Өчпөс жылдыздар…

Эшикте көз уялткан аппак кар. Ушул аппак кардай таза, ак ниети, таза дили, маңдай тери менен эл-жерине кызмат кылып, улуу мурас калтырып кеткен залкар таланттар өткөн. «Талант бул- жараткандан алган олжо! — деп ойчул акыныбыз Баласагын айткандай, Кудай тартуулаган ошол олжобузду, дөөлөтүбүздү барктап — баалап өз ордуна коё албай келебиз. Бүгүн минтип чыныгы талант, маданият, акыл жана ар-намысыбызды, Атамекенибизди өз кызыкчылыбызга, акчага алмаштырып, жандүйнөбүз тукулжурап майдаланып баратабыз. Аркабыз боз тунарык, тунарык… Боз тунарыктан туура жолду таппай, кайсыл ашууга барып кептелип, эсибизге келээр экенбиз. А балким ошондо кеч болуп калбас бекен? Айталы дегенибиз, баарыбыз жыл жаңырды деп шадыраңдап жатпайбызбы. Бирок, ошол жыл босогосун аттап баратып, өткөндү унута албадык. Кылым эмес, он кылым өтсө да аты өчпөй турган залкарлардын арбагына таазим этип, эскерүүнү эп көрдүк.

Бакен Кыдыкеева
Бакен эжебиз кыргыз театры менен киносунда ар кандай доордо жашаган, ар түрдүү багыттагы кыргыз кыз-келиндери менен энелердин көп кырдуу татаал образдарын ийине жеткире ачып берген. Ал өзүнүн кесибинин устаттыгына даана жетишкен ыйык сахнанын чоң чебери экенин кыргыз кыргыз болуп турганда унутпас. ов. Таалайы тайкы тагдыры, трагедиялуу өлүмүчү? Көңүл жубатар кеп табылбайт, мындайда.

Иса Ахунбаев
Көрүнүктүү окумуштуу, калайык — калктын ден соолугун сактоого бүт өмүрүн арнап, легендага айланган мекендешибиз, улуу хирург Иса Ахунбаевдин жетекчилиги менен Орто азия республикаларынын ичинен жүрөк хирургиясынын мектеби биринчи жолу Кыргызстанда ачылган. Ушундай опол-тоодой эмгек жумшаган агаларыбызга убагында көңүл буруп, барктап — даңтап алсак эмне!

Болот Миңжылкыев
Сейрек талант, гениалдуу үнү менен дүйнө элин өзүнө магниттей тартып турган Болот Миңжылкыевди карапайым кыргыз калкына кудай белек кылып тартуулап коюптур. Кудай берген, жаратылыш тартуулаган керемет үнү, Италиянын Милан шаарындагы Ла-Скала театрында жаңырып, эки жылга жакын алган тажрыйбасынын натыйжасында вокал жагынан эң бир жогорку тепкичтерге көтөрүлгөн. Улуу бас, орус композиторлорунун, дүйнөлүк музыканттардын аваздык чыгармалары менен катар өзүбүздүн, улуу-кичүү композиторлорубуздун дагы ырларын, романстарын аздектеп, репертуарынан түшүрбөй ырдап келген. Мына ушундай мекендеш сейрек талантыбыздын жада калса сүрөттөрү өзү иштеп кеткен опера-балет театрында да сакталбаптыр. Анан кантип маданият жөнүндө сөз кылабыз. Бетиңер качан кызараар экен, «беттүүлөр…»

Асанкалый Керимбаев
Өз үнү, өзүнө таандык муңдуу, ойлуу мукамы бар обондорду жараткан Асанкалый Керимбаев 70 — жылдары жылдызы жанган. Анын өзгөчөлүгү — фольклордук маанайдагы ыр менен аккордеондун эриш — аркактыгына жетишкендиги анык талант экендигин таанытты. Кыргыз поэзиясынын классиктери Аалы менен Алыкулдун «Муңдашым Мунар, кайдасың?», «Сулууга» сыяктуу мааниси терең ырларына даап, обон чыгарыштын өзү чоң баатырдык. Ырдын маанисине жараша добушту, ыргакты ыгын келтире тапканы Асанкалыйды кемелине чыгарып, ойчул обончу ооматына жеткирген. «Кусалык», «Көл баяны», «Атама», «Шуулдаба терегим, теректерим» деген обондорду жеке тагдыр менен жалпы элдик турмуштун жүзүн жуурулуштурган керемет обондор экени жалганбы. Дегенибиз, мындай көл адамды унутуп калууга акыбыз жок.

Мыскал Өмүрканова
Элдик ырларды ырдап жатканда кыргыз элинде боло элек, ачыла элек өзүнчө бир аваз менен созчу. Анын үнү Алатоонун шыңгыр булагындай, ачык, тунук. Мыскалдын музыка дүйнөсүнө киргизген өзгөчөлүгү, жаңычылдыгы- комуз менен үнү айкалышып, бири-бирине канат, бири-бирине ой жаратып, ырдын мазмунун байытканында. Бул керемет өзгөчөлүк тыңдап уккан кишиге гана билинет. Анан ошол ар бир ырды күйгөн ыр болобу, секетпай ырбы, патриоттук ырбы ар биринин маңызын ачып аткарган. «Алымкан», «Ойло сен», «Таалайлуу элдин бир кызы» сыяктуу жөнөкөй эле обондорун ушунчалык көз жеткис бийиктикке жеткире ырдап, бул ырлар Мыскыл үчүн жаралгандай. «Алымкандын» бир кайрыгын бир мүнөт созгондугу Москваны таң калтырган.

Таттыбүбү Турсунбаева
«Таланттын жактырган шамы өчтү, Теңдешсиз бул дүйнөдө сулуу өттү. Кызгалдак кыйылды да соолуп калды,Талантка тагдыр эмне, өзү өчпү», — деп бир кезде Болот Бейшеналиев сыздагандай, андан бери мөңгүлөр эрип, канча суулар акса да кыргыз сахнасы өз Таттыбүбүсүн таппай келет, сагынып келет…

Сүймөнкул Чокморов
«Жер эне кандай айкөл, бирок эмне үчүн айкөл жерде жашоо ушунчалык кыйын?» Актердун ушул сөзү ар дайым жүрөгүмө казык болуп кадалат.

«Адам атакка жетпедим деп өкүнбөшү керек, Адам абийир таппагандыгына өкүнүш керек» дептир атактуу ойчул Конфуций. Төрт тарабы төп келишкен, таланты көп кырдуу Сүймөнкул агабыз атакка да жеткен, абийир да тапкан сейрек талант. «Колдо бар алтындын баркы жок» болуп, кечээ жакында өтүп кеткен туулган күнүндө бир жылуу сөз айтып, эстеген эч ким болгон жок. Болду, сөз жок…Сөзүм жок.

Советбек Жумадылов
Таланты жана өтөгөн кызматы менен эл- журттун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, театр жана кино корифейлеринин бири Советбек Жумадылов өзүнө өлбөс — өчпөс,түбөлүк эстелик тургузуп кетти. А биз, арсыздар, күнүмдүк тиричилик, бийликке күнкор болуп, Советбек аганын жаркын элесине эстелик тургузуп эскере албай келебиз. Айта берсе арман көп… Неси болсо да Сиз да бизди кечириңиз, Советбек агай…

Динара Асанова
Алакандай кыргыз элинин бир кичинекей таланттуу кызы Динара кырк эки жылдык кыска өмүрүндө тарткан көркөм тасмалары менен дүйнөлүк атакка жетишкен. Москвадагы ВГИКтин режиссерлук факультетин бүтүп, кино өнөрүнүн эң көрүнүктүү чебери болду. Бирок, таланты «Кыргызфильминде» эмес, «Ленфильм» студиясында ачылып,10 дон ашык тасма тартканга үлгүрүп, СССРдин сыйлыгына татыган.

Динаранын тасмаларындагы каармандар адамдагы кайдыгерликке, жандүйнөсү муздактарга кейип турат. Аларды көрүп отуруп, айласыз өзүңө жандүйнөңдү түйшүккө салып «неликтен бул жарык дүйнөгө жаралдым?» деген суроону бересиң. Динара замандын өйдө-төмөнүн жүрөгү менен сезип адамдардын, алардын ичинен жаштардын тагдырына күйүп-бышкан тубаса киноматографисти эле. Ал көкүрөк сокурлугуна каршы туруп улууларды, ата салтын, балдарды сыйлабаган муз жүрөктөрдү жектейт. Ал күндөлүгүнүн биринде: «Менимче ким болуу маанилүү эмес, ишти кандай аткаруу маанилүү. Адам болуу демек, эч качан жүрөк жалынын муздатпоо», — деп жазыптыр. Бирок, ушундай адамды, биз убагында кадырлай албай калбадыкпы, кашайгыр ай…

Даярдаган Кыял АБДЫРАМАНОВА, «Нур Эл» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий