XI кылым. Византия империясындагы согуш. Кыргыз баатырлары

(Уландысы. Башы)

kirgizlarturbesiyr7
Түркиядагы "Кыргыз күмбөзү"

Кийин, түрк сельжуктарына XI кылымдын башында Ысык-Көл жана Чаткал чөлкөмдөрүнөн «каңды» уруусунан Сулайман көчүп барып, анын небереси Осмон империя түптөгөн. Ошол Осмондун баласы Орхон — Осмон империясынын 2-императору болгон (1324-1364-жж.). Орхон ушул Изник шаарында курман болгон кыргыз жоокерлеринин урматына 1330-жылдары «кыргыздар күмбөзү» деп 2 чоң бөлмөдөн турган күмбөз курдурган. Учурда бул күмбөз күнү бүгүнкүдөй сакталып, айлана-тегереги темир тор менен тосулуп турат. Кире бериш жеринин сол жагында кыргыз баатырынын элесин берген накта кыргыз жоокеринин айкели тургузулган. Ал эми оң жагында биринчи түрк, андан кийин кыргыз, анын ылдый жагында англис тилдеринде «Кыргыздар күмбөзү» деп жазылып турат. Күмбөздүн ичине кире бериш жеринде кыргыздын кийизден жасалган шырдактары төшөлүп, бөлмөлөрдүн оң жана сол тарабында 35 см бийиктиктеги табыттарда согушта курман болгон кыргыз жоокерлеринин сөөгү катырылып турат. Табыттардын сырты калың жашыл момосуй материал менен капталып, араб ариптери менен сөздөр жазылган (сүрөттү караңыз). Тамга тааныбагандыктан, тилекке каршы, биз ал сөздөрдү окуй албадык.

Күмбөздүн артында узундугу 40, туурасы 30 метр келген жер участогуна бак-дарак тигилген. Ошол бактардын арасында расмий иш сапар менен Түркияга келген Жогорку Кеңештин төрагалары Марат Султанов менен Айтибай Тагаевдин тиккен арча карагайлары, алардын алдында темир табличкалары турат. Күмбөздө бир гана кемчилик — ушунча убактан бери ааламдын ар бурчунан келген кишилердин көп болгонунан улам, күмбөз ичиндеги төшөлгөн шырдактардын эскилиги аябай жетип үлбүрөп калган. Эгер мындан ары кимдир-бирөө ушул күмбөздү барып көрөм деп ниет кылса, эки шырдак ала барып жаңыртып салып койсо, жоокер бабаларыбыздын арбагы ыраазы болуп, алып барган кишинин да иши оңолуп кетет деп ойлойм.

Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын көзү тирүү кезинде үйүнө 2-3 казак жазуучусу мейман болуп келип калышат. Ошондо казактар «Түкө, бу кыргыздар качан жалкоолугуңарды коесуңар?» деп суроо узатышат. Түгөлбай атабыз: «Эмне болду?» деп чочуп кетиптир. Анда казактар: «Биз кайсы мамлекетке барбайлы, кыргыздар жөнүндө эстеликтер, тарыхый архивдик материалдар, жер-суунун аттары оголе көп. Биз болсо жок жерден тарыхыбызды жазып жатабыз» дешкен экен. Анын сыңарындай, бул казак боордоштордун айткандарынын чындыгына ушул Түркияга барган сапарым далил болду.

Ал эми алыскы Монголиянын чыгыш жагында, Манчжуриянын түштүгүндө «Кыргыз башы» деген тоо бар. Минтип аталып калганынын себеби — мейкиндикте 5-6 км аралык жерден ал тоолор калпак кийген кыргыздын башына окшош. Белгилүү Барсбек каган кытайлардан биринчи ошол жерден жеңилип, ушул батыш тарапка качууга аргасыз болгон. Албетте, бул башка кеп…

Изник шаарынан келе жатып жанымдагы жазуучу Мамат Болотко: «Кайран ата-бабаларыбыз, кыргыздын, элдин кызыкчылыгы деп ушунча аралыкка, айлап талаа-түзгө түнөп, канын-жанын аябай, артына туяк калтырбай бул дүйнө менен кош айтышканына таңгалам» дедим.

Кыргыз күмбөзүн көрүп кайра артты көздөй Стамбул шаарына келе жатканда автожолдордун оң,сол жактарында жапыз тоолордун бардык беттеринен чокуларга чейин ар кандай кооз карагайлар адам күчү менен тигилгенин көрүп түрк элинин күжүрмөндүгүнө да баа бердик. Көрсө, Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемаль Ататүрк «Бир карагайды өзүңдүн керегиң үчүн кырк, бирок ордуна төрт карагай тигип отургуз» деген сөзүн, саясатын элге кеңири жайган экен. Түркиянын талаасы, тоосу эмес, азыр Стамбул шаарынын ичи дагы көздүн жоосун алган түрдүү карагай, бак-дарактарга бай.

Ушул Стамбул шаарынан Мармар деңизи аркылуу паром менен баруучу 180 км аралыкты кыскартып, Изник шаарына өз машинеси менен алпарып келген, 12 жылдан бери Стамбулда иштеп жаткан жалалабаддык Айбек Тажибаевге, Стамбул университетинин докторантурасында окуп жаткан котормочу кызыбыз Асел Асанкановага жана ушул Түркияга болгон кыска сапарыбызды уюштуруп берген «Ата Журт» маданият жана достук форумунун төрагасына чоң ыраазы болдук.

Асыкбек Оморов (Чын темир), жазуучу
Бишкек-Стамбул-Изник , «Көк асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий