Вознесенский дүйнө салды

voznesenskiiМосквада Андрей Вознесенский 77 жаш курагында каза тапты. Советтик доордо эч качан бийликтерге тизе бүкпөгөн көй кашка акынды мамлекет башчылары да эскеришти.

Орус акыны Андрей Вознесенский ушул шейшембиде узак оорудан кийин, Москвадагы өз үйүндө кайтыш болду.

Жолдоочулары да, атаандаштары да Вознесенскийди талантын баалап, тирүү классик деп эсептешкен, ал жаңычыл ырлары жана советтик режимге жагалданбагандыгы менен өлкөдөгү эң бир сүймөнчүктүү калемгерлердин катарында эле.

Вознесенскийдин урук-туугандарына Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен өкмөт башчысы Владимир Путин экөө тең көңүл айтышты. Путин Вознесенскийдин жесири Зояга телеграмма уруп, анын чыгармаларын «эркиндиктин, махабаттын, ак-сөөктүүлүктүн жана чын жүрөктөн чыккан сезимдердин гимни» деп атады.

Вознесенскийдин тырмак алды чыгармасы 1958-жылы жарык көргөн. Андан беш жыл мурда советтик диктатор Йозеф Сталин көз жумган эле. Андан кийинки «сайсий жылымтыктын» мезгилинде Вознесенский Чынгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев өңдөнгөн, «1960-жылдардын балдары» атыгып, жылдызы жаркырап жанган интеллигенция жана көркөм өнөр өкүлдөрүнүн муунунан болгон.

Либералдашуунун доорунда Вознесенский, Евгений Евтушенко, Роберт Рождественский өңдөнгөн алтын шилекейин чачыраткан акындар киши уй түгүндөй жыйналган стадиондордо ырларын окушкан күндөр өткөн.

Кез-кези менен пикир келишпөөчүлүктөр болгону менен, советтик бийликтер Вознесенскийдин ырларын көп том менен чыгарып, Европага, Кошмо Штаттарга барышына мүмкүндүк берген. Акын Батышта тез эле оозго алынып кеткен. Нью-Йоркто 1965-жылдын майында болгондо, Вознесенский Оза деген чыгармасын окуган.

Бийликтердин кыжырына тийбегенге далалаттанган менен, Вознесенский эч качан Кремлдин көзүн карап, кошоматчылык кылган эмес. Ал тургай, 1968-жылдагы Чехословакиянын оккупациясын ачык эле айыптаган. Ал Сталинден кийинки советтик жетекчи Никита Хрушевдун кыжырлантканда, ачуусу чукул Хрушев аны эл алдында «капиталисттердин тыңчысы, сени жоготом» дегенге чейин барган.

Вознесенский кесиби архитектор болгон, өмүр бою сүрөт таркан. Ал ошондой эле айнекке кызыккан, аны эң поэтикалык материал деп атап, орус акындарына салыштырган.

1994-жылы «Азаттыктын» орус кызматына берген маегинде Вознесенский айнекке болгон кызыгуусу тууралуу сүйлөп отуруп, буларды айткан жери бар:
– Мен үчүн Николай Гумилев жалпак, кооздолгон айнек. Михаил Кузмин Венециянын айнеги. Велимир Хлебников сөздөрдү эритип, чагылдырган оптикалык айнек. Анын ырларын солдон оңгө, оңдон солго окуса болот. Ошондуктан жарыкты чагылдырган айнекке окшош.

Вознесенский көпчүлүккө «Миллиондогон кызыл роза гүлү» деген, Алла Пугачева ырдап чыккан ыры менен таанылган. Анын 1970-жылдардын этегинде коюлган, 18-кылымда жашап өткөн орус саякатчысы Николай Резановдун турмушун чагылдырган «Юнона менен Авос» деген рок-операга жазган либреттосу да зор кызыгууну пайда кылган.

Жаңыл Жусубжан, «Азаттык», 03.06.2010-ж.

О. Султанов: Вознесенский поэзияга жаңы шамал алып келген

sultanovКыргыз Эл акыны Омор Султанов орустун белгилүү акыны Андрей Вознесенскийди мурдагы Совет биримдиги кезинде поэзияга жаңылык киргизген улуу чыгармачыл инсан катары баалап, аны менен жакындан тааныш болгонун «Азаттыкка» берген маегинде кеп салып берди.

Омор мырза, орустун белгилүү акындарынын бири Андрей Вознесенский дүйнөдөн өткөнү боюнча маалымат болуп атат. Ал кишинин орус поэзиясына кошкон салымы тууралуу айта кетсеңиз?
— Мен Вознесенскийди жакындан билип калдым. Москвага көп барчу элем, ошол кезде А.Вознесенский, Б.Окуджава, Е.Евтушенко деген акындарды «шестидесятниктер» деп койчу, 60-жылдары поэзияга абдан чоң жаңылык киргизген акындардын башаты. Буларды абстракционисттер өлкөдөн чыгып кеткиле десе Хрущев, ушулардын таасири бүткүл Советтер Союзуна тийген. Ошондон баштап мен булар менен жакын жүрүп калдым.

Бул жактан Рамис экөөбүздү абстракционисттер деп таап, бул жерде ЦКга 3-4 жолу чогулушка салышып тепкилешкен. Вознесенскийдин орус поэзиясына тийгизген таасири, Пастернактан кийин орус поэзиясына, илгери Пушкин менен Лермонтов кандай жанылык киргизсе, 20-кылымдын экинчи жарымында ушулар ошондой таасир тийгизген.
Алардын поэзиясынын негизги темасы эмнелерди камтыгат?
— Мунун акындык тамырчылыгы күчтүү болгон. Ошол кездерде бүткүл Советтер Союзунун жашоо турмушундагы көп нерселерди, калпты, жаман ушактарды, ошонун баарын алып чыккан да. Москвада стадиондордо Вознесенский менен Евтушенко көп ырларын окуп турушкан да.

Омор мырза, А.Вознесенскийдин поэзиясы кыргыз поэзиясына, кыргыз акындарына кандай таасир тийгизген?
— Булар жаңы шамалды алып киришкен поэзияга. Көчөгө чыккан поэзиялар, көчөдө эл менен сүйлөшкөн поэзиялар болчу. Ошонун таасири бизге дагы тийбей койгон жок да. Ошон үчүн бул жерде чоң жаш акындардын абдан күчтүү толкуну келген. Формалисттер деп айтышчу, ошонун эң күчтүү таасири Вознесенский болчу.

Сиз А.Вознесенскийдин ырларынан котордуңуз беле? Которсоңуз бир-экөөсүн окуп берсеңиз?
— Мен азыр которгонду окуп бере албайм. Себеби архивимде жүрөт го. Бирок мунун эң негизги «Антимиры» деген поэма-притчасы чыккан, Таганкада чоң спектакль болгон. Мен баргам, мени өзү чакырып алып барган. Азыр да коюлуп атат. Ошол ырлардан мен котордум эле. Жазуучулардын чыгармачыл үйү бар эле, жалпыбыздын үйүбүз болчу, азыр да барабыз ал жерге. Ошол жерде мен көп жолу болгом. Анын жакшы аялы бар, азыр да тирүү. Пастернактын эң жакшы көргөн окуучусу Вознесенский болгон. 14 жашында биринчи ырын Пастернакка жиберген экен, кийин мени Пастернак менен тааныштырган өмүр баянымды айтып. Кыргызстандан балдар барганда, дайыма Рамис экөөбүздү сурачу экен.

Мен былтыр үйүнө барсам катуу ооруда экен, сүйлөй албай калыптыр, анан көп болбой коштошуп кетип калгам. Кечээ көрдүм бардык нерселерин. Бул орустар сыйлагандан өйдөрөөк акын. Мунун ырлары азыр билинбей атат. Мунун «Мой век» деген ыры бар, ошондо өзүн айткан бул кылым менин кылымым болду, бирок өттү, бул кылым мени унутат, кийинки кылым мени эскерет деген ыры бар. Ошондой болуп атат. 20-кылымдын экинчи жарымындагы орус поэзиясынын тили болду бул. Муну Европада абдан күчтүү баалашат. Ошондуктан жаштар окушу керек бул акынды.

— Рахмат маегиңизге.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 02.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий