көрүп калдык. Алардын оозунан түшпөгөн Ат-Башы, Арын биздин да кулагыбызга кыттай куюлуп, мээбизге жадыбалдай жатталып калгандыктан, ата-баба жердеп жүргөн ал жерлердин аты менин да жүрөгүмө жакын, кулагыма жылуу угулуп, барсам, көрсөм, кыдырсам деген эңсөөсү күч чоочун сагыныч жүрөгүмдү узак жылдар уялап жүрүп, ал тилегим 2007-жылы август айында араң ишке ашты. Көк кымкап чепкенин жамынган Ат-Башы эки баштуу суусун эки бир тууганды табыштырып, өбүштүрүп, көрүштүргөндөй Чеч-Дөбөдөн көрүштүрүп-бириктирип, батыш менен чыгышка боюн керип, бейкут суналып жаткан экен. Түзү бийик, тоосу жапыс Ат-Башы өзүнүн бейтааныш кулунун бооруна тарткандай жылуу кабыл алды. Кошой-Коргон, Чеч-Дөбө мазарларына кан чыгарып куран окуп, Кында менен Таш-Рабаттын мөл булагынан суусунум кангыча ичип, Ат-Башынын тоо аралаган, токой аралаган, сай аралаган суусунун кошулган жеринен жүзүмдү чайып жуундум. Күдүрөйгөн күңгөй кара тоолору менен жымырайган жашыл кымкап тескей тоолорун жок жоготконсуп көпкө телмирип карадым. Ата-бабам жердеген айтылуу Ат-Башы керемет жер экен. Сураштырсам Ак-Жар, Дыйкан, Кара-Суу, Кара-Булуң, Кызыл-Туу айылдарында көчпөй калган чукул эле туугандарым жашайт экен. Алардын тынчын алып барганым жок. Чеч-Дөбө менен Кошой-Коргонду байырлаган байыркы заманда жашап өткөн бабаларымдын «өңүн көрүп», сөзүн «уккум» келди. Чеч-Дөбөгө түнөдүм. Өзүм эңсеп күткөндөй байыркынын «киносун» көрүп, кобур-собур үн-сөзүн уктум. Чеч-Дөбөдөй сүрдүү, Чеч-Дөбөдөй касиеттүү жер дүйнөдө аз чыгар. Ат-Башынын кыз-жигиттеринин чыйрак-тың болгону, кемпир-чалдарынын кайраттуу-чың болгонунун түп себеби Кошой-Коргон менен Чеч-Дөбөнүн көптөргө белгисиз көмүскө касиетинен улам экенин түшүндүм. Кан Кошойдун каркайган кат-кат тоолорду жаңырткан каткырыгы менен сүрү, алп Алманбеттин махабаты менен ыйы ушул жерге сиңгенин, Ат-Башынын башы да баш, аягы да баш, бут тийиштирип эки жакка суналып жаткан эки баатырдай эки баштуу өрөөн экенин көптөр биле бербес, билсе да, элес албас. Жок издегенсип Кошой-Коргонду тегеренип зыярат кылдым, Чеч-Дөбөнүн төбөсүнө чыгып күн чубактап отуруп куран окудум. Ат-Башынын керимсел болуп лепилдеп соккон салкын абасынан кере-кере жутуп, көкүрөк кандыра дем алдым.

Шайлообектин «Эки дөөнүн кармашы» аттуу дастанынын алгачкы бөлүгү «Агым» гезитине жарык көргөндө Ача-Кайыңдынын ак карлуу чокусун, каланып өскөн каралжын-көгүш карагайын, калкайган түсүн, токоюн, суусун жана бирде Кошой-Коргондо, бирде Чеч-Дөбөдө малдаш токунуп отурган кара тоодой кан Кошой бабабыздын алтымышка чыккан Шайлообекти алты жашар баладай оң тизесине бир отургузуп, сол тизесине бир отургузуп ойнотуп-эркелетип эрмектеп отурганын көрдүм. Кандуу кагылыш, жоо чабышта жыйырма беш жаштагы өзүнүн орун басар баатыр баласынан ажырап, кан жутуп боздоп-жоктоп ыйлаган Кан Кошойдун кабагы эми ачылып, кайрадан балалуу болгондой карс-карс каткырып-күлүп, чечекейи чеч болуп кубанып турган чагын көрдүм. Ал замандагы кан Кошойдун балдары баатыр чыгып, бул замандагы балдары өнөрлүү чыгып, бүгүнкү күндө алп атабыздын арбагы ыраазы сыяктанат…

… «Манас» кыргыз элинин түгөнбөс руханий кенчи. Аны ар замандын залкар манасчылары айлап-жылдап айтып түгөтө албай келди. Бул замандын манасчылары айтып гана түгөтө албастан, жазып да түгөтө албай жатат. Ашым Жакыпбеков менен Кеңеш Жусупов кара сөз менен каңтарса, Жалил Садыков драманын тили менен көкөлөтүп, Шайлообек Дүйшеев ыр саптары менен дүңгүрөттү. Сагымбай менен Саякбайдын «Манасы» ыр түрүндө кагаз бетинде турганда Шайлообек өзүнүн «Манасын» ыр түрүндө жазышы кооптуу да, жооптуу да милдет эле. Кең көкүрөгүндө көөнө сөзү оргуган, калдайган башында фантазиясы ашып-ташыган, жүрөгүндө балбан саптар булкунган Шайлообек Жараткандын жалгоосу, Манас атанын, Бакай бабанын, Кошой бабанын арбагынын колдоосу менен жаман «Манас» жазган жок, оңой «Манас» жазган жок. Залкар манасчылар Сагымбай менен Саякбай аталардын арбагы ыраазы болсун, алардын «Манасынан» Шакемдин «Манасы» айрым жерлеринен (жаш эмеспи, өткүр эмеспи, өрт эмеспи) ашса ашкандыр, асты кем калган жок. «Эки дөөнүн кармашы» «Манас» эпосунун чоң бөлүктөрүнүн биринин жаңыча фантазия, көркөм боек менен жетээр жерине жеткире баяндалган, сүрөттөлгөн, Болот Миңжылкиевдин үнүндөй бийик үн менен дүйнөнү дүң түшүрүп жаңырыктатып ырдаган жаңы үлгүсү десек жаңылышпайбыз. Буга чейинки айтылган, жазылган «Манастай» бул «Манасты» да жыргап окудук, ырдап окудук. Чыгармачылыктагы мындай зор ийгилик ар кимдин башына айланып коно бербестир…

Шакем өзүнүн «Манасын» кокусунан жаза койгон жок. Дагы бир кудай сүйгөн пенде түрткү бергендир. Кандай болгон күндө да, ал өмүр бою «Манасты» окуп, «Манастан» канагат алып, «Манас» менен төрт тарабын түгөлдөгөн жигит. Жыйырманчы кылымдын алтымышынчы жылдарында радио-теле кеңири кулач жая элек, Ильич шамы ар бир үйдө жана элек кезде кат тааныбаган кары-картаңдар кат тааныган жаш балдарга кечкисин чырактандын жарыгына салып «Манас» окутушчу. Шакем да «үймө үй кыдырып «Манас» окучу элем, түнкүсүн «Манасты» кучактап уктачу элем, айрым күндөрү «Манас» айтып чочуп ойгонгон күндөрүм да болгон эле» деп эскерет. Манас жандуу Ат-Башынын касиеттүү карыяларынын батасы тийген, кан Кошой баба менен Алманбет баатырдын арбагы колдогон, Кошой-Коргон менен Чеч-Дөбөнүн касиети даарыган Шакем калың журтуна таланттуу акын гана катары таанылбастан, таланттуу манасчы катары да таанылып, Сагымбай, Саякбай өңдүү бабаларынын, Ашым, Кеңеш, Жалил, Бексултан, Мар агаларынын катарына келип кошулуп отурат.

… Мыкты акын, мыкты журналист, жалкоо жомокчу Жолдошбек Зарылыкбеков деген замандаш ини-досум бар. Элде жок узун ээгин экчеп алып, карчытынан эбак кеткен кара батинкесин көктөп алып, аралабаган жери, аңгемелешпеген эли, тумшугу тийбеген чүтөгү, түгөтө окубаган китеби жок. Эл укпаганды угуп, эл көрбөгөндү көрөт. Оозу да, колу да ачык неме. Көргөнүн көргөндөй, укканын уккандай айтып да, жазып да жиберет. Ошол жер тыңшаар желмогуз ини-досум айтып жатпайбы: «Шайлообектин курсташтарынын ырларын окуп чыксам, айланайын, койго кой кошулгандай эле, биринин ырында биринин менчик сөздөрү карала-торала болуп аралашып жайылып жүрөт» деп… Бул балээ баскыр көрүнүштүн чет-бучкагын мен да байкап жүргөм. «Оо, окшуйган ата-бабаңды…» деп так секирип сөкпөй, «ооба, чын» деп башымды ийкеп моюнга алдым. Шайлообектин «менчик» сөздөрүнүн катарлаш жазып жүргөн акындардын саптарына кирип кетишинин түп себеби, Шайлообектин ырларына, саптарына, сөздөрүнө замандаш акындар катуу таасирленгенден улам болсо керек деп ойлойм. Ошол кездеги чогуу окуган «университеттин акындары» Шайлообекке атаандашып да, таасирленип да ыр жазгандары чын. Шакем өзү эле жакшы акын болуп жаралбастан, өзгөлөрдү да жакшы акын кылып «жаратты». Шакеме атаандашпагандар, таасирленбегендер өчөйүп артта калып, дайын-оту билинбей, ың-жыңы чыкпай эбак эле жоголгон. Шакемдин жакасына жармашкандар, этегине эрмешкендер төрт-беш ыры менен болсо да калдайган калың кыргызга акын катары таанылып алышты. Бул да болсо жакшынын шарапаты… Бүгүнкү күндө да Шакемдин арыгы менен аккан, жолу менен жүгүргөн жаш акындар аз эмес. Алар туурасында кийинчерээк сөз кыларбыз, бир сөз менен айтканда, Шакемдин Алыкул Осмоновдукундай, Сагын Акматбекованыкындай, Турар Кожомбердиевдикиндей поэзия мектеби түптөлүп жатат.

Ашым Жакыпбековдон кийин эле кыргыз көөнө сөздөрүнүн бай запасы ушул Шайлообектин башында. Анын сөздөрү кыймылдуу, жандуу, сулуу, элестүү сөздөр. Кысталыш жерге келгенде өчөйгөн сөздөрдү өчүрүп, кыйын сөздөрдү таап чыгат. «Андай сөз жок турбайбы» деп алакан жайып актанбай, жок сөздөрдүн жолун таап бар кылып, жигин билгизбей жасап да жиберет. Анын мээси «Манастын» саптарына чыланган мээ, анын башы кыргыздын сөздөрүнө шыкалган баш. Бөлөк-бөтөн тилдин сөздөрүнө анын башынын кенедей да жеринде бош орун жок. Чылгый орустун арасында эки жыл аскердик кызмат өтөп жүрүп орусча үйрөнбөй келгенинин да түп себеби ушундан улам болсо керек эле…

(Уландысы бар)

Нуралы КАПАРОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий