Николай Рубцов

Таранчы
Үнү чыкпайт, араң гана жаны бар,
Үшүп турат, эптеп таңды атырган.
Көрө калса чөп-чарларды даны бар,
Учуп түшөт таранчы тээ чатырдан.

Данды көрүп кадимкидей калчылдайт,
Учуп кетет чатырына шашылбай.
Мурдагыдай ар нерсеге асылбайт,
Кыйын ага үшүгөнү басылбай…

Нан
Сыр, печенье баштыгыма салганым,
Жер-жемиштен бир аз коштум жыйналып.
Оор болот деп нандан такыр албадым,
Калбайын деп көтөргөндө кыйналып.

Кемпир болбой салды нандын жарымын,
Өзү болсо улам-улам жөтөлөт.
— Угуш керек айткан сөзүн карынын,
Нан жарыктык өзүн-өзү көтөрөт…

Карга
Карга отурат тосмодо кар жамынган,
Кампалардын эшиктери жабылган.
Эгин тарткан арабалар көрүнбөйт,
Аба ырайы жылуулукту төгүндөйт.

Бек отурат тосмону ал жай кылып,
Канаттарын кагып коёт кайгырып.
Жегенге анын бир тоголок даны жок,
Сууктан дагы коргонгонго алы жок…

(Которгон Догдурбек Юсупов),
“Кыргыз туусу”, 30.07.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий