Өгүз менен эшек

(жомок, Миң бир түндөн)

Ичкени чай, көңүлү жай бир дыйкан болгон экен, балам, — деди увазир кызына.

— Ал жан-жаныбарлардын бардыгынын тилин билүүчү экен. Күндөрдүн биринде короосундагы малдарын көргөнү келсе, өгүзү эшиктин алдындагы чөп менен жемди көрүп, оозунан шилекейи агып, тамшанып, мындай дептир:
— Эшек, сен биздей эмгек кылбайсың. Биз болсо таң аткандан күн батканча айдаганыбыз кош, сүйрөгөнүбүз тырмоок. Мойнубузду жыгач өйкөп отуруп чор болуп бүттү. Бутубуз тартылбай келсек уруп-согот. Ошентип жүрсөк да, жегенибиз сенин шакелиң, сенин бош жүрүп ушундай ырахатта турушуңдун себеби эмнеде? Дың бузуп жүрүп сенин шакелиңди жегенибиз кандай? Сенин бардык бүтүргөн жумушуң — кожоюн анда-санда жакын жерге минет. Кайтып келсең, жегениң жем менен чөп. Биздин таңыбыз бар. Сен жыргадың, эшегим. Биздин күн тартип өтөөрүн билесиңби? — дептир.

Ага эшек мындай жооп берет:
— Ээ, өгүз сенин эсиң жок белем. Мондоңдоп жүрө берсең, моюнтурук мойнуңдан өмүрүндө түшөбү? Сен менин акылымды ук: моюнтурукту мойнуңа салса келжейип жатып ал.
— Сабаса кантем?
— Сабаса сабай берсин, селт этип башыңды көтөрбө! Чөп салса жебе, суу берсе ичпе. Ошентсең бир нече күн мойнуң бошоп, жаның жай алат, — деди эшек. Булардын бул аңгемесин кожосу угуп алды. Айбан да болсо, азаптан кутулуу үчүн кеңешип отурганына таң калды. Эми булардын кызыгын көрөйүн деп үйүнө кирди.

Эртеси өгүздү сокого чегин десе оозунан суу агып, ооруп калыптыр. Түндө салган чөпкө оозу тийбептир. Сокочулар бул абалды кожосуна айтты.
— Андай болсо өгүз дем алсын, ордуна эшекти кошуп жер айдагыла, — деди кожосу. Өгүзгө пар кылып каш карарганча сокого салды. Таяктын да бир нече түрүн жеди. Өлө чарчаган эшекти түн ичинде алып келип короого байлады. Өгүз алы кетип турган эшектин жанына басып келди да:
— Досум алың кандай? — деди. Эшек эч ерсе айта албай, айласы кетип, өзүнүн кечээги айткан акылына өкүндү.

Кийинки күнү да эшектин көргөн күнү ошол болду. Керээли кечке тынымсыз жер жыртып, соко сүйрөө жанына аябай батты. Мүдүрүлүп, илкип-силкип короого араң жетти. Өгүз айласы кетип турган эшек досуна жакындап басып келип, ал сурады:
— Эмне мынча жабыркап турасың?
— Ээ, досум, эмнени сурайсың… Мен чарчагандыктан жабыркап турган жерим жок, мени жабыркаткан башка кайгы. Жандуу нерсе өз кайгысы менен өзү болсо жакшы тура. Акыл айтам деп башка бирөөнүн убалына калган жаман экен… — деди эшек кабагын чытып. Анан сөзүн улантып:
— Сен бечара, эки күндөн бери чөп жебей, суу ичпей аз да болсо жаның жай алгандай болду эле. Акыры арамдыктын абийири ачылып, кычаштыктын кылы көрүнүп калды. Кожом бүгүн малайларына мындай деди: «Эртең өгүздү кошко чегип көргүлө. Эгер жарабаса этин арыктатпай, сойдуруп сатуу керек». Ал аны бекер айткан жок, шаардын белгилүү бир касапчысына сүйлөшүп койду… Эркиң экинчи бирөөнүн колунда болгондон жаман нерсе барбы… Сатам десе сатат, соем десе соет. Бекеринен сен байкушту союп таштап, ыксыз акыл айтып, каныңды төгүүгө себепкер боломбу деп корктум, үрөйүм учуп, каным качып турганы да ошол — деди эшек. Айбандын тилине түшүнүп, кызыгына баткан дыйкан эшек менен өгүздүн кеңешин эринбей жүрө берди.

Жандуу нерсенин жанынан таттуу эмнеси бар… суук кабарды уккан өгүз жаобырактай дирилдеди.
— Э, досум, эми кантем? — деди эшекке жалынгандай.
— Кантесиң, байкушум. Али да болсо тирүү калуунун бир шарты бар… Алдыңа салган чөптү же, сууну ич. Мөөрөп, оюн салып, кожоңдун көзүнө көрүн. Мына ошентсең сени касапчыга сатпайт…
— Бали, досум… Сен болбосоң, бөөдө өлө жаздаган турбаймынбы… айтканды кылайын, — деди өгүз.

Айткан акыл таң атканча орундалды, кошко чыгаар мезгилде, алсыз эшектен жадаган сокочулар кожосуна:
— Бүгүн өгүз оңолуп калыптыр. Мөөрөп оюн салып жүрөт. Сокого кошсок кандай болор экен? — дешти.
— Мейлиңер, эшек үйдө калсын, — деп уруксат берди.

Жер ойдоого жетелеп бара жаткан өгүз дарбазанын жанында катыны менен турган кожосун көргөндө, куйругун көтөрүп, башын жерге салып, оюн салып дагы мөөрөдү. Эшектин акылынын ушунчалык жерге жеткенин эсине түшүрүп, кожо карсылдап күлдү. Күлгөндө да көзүнөн жаш агып, тамагы айрылганча күлдү. Мындай жөнү жок күлкүгө таң калган катыны:
— Оо, байкуш десе, сага эмне болду, өгүздүн оюн салып мөөрөгөнүн бүгүн эле көрдүңбү? Киши деген да ушунчалык ыгы жок күлө береби, кана, бул күлкүнү түшүндүрчү, биз да күлөлү!.. — деп кабагын чытыды.
— Сураба, катын, мында бир кеп бар. Бирок, аны адамга айтуу болбойт, — деди эри.
— Мени ал кепке түшүнбөйт дейсиңби? — деди буулугуп, байын жаман көзү менен карап, — өгүзгө эмес, мага күлүп жаткандырсың, жез кемпирлериң эсиңе түшсө керек… Анын эмнесин жашырайын дедиң эле? — деди ачуусу келген долу катын.

Бул чыр көпкө созулду. Жашынан кошулган жары, мурда арасында нааразычылык болбогон аялы менен дыйкан өтө ысык туручу. Жезкемпир деген балааны мурда айтып да, ойлоп да көрбөгөн. Эми жок жеринен болгон дайынсыз күлкү зайыбынын көңүлүн калтырды. Анын түйүнү — ошол күлкүнүн себебин айтканда чечилет. Аны айтса өзү да соо албайт. Анткени ага тил үйрөткөн Сулайман «сен муну эч бир адам баласына айтпа, эгер айтсаң, өлөсүң. Мына ушуга ыраазы болсоң, үйрөтөм» деген. Айбан тилин үйрөнүүгө кызыккан дыйкан мына ошонун баарын мойнуна алып үйрөнгөн. Мына, бүгүн дыйкан эки айрылыш жолдун ортосунда турат. Анын бири — күлкүнүн себебин сурап, «эгер айтпасаң кетем! Сага күлкү, жезкемпирлериңе шылдың боло албайм! Минтип эрге, балага ээ болгону курусун!» деп долуланып олтурган катынга «долулансаң долу болуп кал! Катын болбосоң кара жерге кир!…» деп гүлдөй жайнаган өмүрүнүн ойронун чыгарып, өзү аман калуу. Экинчиси: үй ичин бүлдүрбөстөн, өзүн курман кылып, сырды чечип, шерт боюнча тиги дүйнөгө сапар чегүү — өлүү.
— Көп ойлонгондон кийин дыйкан зайыбына:
— Бул күлкүнү сага айтуудан аянбаймын. Бирок, аны айтсам, өзүм да өлөм, — деди эле, катыны этегине чок баскандай ыргып турду. Эринин кичире сүйлөгөнү — анын ою чын экенин көрсөткөндөй болду.
— Мен билбей олтурган жерим жок, сүйүктүү кишилериңдин атын айтыпсырын чечкенден көрө сага өлүм жеңил экенин билип турам! Бала да үй-жайың да өзүңө, эл жакшысын жыйып, талакатымды бер…- деди.
— Тооктун балапанындай чуурган балдарын чуулдатып, катыны менен ажырашкандан көрө өзүнүн өлгөнүн артык көрдү. Дыйкан бала-чакасын жыйнап, өзүнөн кийин кандай тиричилик кылууну айтмак болду. Өлүмгө моюн сунуп даарат алуу үчүн тышка чыкты.
— Дыйкандын мекияндары, корозу жана ити бар эле.
— Ко- ко-ко-к! Ко-ко-коок! — деп койкоңдоп жүргөн корозго карап ит:
— Эй! Эмне койкоңдойсуң?! Бүгүн кожобуз катынынан кысым жеп, сырын айтуудан коркуп, өзү өлгөнү олтурат. Сен ага кайгырбайсыңбы?
— Жок. Мен ал үчүн кайгырбайм, — деди короз мойнун көтөрүп. — Анткени, өлсө акылсыздыгынан өлөт. Болгондо жалгыз катыны бар. Тоок башым менен менин элүү катыным бар. Мен алардын бирин сыйлап, бирин кыйнап жашаймын. Эгерде алардын бирөө бура басса, канатымды жайып жиберип, сазайын колуна берем. Таптакыр болбосо төбөсүнөн тиштеп алып, чыркыратып жанын көзүнө көрсөтөм. Ал адам. Адам болуп туруп, жалгыз катынын башкара албай өлгөнү олтурса — аны аяп эмне кереги бар. Өлсө, өлө берсин! Эгерде мен кожоюн болсом, мына бул тыттан сынбагыдай чыбыкты кесип алып, үйгө жалгыз камап туруп соер элем. Мына ошондо ал катын акесин таанып, жаналы калбай жалынаар эле! «Акебайым, үстүмө катын алсаң да үн катпайын…» дээр эле.

Короздун бул акылы даарат алып олтурган дыйкандын кулагына шак дей түштү. Бетке чапкандай тийди. Тыттын сынбай турган бутагын чыбык кылып кармап үйгө кирди.

— Ай, айтаарыңды айтасыңбы, же эл жайып кетиресиңби? — деп ала көзүн акырайтып караган катынды башы-көзүң дебей сабап кирди! Күтпөгөн жерден тийген таяктан качып кутулууга тешик табылбады. Эстен танып суй жыгылды. Эсин жыйып, көзүн ачып таягын кармап, энтигип, ачуусу али басылбай калчылдап олтурган байын көрүп:
— Болуптур, мен тобо кылайын… Картайганда карынын жоргосу чыгат дегендей, бул да болсо кудайдын пешенеме жазганы чыгаар. Энтикпей эле кой. Сурабадым… — деп ачуусун коюп, жеңилип бериптир. Ошентип, дыйкан өлүмдөн калыптыр кызым.

Которгон Дүйшөн Абдылдаев, “Нур Эл” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Өгүз менен эшек: 1 комментарий

Добавить комментарий