Төкмө акын Шекербек Адылов: «Күн сайын барып мен анын,/Күйүтүн сурай албадым…

Шекербек АДЫЛОВ төкмөлүк өнөрдө Амантай, Элмирбек, Жеңишбек менен үзөңгүлөш жүргөн акын. Ал 1974-жылы Аксы районунун Кичи- Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-1995-жылдары Бишкектен Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык курсунда белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиевден сабак алган. Улуттук университеттин филология факультетин сырттан окуган. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Кабарчы:
Кандай бу, Шеке абалың,
Таптабы өнөр-жарагың?
Төкмөлүк деген татаал жол,
Арыган жокпу кадамың?
Баштачы анда бар чыгар,
Калкыңа айтар саламың.

Шекербек:
Жадап турган коогадан,
Жалпыга айтам чоң салам.
Калыстык хандан доолаган
Калкыма айтам зор салам.
…Сага иним айтарым,
Айтар сөздү байкагын.
Жарак дебей өнөрдү,
Канат десең болбойбу.
Кыргыз үчүн төкмөлүк,
Адат десең болбойбу.
Бабалардан калган бу,
Санат десең болбойбу.

Кабарчы:
Курал менен жарактан,
Көңүлү элдин калды де.
Жарак деген кечээ эле,
Өмүрүн көптүн алды де.
… Түшүндүм эми, токтогун,
Түзүк сөздөн козгогун.
Эрлерди өткөн ошондо,
Шеке, сен кантип жоктодуң?

Шекербек:
Ала-Тоо ичи муң болду,
Арманым айтар ыр болду.
Ак калпак элге ок аткан,
Ажого жаман сыр болду,
Ак кызмат кылам дечү эле,
Акыры иши бул болду.
Калкымдын ичи муң болду,
Кайгымды айтар ыр болду.
Канабайрам баштаган,
Канга уят сыр болду.
Кадыры кетип элине,
Кадамы баскан чыр болду.
Бешенеге ок кадап,
Беш жылдык иши бул болду.
Аткандын баары соттолсун,
Андан ары жок болсун,
Апкелгендер бул жолду…

Кабарчы:
Бакиев кетти, а бирок,
Башкасы жакшы болобу?
Башталган жокпу дагы да,
Баштагылар жолою?

Шекербек:
Бир коркуп койбой кусурдан,
Бийлик десе жутунган.
Айкөлдүн талап байлыгын,
Бир кезде, Абыке, Көбөш кутурган,
Баш ийбей, коркпой кусурдан,
Байлыкты көрсө жутунган,
Куу тумшук хан аталып,
Кудаяр дагы кутурган.
Арамза ач көз куйтулар,
Акыры келип тутулган.
Куу дүйнө, байлык, бийлик деп,
Кутулбай койдук ушундан,
Эл байлыгын саткандар,
Энесин таштап качкандар.
Өлкөдөн байлык саткандар,
Өз элин таштап качкандар.
Дүйнөсү ашып ташкандар,
Дүңүнөн элди аткандар.
Арбак такыр кечирбейт,
А дүйнө кетти жаш балдар.
Сел болуп агып кан кетти,
Сексенден ашык жан кетти.
Куюлуп агып кан кетти,
Кыйылып канча жан кетти…

Кабарчы:
Бул тема Шеке, чынында,
Түгөнбөйт канча айтса да.
Кеп салчы өзүң тууралуу
Буралы кепти башкага…
Көрөңгө кандай көрөңгө,
Кайталы кайра өнөргө…

Шекербек:
— Ачыгын айтсам жазганбай,
Үмүттөр турат акталбай…
Акындык оңой жол эмес,
Макала, маек жазгандай.
Ыр таппай кээде куруймун,
Көңүлүм калса тапталбай.
Турмушту өзүң билесиң,
Моюнга жүгүн арткандай,
Жүрөмүн өнөр жолунда,
Каржалып, кээде каржалбай.

Кабарчы:
— Өзүңдү алгач таптаган,
Атаң да төкмө, ырчы экен.
Айылдан бирок чыга албай,
Алыстан сага сынчы экен.
Өтүптүр устат-тирегиң,
Өзүңдү таптап турчу экен.
Атадан кыйын айрылуу,
Арт жагы болсун кайрылуу…

Шекербек:
— Алтыным атам ардагым,
Алтындан кымбат салмагың.
Акыл-эс өсүп жетилсе,
Ай, Күндү келчү арнагым.
Ай, Күндү эмне сөз кылам,
Айына барып мен анын,
Абалын сурай албадым.
Күкүк тил атам ардагым,
Күмүштөн кымбат салмагың.
Күч кубат өсүп жетилсе,
Күн, Айды келчү арнагым.
Күн, Айды айтып не кылам,
Күн сайын барып мен анын,
Күйүтүн сурай албадым…

Кабарчы:
Белди буу Шеке кейибе,
Каалооң кандай элиңе?

Шекербек:
— Акылмандар айтышкан,
Айланган заман агымын.
Жарыя кылып өтүшкөн,
Жандуулардын жалынын.
Журту үчүн дайым арнаган,
Жүрөктүн ар бир кагымын.
Аалымдар бар жашоо бер,
Айтканда сөздүн аныгын.
Адамдын адам болмогу,
Алтын баш, акыл-эс менен.
Замандын заман болмогу,
Эл башкарган бек менен.
Ар бири тете алтынга,
Акылман айткан кеп менен.
Жашаган ар бир адамдар,
Жакшылыкка жетсе экен.
Тоолуктун жашоо тирлиги,
Токтолбой дайым өссө экен.

«Жамакчы» Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий