Андрей Ли: Эр Төштүктүн жолу менен

Ушул күндөрү мамлекетибиздин күчтөнүшүн, бутуна туруп кетүүсүн ойлоп, ошого колдон келчү салымын кошкусу келгендер элибизде көп эле экен. Ошолордун бири «Бигим» студиясынын аткаруучу директору Андрей Ли. Андрей менен маек куруп отуруп, жакшылыкты аркалагысы келген адам дайыма изденип, өзү жакшы көргөн Эр Төштүкчөсүнөн этин оорутуп, ойбазарын удургутуп тураарына ынандым. Үмүт-тилегинин бийиктигине суктанып, ага ак жол гана каалаш калды. Эмесе, Андрейдин ишине ийгилик каалап, аны менен болгон маекти алдыңыздарга сунуштайбыз.

Андрей мырза, иштериңиздер жөнүндө айта кетсеңиз? Студияңарды уюштурган ким?
«Бигим» студиясынын уюштуруучусу Бакир Жусупбеков деген жигит эле. Өкүнүчкө карай ал бир жыл мурда көзү өтүп кетти. Бакир «Эр Төштүк» эпосун 20 жылдан ашык изилдеген эле. Бул эпостун олуттуулугуна байланыштуу буга тийиштүү эмгектердин баарын изилдеп, окуп чыккан. Совет мезгилинде «Эр Төштүк»эпосунун үстүнөн көп адам иштеген эмеспи. Көп окумуштуулар кандидаттык, докторлук иштерин жакташты. Тарыхчылар, академиктер менен баарлашкан. «Эр Төштүк» боюнча мультипликациялык фильм тарткысы келген. Мына, ошол ишти колго алганы келгенде Бакирдин көзү өтүп кетти. Бирок, артында студия, коллектив анан да анын ишке ашпаган жаркын үмүтү калды. Бакирдин көзү өткөн соң менин оюма «Эр Төштүк» кинопроектин жасоо келди. Биринчи «Эр Төштүккө» арналган анимациялык кино, анан ага арналган документалдык тасма, андан соң көркөм кинотасма тартылат деген ой бар. Жакында мен барып келген эпостор боюнча конференцияда кыргыз эпосу «Манастын» дагы эле айтылып келиши — биздин маданияттын күчү, анын кайра жаралууга мүмкүнчүлүгү бар экендигине көпчүлүктү ынандырды . Эпостор көп турмуштук кырдаалдарды, эволюциялык процессти башынан өткөрүшүп, бизге дагы эле күч берүүдө. Азыр бүткүл жер шары экономикалык да, жан-дүйнөнүн да, идеологиянын да кризисине тушугуп жатышат. Албетте, «Ыйык орун бош болбойт» деген орустун ылакабы бар эмеспи. Мына ошол ыйыктыкка биз кайрадан келишибиз керек. Ага адамдардын кайсы искусствонун түрүн тандайт, ошого жараша иш кылган оң. Соңку мезгилдин, жаңы маалымат алуунун форматы — кино. Ага телевизор, компьютер кирет эмеспи, адамдар да ошондон маалымат алышууда. Гезит, китепти адам көп карабай, окубай калды. Ошондуктан биз «Эр Төштүккө» арналган кинодолбоорду сапаттуу, адамдын жан дүйнөсүнө жагымдуу кылып тартышыбыз керек. Андагы акыл-эстүүлүктүн данегин адамдардын жүрөгүнө түшүрүшүбүз зарыл.

«Эр Төштүк» эпосунун баалуулугу, касиети эмнеде деп эсептейсиз?
«Эр Төштүк» эпосу бүгүнкү адамдардын бүгүнкү кырдаалы, андан кантип чыгып кетиши керек, ошол арганы таап берип жаткандыгы. Адам өзүнүн адамсыздык сапатынын акыркы чегине жеткенде; атасы уулунан кечип, кызы атасын сатып кеткен коомдо эч кандай жакшылык күтүүгө болбойт. Чыгарма болгон ыйыктыктардын баары тебеленген, тарпы чыккан жеринен сүрөттөлүп баштайт эмеспи. Мында Эр Төштүк элдин образы, анын ичине баардык улуттар, баардык адамдар кирет. Алар жер менен асманга байланган. Мен андан бүткүл адамзаттын тээ атам замандан бери бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолун көрдүм. Биз кантип жашадык, кантип жашоодобуз, кантип бул жагдайдан чыгып кетишибиз мүмкүн — ошол нерсе баяндалып берилген. Ошондуктан мен «Эр Төштүк» эпосун өзүндө ачкычы, коду бар чыгарма деп айтаар элем. Өзүнө сыйкыр туюнткан чыгарманы адам окугандан кийин ал иштей баштайт. Чыныгы байлык эмнеде жатканын ошондо гана түшүнөт. Албетте, биз өзүбүздү тагдырыбыз өз колубузда дейбиз. Бирок, кээ бир нерселер адамдын каалоосуна баш ийип бере бербейт экен. Бир шарт, бир амалды жасоо керек. Эр Төштүк көптөгөн окуяларды башынан өткөрүп, андан чыгыш үчүн өзүнүн этин кушка кесип берип гана чыгып кетип жатпайбы. Ал куш Эр Төштүктүн этин жеп, кубаттанып алып гана баатыр түшкөн кырдаалдан алып чыгып кеткен. Бүгүн биз экзамен берип жаткан чагыбыз. Экзаменди руханийлик системасынын алдында берип жатабыз. Бүгүн акчанын энергиясы рух энергиясы менен таймашып турган чагы. Ошондуктан бул абдан оор учур. «Эр Төштүк» эпосун жалаң чыгарма катары кароо болбойт. Эр Төштүк жердин түбүнө түшкөндө дөөнүн кызы ага: «Эгер сен аман калгың келсе алсыз, акыл-эси жок, бир байкуш боло калышың керек»- деп кеңеш берет. Эми караңыз, 7-апрельге чейин Кыргызстан кандай эле? Башка мамлекеттерге караганда алсыз, жаратылыш ресурстарын пайдалана албаган, байлыгы жок мамлекеттей таасир калтырчу. Ошого карабай бизде эки аскердик база бар, бүткүл дүйнөнүн адамдары биздин мамлекетте жүрүшөт. Биздин мамлекетке баары кызыгып, түштүккө өзүлөрүнүн базасын жайгаштыргысы келет. Кыргызстанда финансы жагынан жардам бергендердин ичинен ириси Япония мамлекети. А биз аны карап, бирөө жашообузду жасап берет деп отура бербешибиз керек. Ошондуктан биздин этибизге жабышкан арамдыктан кутулушубуз, кесип ыргытышыбыз зарыл. Алдым-жуттумдук касиеттен кутулбасак жоголуп кетүүбүз бат. Мындай, атасы уулун каргаган, кызы атасын саткан кырдаалдан ары жашоо жок, туңгуюк кана.

Бул чыгарма бир гана кыргыздарга инструкциябы?
Мындай акыл кенчин камтыган чыгарма бүт адамзатка жол көрсөтчү нускама. Эр Төштүктүн берилген философиясы Теңирчиликтен да байыркы мезгилди чапчыйт да, биздин адамдыгыбызга алып келет. Деги эле айта кетээрим — Чыгыш бүгүнкү күндө адамдардын мамилесиндеги жаңы форматты үлгү кылат. Эпостор өзү адамдар пайдалана турган инструмент катары маалыматты берет. Ошондуктан ал маалыматты кабыл алууга убакыт жетти. Биз бүгүн өнүгүп жаткан кезибиз. Жакшы жол мененби, орчундуу жоготуулар мененби, кандуубу, же кансыз, ыйман, жан-дүйнө деңгээлиндеби тынымсыз кыймылда болуудабыз. Ал эми руханийлик жок болсо адамдардын проблемасын чечүү үчүн миллиарддаган долларлар да жетпейт. Байкасак, бүгүн бардарлар, байлар акчаларын, убакытын адамдардын өнүгүүсүнө эмес, кыйратууга, өлтүрүүгө жумшашат. Ошондуктан биз жасап жаткан бул долбоордун келечеги кең деп ойлойм.

«Эр Төштүктү» үч түрдүү кылып тартуу менен эле токтойсуздарбы? Же дагы бир пландарыңыз барбы?
Сентябрларда «Эр Төштүктүн» спектаклинин гостролун уюштурганы жатабыз. Спектакль мамлекетибиздин бүт региондорунда жүрөт. Биздин оюбузча элдер спектаклди жөн эле көрүп, басып кетпестен, баарлашса, ой бөлүшсө. Мындай иш-аракет кандайдыр бир жакшы чечимдерге келгенге түрткү болсо деген илгери үмүт бар. Кыргыздардын бир өзгөчөлүгү — бул жер жолдун тогуз тоому болсо да, соодачылык сапаттын өнүгүүсүнө жакшы шарт турса да алар ушунча кылым туруп ага оошкон жок. Бул жер мамиле курууга, баарлашууга ылайыктуу бойдон кала берди. Ал эми маектешүү — энергия алмашууга тете. Бул жерде байыркы замандан бери адамдардын энергетикасы жыйыла берген. Демек, аны кайра алышыбыз керек.

Сиздин Кыргызстандын жараны болуп калыптанууңузга эмнелер таасир берди? Анткени адам болуп туулганы менен жаран катары калыптана албай калгандар көп болуп жатпайбы?
Үч жыл мурда «Кут Ордо» деген уюмга барып калчумун. Анан бир күнү мен «Эр Төштүктү» карабайсыңарбы? Баары даяр, руханий азык боло турган казына дедим. Ошондон жарым жыл өткөндөн кийин мага ал жактан чалышып, чакыртышты. «Сен Эр Төштүктү кайдан билесиң? Бизге аян келди. Эр Төштүк руханий жолду көрсөтүүчү инструкция, ошону пайдалангыла» деп. Бул мактаныч эмес. Менин өспүрүм чагым, инсан болуп калыптанышым мына ушул кыргыз жеринде болду. Мекендештеримди жакшы көрөм, көп жерлерде болдум. Бирок, мекенимде гана өзүмдү эркин, бейпил сезем. Үйүмө көп конокторумду чакырдым, келгендер жерибизди жактырып, кыйылып жатып кетишет. Түрдүү кырдаал — революция, аз акчага коноктоо, арзан жатакана болсо да көңүлү жаркын болуп кетишет. Муну менен эмне демекчимин? Өз жерди сүйүү, бөтөн жерде туруп сагынуу адамдын изденүүсүн, бир нерсе жасоо чечимине түртөт ко.

Анан да бул жерде Кудай берген адамдык сүйүү жакшы өнүккөн. А бүгүнкү чындык эмне дейт… Ошондуктан «Эр Төштүктө» жазылгандай мындай кырдаалдан адамдык, руханий сапаттар менен гана чыгып кете алабыз. Жомокто жазылат эмеспи, килейген дөөнү кичинекей баатыр жеңгенин. Мына ошол кичинекей баатырдын ичинде ошол чоң жоого тете, жада калса ашып турган духтун күчү бар. Бизде да жамандыкты жеңе ала турган ошол күч ойгонсун.

Маектешкен Айсулуу Көкөева, “Адилет press” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий