«Манаска кириш оңой, чыгыш кыйын»

Ар бир улуттун, элдин өзүнө таандык сыймыгы, чаң жугузбай кастарлаган ыйык нерсеси болору талашсыз. Муундан-муунга өтүп, эчендеген доорлорду басып, учурда улуттун күзгүсү, таянар тоосу болуп турган «Манас» эпосу кыргыз элинин бирден-бир сыймыгы. Тилекке каршы, манасчылыкка мамлекет тарабынан анчалык маани берилбей келет. Ошентсе да Манасты ыйык тутуп, учурда аны аруулап айтып келаткан манасчыларыбыз да жок эмес. Ошондой манасчылардын бири, жакында өз вариантындагы «Сейтек» эпосун китеп кылып чыгарган Дөөлөтбек СЫДЫКОВду кепке тарттык.

Дөөлөт мырза, Сейтекти китеп кылып чыгарууңузга эмне түрткү болду?
Буга чейин Манас, Семетейди айтып келгем. «Аян болбой, баян болбойт» дегендей, кийин аян берип, Кызырдан бата алып, Сейтекти айтып калдым. Ошондон баштап бук болуп чыгара албай жүргөн Сейтекти кагазга түшүрө баштадым. Эпос эки жыл илгери эле кагазга толук түшүрүлгөн. Каржы маселесинен улам ушуга чейин чыгара албай келдим.

Манасты кагазга түшүрүү өтө оор. Аны үн жаздыруучу аппараттарга түшүрүп туруп, анан жазыш керек деп жүрүшөт…
Бул кыйынчылык өз башыман өттү. Чынында кагазга түшүрүш өтө кыйын. Бирде шар кетет, бирде такыр чыкпай калат. Кагазга жазганга караганда айткан биртоп жеңил экен. Ошон үчүн мага чейинкилер үналгыга жаздырып, анан кагазга түшүрүшүптүр.

Өз айтууңузда Сейтек китеп болуп чыкты. Эми Семетей, Манастын да варианттары болобу?
Буюрса болот.

Сиздин варианттагы Сейтекте мурунку Сейтектин өзөгү барбы же окуялар башкача берилеби?
Албетте, китепте мурункунун өзөгү да бар. Бирок, окуялар, көркөмдүк жагы менин вариантымда болду. Муну окурмандар өздөрү баалашар.

Жакында акын агабыз Шайлообек Дүйшеев да өз вариантындагы Манастын үзүндүлөрүн гезит беттерине жарыялады. Буга манасчы катары кандай баа бердиңиз?
А киши акын болгондуктан, анын вариантындагы Манастын көркөмдүгү, сүрөттөөлөрү жогорку деңгээлде болуптур. Бул коом үчүн баа жеткис жаңылык.

Азыр чынында китеп эмес, алакандай китепче чыгарууга биртоп каражат керек. Манастын урпактарыбыз деген кыргыз чиновниктери, бизнесмендери акча жагынан колдоо көрсөтүштүбү?
Алар колдосо даяр болгон китеп эки жыл чыкпай жатпайт эле. Улуттун камчысын чапкан биртоп кыргыз агаларыма кайрылдым. Азыр заман ушундайбы же чындап эле руханий байлыкты баалай албайбызбы, же бизнесмендердин чынында эле материалдык шарты жокпу, айтор, жардам кыла алышпады. Өзүмдүн бир тууган агам Сыдыков Жандарбек, кайнатам Төлөгөнов Окен экөө каржылап чыгарып беришти.

Бир мезгилде эки перзенттүү — уулдуу, жаңы китептин ээси болуш өтө чоң дем, кубаныч тартууласа керек?
Сыйлыгы эмес сыймыгы дегендей, китептин чыгышы мен үчүн чоң сыймык. Азырынча окурмандар толук окуп чыгып, өз ойлорун айтыша элек. Кийин өз бааларын беришер. Ошентсе да азыр китептин чыгышы, уулум Байнурдун төрөлүшү менен куттуктап жатышат. Сөзгө чоркок жаным кубанычтан ого бетер дабдырап сөз таппай калып жатам.

Билишибизче, чоң атаңыз, өз атаңыз да манас айтчу экен. Аларга аян берилгенби же жаттап айтышканбы?
Чоң атама кандай аян берилгенин билбейм. Ал киши өз вариантында айтчу экен. Чоң энем аны күндүзгүгө караганда түнкүсүн уктагандан кийин катуу айтчу деп калчу. Чоң энем келин болуп келгенде коркуп жүрүп бара-бара көнүп кетиптир. Чоң атам ырчы, акын да болуп, «Курманбек», «Кыз Жибек» дастандарын айтчу экен. Өзүмдүн атам болсо он жашында жетим калып, кийин аян берип манас айтып калыптыр. Ал «эч ким жолумду ачып багыт бербегендиктен, жакшы өрчүтүп кете албадым» деп калчу.

Аян демекчи, манас айтып жатканда баатырлардын элеси көзгө көрүнөт деген чынбы?
Негизи манаска кириш оңой, кайра ал дүйнөдөн чыгыш кыйын. Мен Манасты, анын чоролорун, башка баатырларды так өзүндөй көрүп аралашам деп айта албайм. Бирок, манас айтып кызыган кезде түшүмдө алардын элестерин даана көрөм.

— Баса, эки эжеңиз сизге чейин манас айтышчу экен. Азыр алардын манасчылыгы кандай?
33 бир туугандын (бардыгы бир энеден туулуп, көбү эгиз, үч эм төрөлүптүр) үч эмдин бири болгон чоң энем Айтуяк эжемди эркек болсо кыйын манасчы болмок деп айтчу. Убагында эжемдерге да аян түшүп, манас айтып жүрүшчү экен. Кийин балдардан тартынып, анүстүнө турмушка чыккандыктан айтпай калышты. Азыр Айтуяк эжем түшүмдө мындай аян болду, тигиндей аян болду деп калат. «Касиет берилгенден кийин карманыш керек экен. Кыйналып калбаңыз, кыргызчылыкты кармансаңызчы» деп да айттым. Бирок үй-бүлөлүү болгондуктанбы Айтуяк эжем да, Бирмыскал эжем да манасчылыкты улантышкан жок.

Өзүңүз 12 бир тууган экенсиз. Эки эжеңизден башка эркек туугандарыңыздан манасчылыкка ыктагандары жокпу?
Менден кийин Алагөз, Каба деген эгиз инилерим бар. Алагөз кичинесинде көчөдө, үйдө жүрсө деле, атургай дааратканада да манас айта берчү. Атам «сеникине караганда мунун үнү тунук, бул кыйын манасчы болот» деп калчу. Туура эмес айтып алдыбы, негедир кийин ал манас айтпай калды.

Манасчылар Жусуп Мамай чыгарган «Манас» китебинде эч кандай манастык салмак, касиет жок деп айтып жүрүшөт. Сиз буга кандай дейсиз?
2005-жылы а кишиге жолугуп батасын алгам. Мага колтамгасы менен эл сындап жаткан ошол «Манас» китебин да берген. Чынында ушу күнгө чейин окуп көргөн жокмун. Ошондуктан ага андай-мындай деп сын айта албайм.

Мелис СОВЕТ уулу, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий