«Күү — жан дүйнөнү азыктандырат»

«Ууз» үй-бүлөлүк музыкалык тобунун көркөм жетекчиси Карлыгач НОГОЙБАЕВА менен маек.

Кыргыздын руханий жан дүйнөсүнүн чексиз байлыгы, керемет кооздугу элибизде нечендеген өнөр адамдарын жаратып, эл керегине тартуулап келет. Ушул тапта салттык музыканы аркалап, унутта калып бараткан кыргыздын музыкалык кайрыктарына жаңы жашоо тартуулап, алардын маанисин арттырып жүргөн бир канча музыкалык жамаат эмгектенип келе жатат. Ошолордун арасында аяндап үн алган, ыргак жаратып күү салган чакан чыгармачыл «Ууз» тобунун жетекчиси менен сүйлөшүү чоң кызыгууну жаратты.

«Ууз» деп аталып калышынын себеби эмнеде?
Бир кезде, биз кыргыздар Гун деп аталып, чабылып, Усун атка конуп, Усундан — Сак, Сактан — Булут, Булуттан — Ууз келип, Ууздан — Кырк Ууз туулуп, — Кыргыз деп аталганбыз. Ошондуктан биз Ууз атанын урпагы экенбиз деп, Ууз атадык. Дагы бир айтып кете турган нерсе, кыргызда эң ыйык аспап — бул Комуз. Комузду дагы чечмелеп көрсөк, маанисинде «уз» деген сөз жатат. Комуздан ууздай таза күү чыгат, адамдын жан дүйнөсү комуздун күүсү менен азык алат, тазаланат, коомубуз таза болот деген маани туюнтулган.

Комуз күүсү тууралуу айта кетсеңиз?
Илгерки бир убакта душмандар кыргыз элин канчалык кырып жок кылууга аракет кылышканы менен, кыргыз эли кайрадан көбөйүп, кырылгыс болгон экен. Акыркы кемпир, чал, жаш бала калса деле туруштук берип жеңилген эмес экен. Ошондо душмандардын башчысы акылман, көзү ачыктарды чакырып, аларга «бул элди кантип түп тамыры менен жок кылабыз» деп суроо салат. Ошондо алар кеңешип, мындай деп жооп беришкен экен: «Бул элди сырттан келген жоо менен жеңе албайбыз, өздөрүнөн чыккан күч гана жеңет. Ал үчүн 4 жарым жаштагы эркек балдарынан жүз баланы уурдап алып келип, зөөкүр, мерез жоокер кылып тарбиялап, ошол жүз баланы жыйырма жашка чыкканда өз элин чаап жоготууга даярдаш керек» деп чечим чыгарышат. Ошондон кийин талаадагы кой жайып, мал жайып жүргөн жаш балдарды уурдап башташат. Жоголгон балдарынын ата-энелери ыйлап издеп, денесинин сөөгүн таппай калышканда издөөнү токтотуп, кайып болуп кетти деп ойлошкон. Арадан жыйырма жыл өткөндө аян көрүшүп, эл чогулат.

Өзүбүздөн чыккан жоо келе жатат, жыйырма жыл мурда жоголгон балдар эмеспи деп болжолдоп коюшат. «Эгерде ошол туура болсо, мындай амал кылалы, балдарды эсине келтириш үчүн биринчи катарга ага-инилери турсун, эгер аларды тааныбай чаап салса, экинчи катарга аталары турушсун, алардан дагы токтобосо, апалар турсун, апалардын мээрими да ойготпосо, анда акыркы катарга комузчулар туруп күү чертишсин» деп чечим чыгарышат. Андан көп узабай, баягы жүз бала каптап келет. Ошондо биринчи катардагы ага-инилерин тааныбай чаап кетишет, андан өтүп аталарды да, энелерди да чаап өтүшөт. Акыркы катардагы комузчуларга жакындаганда, алар күү черте башташат, күүнүн обону балдардын сазимин ойготот. Ошондо, чаап келе жаткан балдар токтоп калышат. Ошол күүлөр балдардын кичинекей кездеги уккандарын эстетет, анан арттарына карашып, ата-энеси, ага-инилери чабылып жатканын көрүшөт дагы, эстерине келип күнөөлөрүн сезип, аттан түшүп чөгөлөшүп, жазасын алууга даяр болушат. Ошондо, аман калган элдин арасындагы аксакалдар «эми өз элиңерге тийгизген залакаңарды — силерди жөнөткөн жооңорду чапкыла» деген экен. Ошентип комуздун касиети менен, Кыргыз эли сакталып калган экен.

Демек, комуздун күүсүндө көптөгөн сырлар бар турбайбы, ошол комуз күүсүнүн өспүрүм балдарга болгон таасири жана тарбиясы канчалык?
Албетте тиет. Өспүрүм эмес түйүлдүк болгондон баштап эле таасирин бере баштайт. Анткени мен буга өзүм күбө болгом. Балдарымды ымыркай кезинен комуз чертип уктатчумун. Кийин комуз черткенимде, жөргөлөп жаныма келип, комуздун башын тиктеп олтураар эле. Ошонун таасириненби, азыркы убакта ал баланын зээни күчтүү, жан дүйнөсү таза, музыкага шыктуу, өнөрлүү болуп чоңоюп келе жатат. Мисалы, япон монахы Терасава менен жолугушууда мен өзүмдүн ойумду күү аркылуу угузганда, Терасава мырза ушул күү өзүнүн балалык кезиндегидей таза сезимде болгонун кубаныч менен айткан эле. Ойуңду күү менен айтса да болот, ар бир адам музыкалык ыргакка келбей калса, ал ооруйт. Мисалы, комуздун бир эле кылынын күүлөнүшү — күндүн ыргагына тең келет. Ушул күндүн ыргагы көңүлү чөгүп турган адамга музыкалык эң чоң жардам болуп эсептелет.

Жеке чыгармачылыгыңыз жөнүндө айтсаңыз?
Элдик ырларды, айтылбай калган дастандарды өзүнүн кайрыктарын өзгөртпөстөн жаңыртып аткарып жатабыз. Андан тышкары, кээ бир акындардын жазган ырларына жана дастандарга аян аркылуу обондор жазылып жатат. Аян аркылуу обондор эң алгач Манас атабыздын замандашы, манас айткан кырк чоросунун бири Жайсаң атабыздын «Айкөл Манас» дастанын окугандан кийин бериле баштады. Ырларга жазылган аян обондорду эл алдында ырдоо — менин максатым. Мындай чоң сыноодогу жүктү аркалап эл алдында аткаруу милдетимди,Теңирим буйруса, жакынкы күндөрдө ишке ашырам деп ойлойм. Айтып кете турган дагы бир жаңылык, буйруса июнь айынын ичинде жаңы альбом — «Түгөнбөйт Кыргыз ырлары» аттуу ыр жыйнагынын чыгуусу күтүлүүдө.

Жогоруда сөз кылгандай, демек, комуз ыйык тагдыр өзгөртүүчү күчкө эгедер турбайбы?
Ооба, ал жагы талашсыз, бул сырдуулугу сансыз кылымдар бою элдин жашоо тагдырында ачык көргөзүлүп, айтылып келген. Дүйнө элинде жок, кереметтүү үч кыл комуз Теңирдин кыргыз элине берген белеги. Бул белекти кесир кылбай, кең ааламда сактап, барктап, баалай билүү ар бир кыргыздын милдети деп эсептейм.

Айбек Байымбетов, “Көк асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий