Кырк уруунун кырк жигити/Алтайдан кырк жылкы минип келет

7-июнда «Кабар» маалымат агенттигинде журналисттер үчүн пресс конференция өттү. Анда жазуучу Асыпбек Оморов, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, олуя Мелис Карыбеков, кинорежиссер Темир Бирназаров, коомдук ишмер Өкмөтбек Алмакүчүков, «Эхо Манас» ТРКсынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев жана манасчы Рыспай Исаков катышып, Манас дүйнөсү тууралуу кенен маалымат беришти.

Асыпбек ОМОРОВ, жазуучу:
— Жакында эле Манас боюнча үч жазуучу менен Алтай аймагына барып келдик. Бул жерден кетээрде диний сектордун президенти Акай Кине «УТРКнын продюсери, журналист Назира Молдоканова дегенге жолуга кел» деп телефонун берди. Биз барганда Акай Кине «мен Кыргызстанга үч жолу бардым. Биринчи Акаев иштеп атканда Кыргызстандын тунгуч президентине «Манастын» туулган жери Чамалдын деген жерден таш алып барып, «кабинетиңизге ыйык сактап, ыйык тутуп, эл менен ынтымакта жашап, бир жылда бир курултай өткөрүп, ишиңиздин жыйынтыгын айтып турбасаңыз, сиз качып кетесиз» дегем.

Чындыгында ошондой болду да. Анан экинчиси 2005-жылы Бакиев иштеп атканда баргам. Киргизбей жатып бирөөлөр аркылуу араң киргем. Анда дагы таш алып барып, «ушул ташты ыйык сактап, кабинетиңизге коюп коюп, бир жылда бирден элдик курултай өткөрүп, эл менен ынтымактын үстүндө иштебесеңиз Акаевден да жаман болосуз» деп айткам» дейт. Эки президент тең Акайдын айткандарына чоң маани бербегендиктен жыйынтыгы кандай болгонун өзүбүз көрдүк. Анан Акай Кине 11-майда бул жакка келген экен. Убактылуу өкмөткө кирейин десе, кабыл албай коюшуптур. Айла жок журналисттерге интервью берип эле кетип калыптыр. Биз Алтайга барарда Назирага кезиксек, «Акай Кинеден бир жакшы интервью алып келсеңиз» деп айтты эле. Бир сааттын тегегерегинде интервью алып, дискке жаздырып алгам. Ал дискти биринчи Темике алган, кечинде чалып «жакшы материал экен колдойм» деди. Андан кийин Мелис Карыбеков дагы окуп алып колдойм деди. Андан соң дискти көтөрүп Коопсуздук кызматына келгенде Кеңешбек Дүйшөбаев дагы колдоорун айтты. Алмаз Атамбаевге берсек, ал киши да колдоп, бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөттөн жалпы колдомо алып отурабыз. Өз сөзүндө Акай Кине «силерде үчүнчү революция болбойт, эгер болсо, анын артында 3-дүйнөлүк согуш башталышы мүмкүн. Ошону болтурбаш керек» дейт. «Мындай окуяларды болтурбоо үчүн эмне кылуу керек» десем, «силерде кырк сөөктөн (кырк урууну айтат) бирден киши келесиңер келээрде алдын-ала айтып койгула. Мен бирден жылкы ээри менен даярдап турам. Анан «Манастын» туулган жерине сыйынып, Манастын баскан жолу менен Алтайдан Кыргызстанга келесиңер. Манас Алтайда туулуп, Кыргызстанда өлгөн. Ошол Манасты туурап, Манастын жолу менен басып, ага төрт нерсени байлайбыз» деп, биринчи асманды, экинчи жерди, үчүнчү өсүмдүктү, төртүнчү жаныбарды айтты. «Асманды кандай байлайбыз» десем, «Көкөтеңирдин тоосуна барып сыйнабыз» деди. Көкөтеңирдин тоосу кайсы жерде экенин сурасам, «бизде эмес силерде» деп Сары-Жаздын башындагы 7250 метр бийиктиктеги Хан-Теңири тоосун айтты. Ошо тоонун түбүнө барып Манас сыйынган дейт. «Жерди кандай кылып байлайбыз» десем, «ар бир адамда бирден куржун болот. Куржунда 2-3 килограммдай топурак салабыз. Ошо топону биз Манастын күмбөзүнө барып төгөбүз. Ошондо Манастын арбагы ыраазы болот» деди. Өсүмдүктү кандай кылып байлаарыбызды сурасак, «бизде кедр карагайы бар. Ошону бул жакка алып келип, нымдуу саздуу жерге айдасаңар жакшы өсөт. Ошону менен Алтай менен Кыргызстандын өсүмдүктөрү байланышат» деди. «Минип келген жылкыларыбызды вагонго салып жиберебизби» десем, «жок, ошол кырк жылкы силерде калат. Эки, үчөө айгыр ат болсо, калгандарынын баары байтал, бээ болот. Аларды кыргыз жылкыларынын үйүрүнө кошуп, пайда болгон кулунду «Манас» атындагы кыргыздын жаңы жылкы породасы» деп атайсыңар. Мына ушул төрт нерсени байланыштырабыз. Анан тигил жактан чыкканда Алтайга барган ар бир кырк кишинин аялдары сатып албай, өз колдору менен чепкен, калпак тигип, Бишкекке келгенде кийгизесиңер» дейт. Миссиябызды 99 пайыз жасап, бирөөсүн жасабай калсак, анда жасаган ишибиз негизсиз болуп, аткарылбайт экен да. Ошон үчүн бул айткандын баарын жасашыбыз керек. «Муну так жана туура аткарбасаңар кыргыз эли улам кырыла берет» дейт. Башында ишенбей, кол шилтеп аткам. Алтайдан келгенден кийин беш күн өтпөй Оштогу окуя чыкты. Мен 100 эмес 200 пайыз ишенип калдым. Акай Кине аябай патриот, болгонун болгондой айтат экен. Машине жүргөн жолдор менен эмес, тоолуу, токойлуу жерлер менен жүрөбүз. Баардыгын эсептеп көрсөм 3750 километр болот экен. Хан-Теңирге келгенден кийин Караколго келебиз, Сары-Жазга. Түндүгүнө караганда түштүгү жакын. Бу Жети-Өгүз, Барскоон, Бөкөнбаев ал аркылуу Кочкорго өтүп, анан Чаектен кийин Мелис жакшы идеяларды айтты, «түштүктө Арсланбапта бектердин, бийлердин жаткан мүрзөөлөрү бар» деп. Ошону менен түндүк менен түштүктү байлап, кайра Өтмөк аркылуу Таласка барып «Манастын» күмбөзүнө алып келген топуракты салып, анан Бишкекке келген күн 25-август болуш керек. Орто эсеп менен бир ай он күн жол жүрөт экенбиз. Бат бастырсак бир ай үч күндө келебиз. Эки күн эс алгандан кийин «улуу курултай» деп элдик курултай өткөрүшүбүз керек экен. Акырында Акай «парламенттин атын «Улуу Курултай» деп атагыла» деген өтүнүчүн билдирди.

Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ,
«Эхо Манас» телерадиокорпорациясынын жетекчиси:
— 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталып, фашисттик Германия Советтер Союзуна согуш ачар алдында аксакалдардын тыюу салганына карабай окумуштуулар дүйнөгө жаңы ачылыш жасоо максатында Темирландын сөөгүн ачып, Петербурга алып кетишкен. Согуш башталып, Советтер Союзу Германиядан утулуп баратканда Советтер Союзунун баатыры Маршал Жуков Сталинге кабарлап, Сталиндин буйругу менен Темирлан баатырдын сөөгүн самолетко салып, согуш болуп аткан жерди жети жолу айлантып, андан соң Орто Азияга жиберип, кайра көмдүрүшкөн. Ошол эле күнү Сталинградда Советтик Армия жеңип, Сталинградды фашисттерден бошотушуп, Германияны жеңген.

Жакында Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев Турцияга барып Манастын эстелигин ачып келди. Бул эстелик 2004-жылы Сулейман Демирелдин демилгеси менен тургузулган. Ошол жылдарда эстеликтин ачылышын жасаганы Аскар Акаев Турцияга учканда аба ырайы бузулуп, самолет коно албай, кайра Кыргызстанга учуп келген. Кийин 2005-жылы апрелде бармак, бирок элдик революция болуп, ошону менен Акаев ачылыш жасай албай калган. Кийин Бакиев барарда агасы каза болуп калып бара алган эмес. Менимче эки президент элине таза кызмат кылбаганы үчүн Манастын арбагы булардын ишин колдобосо керек.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз Эл акыны:
— Мен жогоруда айткандардын баарысына кошулам. Алты жыл мурда Алтайга баргам. Болот Шерниязов «Жетимен» кайрымдуулук фондунун жетекчиси катары 8 кишини алып барган. Кыргыз жери менен Алтайдын байланышын ошондо көрдүм. Алтайдагы жер-суусунун аталышынын аттарынын баардыгы кыргыздын аттары экен. Миңдей атты жазып келдим эле, алардын айрымдары булар: Манас Тоо, Каракол, Кара-Кужур, хан Жакыптын жайлоосу, Кызарт, Күркүрө, Токмок, Шаар Ош, Ат-Башы, Боом, Балыкчы, Чүй деген аталыштар бар экен. Мен ушуга таң калгам. «Манаста» бар эмеспи, Алтайдан кыргыз көчүп Ала-Тоого келгенде мүмкүн тигил жактан өздөрүнүн аттарын ала келип бул жактагы жер-сууга коюп койгон же бияктан тиякка алып кеткен делет. Илгертеден окумуштуулар «Алтай жердин киндиги» деп жазып келишкен. Бүт цивилизация ошол Алтайдан тараган. Дагы бир нерсени айтайын, географиялык картада «Тибес көлү» деген бар эмеспи, Алтайда Дөлөс деген уруу бар. Бизде да Дөлөс деген уруу бар. Ошол Тибес көлү Дөлөс деген хан болгон, ошонун атынан коюлган. Дөлөстүн Карауул, Саруул деген эки уулу болгон. Карауулун Алтайга таштап, Саруулун алып Ала-Тоого келген. Жанагы Талас деген Дөлөс хандын атындагы ат деп айтышканда ошентип жазып келгем. Анан ал жакта Үч-Сүмөөл деген тоо бар экен. Бизден мурда Татарстандан делегация келгенде күн ачылбай, булут басып туруптур, биз барганда күн ачылып кетти. Алар «Үч-Сүмөөлдүн атын эч кимге айта бербейбиз. Айрыкча Европадан келгендерге сырын ачпайбыз. Эми силерге айталы» деп айтышты. Үч-Сүмөөл деген үч эмгек дегенди түшүндүрөт. Баланын башындагы эмгеги экен. Күн нуру Үч-Сүмөөлгө келип анан энергиясы жер шаарына тарайт дейт. Ошол кездеги Алтайдагы адамдардын сөөктөрү коюлган коргондорду көрсөтүштү. Анын ичиндеги сөөктөрдү орус окумуштуулары казып, Санкт-Петербургдагы университетине алып кетишкен. Ошондо Алтайда катуу жер титирөө болгон. Жаш балдардын арасында өзүн-өзү өлтүрмөй, баңгилик көбөйүп, жаштар арасында алкоголдук ичимдикке берилгендер пайда болду дешти. Орус окумуштуулары бир кыздын сөөгүн тоң жерден каза албай атып ысык суу куюп эптеп казып алышып, Москвага Лениндин мавзолейине алып барып бир аз калыбына келтиришип, анан дүйнөгө ачылыш жасап, Европейид деген нерсени жасагысы келиптир. Ошондо аксакалдар «ошол аялдын сөөгүн кайра ордуна коймоюнча тынчыбайт» дептир. Алтайлыктар «биздин спектаклдер орус тилинде коюлуп, орус тили жайылтылып, тилибизди унутуп баратабыз» деген пикирлерин айтышкан. Ушул нерселердин баарысы бизди байланыштырып турат.

Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
— Биринчиден бул «Манас» дүйнөсүнөн келген маалымат. Эң биринчи Манас дүйнөсүнүн кабарчысы, дүйнөгө аты чыккан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов болгон. Айтматовдун чыгармаларын жакшылап окусаңар ар бир чыгармасында улуттун биоталаасы, улуттун келечеги жөнүндө жазган. Андан кийинки кыргыз жеринде Манас дүйнөсүнүн маалыматчысы мен болуп атам. Бул айтылган маалыматтын баары чындык. Биздин улуттун биоталаасы таза эмес, кара дуба бар, тагдырыбыз оор, Ошону тазалабасак, биз кыйынчылыктан чыкпайбыз. Алтай жергесинде жаткан, Алтай жергесинде сакталып калган Манастын тунук энергиясын улуттун биоталаасына алып келип аралаштырсак биз тазара алабыз. Улуттун келечеги жакшы болот. Кайсы мамлекетте болбосун, баардык нерселердин өйдөкү, сырткы күчтөр менен болгон байланыш бар. Биздин улутта идеология жок, болгон эмес, жоготуп койгонбуз. Биздин идеология Манастан жана кайып дүйнөсүнөн башталат. Акай Киненин айтканы туура экен. Дүйнөлүк согуш Кыргызстандан башталышы мүмкүн. Биз ушул ырым-жырымды туура аткарбасак болбойт. Келечегибиз начар болот. Кан төгүлгөндөн төгүлө берет. Балдарыбыз азаят, кыздарыбыз сойку болот. Өзүбүздүн жолубузду таппай калабыз. Бул өтө маанилүү нерсе. Өкмөт колдобосо өзүбүз эле бүтүрүп алабыз. Анан кырк уруу деген «Манас» дүйнөсүнөн келген кырк энергетикалык агым. Анан жанагы кырк жигит тандалганда жөн эле тандалбайт. Анын тагдырын, био талаасын карайбыз. Ал колго көтөрүп же куржунга салып берген нерсе эмес. Алтайдагы Манастын духун оюбузга, жан дүйнөбүзгө сактап келишибиз керек. Ар бир кырк уруудан келген жигиттер ошону ар бир урууга таратат дагы, эли журтубузга ошол улуу нерсе таралганда улуттун био талаасы кыймылга келет. Бул чындык.

Темир БИРНАЗАРОВ,
кинорежиссер:
— Белгилүү кинорежиссер, тарыхчы Мелис Убукеев Москвадан окуу жайын бүтүп келип, Манас тууралуу кино баштамакчы болуп, материал топтош үчүн Ленинградка атактуу окумуштуу азия тарыхын изилдөөчү Л.Н. Гумилевко барат.
Мелис Убукеев, өзүнүн келген максатын айтат. Гумилев — «а сен жогорку күчтөрдөн, кожоюндан улуксат алдыңбы, бул өтө опурталдуу тема экенин билесиңби, бул теманы тартыш үчүн ниетиң таза болуш керек» дейт.

Убукеев — «мен чын жүрөктөн, жакшы эле ой менен» дейт.

Гумилев — «Сен тигил розеткага чын жүрөктөн сөөмөйүңдү сайып көрчү эмне болоор экенсиң, ошондуктан ишиңди баштаардын алдында Алтайга, Манас туулган жерге барып, табынып улуксат алышың керек» дейт.

Кийин Убукеев чыгармачылык тобу менен Алтайга барып, ошол жерден кара шаманга жолугуп, улуксат алып анан өзүнүн эң чоң фильми болгон «Манас ааламын» баштаптыр.

Ошол эле Гумилев айкөл бабабыз Манас туулган Алтайды ыйык тутуп, табынып жүргөн дешет.

Бул темага кийинки саныбызда да кайрылып, Айкөл Манас бабабыздын туулган жери Алтайга сапар алчу кырк жигитке жол баштай турган инсан, коомдук ишмер Өкмөтбек Алмакүчүковдун маегин окурмандардын назарына салмакчыбыз.

Бурул МУСАБЕКОВА, «Айат пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий