АЛДЫҢКЫ ЭЛДЕРДИН ЖАКШЫ САЛТТАРЫН АЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК

«Дегеле рухий практиканын пайдубалы болуп бул жашоодо жана бул жашоодон кийин да тирек боло турган төрт нерсебиз бар. Биринчи тиректин бекемдиги — чынчылдык, экинчиси — тазалык, үчүнчүсү — аскетизм, төртүнчүсү — мээримдүүлүк сапаттарын өөрчүтүү менен байланышкан.

1978-жылдан 1980-жылга чейин Новосибирскиде эки жыл стажировкада аспирантурада окудум, академик Лаврентьевдин, Сибирь окумуштууларынын таасири аябай күчтүү болду. Ал жерде Академгородокто жашадым, анда кишинин илимий өсүшүнө да, жеке өсүшүнө да шарт аябай жакшы болчу. Ар бир дүйшөмбү күнү Академиянын Маданият үйүндө илимде, чыгармачыл ишинде ийгилик тапкан кишилер лекция окуп турчу. Лекциясы бекер эле, ким окугусу келсе, жөн гана кулактандыруу түрүндө эмне темада окуурун жарыялап койчу. Кимдин эмнени окуурун эч ким териштирип, аңдып, көзөмөлгө деле алчу эмес. Кызыккандар келип отуруп, угуп, талаш-тартышка катышып, түндүн бир оокумуна чейин талкууга алышчу. Мен алардын баарына катыштым, ошол жерден Ивановдун системасын, йоганы, чыгыш философиясын, кытай философиясын, дзен-буддизмди уктум. Ошол эле кезде Кыргызстанда студенттерге мындай өзүнчө чыгармачылык мүмкүнчүлүк берилчү эмес, аны үчүн ректораттан уруксат алыш керек болчу, айта турган сөзүңдү алдын ала билдиришиң керек болчу. Россия мектебинен алган ал сабактар менин утушум болду.

Ошол жерде мен дзен-буддизм менен дагы тааныштым, япон Акутагава, Рюнеского кездештим, кытай философиясына кызыктым, Лао-Цзы, Конфуцийди окудум. Кийин хатка-йогага кызыктым, биринчи тапкан китебим «Махабхарата» болду. Бара-бара йоганын түрлөрүн билдим. Анан барып индия философиясына кызыга баштадым.

Менимче ар бир кишиде жандырмагы жок көп суроолор болот. Мисалы: Эмне үчүн кишилердин ар кимиси ар кандай шартта төрөлөт? Бул суроо ар бир адамда болушу мүмкүн. Бири дароо эле жакшы үй-бүлөдө төрөлөт, оорубайт, бирөө жаман үй-бүлөдө төрөлүп, оорукчан болуп калат, тагдыры оор болот. Муну мен көп китептерден изилдедим, дзен-буддизмден изилдедим, биздин «Куранды», анан «Библияны» окудум, молдолордон сурадым, дегеле жооп таба алган жокмун. Анан ошонун жообун индия философиясынан таптым. «Карма», «реинкарнация» деген түшүнүк ошол жерде пайда болду. Карма дегени, биздин ар бирибиздин азыркы тагдырыбыз бар. Бул дене кийим сыяктуу дейт. Мурунку жашообузда жакшы иш кылдык, жаман иш кылдык, ошого жараша азыркы тагдырыбыз түзүлүп калды.

Карманын закондору физикалык деңгээлде Ньютондун үчүнчү закону (таасир эткен күчтүн чоңдугу карама-каршы таасир эткен күчтүн чоңдугуна барабар) жана энергиянын сакталуу законуна дал келет. Ошол закон коомго дагы иштейт, эгерде биз коомго жакшы иш кылсак, бизге жакшы болуп кайтат, жаман иш кылсак, жаман болуп кайтат. Бул закон ар бир элдин макал-лакаптарында бар. Мисалы: «Жакшылык жерде калбайт», «Эмнени эксең, ошону аласың», «Бирөөгө ор казсаң, ага өзүң түшөсүң», «Сыйга сый, сыр аякка бал» ж.б. Мындагы негизги принцип, эч бир тирүү жанга күч колдонбош керек. Бизде көбүнчө күч колдонобуз. Киши өскөндө биринчи өзүн ойлойт экен, кийин аң-сезими өсө баштаганда бара-бара үй-бүлөсүн, туугандарын жана айыл-апасын, өз уруусун, кыргыздардын өсүүсү ошондой экен да, анан кийинки этабы кыргыздардын, Кыргызстанда жашагандардын, анан бүт адамдардын тагдырын ойлойт, ушул деңгээлге жетет экен. Бирок бул дагы жетишсиз, эң идеалдуу варианты — бүт жаныбарлардын кызыкчылыгын ойлош керек. Бизде, мисалы, адам гана Кыргызстандын жараны. Ал эми ошол ыйык китепте жазылган боюнча ар бир тирүү жан, курт-кумурска болобу, бардыгы өзү жашаган мамлекеттин жараны болуп эсептелет. Падыша ошолордун баарына жооп берет экен. Бизде кишилер башкарганга умтулат. Бул жерде бир принцип бар. Падыша өз жарандарынын алтыдан бир сооп иштерин жана алтыдан бир күнөө кылган иштерин алат экен. Падышанын милдети жогору. Элине шарт түзүп, рухий өсүшүнө шарт түзбөсө озүнө жаман болот экен. Мен кезиккен рухий дүйнөдөн тагдыр жөнүндөгү ушундай суроолорго жооп алдым.

Анан ошол «Махабхарата» китебинде кишинин бул жашоодогу милдеттери жөнүндө жазылган. Эгерде «Махабхарата» кыргызчага которулса, чоң утуш болмок. Карма менен реинкарнациянын элементтери кыргызда «Манаста» да бар. Мисалы, Манас туула электе 40 чоросу менен Жакыпка жолугат. Эстегеним, бул Сагымбайдын «Манасында» болуш керек эле.

«Бхагавад-Гитанын» болсо англис тилинде 600 дөн ашык котормосу бар. 18-кылымдан бери англичандар улам которуп, бириникин жактырбай улам бири кайра которуп отурган. Санскрит тили менен индия маданиятына бүгүн бүтүн дүйнөдө маани берип жатышат. «Махабхаратаны» окусак, бизге кыргыздарга аябай жакын нерселер бар. Биздин макал-лакап, салттарыбыз, ата-энеге, аялга болгон мамилелер жогорку деңгээлде жазылган. Мисалы, эгерде бала ата-энесин ыраазы кылбай туруп кудай десе, кудай аны кабыл албайт экен. Биринчи бала ата-энесин ыраазы кылыш керек. Аял менен эркектин мамилесине келсек, күйөөсүн ыраазы кылбаса, аялдыкын да кудай кабыл албайт экен. Бул жерде мындай бир принцип бар, бүт диндерде — мусулман дининде, христиан дининде аялдарга караганда эркектердин укугу жогору. Себеби ырас үйлөнгөндөн кийин аялдын жасаган 50 пайыз күнөөсү күйөөсүнө кетет экен, эркектики өзүндо калат экен. Эгер эркек сооп иш кылган болсо, анын 50 пайыз сооп иши аялга кетет экен, калганы өзүндө калат экен. Аялынын сооп иши бүтүн бойдон өзүндө эле калат экен. Ошондуктан аялдар үчүн күйөөгө чыгып, ажырашпай жашаган пайдалуу экен. Ошон үчүн аялы күйөөсүнүн рухий өсүшүнө жардам бериш керек экен. Эгерде аялы эч нерсе кылбай эле, күйөөсүнүн рухий өсүшүнө жардам берсе, эң чоң сооп иш болот экен.

Дегеле рухий практиканын пайдубалы болуп бул жашоодо жана бул жашоодон кийин да тирек боло турган төрт нерсебиз бар. Биринчи тиректин бекемдиги — чынчылдык, экинчиси — тазалык, үчүнчүсү — аскетизм, төртүнчүсү — мээримдүүлүк сапаттарын өөрчүтүү менен байланышкан.

Чынчылдык сапатын өөрчүтүү үчүн эч качан кумар оюндарын ойнобошубуз керек. Тазалык сапатын өөрчүтүү үчүн эч качан баңги заттарын, ичкиликти (арак, вино, пиво ж.б.), тамекини, насвайды колдонбошубуз керек. Мүмкүн болсо чай, кофе, шоколадды да колдонбогон жакшы керек. Аскетизм сапатын өөрчүтүү үчүн эркек өз аялынан башка бир да аял менен, ал эми аял өз күйөөсүнөн башка бир дагы эркек менен жыныстык катнашка барбаган оң керек. Орозо кармоо, эрте туруу да аскетизм. Мээримдүүлүк сапатын өөрчүтүү үчүн эт, жумуртка жана балык жебеш керек. Себеби, өлтүрүлгөн айбандын этин жеп, айбанаттарга мээримдүү боло албайбыз. Инсандын ата-бабаларынын, элинин, өлкөсүнүн, адамзатты туура багыттай турган рухий кол жазмаларын калтырып кеткен акылмандардын, жаратылыштын жана кудайдын алдында милдеттери бар. Аткарылган милдеттер инсанга прогресс алып келет, ал эми аткарылбаган милдеттер инсанды деградацияга түртөт.

Бардык милдеттерди билиш үчүн билим керек. Инсан тагдырын жана эл тагдырын жакшыртуунун жолдорунун бирин төмөнкү иретте берүүгө болот:
1. Туура ой жүгүртүү;
2. Туура ой;
3. Туура ой бышып жетилип, туура сөзгө айланат;
4. Туура сөз бышып жетилип, туура ишке айланат;
5. Туура иш көп жолу кайталанып, туура адатка айланат;
6. Туура адат туура мүнөздү пайда кылат;
7. Туура мүнөз жогорку маданиятка алып келет;
8. Жогорку маданият жакшы тагдырга алып келет.

Демек, элибиздин келечеги кең болушу үчүн элибиздин маданияты ар дайым жогорулап турушу керек.

Жогорку маселелердин айрымдарын өз мисалымда айтып берейин. Менин этти таштаганыма 14 жыл болду, 1996-жылы таштагам. 1990-жылдары докторлугумду жактагам. Докторлорду Спецполиклиникада карайт эмеспи. 1995-жылы көрүнсөм, жүрөгүмдө мандем бар экендигин айтышты. Ал кезде биз этти аябай жечүбүз. Үйгө койдун тушун алып койчубуз, козу союп алчубуз. Кыргыздар кантип жашаса, ошентип жашадык. Кийин адабияттарды окуп, жүрөк оорунун себебин билдим. Этте, жумурткада, балыкта холестерин көп болот, ошол холестерин кан тамырларды тосуп калат, кийин жүрөккө кан барбай калып, ошондон жүрөк оорусу пайда болуп инфаркт кылат. Ал эми мээдеги кан тамырларды тосуп калса, инсульт болуп калат. Кийин да бир китеп окудум. Ишемби, базар күндөрү математикадан башка китептерди сатып алып, окучумун. Кларк деген америкалык профессордун китебин окудум, ал изилдесинде рак менен эт жегендин байланышын чыгарыптыр. Анын изилдөөсү боюнча эт жебегендердин арасында рак менен ооруган адамдар аз болот. Этте көптөгөн, жүз, жүздөн ашык курттар болот экен. Личинкалары 2-3 саат сууда кайнаганда дагы өлбөйт экен, анан желген эт менен организмге кирет экен. Ал мындай мисал келтирет. Этти полиэтиленге жылуу ороп коюп койсоң, жарым күндө бузулат. Ал эми эт биздин организмде, ашказанда үч күн жүрөт экен. Ал эми эт жеген жырткычтардын ичегиси биздикине караганда 3 эсе кыска болот экен, алардын организминде эт бир гана күн жүрөт экен. Ал эми берки эт жебеген жаныбарлардыкы — кой, уйдуку да узун болот экен, биздин ичегибиз алардыкына окшош экен. Демек биз чөп жеген жаныбарларга окшош экенбиз. Үч суткада полиэтиленден да ысык ичегиде жүргөндө ичтеги курттардын баары аябай көбөйөт экен.

(Уландысы бар)

Асанов Абыт, математика илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин математика кафедрасынын башчысы,
“Адилет press” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий