ЧОКУДАЙ БОЛ, КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ!

Мөгдөйт деген сайын тутанып, өчөт десе өчөшүп, сынат десе курчуп, кылымдардан келе жаткан элибиздин улуу калк экендигин тарых да, бүгүнкү күн да тастыктап келет. Элибиздин улуулугу ыр саптарында…

КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ

Байдылда Сарногоев

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол, кыргыздын жигиттери!
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.


МЕН КЫРГЫЗМЫН

Бердибек Төлөгөнов

Кыргыз, кыргыз, кыргыз деген ким өзү?
Айбаты курч, ташты жарат мүнөзү.
Жүрөгүндө жанып турган оту бар,
Кыргыз эли – чагылгандын бир өзү.

Майдалабай улуу жолду баштаган,
Душман кирсе дайра болуп каптаган.
Өлүмдөн да бийик койгон намысты,
Кыргызмын деп дүйнө элине мактанам.

Мен кыргызмын, кыргыз деген жаным бар,
Көкүрөктө намысым бар, арым бар.
Алп Манастын учкунунан тутангам,
Жүрөгүмдө күйүп турган жалын бар.

Мен кыргызмын, намысымды бербеген,
Мен кыргызмын, таза жерди жердеген.
Бүркүт сындуу бийиктикте шаңшыган,
Мен кыргызмын, кыргыз деген эл менен!


ОЙГОН, КЫРГЫЗ!

Баштагыдай баатыр болбой жөргөлөп,
Муң-санаасы күндөн-күнгө өйдөлөп.
Аты улук, аруу элдин урпагы,
Баркы кетип бараткандай өңдөнөт.

Ойгон, элим, бул оорудан четтегин,
Ата тексиз, маңкурт болуп кетпегин.
Артка карап, артыңа бир кылчайып,
Эр Манастын осуятын эстегин.

Биз улуубуз, нечендеген кырды ашкан,
Биз бийикпиз, тоолор менен сырдашкан.
Эсептебейм урпагы деп Манастын
Эл-жериңди бөтөндөргө булгатсаң.


ХАН ТУКУМУ

Кубанычтан көп болуп муң-зарыбыз,
Арак ичип, ачышып курсагыбыз.
Улуулукту жоготуу туура эмес,
Анткени биз кыргыздын урпагыбыз.

Тоодо өсүп, бийиктен жай алганбыз,
Хан Манастын рухунан таралганбыз.
Дене сатып, дел болуу эч жарашпайт,
Анткени биз намыстан жаралганбыз.

Жаман атка эр кыргыз конгон эмес,
Таш кучактап, талаада тоңгон эмес.
Ашказандын айынан арын сатып,
Хан тукуму кайырчы болгон эмес.


ОЙГОНГУЛА!

Алтынбек Исмаилов

Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем, доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип тангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!


ТООЛУГУМ

Жолон Мамытов

Күнүн баштап азоолорун токуштан,
Тоодо жашап, зор турмушту окушкан.
Түнү көктөн жылдыз учкан өңдөнүп,
Аттарынын туягынан ок учкан.

Кегин алып, кырып кирген ойроттон,
Кылыч шилтеп, көкүрөгүн ойготкон.
Шатыратып өткүн өткөн кездердей,
Шартылдатып комузда кол ойноткон.

Тулаң төрдө туура-узунсуз керилген,
Эстен кеткис улуу тойлор берилген.
Ак чөлмөгү ыргытылган айдыңга,
Кылымдарга селкинчеги тебилген.

Кадыр-көңүл касына да катпаган,
Алмустактан пейлин, рухун таптаган.
Миң жылдарга сактагандай “Манасын”,
Миң-миң жылга журтчулугун сактаган.


КЫРГЫЗ ӨҢҮ

Мар Алиев

Чачылса да кайра жыйып бөлүнбөй,
Чайпалса да чарасына бөлүнбөй.
Кырдан кээде ат ойнотуп элестеп,
Кыйла жылдар туу көтөрүп бөлүнбөй.

Жарык маанай, меймандостук жагы бар,
Жакшы доско жайлоосунун төрүндөй.
Кылымдардан кылымдарга даң салган,
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй.

Тунуктугу накта Ысык-Көлүндөй,
Улуктугу урмат-сыйлуу, жеңдирбей.
Кылымдарга ат арытып келаткан,
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй.

Манас чыккан элине зор сепилдей,
Мартабалуу коргоп жерин Теңирдей.
Кылыч кармап ат үстүндө келаткан,
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй.


ЧЫНДЫК

Турар Кожомбердиев

Кай бирде биз көрмөксөн болгон менен,
Чырылдап жүрөгүбүз ыйлап турат.
Жалындай көңүлүңдү тутандырып,
Жалганды өлтүргүн деп кыйнап турат.

Кай бирде көрөм десе көрбөгүн деп,
Катабыз кирпиктерге көзүбүздү.
“Анакей”, “мынакей” деп будамайлап,
Чындыктан качырабыз өзүбүздү.

Канчалык көрмөксөнгө салсаң дагы,
Уктатпай баса берип абийир кыйнайт.
Киргилди, каралыкты жашырдың деп,
Кирпиктин астындагы чындык ыйлайт.


Учкул сөздөр

КЫРГЫЗДЫН

Ыйыгы – Теңир (Жараткан)
Бийиги – Адам (ата-эне)
Байлыгы – Сөз (эне тил)
Башаты – Мекен (Ата Журт)
Урааны – Манас!
Тиреги – Намыс
Тилеги – Ыйман
Каргышы – “Тукумуң соол”
Сырдашы – Дос
Сынчысы – Эл
Медери – Бала
Кумары – Куш
Эрмеги – Комуз
Канаты – Жылкы
Насиби – Ак
Тунугу – Махабат
Катуусу – Ант
Арманы – Күү
Акылы – Макал
Санаты – Санжыра
Көздөгөнү – Көркөмдүк
Суктанганы – Сулуулук
Турагы – Боз үй
Тумары – Ак калпак
Таалими – Насаат
Тамгасы – Чамгарак
Мүнөзү – Сабыр
Мүдөөсү – Ынтымак
Мураты – Эркиндик
Калысы – Калк
Бермети – Ысык-Көл
Бешиги – Ала-Тоо

Нуржамал Жийдебаева, koom@super.kg,
«Супер инфо», №403 23-29-июль, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий