Устат

Атактуу композитор Мукаш Абдраев эгерде көзү тирүү болгондо 90 жашка толмок. Ал кыргыз профессионал музыка өнөрүнүн алгач кыш кыноочуларынын бири. Музыка тарыхында ысмы алтын тамгалар менен жазылып калаары анык. Төмөнкү эскерүү да мына ушул туурасында.

Айылым — алтын бешигим
Биздин айыл береги эле борбор шаарыбыздын кыбыла жагында, Ала-Арча менен Жыламыш өрөөндөрүнүн орто аралыгында жайгашкан. Атыңан айланайын айыл… Айтмакчы, аныгында биз, баарыбыз айылдан чыкканбыз да. Ата-энебиздин элеси, балалыгыбыздын изи калган жер ыйык. Мейли жаз, мейли кыш баргың келет, көргүң келет.

Эс киргенден көргөн-билгендериң көөнүңөн чыкпай, көз алдыңда турат. Айрыкча эсиркем бала чагың. Кээде олтуруп таң каласың: качан, эмне үчүн? Баарын билесиң, баары оюңда. Ооба, ошентсе да, таң каласың. Бу убакыт дегениң, анан калса, акты-кара, үмүт-күйүт дегенге карап койбогон бир, кара боор мерез неме турбайбы.

Билбейм эмнеден улам, жаш келгенде киши туулуп-өскөн айылын көбүрөөк ойлоп калат көрүнбөйбү.

Ар бир муун өзү, өзүнүн тирлиги менен. Биздин айылдагылардын көбү өмүрүн ошол айылда өткөрүштү. Жашоо шартына карашпайбы. Шаарга, андан ары, башка жакка кеткендер дээрлик болгон эмес. Бир гана Мукаш байкемдер…

Мукаш Абдраев айтылуу эл шайыры Шаршен Термечик уулунун кара чечекей жээни, бир тууган эжесинин баласы. Ата-энесинен эрте, өтө эрте калып, Шакебиз менен Маана апабыздын колунда өскөн. Балким, мынчалык сөз баштап калган соң, а кишинин кесиптик ишмерлигине байланыштуу дарек-дайнына караганда, көпчүлүк окурмандар үчүн, анын таржымалына артыгыраак ык койгонубуз оңбу дейм. Анткени, анын чыгармачылыгына арналган маалыматтар жакшы эле бар.

Шаршен Термечиковдун баласы дешчү
Шакебиз үй-бүлөсү менен отузунчу жылдары көчүп кетишиптир шаарга. Артистикке өтүптүр да. Кыязы, Мукаш байке айылдагы баштапкы мектепти бүтүргөн жылы болсо керек го. Баса, анын а деп «үшкөлгө» барганы…

Биринчи сентябрь.
Жалган түш. Балдар үй-үйлөрүнө тарашат. Шакең үйдө экен. Бир эсе бажырая, бир эсе каргылдана Мукантайын тосуп алат босогодон: «О, Куда-ай! Мунуңа тобо. Жетимчем минтип боор көтөрүп, окууга барып…» — Ал жашып иет. Жашып эмес, эгерим кабагын салып койбогон «атасын» карап, бала делдейе түшөт: «Опе-ей, өзү типтирүү туруп, анан жетимчем деп…» Анын сабыры суз тарта калганын байкаган Шакең заматта каадасынча кайра барбалаңдап кирет: «И, бардың? Анан кимуп деп жазылдың?» — «Шаршеноп деп. Эмне, памийланы билбейсиңби?» — «Билем, билем. Билбегенде, ал атасынын аты болбойбу». — «Ошо. Менин Шаршеноп деп жазды эжей». — «Аа, кокуй, Абдрайуп дебейби. Сенин атаң Абдрай…» Бала лам катпай саамга аны тиктеп турат да, чалкасынан кете жер тепкилеп ыйлап иет. Маана апа арыдан чуркап кирип, экөөнө энөө карап, айран-таң: Ай-й!?. Шакең ага бурула: «Маке, бар, аксакалдарды чакырчы», дейт.

Кененбай ата баштап бүт келишет. Шакең колдо бар жалгыз коюн союп, Мукантайын ортого олтургузуп, «болгондун» жөн-жүйөөсүн айтат… баталарын алат. Ээ, эми бу анын бая адил, алпейимдиги. Антпесе тим коймок да. Өз агасындай көргөн Абдрай жездесинин аты өчпөсүн деди да. Арбагын сыйлады да.

Ошол учур көпкө айтылып жүрдү. Биз анда кичинебиз. Асилинде өз атасы Абдрай болгону менен айыл арасында Шаршендин баласы деп келишчү кийин деле.

Ошентип шаарга кетишти. Биердеги үйүндө Шакеңдин иниси Бейшен калды келинчеги, уулу Асакен менен.

Боор көтөргөндөн көнүк алган жер кандай, үзбөй каттап турушту. Өзгөчө Мукаш байкебиз. Айыл, чүкө ойноп бирге чоңойгон, бирге окуган тели-теңтуштарын сагынбайбы.

Музыкалык шыгы эрте ойгонгон
Кийин анчалык катташпай калышты. Тек, базарга түшкөндөр барып, ал-жай сурап, учурашып келгендери гана. Тагдыр деген… Ошо таптагы өкмөт мүчөсү Болотаалы Темирбеков, анын туугандары, мудаалаштары катары Абдыжапар (Куйка), Ысмайылдар камалып, а турсун беш маал намазын жазбай, тек, Жараткандан бир гана жакшылык, ыман, ырашкерлик тилеп, өзүнчө жай олтурган Аалы молдо да абакка салынган. Бу кандай? Акылың жетпейт. Иши кылып алиги репрессия. Аялдабай Ата Мекендик согуш башталды. Ар кимдин, караганы, кам урганы көр оокат. Анан… атпай журтубуз сырдана сыймык туткан Шакебиз о дүйнө кетип отурбайбы. Мукаш байкебиз ошондо Москвада экен, консерваторияда. Ага чейин бул эле драма театрыбыздын студиясында окуп, андан кийин айтылуу Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн тура. Талаш жок, билим деген билим. Ансыз болчубу. Оболу табияттан бүткөн талант, жөндөм. Айылдагылар анын музыкалык ынтаа, шыгы ого эле эрте ойгонгонун айтышат. Камыштан ышкырык, балтыркандан «сурнай» жасап, аларды коштоп обон созуп, өзүнчө эле «артис» болуп жүрө берчү дешет. Бир жагы Шакең, Шакеңдин үйү. Кимдер гана келбеген. Бүтүндөй дөө-шаалар ошондо да: Саякбай, Муратаалы, Муса, Атай, Шакеңдин бир туугандан артык көрчү жан курбалы, орошон төкмө Осмонкул… Алар менен бирге болуу, алардын ыр, күү; ошо ыр, күүлөр туурасындагы аңыз, санаттарды угуу ал үчүн кереметтин керемети эмеспи.

«Жаш жүрөктөр» операсы — алгачкы карлыгач
Эң алды, албетте, элеттик турмуш, элетте жашаган карапайым калктын абалтан бери келаткан каада-салты, мурасы. Элибиздин ошол учурдагы өнөр ээлеринин элкин чөйрөсү. Биринчи кезекте алдыга асыл максат коюп, таңды-кеч ошону самаган жаштык ынтызар, ынтаасы. Анан окуу, билим. Жогоруда эскергендей, Кыргыз драма театрынын алдындагы студиясы, алиги Ипполитов-Иванов музыкалык окуу жайынан кийин, бүткүл дүйнөгө атагы дайын Чайковский атындагы консерваторияны бүтүрүп чыккан. Дал ушул консерваторияны аяктоо ырасмине байланыштуу жазган «Жаш жүрөктөр» операсы кыргыз музыкалык өнөрүндөгү алгачкы карлыгач. Туура, ага чейин деле бар эле дечи опера, музыкалык драмалар. Айталы: «Айчүрөк», «Алтын кыз», «Ажал ордуна». Алар элибиздин, музыкалык маданиятыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө чоң өрнөк, үлгү болушкан. Канткен менен, «Жаш жүрөктөр» алгачкы карлыгач дегенибиз — ал улуттук биринчи профессионал композиторубуздун өз алдынча жүзөгө ашырган опера эле да!

Удулу келгенде кебиме муну иле кетсем
Убакыт, тагдыр анан укмуш тура. Жанараак айтсам керек эле, Мукаш байкемди алгач ирет көргөнүмдү. Анда мен кичине, мектепке бара элек кезим. Көбүнчө тоодо: жайлоодо, кыштоолордо жүрчүбүз көчүп-конуп. Атабыз малчы эле да. Ооба, анда-санда атын укканым менен байкемдин өзүн көргөн эмесмин. Айылда ага удаалаш Сабыраалы, Мамыр, Бектен деген оозго алынган тиригарак агаларыбыз бар болчу. Өзгөчө Мамыр байкебиз… о, тың эле.

Биринчи же экинчи курсту аяктап келгенимде бекен, ошо Мамыр байкем: «Маскөөдө сен Мукаш агаңа жолугуп жүрөсүңбү?» — дейт. Москваны мобу бир көчөлүк айылыбыздай көрөт бейм. «Жок», — дейм мен. — «Ушундайың бар анан, — дейт ал. — Уяңсың. Сен антпе. Барганда сурамжылап таап ал. Канчадан бери… Маскөөнү бүт билет. Жардамы тиет. Ошент».

«Жардамы…» Мен түшүнбөйм. Окуум ордунча. Стипендиям деги бар. Кантсе да Мукаш байкемди көрүүгө ынтызар болуп жүрдүм.

«Мен Мукаш байкең болом…»
Бир сапар, 6-ноябрь күнү Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгүнө барып калдым. Мектепте бирге окуган балдар, башка окуу жайларындагы жоро-жолдоштор менен жолугушканы. Демейде дайым ушундай майрам алдында чогулчубуз аерге. Биз беш-алты бала болуп, бери оозгу бөлмөдө турганбыз. Түшкү танапис бүтүппү, иштегилер кайра кире баштаган. Аларга аралаш үч киши кошо киришти. Ушу отуз, кырктын ортолорунда го. Жашын айтам. Эмне үчүндүр, түзүнөн Өкүлчүлүктүн төрагасы олтурчу бөлмөгө киришпей, бизге айланчыктай калышты. Алдындагы кара каракүл жакалуу пальто, кара каракүл «папахачан» жигит бир баштан кыркалай, биз менен учурашып кирди. Боор, ылымы сезим деген кыйын болсо керек го, ал анын өңү мага кандайдыр жылуу учурап кетти. Анан сылтып басканы… Ал ар бирибизге кол берип, анан, кызык, атыбыз, айылыбызды сурап жатты. Мага келгенде: «Мен Токбайданмын. Мен Өскөнмүн» дедим, деле атым көпкө дайын немече. «Өскөнүн?» — Ал заматка үн катпай туруп калды. Анын да делебеси козголо тартып бараткансыды. Анысы ачык эле байкалып турду. «…Мен Мукаш байкең болом, билесиңби», — деди. Мен баш ийкедим.

Ошо «Метрополдун» экинчи кабатындагы жасалгалуу кенен зал. Ээнирээк, төр жагынан орун алдык. Ресторанбы, эмне; мындай шааниси шай келим, асеми жайды өмүрүмдө көргөн эмесмин. Дагы эр экем, беркилерге сыр алдырбай, аста айлана-тегерек, «чамгаракка» көз бага, өзүм менен өзүм болуп олтурам. А деп орун ала бергенде эле Мукаш байкем: «Бу бала менин бир тууган иним. Биерде окуйт», — деди. Кайсыл институтта экенимди айткан жок. Аны кайдан билсин. Мен компоё түштүм. Беркилердин көзүнчө көңүлүн коё бир тууганым, деп атса анан. Тегин кишилерден эместир да булар. Көрүнүп эле турбайбы.

О, анан узун сөзгө киришти. Бири элибизге аты таанымал композитор Акмат Аман-баев, анын оң жагындагысы ушу маданият жагында иштеген жетекчилерден окшоду. Кеп кылгандары эле музыка, музыка масилеттери. Адатта: бирин түшүнсөм бирин түшүнбөйм, деп келишет го. А мен айрым бир аталыштар, көңкү журтка маалым композитор, ырчылардын ысымдары эле болбосо, калганынан кай кабарым бар эле. Алардан көрө өзүмө тааныш математика, техникалык «расчёттор» жадыма жакын эмеспи. Мен сөзгө аралашпадым. Тек, ынтааңан жазбай кулак төшөп олтура бермей.

Эки көзүм байкемде. Мен эле бекем, берки экөөнүн деле караганы ошол.

Сөз жалпысынан «Жаш жүрөктөр», ошондой эле Мукаш байкемдин ырлары, жана башка кантата, камералык чыгармалары жөнүндө болуп атты. Албетте, көбүнесе көтөрө чабуу, мактоо. Кызык, байкем бир козголуп койсочу. Жөн гана ууртунан жылмайып тим болот: Бул эмне, мактоого маашыркап жатканыбы же тигилердин оюн-чынынан айткан курбулук азилиби, деген күдүк, бир эсе азгырым ойдо турганынан уламбы? Ким билсин, чамасы, бар бүткөн мүнөзү ушу го, дейм ичимен. Деги өзү — кийин-кийин жакындан биле баштабадымбы — табиятынан карапайымдын карапайымы, жүрөгүндө кара жок, адалы дил, айкөл адам эле да.

Ал аз сүйлөчү. Сүйлөсө так, кыска сүйлөчү. Көп сүйлөгөндү жактырчу эмес. Бир гана музыка…

Анын, Мукаш агабыздын «Азгырба, мени алдаба», «Студенткага» сындуу лирикалык обондорунан баштап, кыргыз музыкалык, асиресе, опералык жанрдын казынасына айланган «Токтогул», «Олжобай менен Кишимжан» туурасында кенен-чонон ой айтууну учуруна карап, кийинкиге коё турсак.

Музыка менен жашачу
Жогоруда айттык элек го, мен тек гана а кишинин боордошу, замандашы катары анын өмүр жолунун көпчүлүк элге анча белгисиз, кайсыл бир учурларына та-каат кыла кетсемби деген гана далалатым. Аттиң! Эгер адистик, тиешелүү билимим болгондо, эсил агабыздын ар бир нота, ар бир нокотунун түп маанисин алаканга сала талдап кирбес белем. Мен анын айрым-айрым гана чыгармаларын атап өткөнсүдүм. А Абдылас Малдыбаев, Аскар Түлеев, Акмат Аманбаев менен биргеликте драмалык спектаклдер үчүн жазган музыкалары? Алардан тышкары аваздык симфония, романстары канча!

Алар элибиздин көөнөргүс рухий дөөлөтү, кенчи. Аларга текши токтолуп олтуруунун кажети жоктур. Бир эле али «Жалыныңа күйгөнмүн» романсын алалычы. Анын ободо жаңырганына мына жарым кылымдан ашып барат. Ашыра чапкандык эмес, ал акыркы он жылдыктар ичинде жаралган шоокуму сыйкыр, бир ажайып аван. Аны биз да жаш чагыбызда ырдаар элек. Азыр деле нак ошондой. Ага мен өзүм күбөмүн. Ошо биз сыяктуу салтанат, тойлордо, оюн-зоок, олтуруштарда ырдашат экен жаштар. Айтпаса, анын ажарын ача көп алдында алгач ирет алып чыккан эжебиз Салима Бекмуратова эмес беле. Ал Варшава шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалында ушул романсты аткарып, Алтын медалга ээ болгону али эсибизде.

Даңазалуу композитор агабыздын өтөгөн эмгеги нар көтөргүс. Алар жамы журт, Өкмөт тарабынан өзүнө тете жогорку бааларга татыктуу болгон…

Мукаш Абдраев — элибиздин эзелтен бери келаткан көркөм өнөр, асиресе мукам авазын улантуучусу, улуу Устаты катары кылымдар бою алтын тамгалар менен жазылып калуучу залкар инсан.

Өскөн ДАНИКЕЕВ, Кыргыз эл жазуучусу,
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.07.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий