Анна Ахматова

АКЫРКЫ ЖОЛУГУШУУ ЫРЫ

Көкүрөгүм муздап селейди,
Бирок жеңил баскан кадамым.
Сол колумдан алып мээлейди,
Оң колума кийип аламын.

Качан санап бүтөм буларды,
Үчөө болчу, азыр көрөбүз.
Күзгү шыбырт менден суранды:
«Келчи досум, бирге өлөбүз!

Турмушумда далай күйүктүм,
Татаал тагдыр мени алдады».
Мен жооп бердим: «Макул сүйүктүүм,
Сени менен өлөм мен дагы…»

Жолугушуу ыры акыркы,
Үйдү дагы кайгы басыптыр.
Шамдын дагы өңү азыңкы,
Араң эле күйүп жатыптыр.

Которгон Д.Юсупов

 

* * *

Айрыбастан менин катымды,
Окуп чыкчы, досум, калтырбай.
Бейтааныштай көрбөй атымды —
Айта берчи, назик тартынбай.

Кабагыңды карыш салбачы,
Сени сүйөм дайым сендикмин.
Башкаларга такыр барбачы,
Кереги жок кээде кеңдиктин.

Мен өзүңдү дайым колдоймун,
Сен тигиндей, мындай… дебесмин.
Канайым да такыр болбоймун,
Малчы…, кечил дагы эмесмин.

Айрыбачы менин катымды,
Окуп чыксаң дароо сүйүнө.
Ооз учуңан айтып атымды,
Катып койгун сандык түбүнө.

Которгон Д.Юсупов

 

ЧЕКИР КӨЗ ШАА*

Кайран гана дабаасыз арманым-аа!..
Кечээ набыт болуптур чекир көз шаа.

Күздүн кызгылт кечи эле тер жыттуу, үп
Күйөөм минтти тек гана үйгө келип:

“Ууда жүргөн жеринен апкелишти
Картаң дубдун түбүнөн таап келишти…

Шаа жаш болчу. Каныша байкуш-ай-е!
Чачы агарып кетти дейт, бир түндө эле…”

Чылымын очок жактан тапты дагы
Кайрадан түнкү ишине кетип калды.

А мен эми кызымды ойготоюн,
Анын чекир көзүн тиктеп ойнотоюн.

Терезеден шуулдап теректер маа
Термелишет: “ Жашооңдо жок эми шаа!..»

Которгон Шаамерчем

 

КОЙ КӨЗ ПАДЫША

Сыздаткан муң-зар, даңк сага!
Өлүптүр кой көз падыша.

Тумчуктурган үп болчу анда. Күзгү кеч.
Күйөөм келип айтып жатты сезбей эч:

«Аңчылыктан сөөгүн алып келишти
Эски эмендин түбүнөн таап келишти.

Канышага убал болду. Жаш жубай!
Бир түндө эле болуп калды чач куудай.»

Мүштөгүн каминден таап алды дагы
Түнкү ишине кайрадан кетип калды.

Баратам ойготкону кызымды өзүм,
Көрүү үчүн ойготом азыр көзүн.

…А кайыңдар терезенин артынан
шуудурашат: «Падышаң жок…» деп улам.
1910

Которгон Б.Сарыгулова

 

КОЙ КӨЗДҮҮ КАРОЛЬ

О чексиз кайгы, азаптуу бар бол!
Көз жумду кечээ кой көздүү кароль.

Үп дагы, ысык күз кечи эле,
Жолдошум айтты жосунсуз нерсе:

“Өлүптүр кече аң уулап жүрүп,
Аң өзү аны алгандай күтүп.

Ханыша байкуш, жаш эле шордуу,
Жүрөт дейт ыйлап, акмалап жолду.”

Деди да алып мүштөгүн кетти,
Жумушка түнкү, бүтүрбөй кепти.

Ойготом жаткан кызымды уктап,
Кой көзүн карайм мен үчүн кымбат.

Шуудурап сыртта дарактар айтат:
“Каролсуз минтип калдыңбы, бейбак…”

Которгон Т.Чакиев

 

* * *

Берилүүнүн шамалы улуйт,
Көпкөк асман канталайт.
Күндөрүңдү алгач сүйгөн,
Жылдар улам кайталайт.

Жылдар суудай агып кетти,
Сыйкырымды качырдың.
Сен эмнеге карыбадың,
Баягыдан ачылдың?

Үнүң дагы шаңдуу кыйла.
Мезгил канат, а бирок,
Капа конбос маңдайыңда
Апакай кар отурат.
1922

Которгон Б.Сарыгулова

 

ЖАЛГЫЗДЫКТА

Канчалаган ыргытылды таш мага,
Кыла албады бири дагы камтама,
Ал тузактан, бийиктиги күн челген,
келишимдүү курулду зор мунара.
Кургандарга жакшылык насип этсин,
Санаа, түйшүк аларды кыйгап өтсүн.
Бул жерден таңды көрөм элден мурда,
Бул жерде күндун нуру сайран курат.
Бөлмөмдүн терезесин көздөй дайым
Түндүктөн деңиз жели агып турат,
Көгүчкөнгө колдорум данын сунат…
Жазылып бүтпөй калган барагыма,
Кара тору колум менин Музаларды
Таң каларлык бейпил, анан
жеңил гана жазып турат!
1914

Которгон Б.Сарыгулова

 

* * *

Өзгөлөрдү унуткандай мени да,
«Унутам!» — деп бир кайрылып койбодуң.
Жээрде аттын ыйлай-сыктай жалбарып,
«Жыгылат!» — деп туягына ойлодуң.

Же болбосо, көзү ачыкка барат да,
«Сурайт» — дедиң дубаланган тамырдан.
Анан дагы жиберет деп күттүң го,
Жоолугумду кошуп башка салынган.

Шайтан алсын, сени билсең эгерде,
Качып менден эч болбогун убара.
Ант беремин биз жамынган түн менен
Бир кездерде баткан балкып кумарга.
Кайрылбасмын, оюңа да келбесин —
Мына мендик темирден бек убада!

Которгон Т.Чакиев

 

СОҢКУ КЕЗДЕШҮҮ ЫРЫ

Оң колго кийип мээлейин,
Сол колдун анда алыпмын.
Билгенмин сен да түйшөлүп,
Күткөнсүң мени ашыгым.

Тепкичтин билчүүм үчөөнү,
Ал анда көптөй туюлду.
Өлөлү бирге, келгин! — деп,
Шыбыры күздүн угулду.

Анан да айтты: “Куу турмуш,
Балача мени алдады”.
Мен айттым: “Секет кетейин,
Көрбөдүм мен да пайданы!”

Акыркы ирет кездешүү,
Ыр менен ушул коштолду.
Үзүлүп мезгил, кетилип,
Убайга салар окшоду.

Которгон Т.Чакиев

 

КАМЧЫЛАП КҮЙӨӨМ УРГАНДА…

Кош өрүм камчы колго алып,
Эр сөрөй сабап таштады.
Өзүңдү күттүм түн боюу,
Чыракдан — шерик. Караңгы

Суюлуп, анан таң атып,
Айылда тирдик башталат.
Өттү түн дагы өзүңсүз,
Көзүмдөн ысык жаш тамат.

Өзүң деп келип дүйнөгө,
Өзүң деп өтүп баратам.
Арзышкан жаның барбы же,
Айлап да, жылдап сагынткан?

Мен сени кантип жашырам,
Көөдөндү эзген муң-кайгым?
Келип кет күткөн сагыныч,
Тартпайын чексиз убайым.

Которгон Т.Чакиев

 

БУУРУЛ ТҮНДӨ

Эшикти жаппай, чыракты
Күйгүзбөй калган экенмин.
Билбепмин, ойго келбептир,
Турмушуң күтүү экенин.

Мен сени күтүп отуруп,
Жылдызды көктө санаймын.
Жүрөгүм туйлап, секирип,
Үн чыккан жакты караймын.

Бардыгы бүттү, барысы
Билемин куру убара.
Мен сени алдым жоготуп,
Суу кечпей калды убада.

Которгон Т.Чакиев

 

* * *

Шаан-шөкөттү, шарапты
Мындагылар сүйөбүз.
Нени ойлоп, эмнени
Билбейм анан күтөбүз.

Колуңдагы мүштөктүн,
Чыгат кызык түтүнү.
Билем мунун бардыгы,
Турмуш күндүн бүтүмү.

Сыртта бороон-чапкынбы?
Көргүм келип ашыгам.
Көздөрүңдө барбы дейм,
Купуя сыр жашырган.

Санаа басып, саргайтат,
Өлүм артып кусалык.
Тозок күтөт бизди эртең,
Демек, тобо кылалык.

Которгон Т.Чакиев

 

КОНОК

Өзгөрүү эч кандай болгон жок,
Баягы терезе, бурганак.
Баш бакты бир адам үйүмө,
Ар түркүн ойлорду кубалап.

Телмирип: “Сен менен тозокто,
Болсом” дейт суроомо жооп кылып.
Мен күлдүм: “Койсоңчу, бай болгур,
Кетпесин оюндан чыр чыгып.”

Бир убак гүлдөрдү кармалап,
Түркүн түс, аңкыган, жарашык.
Айтчы дейт: “Өбөсүң кандайча,
Өбүү үчүн калбагын жаралып?”

Анан да көздөрүн албастан,
Колумда шакекке тигилет.
Оюнда не барын биле албай,
Ойлорум кетүүдө бириндеп.

Билемин ал минтип ойлонот:
“Калп эле, жөнү жок бааланат.
Көп болду жүрөгүн, түгөнгүр,
Алганы мен үчүн жаралап!

Которгон Т.Чакиев

Соц тармактар:

Добавить комментарий