Таалай ЭСЕНАЛИЕВ: «Чыгыш оюндары долбоорума Кытай кызыгууда»

Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, коомдук ишмер, Улуттук маданиятты, көчмөндөрдүн салтын изилдөө жана Чыгыш элдеринин улуттук оюндарын түзүү боюнча эл аралык илимий долбоорунун, 57 илимий эмгектин, Чыгыштын мушташ искусствосунун филоофиясы боюнча бир катар публикациялардын автору коомчулукка өзүнүн 29 долбоорун алып чыкты. Анын бири — Кыргызстанда Чыгыш элдеринин олипиада оюндарын түзүү демилгесинин айланасында маек курдук.

Азыр коомчулукта сиздин сунуш кылып жаткан долбоорлор сөзгө алынып, актуалдуулугу байкалып жатат, алардын бири — улуттук оюндар боюнча камтылган долбооруңуз тууралуу сөз кылсак…
1988-жылы советтик армияда атайы кызмат бөлүмүндө милдет өтөп жүргөн кезим эле. Ошол жылы август айында Сеулда олимпиада оюндары болуп калат. Өзүм Чыгыш оюндарына кызыкчумун. Олимпиадага таэквондо менен дзюдодон башка Чыгыш оюндары кирбегенинен улам ой пайда болду: «Олимпиада оюндары Европада жаралган соң, албетте ал Европанын салтын, адатын чагылдырат. Олимпиаданын келип чыгыш максаты — согуштан алаксып тынчтыкка үндөө, кансыз таймашуу эле. Ал байыркы Грецияда башталгандыктан, Батыш дүйнөсүнүн баалуулуктарын алып жүрүүгө, аны калган дүйнө бөлүгүнө кайсы бир деңгээлде таңуулап, аң-сезим, руханий жактан өздөрүнүн жолуна калыптандырууга тийиш эле. Ушул нерсе мага көп жакпай келди. Азия элдери, дегеле Чыгыштын эли ошондо кандай болуп калат деп ойлонуп жүрдүм. Чыгыш эли өтө байыркы жана алар Грециянын маданияты калыптана элек кезинде эле кубаттуу көчмөн мамалекети катары жашаганы белгилүү эмеспи.

Байыркы маданият эмне үчүн өз деңгээлинде бүгүнкү күнү өз жашоосун толук кубаты менен ишке ашыралбайт деген суроо тынчтык бербей, анан бул маселени кандайча эл аралык деңгээлге алып чыкса болот деп издендим. ООНдун мыйзамдарын жана уставын карап чыгып, бир пункту таптым, аны 8.1 деген номерден караса болот. Анын «маданий дискриминация» деген жеринде «ар бир маданият бири-бирине таңууланбайт, ар бири өсүп-өнүгүүгө укуктуу жана бир да бир маданият басмырланып жок болуп кетишине жол берилбейт» деп айтылган. Бардыгы тең дүйнөгө таралууга, өнүгүүгө укугу бар деп баса белгиленген. 1995-жылдан 2006-жылга чейин ушул маселенин тегерегинде катуу изилденип чуркадым, Россияда жана бир катар мамлекеттерде болуп, жергиликтүү элдердин салттык оюндарын изилдөөгө туура келди. Жыйынтыгында бул нерсе отурукташкан эл менен көчмөн элдин маданияты болуп эки багытка бөлүндү.

Биздин кыргыз салттык оюндарын салыштырып келсем Кавказ элдеринин, Борбор Азия элдеринин, ошондой эле Россиянын кээ бир элдеринин оюндары менен барабар экен. Себеби, көчмөн элдери маданиятты, илим-билимди, жашоо жаңылыктарын башка элдерге таратып жүрүп отурган. Көчмөндөрдүн жашоо образы элдерди, маданияттарды байланыштырып, маалымат алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк берип келген. Мындайча айтканда ыкчамдуу болуп, универсалдуу цивилизацияны жаратууга жетишкен. Көчмөн элдерсиз дипломатия да болмок эмес, анткени дипломатиянын негизги максаты — бул башка эл менен достук карым-катнашта болуп, келишпестиктерге жана согуштарга жол бербөө. Көчмөндөрдүн ортосундагы ички жана сырткы мамилелер салттын негизинде мыкты дипломатиялык алаканы жараткан.

Сиз сунуштап жаткан Чыгыш элдеринин олимпиадасынын долбоорунда оюндун технологиясы жана өзгөчөлүгү кандай?
Көчмөн эли менен отурукташкан элдин оюндарынын технологиясы иштелип чыккан жана алардын спорт комитетинин түзүлүш структурасы дагы даярдалган. Жалпы методикасы Чыгыштын руханий принциптеринин негизинде жаратылды. Азыркы өткөрүлүп жаткан Олимпиаданын негизги максаты — бул рекорд койуу болуп саналат. Физикалык күчтүн жетишкендигин көргөзүү, адамдын дене потенциалын жогорку чекке жеткирүү сыяктанган көрүнүш бааланат. Рекорддон рекорд коюшат. Спортсмендер ошол нерсеге умтулуп, денени кубаттандыруучу допинг жана ар кыл препараттарды колдонушуп, генетикасына зыян келтирип жатышат. Батыш дүйнөсү прагматикалык негизде ар дайым пайда алууну гана көздөп келет. Мындай олимпиада оюндарына физикалык дене 30 жашка чейин гана жакшы кызмат бере алат. 30 жаштан кийин ар кандай жаракат алышып, майып болуп коомго жараксыз калышат. Ошондон улам спортсмен моралдык-психологиялык жактан депрессияга түшөт. Ал эми биздин Азия оюндарында рекорд деген түшүнүк жок. Жаш курак чектелбейт. Бул массалуу түрдө болуп, кары-жашы ылганбайт. Ар бир оюндун салттык негизи, ритуалдык мааниси жана өзүнүн спецификалык символикасы, ар бир оюндун этикалык түшүнүктөрү болот. Азия оюндарын алып чыксак бир топ маселе чечилмек, алсак, бул нерсе массалык түрдө элди спортко шыктандыруу болсо, экинчи жагынан ата-бабалардын салтынын негизинде маданий-руханий тарбиялоо жагы жолго түшмөк. Улуттук оюндар жаштардын улуттук аң-сезимин, мекенчилдигин, акыл дүйнөсүн байытмак.

Ушул улуттук оюндар Чыгыш элдеринин ортосуна кандай таасир жүргүзөт?
Элдердин ортосунда эң биринчиден маданий-руханий байланыш калыптанмак, бул өз кезегинде жалпы биримдикке алып келет, ал болсо улут арасында тынчтыкты, бир бүтүмдүүлүктү камсыз кылат. Оюндар аркылуу бири-бирин терең таанып, достук мамилени илгерилетип, бир чоң маданий жалпылыкты түзгөнгө жакшы шарт түзүлмөк. Руханий жактан өсүү, жогорку маданиятты калыптандыруу адамдын негизги максаты эмеспи. Ал эми акча, байлык, машина адамдын руханий жагын далилдеп бере албайт. Азыркы биздин коомдогу абалдын татаалдыгы бир чети ошол Батыштын баалуулуктарын таңуулаган массалык маданиятынан улам келип чыгып отурат. Бир мисал, мына Японияда өзүм күбө болуп баа бердим, кечкисин Токиодо япон жаштары кимоно кийип, тим эле өздөрүн бийик кармап, абдан сыймыктуу жүрүшөт. Биздин кыргыз балдар болсо калпак кийгенден да уялышат экен.

Улутубуздун каада-салтын, ата-бабалардан калган жашоо принциптерин тирилтип калыптандырып, жаңы деңгээлге чыгуу — бул бизге коюлган азыркы доордун шарты. Буга биз улуттук спорт оюндары аркылуу чыга алабыз, ошол оюндун өзүндө бабаларыбыздын духу, аң сезими жашырылган деп эсептейм. Ушул маселе боюнча ООНдун төрагасы Пан Ги Мунга кат жолдогом. Демилгени колдоп чыккан Азия мамлекеттеринин арасында өзгөчө Кытай, Япония олуттуу маани берип, ушул демилгени ООНдун эгидасына өздөрү алып чыгалы деп сунуш кылышты эле. Эгер биз өзүбүз алып чыксак, Кыргызстан Азиянын же Чыгыштын спорт оюндарынын олимпиадасын негиздөөчүсү болуп калмак. Эл аралык «Манас» кубогу биздин өкмөттүн токтому менен бекитилсе деп сунуш кылгам. Бул кубокту негизги башкы сыйлык кылып койсок, дүйнө жүзүндөгү элдер Манас кубогуна умтулушуп, кыргыздар эл аралык деңгээлде даңазаланмак.

2007-жылы Кытайдын бийлиги тарабынан мага кат келди. Алар менин демилгем менен таанышкандарын айтышып, «бизге кел, Пекинге штаб квартира ачабыз, буга биз чоң мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз, Азия элдери бизге келишсин» деп суранышкан. Бул эмнени билгизет? Бул баягы эле Кытай өз авторлугун дүйнөгө көргөзүп, Чыгыш элдеринин маданий укугун коргоп жатабыз деп саясый плюс алышмак. Эгер штаб квартирасы Бишкекте түзүлсө, экономикалык жагынан бизге өтө маанилүү болмок. Көп мамлекеттер өздөрүнүн улуттук оюндары менен олимпиадага кирип, мүчөлүгүнө акча түшүрүп турушмак. Бишкекте абдан чон кубаттуу оюн комплекстери курулмак. Жалпы Чыгыш элдеринин олимпиадалык оюндары биринчи жолу тарыхта Кыргызстанда башталмак. Буга байланышкан абдан көп программалар бар, буйурса бул күчүндө. Жалпы элибиздин кызыкчылыгы үчүн бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Мамлекетибизде саясый стабилдүүлүк, элде тынчтык орносо, экономикага көңүл бурулуп, элдин курсагын тойгузуп, социалдык маселелер чечилсе, анан жалпы журттун көңүлүн ушул демилгеге буруп улуттук долбоорду баштасак, келечегибиз ачылмак. Бул долбоор ар дайым актуалдуу боло берет, буга Россия да абдан кызыгып жүрөт. Россия федерация болгондон кийин, курамында көптөгөн элдер бар, алар мына ошолорду бириктирип кармап турган бир идеологияга муктаж.

Көчмөндөр кандайча отурукташкан душманга туруштук берип дайыма жеңүүчү болуп чыга келген?
1988-жылы Новосибирскиде жүргөндө көп тарыхчыларга жолугуп изилдеп жүрдүм, ошол тарых булактырында биздин маданият туурасында көп фактылар бар. Кичинекей эле түрктөрдүн аскердик тобу кытайдын сансыз аскерин жеңип талкалагандыгы туурасында бир канча маалыматтар келтирилет. Керек болсо, император көчмөндөргө салык төлөгөн мезгилдер болгон. Демек, көчмөн элдеринин согуш өнөрүндө кандайдыр бир өзгөчөлүк сыр болгон деп айтсак болот. Көрсө, отурукташкан элдер согуштарда жеңилип талкаланышынын себеби — алардын согушка болгон көз карашында экен. Мисалы, Кытайды алсак, согушта башкы аракети коргоого багытталган, анткени территорияны сакташ керек. Бул аябай чектелген көз караш. Ал эми көчмөн элдердин аң-сезими кандайдыр бир территориялык чек менен чектелбей, ой жүгүртүүсү кенен, ар кандай рамкалык чектөөлөргө кабылбай, жер жалпыныкы, элдики деп санашкан. Көчмөндөрдө стратегиялык көз караш калыптанса, отурукташкан элдерде тактикалык көз караш калыптанган, алар өзүнүн территориясын сактап калууну башкы багыт катары көрүшкөн. Көчмөндөрдүкү болсо универсалдуу, ар кыл багытта аракет кылып, ар дайым тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Демократиянын бийик үлгүсү деп, көчмөндөрдүн жашоо образын айтса болот. Көчмөндөрдө коргонуу деген түшүнүк болгон эмес. Алдыга гана умтулуу, басып кирүү, территорияны ээлөө, жеңип келүү — биздин көрүнүш. Согуш өнөрүндө көчмөндөр алда канча алдыда болуп, ушул өнөрдү жараткан эл катары каралат. «Эмне үчүн Кытайдын түптүү согуш өнөрүндө байыртан бери калыптанган гун-фу, у-шу өнөрүнүн күчү көчмөндөргө туруштук бере алган эмес?» деген суроону кытайларга узатсам, алар ойлонуп туруп, «ай ушу силерде бир нерсе бар» деп көп маанилүү кылып туюктап жооп беришкен эле.

Байыркы кыргыз коомунда Энесайда жашап турган убакта жаш балдарды 11 жашынан баштап дөңгөчкө мингизип тарбиялоо салты болгон. Жаш бала ойноп отуруп эле жамбаш, бел, сан булчуңдарын чыңап алган. Ошентип эрте жашынан жоого аттанганга даяр болуп турган. Атты мингенде да басмайылын баспай колун бош койо берип, секирип минишкен. Согуш талаасында минтип машыккан жоокер эки колу менен эркин чабышып, атты бутунун жана белинин күчү менен эле башкарууга жетишкен. Мындай абалда согуш өнөрүндө болуп көрбөгөндөй бийик чеберчиликти көргөзүүгө болот. Кыргызда аскердик даярдык эң мыкты деңгээлде болгон. Бүгүнкү күнү бул жоокер салты унутулуп калды, бирок кайра жаратууга болот. Эгер биз көчмөн оюндарынын тактикасы, согушуу методикасы легендарлуу Аттиладан баштап Чыңгызхандын согушуу тажрыйбасынын негизин түзгөн деп баса белгилесек, көчмөндөрдүн салттык оюндарынын алдында башка элдердин оюндары деңгээл жагынан кызыктуулугу жагынан алда канча бизге уттуруп койушмак.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, “Көк асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий