«Кыргыз» деп келгем дүйнөгө…

janybekАзыр Байдыкемин жогорудагы саптары кыргыз басмасөзүн жана интернетин каптап кетти…
Кечээ жакында «Бийиктик» басмасынан чыгып келатсам Кыялбек Урманбетов жолугуп калды. Сөздөн сөз чыгып отуруп минтип атпайбы:
«Бир жолу бир жыйында Байдыкеми «жамакчы» деп салдым… Сөздүн ачыгын айтыш керек да» деп калп каткырып.
Ка-ап, Кыялбек, ошол эле Байдыкемин дагы бир «жамагы» бар эле:
«‘Итсиң’ деди,
— Итмин, — дедим…» дегендей.
Алгачкы жолу Байдыкемин «Эмне үчүн кыргыз футболчулары кыргыз болалбайт?» сыңары саптарын тээ 1967-жылдары «Кыргызстан маданиятынан» беле, окуп алып, мен ошондо КЫРГЫЗ экенимди алгачкы жолу сезип, алгачкы жолу кыргыз катары арыма келе түштүм эле…
УЛУТ сезими дайыма салыштырма жаралат…
Кийин 1969-1975-жылдардын арасында жогорку окуу жайына улам кирип, кайра куулуп отуруп, акыры 1986-жылы Бишкекке (анда Фрунзе) биротоло келгенимде алгач женпеддеги кыздарыбызды сүрөткө тартып тыйын таап, ошол эле жердеги «Сейил» ресторанынын алдындагы айтылуу «Байдылданын Ташкоргондо» Байдыкеме анын батальону менен кошо бир нече жолу вино-пиводон алып берип, ошондо Байдыкемин зор эргүү менен: «Паспортумда кыргызмын!» деген саптарын укканда чалагызуу жаным тээ Манас менен Семетейдин дүйнөсүнө алып учуп, ошогездеги борборубуздагы «жүнбаштардын» жан кыйнаган басымынан суурулуп чыгып, нукура кыргызча гүүлдөп, кыйратманды кыйратып, жаратмандан үмүт жок, эртеси кайра баш каңгырап, бирок кантсе да УЛУТ сезими курган көкүрөктө акырындап от алып жашадык.
Горбачевдун илеби жакындап келатканы менен, анда деле Байдыкемин саптары чындап келгенде опурталдуу болчу. Бирок так ошол «жамакчынын» саптары ошогездеги кыргыз интеллигенция болумуштарды аз да болсо арына келтирип жатты эле десем, азыр аны эч ким деле тана койбос…
Анан эле «КДК», «Ашар» пайда болуп, өз жеринде батир издеп тентиген кыргызым шаар четиндеги жерлерди баса баштады.
Анан эле 1990-жылы Ош окуясы келди.
Мен биерде ал окуяны «ким баштады, кандай максат менен?!» деп талдап отургум келбейт. Тек гана «Өз жеримде менин да жерим болсун!» деген улуттук-менчик сезимдин от алышын айткым келет. Ошол Ош окуясында караламан калкыбыз менен «улут башы» делгендердин ортосундагы кайым айтышууларды биерде «Азаттыктын» сайтындагы Ширин Айтматованын маегиндеги быйылкы Ош окуясына байланыштуу талкууда эскере кетейин десем, бир Жөнөкөй жигит дегенибиз жазып жатпайбы: «Жаныбек Жанызакка: Эгер айта турган салмактуу оюнуз болбосо, унчукпай эле отурганыныз жакшы, байке. Ошончолук акылман болсонуз, озунуз биринчи Ошко барып келиниз. Кыргызды «кыргын кылды» деп жаткандарга башка оюнузду айтыныз, анан Ширинди, Айтматовду сындасаныз жарашат» деп… Мындай «кыргызча» жазууну эске албаганда, чакан эле талдамыш:
Ошко 1990-жылы советтик аскер кирди. Ал аскерди кимдер палоо-салоосу менен пайдаланып кеткенин оштуктар али унутпаса керек.
Ошко ошондо Анжиян, Наманган.., деги койчу, Фергана түп көтөрө кирип кетээрине аз калганын да эстен чыгарбайлы. Ал кез али СССР болчу да, «тиги мамлекет, бу мамлекет» деген түшүнүк жок эле, «бир бүтүнбүз» деп дардаңдап жүргөнбүз. Айтматов ыракматы да Ташкенден туруп кыргыз тарапка сөз кезегенин ошондогу кыргыздар унутпаса деле керек..
Союзда бираз айкындык саясаты жүрө баштаганда мен айтылуу «Каттама» гезитимди ачып алып, ой да-аа бапыратып басып жаттым дейсиң..
Бирок мага окшогондор менен кошо демократия шарданында диний агымдар да албуут күч алып, менин бирин-экин жардамчыларымды сабап кетишти.
Ошондо раматылык Салижан аке Жигитовго айтканым бар эле: «Саке, тезирээк Манас менен Семетейди даңазалап, кыргыздын нукура динин жаратпасак болбой калды» деген мааниде.
Салижан акем раматылык агезде менин ал сунушума катуу моюн толгоп койду эле: «Койсоңчу, Жаныбек, кыргыз жүз жылда да намазга жыгылбайт. Ал эми кайдагы жомокту улуттук деңгээлге көтөрөм деген сен да кызык экенсиң» деп жыргап каткырып.
Көрсө ыраматылык көсөм бираз калмагыраак экенин билбептирмин ошондо, ка-ап…
Анан эгемендик келди. Акаев келди. 2005-жыл келди. Бакиев келди. Баяман өлтүрүлдү. Дагы канчасы өлтүрүлдү. Анан Бакиевдин баласы келди. Нарын дайра көмкөрөсүнөн кетти, жарык өлдү. Элдин чыдамы кетти. 2010-жылдын апрели келди. Далай жигиттерибиз жанын кыйды.
Менин бир казак жээним бар, Бакыт деген. Алматыга каттайт. Ошол айтып жатпайбы: «Баурдастар кээде отуруп аябай таң калат. «Тогуз саат бою окту карай айбат берди кыргыздарың. Өжөр экенсиңдер» деп. Бизге билинбейт, бирок чын эле өжөр экенбиз» — деп.
Жээним айрым учурда «казакмын» деп калганы менен, кыргыздашып кеткен таластык, кыргыз таламын кадимкидей талашат. Муну да эске түйүп кой, окурманым.
Ал ортодо Ош тараптан Батыров деген өзбек чыга баштады. Тейит айылына барып, Бакиевдердин үй-жайын өрттөп, ой да-аа сайран курушкан экен. Бирок алар КЫРГЫЗдын үйүн өрттөгөнүн элес албаса керек. Эми-ии, биерде Бакиевдерди «дунган, палан-түкүн» деп жатканыбыз менен, ошол тушта ал кыргыз эле болчу да, батыровчулар барып өрттөгөндө.
Баса, депутат Собиров ЖоКенин жыйындарында дегеле кыргызча сүйлөчү эмес, капырай.
Эми билинип жатпайбы: буларың соңку жыйырма жылдан бери ич ара камданып, 2010-жылды күтүп келишкен тура.
Азыр айтып жатышпайбы: «Ош коогалаңына Бакиев күнөөлүү, тигиге акча бериптир, муну тукуруптур» дешип.
Балким, тукурса тукургандыр, бирок кечээги Ош окуясынын масштабы мынчалык болбос эле ички жыртыктар болбосо.
Басмасөздө жайнап чыкпадыбы: «ошол 10-июнь күнү бүт мечиттерде тигиндей азан айтылыптыр, заматта топтолушуптур» деген сөздөр. Демек, окуя эбактан эле алдыртан даярдалып келген, Бакиев-сакиеви жок эле.
Бирок бөлүп-жаргычтар биерде бир нече моментти эске албай калышты:
— «кыргыз каптап кирет» деп ойлогон жок;
— «өзбек ашыналар жардамга келалбайт» деп да ойлошпосо керек, себеби ал жак азыр таптакыр башка мамлекет болуп калды да. Ортодо чегара деген бар. Каримов аксакал деле артын ойлоп турду: кокус ал тарабынан бир эле ишарат болсо, Өзбекстан ушу турушунда кыйрап калышы да мүмкүн эле: тияктан Каракалпакстан чыгат «бөлүнөм» деп, түркмөндөр жөн турмак беле, Самарканд менен Бухараны тажиктер пайлап туру…;
— дүйнөлүк коомчулук деле буларды жапатырмак колдоп жиберейин деп турган жок, себеби бул бөлүп-жаргычтардын руханий насилин жакшы эле билип калгандай;
— кыргыздардын «бешинчи колоннасы» — динийлер да алиги бөлүп-жаргычтарды колдой алмак эмес, себеби бүтүн кыргыз эли азырынча андай «жугуштуу оорудан» тазараак жана КЫРГЫЗ экенин унута элек..

Жер тарых
Ырас, алмустактагы кыргыз кагандыктарын айтып, өзүнчө мамлекет болгонубузду эскере жүргөнүбүз рухий жагынан дурус.
Бирок кыргызымдын жаңы тарыхтагы жердүү болушу тикелей Коммунисттик Партиянын саясатынан келип чыкканын түк унутпай жүрсөк дурус болот эле. Антпесе Өктөбүр Төңкөрүшүнө чейин кыргыз жери үч-төрт облустун карамагына чачырап, «ак падыша» кыргызды бытыратып жибергенин кантип унутуп калабыз, капырай?!
Өктөбүр келип, анын саясаты келип, анан 1924-жылкы Орто Азиядагы жер-суу бөлүштүрүү саясаты Кыргыз Автоном Облусуна энчилеп жер алып бергенин биз азыр кыргыз тарыхына алтын тамгалар менен жазып, Төкөмүн Шералисинин чокойундай кылып маңдайыбызга, болжолу Алатоо аянтына Ленин Атабыздын эстелигиндей күмүш мык менен кагып койушубуз абзел. Себеби так ошол коммунисттик жер бөлүштүрүү мына кечээги нукура эгемендик алганыбызда шарапатын тийгизип, Кыргыз Республикасы бүтүн жер жүзү тааныган өз алдынча мамлекет болуп чыга келди. Ошол жер бүгүнкү тарыхта КЫРГЫЗга энчиленип берилди.
Ырас, ошол 1924-жылкы жер-суу бөлүштүрүүдө калпыстыктар болбой койгон жок. Өзбек эли жашаган айрым жерлер кыргыз аймагында калып дегендер четтен чыгып отуруп, бүгүнкү коогалаңдын түпкү шылтоосу болбодубу.
Бирок… кыргызымдын жерлери да Өзбекстан чегинде калып кеткени калппы?
Биерде Жоомарт сүрөтчү Кадыралиев мырза бираз аша чаап жатса керек » Өзбекстандагы 7 млн. кыргызды!» деп. Интернетте http://ru.wikipedia.org сайтында 952 миң деп жүрөт..
Ал эми Өзбекстандагы тажиктердин саны тууралуу интернеттеги http://www.centrasia.ru/newsA.php?stө1132006080 дарегинде Т.Амиркулов деген автор минтип жазат: «в Узбекистане проживают более 10 млн. этнических таджиков на территориях, которые веками принадлежали их предкам, а в настоящее время принадлежат некой стране по имени Узбекистан, которой руководит некий еврей по имени Ислам Каримов, где большинство земель принадлежат Казахстану, Туркменистану, Кыргызстану и Таджикистану».
Бул айтылган маалыматтарды жанагы, Жалалабаддагы университети бар Батыров ашына билбей калды дейсизби? Же ЖоКенин баланча жылдан берки депутаты Собировдун эсинде жок бекен?
Экөө тең эле сопсонун билишет.
Ошондуктан, менимче, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер азыр 1924-жылкы чегаралардын бөлүнбөстүгүн кепилдегидей мамлекеттер аралык келишимге келсе жаман болбос эле.

Дин тарых
Билбейм, азыр айрым ашкере динчилдер элдерди жараштыруунун мерчемдүү куралы катары динди пайдаланабыз дешип селдеге чалынып жүргөнсүйт. Дин, айрыкча ислам дини, менимче, элдерди бириктире турган күч болууга жарар бекен? Атүгүл теги бир жана да дини жапжашыл арабий өлкөлөр бири-бири менен ырылдашып жатканда «алардан өрнөк алабыз» деген мындай аргумент аман эле болсун…
Тескерисинче, Кыргыз Республикасынын өзөгүн түзгөн кыргыз эли ушул азыр түп көтөрө «манастап» ураан чакыра баштаганы мени астейдил кубантып туру, калп айткан менен болобу.
Кыргыз тукумунун уучу куру эмес экен, мынакей көп жылдан бери Ташкул Керексизов кыргызымдын руханий маңызын касиеттүү Көл жээгинде даңазалап келет.
Нукура «айкөл» дегидей байларыбыздын бири Турусбек Мамашев «Манас айылын» куруп салышы, жана ал айылды ар тараптуу даңазалап жатышы башка да бай делинген, бирок ашкере чалмакей тектештерибизге өрнөк болуп берсе канакей, атаганат?!
Баса, кечээ «Манас жүрүшүнө» байланыштуу ошол айылга барып калсам, жетекчиси Акылбек Мураталиев теспе тартып отуруптур, иренжий түштүм. Аны байкай калган Акылбек дароо: «Жаке, сен койо тур, биерде канча таш бар, билесиңби? Биерде 41 таш бар. Манастын кырк чоросу, жана Өзү, Манастын кырк чилтени жана Өзү!» деп койо берсе болобу. Ырасын айтсам, мындай бурулушка чындап сүйүнүп калдым. Эми Манасты дин катары каттоодон өткөрүү керектигин айтсам, ал жерде отурган Мукаш деген жигит дароо колдоп чыкты. Так ошондо гана Манас Атасын пир туткан кыргыз өзүнүн өзөктүү демин сактап калса керек, менимче.

Улут келечек
«Кыргыз Республикасы» делген мамлекет өзүнүн мыйзамдуу чегинде жаңы улуттун — кыргыз улутунун калыптанышына багыт алышы керек. Бирдиктүү бир мамлекеттин чегинде бир гана улут болорун унутпасак жаман болбос эле. Эми-ии, «улут» дегенде ал улут сөзсүз эле кыргыз денелүү болушу шарт эмес. Мен жогоруда казак жээним Бакыт жөнүндө айтып кетпедимби. Ал жээним «кыргыз» дегенде жанын берет, таламын талашып «өлүп» калат. Бирок казак экенин такыр унутпайт. Менимче, кыргыз улуту так ушундай деңгээлде куралса, бир мамлекетте жашаган эл бирдиктүү бир улут болуп, кызыкчылыгы бир, маданияты бир, негизги тили да бир бекем өлкөгө айланат эле.
Манас Атабыз айтып жатпайбы:
«Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама курап журт кылдым» деп.
Биздин манасчылар бүгүнкү улут саясатын азыркы кыргыз мамлекет башчыларыбыздан түбөлүк эсе жогору түшүнсө керек, эй. Ошо тээ Манас доорунда Айкөлүбүз жогорудай саясат жүргүзгөн болсо жана кыргызымдын жака белиндеги элдерди өзүнө тартып, кыргызга сиңирип, бир эл, БИР ЖУРТ кылып келсе, эмне үчүн бүгүнкү, интеллектуалдык деңгээли бийик делген заманда биз тынчыраак жашаш үчүн бүтүн болууга тийиш болгон бир аймактагы элди тиякка бир тартып, биякка бир тартып бөлүп жатабыз?!
Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: менин жээним Бакыт ушул азыр казак тектүү кыргыз. Чогуу отуруп чай ичип жатканда аны «казак» десең таарынбайт. Бирок аны «кыргыз эмессиң» десең кадимкидей таарынып, атүгүл менден жаш болсо да, мен анын таякеси болсом да урушуп кетиши мүмкүн.
Так эле ушундай жагдайды кыргызга белгилүү айтылуу Рысбек (Ричард) Хьюит айтып жатпайбы: «Менин кытай досторум бар. Бирок мен аларды «америкалык» дебесем алар мага таарынып калышат» деп.
Демек, биз азыр Кыргыз Жергесиндеги башка этносторду мүмкүн болушунча боорго тартып, аларга дилибизди берип, алар ошол биздин кыргыз дилибизди кабыл алгыдай деңгээлге жеткирсек жана өзбек Собиров ЖоКенин жыйындарында кыргызча сүйлөй турган чекке жетсе, анда биз келечекте бирдиктүү бир улуттун — кыргыз улутунун жаралышы жөнүндө айта алат элек.
Ал эми бир мамлекетте бир улут куралмайын, ошол мамлекетте тынчтык өкүм сүрүшү өтө күмөн.
Баса, канча жолу какшап айтып жана жазып жатсам да, биздин басмасөз жана телерадио кызматкерлерибиздин, биздин түгүл амиркен «Азаттыктын» жана англосакс «БиБиСинин» «кыргызмын» делген кызматчыларынын териси кайыш экен…
Кыргызстанда бир гана улут бар, эй жубарымбектер!
Ал улуттун аты — кыргыз.
Кыргызстанда башка улут болушу мүмкүн эмес — «улут» деген сөздү энциклопедиядан кара!
Башка эл, этнос болушу мүмкүн: кыргыз, орус, өзбек…, бирок улут бирөө гана — кыргыз!
Бирок ага деле болбой: «кыргыз улутундагы…, өзбек улутундагы…, дунган улутундагы…» деген былжырактар алигиче токтобой келет.
Токтотпойлубу, кесиптештер?! Билимий деңгээлиңерди көтөрүп, бирдиктүү бир улутту жаратууга дем берсеңер боло.

Жаныбек ЖАНЫЗАК, кыргыз тектүү кыргыз,
«Айатпрпресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.06.2010-ж.

Соц тармактар:

«Кыргыз» деп келгем дүйнөгө…: 1 комментарий

  • 29.07.2010 в 09:05
    Permalink

    Таамай айтылган сөздөр, тобо ушундай агаларыбызда бар экен!

    Ответ

Добавить комментарий