Жол азабы, көр азабы

Дүйнө жүзүнө белгилүү Манас атабыздын туулган жери Алтайга 31-апрелде Кыргыз-Алтай республикаларынын коомдук маданият багытында «Манас-Манаш» коому түзүлгөнүнө байланыштуу биз, чыгармачыл топтун адамдары, кол өнөрчү Абдрасулов Эсенбек, акын Рыскулов Муратбек жана мен болуп автомашина менен Казак республикасы жана Барнаул, Бийск шаарлары аркылуу Алтай республикасынын борбору Горно-Алтайск шаарына 2250 км жол басып, кайра кайттык.

«Жол азабы, көр азабы»-дегендей адегенде эле Казак республикасынын таможнясына жеке адам катары, командировкага бараарыбызды көргөзүп өтсөк, машинабызды 5 саат текшерип, машинанын ички эшик жабдыктарына чейин чыгарышып, «биз наркотик издеп жатабыз» — дешип, катуу тинтүүгө алышты, акыры эч нерсе таппаганда «эми бир аз күтө тургула» деп, өздөрү бир топ убакытка жок болушуп андан кийин дөңгөлөктөрдү атайы рентген жабдыктары менен тинтишти. Эгер, ошол 4-5 саат ичинде атайы тинтимиш болуп күттүргөндө машина клиенттери 100 дөн жогору америка доллары менен акча берсек, анда алардын беттеринде жылмаюулар пайда болуп, сени эч кармоосуз сапарыңдын андан ары «ак жол» болушун каалап узатышат. Сенин ким экениңди да карабайт, эптеп акча берсең анда сен эч токтоосуз өтүп кетесиң, эгер акча бербей таза өтүп кетем десең, анда тинтимиш болуп машинаңдын бир жерине наркотик салып коюшат дагы, андан кийин сен казактарга сөзсүз жалына баштайсың же болбосо, акыркы чөнтөгүңдөгү акчаны берип анан өтөсүң. Биздин автомашина Георгиевка казак таможнясынан өтөөрдө туптуура 5 саат кармап, акыры машинабызга наркотик салып бизди катуу кайыштырабыз деген ойдо болгондо, кудай жалгап ошол замат катуу алай-дүлөй шамал, куюн болуп казактардын машинага салган наркотигин учуруп кетсе болобу. Ошону менен казактар, биздин автомашинага аны айдаган айдоочусуна эч кине коё албай автомашинаны аргасыздан чек арадан өткөрүүгө мажбур болушту. Автомашинага жаңыдан отурарыбыз менен андан ары сапарыбызды улантып, өз ара бири-бирибизге болгон окуяны айтып сүйүндүк: «Бул да болсо, Манастын атына байланыштуу, ишибиз ак үчүн Манас атабыздын арбагы колдоду»-деп сүйүнүчүбүз койнубузга батпай, түнгө карабай жол жүрүп отурдук.

Биздин бара турган багыт Барнаул аркылуу Алтай республикасы болгондуктан маршрутубуз Казакстан талаасынын чыгыш тарап шаарлары Алма-Ата-Талды Курган-Аякөз-Георгиевка-Усть Каменогорск-Семей андан кийин Россия Федерациясынын Рубдовка автотрассасы аркылуу Барнаул, Бийск шаарлары менен Горно-Алтайск шаарына 3 сутканын ичинде жетип келдик.

Казакстандын чыгыш шаарлары аркылуу түн-күн дебей жол жүрүп отурганда Талды Корган шаарынан өткөндөн кийин Нуракеңдин Казакстандын борборун Астанага көчүрүп, европа стандартына ылайыктуу дүйнөдөгү кооз шаар куруп жатам дегени менен казактардын алыскы региондору социалдык жактан такыр көңүл бурулбай, жолдору болсо мурун СССРдин тушунда курулган боюнча эч кароосуз калып, жолдорунун жыртыктарын салыштырсаң биздин Кыргызстандын жолдору алда канча өйдө экенине ишенесиң. Казактардын жыртык жолун эске албай катуу айдасаң, машинаң чачырап жолдо кайырчы болуп автотетик сурап калгыдайсың. Ал эми элет жерлеринде элдин жашоосу кыргыздардыкынан начар, аларды көрүп зээниң кейийт. Автожолдо келе жатып миңдеген кв. км. жерлер ээн өздөштүрүлбөй шор топосу бетине чыгып, ыраактан бир караган кишинин көзүнө жазында ээрибей жаткан ала темгил кир сыяктуу көзүңө көрүнөт.

Нураке, «сен биздин кыргыздардын жерине көз арткандан көрө, ушул ээн жаткан жерлериңдин шорун жоготуп жериңди өздөштүрсөң элиңе, курулушуна, жаңы шаарларга да айдоо аянттарына да керектүү бери дегенде казак эли үчүн 10 кылымдык эпохалык чоң масштабдагы иштин алгачкы демилгечиси болот элең»-деп айтаар элем. Ал эми улам түндүк аймакка жыла баштагандан кийин, жердин астында суу деңгээли (уровень грунтовых вод) жердин үстүнкү бетине 20-30 см ге чейин көтөрүлүп, жолдун жээгине коюлган мүрзөлөрдүн ичине чейин суу аралап, кайра сызылып агып чыгып, майда дайраларга кошулганын көргөндө ого бетер зээниң кейийт. Бир чети кайран казактар, кыргыздардай эле жалкоо эл экенсиң, ушул жок дегенде мүрзөлөрүн мындан ыраак, суу каптабаган бийик дөңсөлүү жерлерге көчүрүп койбойт деп, аргасыздан ойлоносуң. Эми мүрзөлөрдү каптап суу ичинде жаткан сөөккө ого бетер ичиң уйгу-туйгу болуп, ал эми андан чыгып, аккан сууга кошулуп, төмөн жактан мал-жан ичип жатса келечекте ал жакта адам баласынын жашоосу кандай болот, бул экологиялык жактан эң чоң ири масштабдуу катастрофага алып келери бышык нерсе деп ойлойм. Ушундай экологиялык жактан таза эмес, адам баласынын эптеп жашоосун башынан өткөргөнүн көрүп, өзүбүздүн жерибизде бул жашоонун бейишинде жашап жаткан экенбиз деп, өз ичиңден ата-бабаларыбыз ушундай жерлерди тандап алганына аларга миң мертебе ыраазы болосуң. Мурун Монголияда иштеп жүргөндө алардын мүрзөлөрү кыргыздыкындай болуп бийик дөңсөөлүү жерлерге коюлуп, өздөрү өзөндүн жээктеринде төмөн жакта жашашканын көрүп, мурунку көчмөн элдердин жашоо шарттары, психология, ой-тутум, дүйнө-таанымдары ушунчалык шайкеш келгенине таң калып, ошол ой-жүгүртүүлөрүмө эми ушул казактардын талаасында болгон экологиялык абалдан кийин мурунку ата-бабаларыбыз эң таза жашаган эл экенине бул жашоомдо жооп алдым.

(Уландысы кийинки санда)

Асыкбек ОМОРОВ (ЧынТемир) жазуучу,
Бишкек-Горно-Алтайск-Бишкек, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий