«Кетпечи, Бугу эне»

4Жамал Сейдакматова. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Театр жана кино актрисасы. Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси.

Сизди «Тунгучтун» «энеси» деп билишет. Театрдын жаралыш тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз?
— «Тунгуч» театры 1990-жылы Улуттук Академиялык драма театрынан бөлүнүп чыгып, өз алдыбызча иштеп баштаганбыз. Ага чейин мен ошол жерде эмгектенчүмүн. «Эл артисти» деген наамды ошол жерден алгамын. Биздин максатыбыз, театрга кандайдыр бир жаңыланууну киргизели дегенбиз. Ошол убакта Орусиянын Ленинград шаарында «Додин» деген театр бар эле. Ошого барып алардын ишмердүүлүгү менен таанышып келдим. Чакан эле театр, бирок, ар бир койгон спектаклдери аябай аншлаг менен өтөт экен. Анан келгенден кийин «Тунгуч» театрын түптөп, өзүбүзчө аракет кылып, иштей баштадык.

Театрдын алгачкы карлыгачтары болуп М.Токтобаев, М. Мамбетов, А. Өзүбеков, Э. Чалабаев, Жаркын Балыкбаева, Жандат Жаманбаева жана башкаларды айткым келет. Мен ушул артисттерибизге ыраазычылык билдирем. Талыкпай эмгектенгендин үзүрүн көрө баштадык. 1996-жылы Каирде, бүткүл дүйнөлүк эл аралык фестивалга катыштык. Бул Кыргызстан үчүн аябай сенсациялуу окуя болгон. Себеби, кыргыз театры ушундай деңгээлдеги фестивалга биринчи жолу катышып жаткан. Андан кийин Германияга, Иранга, Өзбекстан, Казакстанга чыга баштадык. Уфада Түрк тилдүү элдердин фестивалы өтүп, ал жерден гран-прини утуп алдык. Үч жыл мурда Москвада 4 күн бою «Ханышанын көз жашы» спектаклибизди коюп келдик. Кыргызстанда болсо, биздин ордубуз кандай экенин билишет. Эмгегим бааланып, 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйландым

Театрдагы көйгөй маселелериңиз жана жетишкендиктериңиз?
Кийин «Тунгуч» театрында жаштардан түзүлгөн экинчи группаны ачтык, алар да жакшы ийгиликтерге жетишишти. Өкмөт тараптан эч кандай финансылык жардам алган эмесмин. Өзүбүздү-өзүбүз каржылап келебиз. Азыр эми үчүнчү муун менен иштеп жатам. Азыркы учурда эки группа эмгектенип жатат. Биринчиси чоңдор, экинчиси кичинекей балдар үчүн. Экинчи группадагы балдар менен жакшы иштеп атабыз. Жакында Токтогул районунда гастролдо жүрүп келдик. Андан кийин Нарын областында болдук. Репертуарыбызда жаңы «Кетпечи Бугу эне» деген спектаклди коюп жатабыз. Азыр бизди 20-июлга Кытай эл республикасы фестивалга чакырып жатышат. Экинчи группа менен «Кетпечи Бугу эне» спектакли менен барабыз деп турабыз буюрса. Себеби, ал жерде он жаштан он жети жашка чейинки балдар катышыш керек экен. Эми ушул жерден баягы эле көйгөй, финансы маселеси. Демөөрчү издеп жатабыз, такыр болбосо Өкмөткө, Маданият министрлигине кайрылам. Ушунча баланы алып барып келиш өтө кыйынга туруп жатат. Бирок, барышыбыз керек. Эгемендик алгандан бери искусствого таптакыр көңүл бурулбай калган. Мен муну такай эле айтып келатам. Опера-балет театрын, классикалык, фольклордук чыгармалар туралуу айтпай эле коёлу, театрга эч ким келбей калды. Рынок экономикасы деп жаштарыбыздын баары базарда соодада жүрүшөт. Көпчүлүгү башка өлкөлөргө кетишкен. Жеңил-желпи шоу программаларга барышып, ойноп-бийлеп келишет. Ал концерттердин баарын эле жаман дебейм, бирок, көпчүлүгүнүн деңгээли начар. Жүрөгүңө, жан дүйнөңө терең сезим бере албайт. Ал эми М. Бегалиевдин музыкалары, Шекспирдин мыкты чыгармаларын, жогорку деңгээлде жазылган философиялык драмаларды, спектаклдерди, барып көрүшпөйт. Классикалык музыкаларды укпаса, поэзияга кызыкпаса, китеп окубаса, театрга барбаса руханий жан дүйнөсү жардыланып, жаштарыбыздан жанагыдай колдоруна таяк, таш алып бүлүндүргүчтөр чыгып жаткандыр. Маданиятка сугарылган билимдүү, тарбиялуу, сезимтал адамдар эч качан жаман иштерге барбайт. Ошол чет жерлерде жогорку деңгээлде койгон спектаклдерибизге баргыла деп, чакыруу билеттерин алып Жогорку Кеңешке, чоң-чоң аткаминерлерибизге бардым. Бирок, бирөөсү да келишпейт. Ушундай кишилер көңүл бурбагандан кийин, жаштарыбыз кандай болот. Көңүлүм калып, чакырбай деле калдым. Табит деп коёт. Орусча «вкус» деп коёбуз. Ошол табит бузулган. Өзүбүздүн кыргыздын кайрыктарын, комузубузду укпай калышты. Чет элдин ритмикалык барабанына, өзбек, индиянын обондоруна салып ырдап, бийлей баштадык. Токтогулдун «Алымканын» жерип, Карамолдонун ким экенин билишпейт. Алыкул Осмоновдун бир-эки ырын айтчы десең, ал ким деп сурагандары бар. Бул эмне дегендик? Бул деген трагедия да. А, өкмөт, бийлик дегендериң таптакыр башка нерселер менен алектенишет. Макул, баш мыйзамды жакшы жазып жатышкандыр, өлкөбүз демократиялык өлкө болсун. Бирок, ошол мыйзамдар кыргыздын маданиятына, менталитетине сугарылып жазылса дейм.

Азыркы «Манасчыларга» көз карашыңыз?
— Эми азыр «Манасчы» деп атышат. Бирок, «Манасчыны», «Манасчылыкты» терең билбей туруп эле, алып чыгабыз дегендерге түшүнбөйм. Ал үчүн «манасчылык» мектебин ачып, анын көркөмдүк деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Саякбайдай даражадагы манасчыларды даярдап чыгарыш керек. «Манасты» жаттап алып, эки колун серпип айтып койсо эле ал накта манасчы эмес да.

Таланттуу жаштарга кандай жардамдарды берип, эл алдына алып чыгып жатасыз?
— Быйыл эки жылдык студия ачтым. 35 беш бала кабыл алып, окутуп жатабыз. Акча төлөшпөй бекер окушат. Мугалимдерди тандап алдым, Улуттук Академиялык театрдан Марат Козукеев, опера балеттен Сталбек Жунушалиев, режиссёр Жалил Мидинов, сүрөтчү Жакшыбек Жунушов, анан Чолпон Маметова, Мурат Шабдаевдер сабак беришет. Окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрү да ар кандай. 14 жаштан 40 жашка чейин. 3-4 мектеп окуучулары, жогорку окуу жайларынын студенттери, 5-6 «дордой» базарында соода кылгандар бар. Биздин студиянын өзгөчөлүгү, балдарды теориялык сабактар менен баштарын оорутпай, пластика, үндү туура коюп сүйлөөнү, актёрдук чеберчиликти окутуп, үйрөтүп жатабыз. Ал эми теориялык сабактарды акырында окутабыз. Азыр ошол балдардын күчү менен үч айда «Кетпечи, Бугу эне » деген спектаклди даярдадык. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алып жатышат. Кытайдын элчилигинен да келип көрүшүп, Кытайга ошолор чакырышты. «Сокурдун тилегени эки көз» дегендей, өлкөбүздө тынчтык орноп, жакшы жашоо болуп кетсе, элдин баары жумуштан кийин театрга жөнөгөн заманга жетсек деген тилегим бар.

Маектешкен Г. Жээналиева, «Биримдик» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий