Улан ИСМАИЛОВ, манасчы: «Бизди онунчу «кылымдан калган «кишидей көрүшөт»

Байыртан эле чыныгы манасчы манас айтып жаткан учурда маңдайындагы угармандар укмуштай дем, күч-кубат, кайрат ала алышкан. Ал касиет кыргыздан жоголбой, кылымдап уланууда. Касиет демекчи, буга чейин «болбогон жомок» делип келинген улуу руханий манас дүйнөсүнүн касиетин кыргызга гезит аркылуу ачып берүү, жеткирүү, анын ааламынан баян куруу «Көк асабанын» милдет-парзы.

Манасчылыктагы аян, колдоочу пирлер, касиеттүү күчтөр — мына ушул теманын тегерегинде бу жолу белгилүү манасчы Улан ИСМАИЛОВ менен маектештик. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылында туулган. 26 жашта. «Соң-Көлдү Манас жердеген» аттуу эл аралык фестивалдын жеңүүчүсү, президенттик сыйлыктын ээси.

— Касиеттүү манасчылык өнөр кан аркылуу атадан балага өтөрү, ал аян түш, белгилер аркылуу Манас ааламына баш багаары белгилүү. Сен бул дүйнөгө кандайча аралашып калдың?
— Чынында манасчы болуу үч уктасам түшүмө кирген эмес. Агаларым юрист болгондуктан, кичине кезимен баштап эле юрист болууну самап, ошого бүт дитимди коюп койгом. Окууга өтүп, 1-курсту аяктап калган кезимде аян алдым.

Жайдын күнү эле. Каникулда чоң атама жардам берейин деп тоого барып калдым. Ошол кезде бир туугандарыбыз каза болуп, кабар келип калды. Чоң атамдар айылга кетишти. Күүгүм ченде койлорду жакындатып айдап келип, уй саай баштаган кезимде кежигемен бирөө келип кармады: «Ой, какмар, тур! Тээтиги Эшпердинин дөбөсүнө чык, Кайыптар келатат!» деди. Коркуп кетип эле дөбөгө чуркап барган экемин, өзүм да билбейм кантип барганымды. Артымдагы кишини көрө албайм, бирок кежигемен кармаган боюнча турат. Кырга барып эле тизелеп отура калсам, сайда чоң куюн келатып эле менин тушума келгенде токтоп калды. «Баатыр чыгат, салам айт, Баатырды жакшылап таанып ал!» деди. Анан эле сары кула ат минген, зоот кийим кийген чоң киши чыкты. Карасам, көзү күйүп мени тиктеп туруптур. Тиктеше албай, ылдый карасам баягы киши: «Ой, таанып ал. Тааныбасаң кантип айтасың» деди. Экинчи жолу каратты, анда да карай албай койдум. Үчүнчүсүндө ээгимен сүйөп каратты. Ошондо бир мүнөттүн тегерегинде карагандай болдум. Жанагы куюндан улам бирден чыгарып атып, 45 атчанды чыгарып тааныштырды. Анан Баатыр: «Ой, баатыр, айтып жүрөсүңбү биздин жүрүштү?» деди. Коркуп кетип «айтам» деп баш ийкесем, артымда турган киши: «Ой, какмар, үнүңдү чыгарып айт» деди. «Айтам, айтам» дедим. «Айтсаң жакшы» деп алыс жакта карарган топту көрсөттү да: «Тээтиги Коңурбайдын колу, ошону көздөй баратабыз. Аны да өз деңгээлинде айта жүр, колу ийрисине тартат кылбай» деп жүрүп баратып, Моюл деген жерге кире бериште: «Ой, баатыр, бу баланын оозу кур калбасын» деп коюп кетип калды. Анан артымда турган неме майга көөлөнгөн баланын муштумундай талканды оозума салды. Даамы бир башкача экен, салып эле туруп калсам, оозумду ачып баарын тыгып: «Жут!» деди. Коркконуман жутуп жибердим. Ошондон кийин эч нерсени билбейм. Эртең менен ойгонсом, босогодо чоң атамдын тонун жамынып жатыптырмын. Кошунабыз келип ойготту: «Ушул убакка чейин уктайсыңбы, мал-жаныңды чыгарбайсыңбы» деп. Сыртка чыксам күн түш болуп калыптыр. Эмнегедир оң көзүмөн жаш токтобой койду. Кечинде чоң атамдар келишти. Көзүмдү көрүп чоң энем: «Эмне болду?» деди. Ага болгонун айтып берсем, а киши чоң атама айтты. Бир чоң кочкор бар эле, ошо замат коңшуларды чакырып, чоң атам дайым жанына сала жүрчү ак чүпөрөгүн мойнуна салып, Баатырдын атын атап бата тилеп, кан чыгарды. Баатыр менен тиктешкенден улам ошентип оң көзүм көрбөй, чоң энем ырымдап атып 15-16 күндө араң айыкты. Анда деле манас айткан жокмун.

31-август майрам эмеспи, айылга түшүп балдар менен майрамдадык. Вино ичтик, анан аракка өтүптүрбүз, мушташкан да окшойбуз. Атка минип алып, кайра тоого кетип баратам. Ээн талаага жеткенде кырдан машиненин фарасындай болгон жарык чуркагансып кетти. Эсиме келе калып, чаап жөнөдүм. Болбой эле жетип, желкемен алып сууга ыргытты. «Сени Баатырды айтып жүр десе, арак ичип эле жүрөт турбайсыңбы. Баатырды качан айтасың? Сага ичкенди көрсөтөйүн» деп улам-улам сууга сала берди. Кадимкидей соолуктум. Бир маалда жок болуп кетти. Карасам атым туруптур, тоого баргандан коркуп, минип алып чапкан бойдон кайра айылга келдим. Андан кийин деле айталбадым.

Анан бир күнү Саякбай ата түшүмө кирип: «Ой, балам, айтып жүр» деп түшүмдө айттыра баштады. Эмнени, кантип айтып атканымды билбейм. Анан уктап атып эле түнү менен манас айтып чыкчу болдум. «Манас айттың» дешет, кээ күнү магнитофонго жаздырып коюшат, аны угам, бирок дагы эле ишене албайм. Убакыт өткөндөн кийин буулугуп, ээн жерде жүрүп өзүм айта баштадым. Саякбай ата жумасына 2-3 жолу түшүмө кирчү: «Сени таптай турган күчтүү манасчы жок азыр. Өзүм эле таптайм» деп, айттырып жүрдү. Бир күнү эле: «Билесиңби, сен Баатырдын батасын ала элексиң. Сен ага сөз бергенсиң. Даярдыгың болуш керек. Баатырдын күмбөзүнөн кем дегенде 7 күн айтасың, сыноодон өтсөң, жолуң ачылат, өтпөй калсаң, майып болосуң» деди. Ойгонуп эле чоң атама айттым. Ошентип, Таласка камданып калдык. 10 чакты киши менен 27-августта Манастын күмбөзүнө келдик. Таңга маал түшүмдө: «Түнү айтканда уга турган киши жок, Улуу Сөз бекерге кетип калат. Сен күн чыккандан күн батканга чейин айтасың» деди. Токтобой 7 күн саат таңкы 5тен кечки 9га чейин манас айттым. Бешинчи күн дегенде чарчап калсам керек, үнүм акырындай баштаган экен. Атам-энем айтат, чоң куюн шамал жүрүп келип эле сени кечип өтүп кетти деп. Мен да билем, карай салсам эле: «Катуу айт, азыр бооруңду жара саям» деп бирөө чаап келатып, башыман аттап өтүп кетти. Ошондо кайра күчөп айта баштадым. 7-күнү саат түнкү эки жарымга чейин айткан экемин. Карасам эле Саякбай ата: «Токто, токто, Баатыр келатат, өттүң» деди. Токтодум, Баатыр келип, батасын берди.

Кызыгы, Саякбай ата биринчи түшүмө киргенде эле: «Барып, сыноодон өтүп келсең, дароо эле атагың чыга баштайт» деген. Кайра Көлгө кайтып келатсак, Бишкекке кире бериштен Уркаш ата баштаган жоон топ аркан тосуп турган экен. Кой союп коноктошту. Уркаш ата батасын берип, «Кыргыз Туусу» гезитин карматты. Ичин ачсам: «Саякбай кайтып келдиби?» деген макалада мен жөнүндө жазылган экен.

— Юристтин окуусунда окуп жүргөндө чөйрөңдөгүлөр сени кандай кабыл алышчу?
— Юристтер мындайга таптакыр эле ишенбейт эмеспи, көп эле шылдыңдап жүрүштү, «Өзүң акыл-эстүү эле адамсың, анан болбогон бир жомокту айтасың» дешип. 3-курсту аяктаган жылы аябай арданып үйгө келдим да, чоң атама: «Айтпайм, балдар шылдыңдап атат» дедим. Ошондо чоң атам: «Кап, балам, намысың жок турбайбы, эки ооз сөзгө жараган жоксуңбу. Манасты Саякбай, Сагынбай, Тыныбек, Чоюке, Дыйканбай айткан. Алар айтканда хан, төрө, бектер ордунан туруп берип уккан. Ошол улуулар айткан манасты айтуудан эмнеге уялам дебейсиңби?! Сөздү таап айта албаган соң өзүң бил айтар-айтпасыңды!» деди. Чоң атамдын айтканы катуу тийди. Ошого удаа эле Саякбай ата түшүмө кирди. Экөөбүз тең атчанбыз. Ат үстүнөн мага бүркүтүн берет. Мен кармай албай түшүрүп жиберем. Ушул түш бир айдын ичинде үч ирет кайталанды. Жандырмагын чече албай кыйналып чоң атама айтсам: «Ай, атаңгөрү, баягы ооз кесир сүйлөгөнүңдүн кесепети. Саякбайга барып куран окуп келели» деп ошо менен Ак-Өлөңгө жөнөп калдык. Ал жерде Саякбайдын атасы Караланын инисинин баласы бар экен, ошо кишинин үйүн көргөзүштү. Турсун деген 90го чыгып калган киши экен. Барып, жайланышып отургандан кийин а киши Саякбай атанын бир топ окуяларын айтып берди. Анан «Манасты төргө отуруп айтат» деп мени өзүнөн өйдө отургузуп, башыман сылады да: «Айт эми» деди. Бу кезде мен чынында манасты 5-10 мүнөткө чейин эле айтып калгам. Мында да ошондой болот экен деп түпөйүл болдум эле, бирок кой союлуп, тамак бышкыча айтыптырмын. Тамак ичилгенден кийин дагы айттым. Ошо менен түнкү төрттө үйгө кеттик. Эртең менен жетип, мал тейлегенден кийин уктап алайын деп жатсам, баягы түш дагы кирди. Бирок мында Саякбай атанын бүркүтүн колума кондуруп бастырып кеттим. Ошондон кийин «айтпайм» деген чеки сөздөн алыс болдум.

— Манасчылардын колдооочулар туурасында айта кетсең…
— Манасчынын колдоочусу — өтүп кеткен манасчылар, анан Манас атанын өзү болот. Саякбай ата айткан экен: «Аян жолу менен Манаска келген манасчы — жылкы ичиндеги аргымак тулпар» деп. Азыр жаттап айтуу модага айланып кетпедиби. Илгери мындайларды «Аян болбой баян болбойт» деп кагып салчу экен. Мисалы, Табылды Актанов агай манасты күчтүү айтат экен, өзү болсо: «Мага аян келбеген үчүн мен суурулуп чыгып манас айтпайм» дейт. Бирок, аян алып калганда эле манасчы боло калат деген туура эмес. Аян — бул Манас дүйнөсүнө киргизге турган ачкыч, дарбаза. Андан аркысы ар бир манасчынын өзүнүн жөндөмүнө, өздөштүрүүсүнө, келген белгилерди кабыл алышына жараша болот. Бардыгын тегиз кабыл алган соң дастандын бардык жеринен айта бересиң. Бири-бирин улап айтуу — бул илгертеден келаткан чоң салт. Мисалы, Акылбек менен Назар бири токтогон жерден экинчиси улап 30 күн айтышкан экен. Мындай салт Чоюке менен Дыйканбай экөөнүн ортосунда да болгон. Өзүнүн деңгээлине жеткен манасчы айт деген жерден такалбай, агын суудай шар айта берет.

— Манас айтып жатканда бир манасчы көзүнө көрүнгөнүн, дагы бирөөсү кулагына угулганын айтат деп угабыз. Манас айтуу убагында манасчы кандай абалда болот?
— Жеке өзүмө токтолсом, алгач манас айта баштаган кезде бир чай кайнамдай убакыт жанымда кимдер отурганын билип-сезип, андан кийин окуяга аралашып кетчүмүн. Анан жылдан-жылга тажрыйба өсөт экен, азыр 2-3 саатка чейин деле ким отурганын билип-көрүп эле турам. Ал эми айтып жаткан саптарымдын кайдан келип жатканын чынында мен өзүм да билбейм. Оозума салабы, башыма салабы, же оюмдагы ишпи — аны айталбайм. Бул боюнча кезинде Саякбай атадан сурашканда: «Кайыптын иши каякта экенин ким билет» деп жооп бериптир. Андыктан, так кесе «момундай» деп айтуу кыйын.

— Бүгүнкү күндө манас угуу, жалпы эле манас дүйнөсүн, манасчыны кабылдоо канчалык деңгээлде?
— Азыр манасчы десе, өзгөчө жаштар, X кылымдан калган кишидей көрөт да, коомдо болуп жаткан окуялардан, күнүмдүк жашоодон сырт, артта калган адамдай кабылдашат. А бирок сүйлөшө келсең өзүлөрүнүн ушунчалык караңгы, билими төмөн экенине күбө болосуң. Өткөндө бир бала сурайт: «Манастын убагында кар жаачу бекен?» деп. Мен аябай таңгалгам. Кийин кененирээк сүйлөшө келгенде болгон көрөңгөсү, дарамети ошол экенине ынандым. Буга окшогон суроолор көп эле чыга берет. Жаштар дейин десең, кээде аксакалдардын оозунан: «Ой, бул болбогон жомок да» дегендерин угасың. Көрсө, алар башынан эле коом тургай, өзүнүн үйбүлөсүн жарытпаган, эч пайда келтире албаган, таасири жок адамдар болот экен. Жан дүйнөсү терең, билим деңгээли жогору адамдарды манасчыга жасаган мамилесинен эле билүүгө болот. Атайы келип, чакыртып манас уккандар бар. Манасты ар ким өз деңгээлине жараша угат. Анткени бүгүнкү күндө ар түркүн чөйрөдөн алынган маалымат өтө көп. Эгер угуп аткан тарап ыклас менен угуп атса, айтуучунун чеберчилиги ого бетер өсөт. Ал эми айтып атканда алды жакта отурган үчөө угуп, калганы ары-бери басып жүрсө манасчыныкы деле тескери кете берет. Албетте, илгерки менен салыштырууга болбойт. Илгеркилер манасты ынтызарлык менен угуп, аны ыйык эсептешкен. Азыр болсо ыйыктык көпчүлүк учурда акчага, материалдык байлыкка байланып калбадыбы.

Канышай БЕШБАЕВА, Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий