Элмирбек ИМАНАЛИЕВ, төкмө акын

Кайткан кадыр — качкан куш
Караңгыда чырактай,
Кашка тунук булактай
Дили келсин кыргыздын!
Майдасын жууп кетирген
Манасын айтып жетилген,
Тили келсин кыргыздын.
Насилинен нарк кетпес
Намысы келсин кыргыздын!
Адилет сүйлөп ак жүргөн
Карысы келсин кыргыздын!
Кара кылды как жарган
Калысы келсин кыргыздын!
Улууга урмат кылышкан,
Кичүүгө ызаат кылышкан
Сылыгы келсин кыргыздын!
Өзүм дебей эл деген,
Өзгөгө намыс бербеген
Кыйыны келсин кыргыздын!
Тукумга наалат кетирбес
Тунугу келсин кыргыздын!
Туу көтөрүп аштаган,
Туура жолго баштаган,
Улугу келсин кыргыздын!

Кайрыгы канды жүргүзгөн
Ыры келсин кыргыздын!
Сылап жыйган жүк сымал
Сыны келсин кыргыздын!
Улуудан урпак улаган,
Учтан түпкө чубаган
Жолу келсин кыргыздын!
Барга бар деп көппөгөн
Жокко жооруп чөкпөгөн,
Периштедей тап-таза,
Пейли жандан башкача
Доору келсин кыргыздын!

Көркөмүнө көз жетпес,
Көз жетсе да сөз жетпес
Түрү келсин кыргыздын!
Кас караса сестенген
Сүрү келсин кыргыздын!
Комузуна кош бүткөн,
Үнү келсин кыргыздын!
Айдыңы айды чапчыган,
Ылайым,
Күнү келсин кыргыздын!

Кайран биздин бабалар:
Каруусун казык кылышкан,
Калкым деп тике турушкан.
Билегин токмок кылышкан,
Бирдик деп тике турушкан.
Бабалардын салты үчүн,
Байыркынын наркы үчүн,
Баш тарткан эмес кылычтын.
Өрнөгүн асыл урпакка
Өткөрүп берип тынышкан.
Кээ бирөө,
Өзөгүн анын түшүнбөй,
Өйдөмүн дешет улуттан.
Тентектер азыр жок эмес,
Теңирден калган теңдикти,
Тепселеп карап турушкан.

Көр тирлик деп каныңдын
Көтөрүлдү басымы.
Жуурат эмес айрандын
Жук болбой келди катыгы,
Ныпым койбой башкага
Нысапсыздардын кашыгы,
Амалы кетти эл журттун
Ай сайын арбып жакыры.
Балдары нечен кыргыздын
Байпакка жетпей олтурса
Кантейин,
Башкага берген ашыңы.
Кыргызым, кыргыз, кыргыз деп
Кылычтын жүргөн мизинде
Кечээ,
Кыргыздын нечен баатыры.

Миң тогуз жүз токсонго
Тогошкон жылдар эсимде.
Азаттык күүсү жаңырып
Ала-Тоо асыл жеримде.
Өзгөрүү күтүп турмуштан
Өрөпкүү турду сезимде.
Айрыкча бир үй топурап
Айтылуу тигил Кеминде.
Жакшылык келсе экен деп
Жалынып кыргыз Теңирге.
Эңсөөсү бышкан элимдин
Ошондо,
Эр Манас турду деминде.

Эр Манас:
Кулаалы таптап куш кылган
Курама жыйып журт кылган.
Кытайдан бери келсе да
Кымызын чайкап жуткурган.
Ар жерден келген ар элге
Атасы кылбас иш кылган.
Айкөлдү паана тутушуп
Алар, Ала-Тоону журт кылган.
Кыйла элдин багына
Кыргызды Теңир туш кылган.

Манас:
Улугу болду — улуктун;
Устуну болду — рухтун;
Урааны болду — улуттун;
Улуусу болду — жарыктын;
Уңгусу болду — тарыхтын;
Жарыгы болду — жылдыздын
Жан дүйнөбүзгө чегилген
Жазуусу болду — кыргыздын.

Ааламда аркыл дүйнө бар.
Акча-пул ар бир үйдө бар.
Храмдар — ар бир жерде бар.
Драмдар — ар бир элде бар.
Шекспир, Шенберг, Шиллер бар,
Гёте, Гегель, Гейне бар,
Бир ырдап, бийлеп көрүшкөн
Бир эмес миллиард пенде бар.
Опера, балет, оюн-зоок
Ойнолот кайсы жерге бар.
Жаттабай, жазбай, күрпүлдөп
Жаңылбай айткан күн-түндөп
Манасчы кайсыл элде бар!?

Манас деген кыргыз да,
Манасчы деген кыргызда.
Барда да, жокто, ач, токто
Бааланып келген бир нуска.
Түркүгүн анын сүйөнүп,
Түнөгүн тапты түбөлүк
Түгөлбай, Жоомарт, Чыңгыз да.
Атагы улуу манасчы
Бирок,
Абалы кандай чындыкта…?
Бечара болуп калышты
Берки эле жыйырма жылдыкта.
Азыр,
Таш алып жерден ыргытпа
«Тарс» дей түшөт жылдызга.
Же,
«Тойота» минип, күндө ырдап
Тайтактаган бир кызга.
Туу туткан өнөр а бирок
Тушалбаш керек турмушка.

Баарынын болот себеби
Башынан айтып берели.
Байкасак ак сөз — балык да
Башынан сасыйт дегени.
А дегенде «А» келди.
Аябагандай тынч эле.
Анткени менен жумушту
Аялы менен кылчу эле
«Балитика» жагына
Балакеттей сынчы эле.
Бирок,
Балеттен башка өнөргө
Түгөнгүр,
Башын кашып турчу эле.

«А.-дан» кийин «Б» келди.
Башында эле курч эле
Байкатпай туруп көп ишти
Баласы экөө кылчу эле.
«А.-нын» кылган ишине
Аябагандай сынчы эле.
Бирок,
Айкөлдүн даңкын алдырып,
Аялдар көзүн талдырып,
Анжиян бийин салдырып,
Аянтта бийлеп турчу эле.

Сыйлабаса улутун —
Сылыктанып, кооз сүйлөп
Сыпайы болбой курусун.
Сыйлабас эл өздөрүн
Сыйын көрбөйт өзгөнүн.
Барктабас эл өздөрүн.
Баасын албайт өзгөнүн.
Тил менен дилиң жат болсо
Тирүү жүрүп өлгөнүң.
Балким
Кастар күтүп жаткандыр
Кайран кыргыз өзүнүн
Касиетин көмгөнүн.

Кесир кылып кыргызым
Кечээкини теппейли.
Кедергибиз тийбесин
Келечекти эстейли.
Аргасыздан деп коюп
Арнамыстан кетпейли.
Касиет качып кетпесин,
Карай берсек алысты,
Кайтарса болот карызды.
Кайткан кадыр — качкан куш,
Кантсе болот намысты?
Качан кыргыз ойлонот
Каадасында калышты?
Каптап келген ар жактан
Кайдагы бир жоруктар
Кара дарттай жабышты.

Маданият тармагы
Маңдайда шору, арманы.
Гитарчы, бийчи, гезитчи
Кимдер гана барбады.
Ар киминин өзүнчө
Атагы, даңкы, салмагы.
Ар качан болду кедерги
Агенттик кыла салганы.
Эч кими,
Кожоюн койгон чийинден
Кол чыгара албады.
Олчойгон акча бөлбөйт деп
Оңду да жеше албады.
Оёндордон артышса
Ооздорун бир аз майлады.
Кенен го ичи Манастын
Кечирсе болду арбагы.

Азырынча өкүмөт
Азырынча болсо да
Акындар көп-көп өтүнөт.
Айкөлдү кадырлабастар
Акыры жүрүп өкүнөт.
Өкүнгөндөн болбойлу!
Өнөрлүүлөрдүн баары өссүн
Өзөктүүсүн ойлойлу.
Манастык маселелерди
Марксча чечип койбойлу.
21.04.10

Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий