МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ КАМКОРДУК КЕРЕК

Мен ой-пикиримдин калган бөлүгүн социолингвистика тармагындагы абдан белгилүү окумуштуулардын бири Ж.Фишмандын айрым эмгектеринин контекстинде айткым келет. Фишман көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде «тилди пландаштыруу» боюнча да жазган. Анын «тилди калыбына келтирүү» жөнүндө жазган айрым эмгектери менин Кыргызстандагы байкоолорум үчүн абдан маанилүү. «Тилди калыбына келтирүү» деп өз аймагын башка бир тил ээлеп алган тилди кайра калыбына келтирүү аракеттери аталат. Фишман өз аймагынан айрылган тилди оорулуу адамга салыштырат. Бейтап киши медициналык жардамга кандай муктаж болсо, «оорулуу тил» да камкордукка ошондой эле муктаж болот. Менин оюмча, Совет бийлигинин соңку он жылдыктарында кыргыз тилине жана СССРде сүйлөнгөн башка көптөгөн тилдерге шашылыш жардам зарыл эле. Алардын айрымдарынын «оорусу» абдан өтүшүп кеткендиктен, сактап калууга болбой калган эле. Айта кете турган нерсе, менин өлкөмдөгү көптөгөн жергиликтүү элдердин, индеецтердин, тилдеринин тагдыры да ушундай аянычтуу аяктады.

Бактыга жараша, 1980-жылдардын аягында кыргыз тилинин абалы өтө жаман болгон эмес. Азыр ал өзүнө келип баратат. Бирок менин оюмча, кыргыз тилин Фишмандын идеяларынын өңүтүнөн карап көрсөк, кам көрүү ыкмасы жетиштүү же натыйжалуу болбой тескери натыйжаларды берген.

Фишман бир топ татаал схеманын негизинде тилди калыбына келтирүү «өз максатына багыт алышы үчүн»* «приоритеттердин же максаттардын ырааттуу катарын» сунуш кылат. Анын татаал далилдерин бул жерде карап чыгууга убакыт жок. Жалпысынан алганда, чабал тилдин массалык маалымат каражаттарындагы, административдик чөйрөдөгү, жумуш ордундагы жана билим берүүдөгү абалын чыңдоо үчүн анын үйдөгү, үй-бүлөдөгү жана коңшулар арасындагы абалын бекемдөө керек. Фишман тилди калыбына келтирүүнү каалаган көптөгөн тил пландоочулар бул чөйрөлөргө көңүл бурууну каалашпай турганын, анткени алар бул чөйрөлөрдө иштөөнү «жеңилүүнүн» бир түрү деп эсептешерин белгилейт**. Мен Фишмандын бул пикирине макулмун, анткени үйдү, үй-бүлөнү жана коңшуларды эске албастан туруп тилди калыбына келтирүү аракети пайдубалына көңүл бурбай туруп көп кабат үй куруу аракетине окшош.

Ресурстар чектелүү болуп, алар абдан натыйжалуу колдонулушу керек болгондуктан, Фишман тилди калыбына келтирүүнүн ар бир этабында реалдуу максаттарды коюу зарыл экенин эскертет. Ал азыркы жалпылашкан дүйнөдө тилдик «үстөмдүк» кайсы чөйрө болбосун салыштырмалуу болорун белгилейт. Бүгүнкү күндө ар кандай өлкөнүн жарандары барган сайын экиден кем эмес тил билүүгө мажбур болууда. Бул эли илгертен бир гана англис тилинде сүйлөп келген менин өлкөмө да тиешелүү. Көптөгөн адамдар азыр да ушундай ойдо, бирок мунун жаңылыш экенин турмуш өзү көрсөтүп жатат. Америкалыктар соода жүргүзүп, маалымат алуу үчүн башка тилдерге муктаж болууда. Мындан тышкары өздөрү жашаган дүйнөгө баа берип, башка өлкөлөрдөгү адамдардын перспективасын аңдоо үчүн алар башка элдер менен алардын өз тилинде баарлашууга тийиш.

Эми кайра Кыргызстанга келели. Жалпыга маалым болгондой, Брежнев заманында айыл жеринде күчтүү болгону менен кыргыз тилинин жагдайы Кыргыз ССРинин айрым шаар жерлеринде, өзгөчө борбор менен түндүктөгү башка шаарларда абдан начар эле. «Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам» жыйырма жыл мурун так ушундай кырдаалда кабыл алынган эле. Бул мыйзамдан улам кыргыз тили республикадагы жалгыз мамлекеттик тил болуп калды. Мыйзамдын жоболорунда билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил боюнча бүтүрүү экзаменинин болушу белгиленген (21-жобо). Мындан тышкары кыргыз тили маданият чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын, пропаганданын жана китеп чыгаруунун «негизги тили» боло тургандыгы көрсөтүлгөн (23-жобо). Мыйзамды коштогон токтомдо «Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иш кагаздары 1999-жылы 1-январдан баштап кыргыз тилинде жүргүзүлө тургандыгы» белгиленген.

Мыйзам кабыл алынгандан бери жыйырма жыл өтсө да кыргыз тили боюнча бүтүрүү экзамени көбүнчө формалдуу түрдө болуп, кыргыз тили массалык маалымат жана китеп чыгаруу сыяктуу чөйрөлөрдө негизги тил боло албай, иш кагаздарын жүргүзүү дагы эле мамлекеттик тилге толугу менен өтө албай келет. Эмне үчүн тил мыйзамынын ар түрдүү беренелеринде болжолдонгон ийгилик деңгээли жогору болгон жок? Кыргыз тили боюнча олуттуу бүтүрүү экзаменин киргизүү чынында эле мүмкүн эмеспи же ал максатка ылайыксызбы? Массалык маалымат жана китеп чыгаруу сыяктуу чөйрөлөрдө кыргыз тили негизги тил боло албайбы жана иш кагаздарын жүргүзүүдө ал биринчи тил боло албайбы?

Бул суроолорго жооп берүүдөн мурун 1989-жылкы мыйзамдын жоболору эмне үчүн ушунчалык начар ишке ашканын карап көрөлү. Сыягы, мунун эң маанилүү себеби мыйзамдын өзүнүн реалдуу эместигинде болчу. Айрым олуттуу айырмачылыктарына карабастан, бул мыйзам «башталгыч шартттары» Кыргызстандыкынан бир топ жакшы республикаларда 1989-жылы кабыл алынган мыйзамдарга окшош (чындыгында абдан окшош) эле. Бир эле кичинекей көрсөткүчтү, китеп чыгарууну, карап көрөлү. Тактап айтканда, Кыргызстан менен үч Балтика республикасын салыштырып көрөлү: 1988-жылы латыш тилинде 991 китеп, эстон тилинде 1336 китеп, литва тилинде 2191 китеп жарык көргөн. Ал эми кыргыз тилинде болсо 382 гана китеп чыккан*. Балтика республикаларында титулдук улуттун тилинде жогорку билим берүү абдан өнүккөн. Мындан тышкары бул республикалардагы титулдук улуттун басымдуу көпчүлүгү мейли айыл жеринде болсун, мейли шаар жеринде болсун (буга борбор шаарлар да кирет) жаңы жарыяланган мамлекеттик тилде сабаттуу болуп, мектепти ошол тилде бүтүргөн. Ал эми Кыргыз ССРинде жагдай канчалык башкача болгонун сиздер менден жакшы билесиздер деп ойлойм.

(*Бул маалыматтар республиканын өзүндө чыккан китептерди гана камтыйт. Ошентип, мисалы, Өзбекстанда чыккан кыргызча китептер эсепке алынган эмес. Народное образование и культура в СССР. Финансы и статистика. 1989, 370-б.)

1989-жылкы мыйзамдын авторлор ойлогондой ишке ашпай калганынын дагы бир себеби 1990-жылдарда жана жаңы миң жылдыктын алгачкы жылдарында кандай экономикалык кыйынчылыктар болорун 1989-жылы аз эле адам билген. СССРдин кулашы өзүнүн бардык жакшы жактары менен бирге Кыргыз Республикасы, азыркы эгемендүү өлкө, өзүнүн экономикалык системасын баштан аяк кайра курууга мажбур болот дегенди билдирген. Эгемендүүлүк Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди, бирок ал муну менен бирге экономикалык дислокацияны да алып келди жана Казакстандагыдай же Түркмөнстандагыдай энергетикалык кен байлыктардын жок болушунан улам маанилүү социалдык жана маданий маселелерге, анын ичинде тилге жумшалган ресурстар салыштырмалуу аз болду.

Бул эки себеп пост-советтик Борбор Азиядагы тилдик саясат боюнча изилдөөлөрдө көп белгиленип жүрөт. Ал эми үчүнчү себеп көбүнчө көз жаздымда калат. Менин оюмча, пост-советтик Борбор Азиядагы тилди калыбына келтирүү үчүн жасалган өтө эле ургаалдуу аракеттер чындыгында мамлекеттик тилдердин кадырын кетирип, нааразылыктарды пайда кылды. Мисалы, адис мугалимдердин же атайын окуу китептеринин жоктугуна карабастан титулдук тилдерде билим берүүнүн (өзгөчө жогорку билим берүүнүн) жайылтылышы көп учурда өз предметин жакшы билбеген мугалимдердин же өз предметин мыкты билгени менен тилди начар билген мугалимдердин сабак беришине алып келди. Билим берүүнү каржылоонун жалпы төмөндөөсү жана окуу китептеринин жетишсиздиги менен айкалышкан мындай мисалдар кыргыз тилдүү мектептердин беделин түшүрдү. Совет мезгилинде көптөгөн ата-энелер балдарын орус тилдүү мектептерге өз ыктыяры менен беришчү, анткени алар орус мектептер жакшыраак билим берет деп ойлошчу. Эгемендүү болгондон кийин деле алар муну жогоркудай себептерден улам улантып жатышат.

Кыргызстандагы тилдик пландаштыруунун ийгиликтери менен кемчиликтерин толук талдап чыгуунун ордуна мен калган убактымда менин оюмча, бүгүнкү Кыргызстандагы тилди калыбына келтирүүгө өбөлгө түзө турган чөйрөлөр тууралуу кеп кылгым келет. Мен «тилди калыбына келтирүүнүн» натыйжасында Кыргызстандагы башка тилдер, өзгөчө орус жана өзбек тилдери четке сүрүлүп калышына ишенбейм деп баса белгилегим келет жана сиздер мени туура түшүнөсүздөр го деп ойлойм.

Орус тили — негизги дүйнөлүк тил, ал маданий жана техникалык маалыматардын зор казынасына эшик ачып берет жана албетте, Россия жана башка айрым өлкөлөр менен алака түзүү үчүн абдан маанилүү. Ушунун эле өзү англис тилине жана кандайдыр бир деңгээлде башка тилдерге, анын ичинде кытай жана түрк тилдерине да тиешелүү. Бирок англис, кытай же түрк тилдеринен айырмаланып, орус жана өзбек тилдери (башка бир катар тилдер менен бирге) Кыргызстан калкынын олуттуу сандагы азчылыктарынын эне тили. Бул тилдерге жасалган мамиле өлкөдөгү этникалык топтордун байланыш-катыштары үчүн абдан маанилүү.

Мен Жошуа Фишмандын оюна кошулуу менен шаардык кыргыз үй-бүлөсүндө, өзгөчө түндүктө кыргыз тилине колдоо көрсөтүлүшү керек деп ойлойм. Кыргыз тилин начар билген ата-энелер бул колдоону тилди жакшыраак билген кийинки муунду өстүрүүдө пайдаланса болот. Орус тилдүү кыргыз ата-энелер өз балдарына кыргыз тилин үйрөтө албайт, анткени алар өздөрү бул тилди билбейт. Мындай ата-энелер менен алардын балдарына кыргыздын салттуу ырлары жана кыргыз маданиятынын башка элементтери менен тааныштыруучу атайын материалдар жана адистердин кеп-кеңештери жардам бериши мүмкүн. Албетте, булардын айрымдары телекөрсөтүү жана радио аркылуу берилиши мүмкүн. Ал эми көп кабат үйлөрдүн дээрлик ар биринде жашаган чоң энелер менен чоң аталар негизги ролду ойной алат. Алар — мында абдан баалуу ресурс.

Мен билем, кыргыз тилиндеги телепрограммалардын, анын ичинде балдар үчүн программалардын саны өсө баштады. Бул — жакшы нерсе. Бирок алардын сапаты жогору болбосо жана бүгүнкү кыргыз жаштары, өзгөчө шаардагылар үчүн кызыктуу болбосо, алар кыргыз тилинин өнүгүшүнө өбөлгө түзө албайт. Кыргыз тилиндеги абдан начар программалардын эч кимге кереги жок, аларды эч ким көрбөйт. Чынында эле сапаты начар программалар эфирге чыга турган болсо, көптөгөн шаардык тургундардын кыргыз тили — айылдагы карапайым элдин тили, бул «жарды» тил азыркы шаардык кыргыз үй-бүлөсүнөн орун алууга татыксыз деген ишенимин гана күчөтөт.

Айрым дүкөндөрдөн балдар үчүн кыргыз тилиндеги жаңы, кызыктуу китептерди көргөндө абдан бактылуу болдум. Тилекке каршы, алардын баалары көптөгөн ата-энелер үчүн абдан кымбат жана аларды жайылтуунун ийкемдүү жолдору иштелип чыкпаса, алар бир ууч бай кыргыз үй-бүлөлөрүнүн гана энчиси болуп калары шексиз. Алардын таасирин күчөтүүнүн дагы бир жолу -телекөрсөтүү менен радиодогу мыкты иштелип чыккан баяндамалар жана башка программалар. Мындай программалар кымбат болбосо деле болот. Албетте, кыргыз балдар уйкуга кетип баратып, телекөрсөтүүдөн же радиодон уккан сүйүктүү кыргыз жомокторундагы каармандар жөнүндө кыялдануусуна жардам берүүнүн колдонулбаган мүмкүнчүлүктөрү бар. Чындыгында эле сапаты мыкты болсо, ал программаларды Алмаз менен Асел эле көрбөйт. Алар Саша менен Машаны да кызыктырат. Сапат санга караганда маанилүүрөөк. Мыкты сапаттагы маданий продукциялар аркылуу адамдарды кыргыз тилине тартуу аракеттери — абдан жөндүү инвестиция.

Кыргызстанда өкмөт менен билим берүү системасында кыргыз тили көбүрөөк колдонулушу мүмкүн жана колдонулууга тийиш. Бирок бул кызматкерлер менен окутуучулардын адистик сапат стандарттарынын начарлашына алып келе турган болсо, ал бийлик менен билим берүү системасына эле доо кетирбестен, кыргыз тилинин да беделин түшүрөт. Эгер кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү эч ким көңүл бурбай же окубай турган начар котормолорду жаза турган кызматкерлерди жалдоо дегенди билдирсе, бул кыргыз тилинин кереги жок деген ишенимди күчөтүп, нааразылыкты пайда кылат. Ушул сыяктуу эле окуу китептери орусчасынын начар котормолору болсо же кыргыз тилинде начар жазылса, кыргыз мектептер үчүн окуучуларды тартуу абдан кыйын болот.

Эми дагы бир маанилүү чөйрө — окуу орус же өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз тилин окутуу жөнүндө бир аз кеп кылалы. Кыргыз тилин окутуу методологиясы өркүндөтүлүшү керек. Тил окутуу адамдарды грамматикалык эрежелерди жаттоого мажбурлабастан, сүйлөшүүгө үйрөтүүгө багытталышы керек. Мектеп окуучулары жаттоодон көп пайда таппайт. Ооба, өлкөдөгү бардык окуучулар менен студенттерден кыргыз тили боюнча катаал бүтүрүү экзаменин алуу — жакшы идея. Бирок кыргыз тилдүү эмес группалар менен мектептерде (буга ал мектептердеги кыргыз балдар да сөзсүз кирет) кыргыз тилин окутуунун эффективдүү ыкмалары иштелип чыгып, ишке ашырылмайынча, мындай сынак мамлекеттик тилди үйрөтүүгө көп салым кошо албайт. Мен өзгөчө өзбек тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуу методологиясын өнүктүрүүнүн зарыл экендигин белгилегим келет. Өзбек балдар үчүн кыргызча мыкты окуп, жазууну үйрөнүү салыштырмалуу түрдө жеңил деп ойлойм. Бирок бул иштин методологиясы жетиштүү иштелип чыккан эмес жана өзбек балдарды кыргыз тилине кызыктыруу үчүн көп иштер аткарылган эмес. Бүтүрүү экзамени айрым балдардын кыргыз тилин талап кылынган деңгээлде үйрөнүшүнө гана түрткү бериши мүмкүн. Бирок кыргыз тилиндеги маданий жана башка продукциялардын сапатын жогорулатуучу иш-чараларсыз, башкача айтканда, кыргыз тили менен маданиятына суктанып, сүйүүгө өбөлгө түзүлмөйүнчө, бул багыттагы аракеттер тескери натыйжаларды бериши мүмкүн деп корком.
Бактыга жараша, сиздердин өлкөдө Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бар. Бул комиссия мен жогоруда сөз кылган иш-аракеттерге түрткү берип, аларды координациялоодо негизги ролду ойноого тийиш. Комиссия ошондой эле максаттарды коюп, аларга жетүүнүн мыкты жолдорун иштеп чыгууга окумуштуулар жамаатын да тартат го деп үмүттөнөм.

Жыйынтыктап айтканда, мен 1989-жылы мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганда реалдуу эмес максаттар коюлуп, басым такыр башка нерсеге жасалган деп эсептейм. Ооба, кыргыз тили Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарында, жумуш ордунда, өкмөттө жана шаардык билим берүү системасында үстөмдүк кылуучу тил боло алат. Бирок бүгүнкү жалпылашкан дүйнөдө башка тилдер, анын ичинде орус, өзбек, англис, кытай жана түрк тилдери эч кандай роль ойнобойт деп ойлоо акылга сыя бербейт. Кыргыз тилинин кагаз жүзүндөгү эмес, иш жүзүндөгү статусун көтөрүү үчүн жана анын позициясын чыңдоо үчүн Фишман белгилеген чөйрөлөрдө — үй-бүлө менен жергиликтүү жамаатта кыргыз тилинин позициясын бекемдөө боюнча иш-чаралар көрүлүүгө тийиш. Акырында эң маанилүүсү, бул өлкөнүн жарандары кыргыз тилин эң мыкты сапаттагы продукциялар жана кызматтар менен байланыштырышы үчүн мүмкүн болгон нерселердин бардыгын жасоо керек.

Сиздерди мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышынын жыйырма жылдык мааракеси менен дагы бир жолу куттуктап, эң негизги милдети кыргыз тилинин статусун көтөрүү болгон саясаттын абдан кылдат тармагында оптималдуу жолдорду табуу үчүн акылмандыкты каалоого уруксат этиңиздер.

Уильям ФИЕРМАН, «Нур Эл» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий