XI-кылым. Византия империясындагы согуш. Кыргыз баатырлары

Жаш кезимде «Асманда жылдыз көппү, жерде кыргыз көппү» деген сөздөрдү улгайган адамдардан укканда, «кантип эле ошондой болсун?» деп ишенбес элем. Кийин улам убакыт өткөн сайын мурунку ата-бабаларыбыздын айткан сөздөрү далилсиз болсо да, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда болуп өткөн тарыхтан калган издерди өз көзүм менен көргөндөн кийин аргасыздан ынана баштадым. СССР убагында Якутия, Монголия, Тува, Алтай аймактарында инженердик-геология иштеринде иштеп жүрүп кокусунан Батыш Монголия аймагынан Чыңгызхан жөнүндө «Монголой Ньюса тобшо» деген китепти таап алып окуп чыккандан кийин жашоомдо тарыхка болгон кызыгуу такыр башка нукка бурулду. Бул китептин баш каарманы мен буга чейин окуган Василий Григорьевич Яндын каарманынын карама-каршысы болуп чыкты. Ушул окуядан кийин кайсынысы чындык экенине ойлонуп, көп убакыт бою суроомо жооп таба албай жүрдүм.

Кийин 30 жылдан ашык ушул эле «Чыңгызхан» менен бирге «Темирлан», «Осмон империясы» жана «Атилла» тууралуу белгилүү инсандардын басып өткөн тарыхый издери жана дүйнөлүк тарыхта ээлеген орду тууралуу Европанын 8, Азиянын 8 мамлекетин, анын айрымдарын бир нече жолудан кыдырып, тарыхый мол булактарды чогулттум. Жогоруда аталган тарыхый инсандардын тарыхта калтырган издери жалаң кыргыздарга байланыштуу болуп чыкты.

Дүйнөлүк тарыхта белгилүү болгондой, VIII кылымдын аяк ченинде Орто Азия чөлкөмүндө кышкысын кар жаабай, ондогон жылдарга созулган кургакчылык болот. Ошондо жашоонун айынан көчмөн элдер туш тарапка чачылат. Бууданчаар (Бөдөнчаар, Бодончаар деген ат менен белгилүү) өз уруусу менен ушул Орто Азия чөлкөмүнөн Енисейге көчүп, кийин анын урпактары Монгол талаасында жашап, Бартан баатырдын үчүнчү баласы Есугей, андан Темирчың (Темучин) туулган. Ал эми ага-ини Эрдемги барлас менен Тоодой барластын балдарынан «барлас» уруусу, же тактап айтканда «баарлаш» уруусу түптөлүп, анын кийинки муундарынан Тарагайдын баласы болуп Темир (Аксак Темир) туулган.

Ат-Башыдагы катагандын хан Кошой уруусунан элдер эки багытка бөлүнгөн. Биринчиси — Терең көлдүн (Балхаш көлү) түндүк жагынан Шибер токоюна чейин, азыркы Түндүк Казакстан облусуна көчүп жөнөшөт. Ошондо жолдо көчүп-конуп бара жатып бир нече үйбүлө жол улай албай, азыркы Кочкор өрөөнүнө, айрымдары Туздуу көлгө (Ысык-Көл) байыр алышат. Кээси батыш өрөөн аймагы Жумгалда жашап калышып, азыркы Түгөл-Сай жана Таш-Төбө айылдары катаган уруусун түзүп калышкан. Экинчиси — элдин бир бөлүгү Батышты көздөй көчөт. Кийин бир нече кылымдардан кийин Маңгытай-Сүбө (Мавереннахр) империясынын Аксак Темир түзгөн жоокерлердин негизги бөлүгүн ушу катагандар түзгөн. Ар кандай согуштук жүрүштөрдүн кесепетинен Орто Азия жана Ооганстан аймактарында калып калган катаган уруулары ошондон аталып калган.

Ал эми Чаткал өрөөнүнөн жана Бермет туздуу көлдөн 500дөн ашык «каңды» уруусу чогулуп, уруу башында турган Сулайман деген адам Кичи Азия чөлкөмүнө сельжук уруусуна көчүп барып, сельжуктардын султаны Ала ад-Дин Кейкубаттан Эскишехир (азыркы Анкара шаары) аймагына жашоого уруксат алышат. Кийин Сулаймандын баласы Эртагрыл баатыр, уюштургуч, көсөм болуп чыга келип, ал Эскишехирди эле коргобостон баатырлык менен салгылашып, Анадолу менен Изник аймактарын Византия империя бийлигинен тартып алган. Ошентип Византия империясы өз тарыхында сельжук бийлиги менен кыргыздардын биргелешкен чабуулунда эки жолу жеңилүүгө дуушар болгон. Экинчисинде Сулаймандын баласы Эртагрыл Византия империясын биротоло жеңип алган. Кийин анын баласы Осмон акылдуу, көрөгөч, уюштургуч, баатыр чыгып, 1299-жылы Осмон империясын түптөп, өзүнүн атын берип, империяны көзү өткүчө, 1324-жылга чейин башкарган биринчи император катары тарыхта калды. Осмон жаш кезинде эле 1291-жылы аз сандагы жоокерлери менен Мелангияны басып алып, ошол кездеги Кичи Азиянын султаны Ала ад-Дин Кейкубаттан бийлик символу катары «барабан» жана «бунчук» деген сельжук аскердик наамдарын алган.

Осмондун көзү өткөндөн кийин бийлик анын баласы Орхон бийге өтөт. Ал Осмон империясын 1324-жылдан 1362-жылга чейин 38 жыл башкарган. Орхон бийликке келгенден кийин ал дагы Византия империясынын чыгыш жак аймактарын аз-аздан басып алып отуруп, эки жылдан кийин Византиянын чыгыш-түштүк аймагында жайгашкан Бруса шаарын (азыркы Бурса шаары) басып алып, 1326-жылы аны Осмон империясынын биринчи борбор шаары кылган. Бийлик муундан муунга өткөндүктөн, Осмон империясынын 7-императору Мехмед II бийликке келгенден эки жылдан кийин аскерлери — «янычарлардын» санын 12 миңге жеткирип, жалпы аймактардан 20 миң аскер топтоп, ал эми согуш кемелеринин санын 350гө жеткирген. 1453-жылы Константинополго согуш баштап, үзгүлтүксүз чабуулдун негизинде ошол эле жылдын 28-майында жеңишке жетишет. Шаардын атын Истанбул (Стамбул) деп өзгөртүп, Осмон империясынын расмий борбор шаары катары ал алты кылымдан бери кызматын кылып келатат.

Кийин Осмон империясы сельжуктарды биротоло өзүнө кошуп алган. Муундан муунга өтүп отуруп, Осмон империясынын тарыхында 1923-жылга чейин 37 император башкарып, эң узак башкаруу катары — 6 кылымдан ашык, тагыраак айтканда, 632 жыл, кыргыз улутундагы Осмон империясы болуп дүйнөлүк тарыхта аты калды.

Эми бир аз тарыхка, Осмон империясы түзүлө элек убакта XI кылымдын аягында Византия империясына каршы сельжуктар менен бирдикте кыргыздардын согуш окуяларына саресеп салып, негизги окуяга кайрылып көрөлү.

VIII кылымда Орто Азия чөлкөмүнөн, т.а., азыркы Кыргызстан аймактарынан сельжук уруулары «Улуу кургакчылык» мезгилинде Кичи Азия аймактарына көчүп барып, Византия империясынын Мармар жана Эгей деңиздеринин чыгыш жак бөлүктөрүнө чектеш жерлерге кошуна болуп туруп калышат. Ырас, дини менен тили эки башка болгондон кийин элдин ынтымактуу болушу кыйын. Ушундан улам эки тараптын ортосунда майда кагылышуудан баштап чоң согуштарга чейин болуп турган. Экинчиден, Византия империясында жалаң Европа элдеринен бийлик жана аскер адамдары түптөлүп, ислам динине каршы диндер арасында согуш ачып «Крестовый поход» дешип, ислам дининдеги элдерди басмырлоо алардын негизги иш максаттарына айланган. Византия империясынын аскердик курамы Европа элдеринен турган жана императору жалпы Европа элинин башкаруучу өкүлдөрүнүн шайлоосу аркылуу өтүп, империяны башкарып турган. Мындай шайлоолордун алгачкыларында Франциянын королу Франциск I Сулайман Iнин (1520-1566 жж.) тушунда Осмон империясына шериктеш катары өтүп кеткен. Анын себеби мындай болгон:

Ыйык Рим империясынын императору Карл Vни Европадагы крест көтөргөн каапырлар, түндүгү Балтика деңизинен, түштүгү Жер Ортолук деңизине чейин Нидерландиядан баштап Германия, Австрия аркылуу Испанияга чейин жана Неаполь Королдугу, Сицилия аралындагы деңиз аркылуу сүзүп келишкен Мексика менен Перунун Европадагы туруктуу пункттары бүт шайлап, король император катары колдоп турушкан. Карл V күчтүү жана бийлик ээлик аймактары көп болсо да жалгыз Осмон империясы, анын императору Султан Сулайман Iден коркуп турган.

Карл V Габсбург династия бийлиги менен бардык Европа мамлекеттерин бирдиктүү бир империя кылып бириктиргиси келген. Габсбург Австрия бийлик династиясы 1453-тоок жылында Австрия, Венгрия королдуктарын бириктирип, кийин Испаниянын королу Филипп II (1527-1598-жж.) аларга кошулган. Европа мамлекеттеринин андан ары биргелешип мусулмандарга каршы крестүүлөрдүн жүрүшүн Франциянын королу Франциск I адегенде европалыктарды колдойт дагы, кийин шайлоодон өтпөй калганын эстеп Осмон империясынын султаны Сулайман Iни колдоп кетет. Сулайман I анын колдоосун туура көрүп, 1533-жылы Франциск Iге 100 миң алтын тыйындарды жөнөткөн. Сулайман Iнин Франциск Iге жиберген акча каражаты жеке өзүнүн идеясын куттуктаган катары эмес, боло турган — келечектеги диндер ортосундагы согушка да союздаш катары Карл Vге каршы активдүү катышууга койгон талабы эле. Франциск I атургай өзүнүн Венециан аманатында Карл Vге каршы жалгыз Осмон империясынын согуштук күчү үстөмдүк кыла тургандыгын айтып өткөн.

Биргелешкен европалык христиан элдеринин тобу Византия империясына мусулмандарга каршы IX кылымдан баштап улам согуш иштерин уюштура беришкен. Ушундай согуштардын биринде 1095-жылы Константинополь шаарынын түндүк-чыгыш тарабында сельжуктар менен чектешкен Изник шаарынын чебинде Византия империясынын рыцарлары менен сельжуктардын ортосунда дин согушу жүрөт. Изник шаары Изник көлүнүн түндүк-чыгыш бурч жагында жайгашкан. Согуш бир нече күнгө уланган. Ошол катуу салгылаштын биринде сельжуктардын жоокерлери жеңилүүгө дуушар боло баштайт. Ошондо чыгыш жак капталдан «чапкыла», «ургула», «каапырларды өлтүргүлө» деген үндөр менен ат минген жоокерлер пайда болуп, рыцарларды четинен өлтүрө башташкан. Жогоруда аталган кыргыз тилиндеги ураандар бүгүнкү күндө Стамбул шаарында түрктөрдүн архивдик тарыхында сакталуу турат. Рыцарлар менен болгон согушта сельжуктар кыргыздардын жардамы менен Византия империясынын Изник шаар чебин талкалап, биротоло өзүнө караткан.

Түрк сельжуктарынын аскерлери «Бул согушта Кудай бизге асмандан жардам бергенге мусулман жоокерлерин жиберди. «Ислам дини туура жолдо, ошон үчүн биз жеңдик» дешет. Ал эми окуя мындай болгон: сельжуктар менен Византия империясынын ортосундагы тынымсыз уланып турган диндер аралык согушта убакыт өткөн сайын жоокерлер алсырап, азая баштаган. Ошондо сельжук султаны Орто Азиядагы Карахания мамлекетине (927-1212-жж. түзүлгөн) кайрылып, аскердик жардам суроо иретинде аманат жиберген. Ошол кездеги Караханид мамлекетинин башчысы ал аманатты жакшы кабыл алып, «каапырлардын кудайы өзүн өзү кыйнап өлтүргөн, биз ал динди колдобойбуз» деп, 30 миң аскерин аты, курал-жарагы менен Кичи Азия аймагына жиберген. Ал Караханид армиясы бир нече күн талаа-түздө, тоо-таш арасында туш келди түнөп отуруп, биринчи эле келгенде ушул Изник шаар чебиндеги согушка туш болушкан. Ошол кыргыздардын армия курамы Византия империясына каршы түрк сельжуктары менен бирге согуштун күйгөн отунда 4 жылдай согушуп, 30 миң кыргыздан мекенине бирөө да тирүү кайткан эмес. Кыргыз армиясынын негизги бөлүгү ушул Изник шаарындагы согушта курман болушкан» деп айтышат.

(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов
(Чын темир), жазуучу
Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий