Кеңеш

Бир күнү шакирт өзүнүн суфий-устатынан минтип сурайт:
Устат, менин жыгылып кеткенимди уксаңыз эмне дээр элеңиз?
— «Тур» демекмин, — деп жооп берет устат.
— Дагы жыгылсамчы?
— Дагы эле «тур» демекмин.
— «Тур» дегенди качанкыга чейин тажабай айтар элеңиз?
— Тирүүсүңбү — жыгылгандан кийин турушуң керек. Жыгылып ордунан тура албай калгандар — өлүк жандар, — дейт устат.

Соц тармактар:

Добавить комментарий