Камбартеп – кыргыздардын эр өнөрү

Камбартеп – бул дене менен жанды бапестеп барктап, жогорку чыңалуудагы биримдикке жеткирүүнүн уникалдуу жоокер жолу; улуттун түпкүр идеясы менен көмө уюп, Ааламдын ирмемге токтобой агыбаткан улуу Жолунан тайбай, чегинбей, калбай Түбөлүккө кошулуп, шайтан дүйнөнүн азгырык оюндарынан кутулуунун жолу. Камбартеп – кайталангыс Манасчылык өнөр менен Кыргыз атадан келаткан байыркы көчмөндөрдүн эр өнөрү Оодарыштан ширетилген нукура улуттук туунду. Камбартеп – кыргыз баласынын үрөйлүү ыйык касиеттерин калыбына келтирүүчү система, адам денеси менен рухунун мүмкүндүктөрүнүн дагы бир ыйык жолу.Биз бабалардын көөнөрбөс мушташ өнөрү жөнүндө кенен маалымат, түшүнүк берүү максатында Камбартеп мектебинин негиздөөчүсү К.Назаровдун төмөндөгү эмгегин сунуштап отурабыз.

Камбартеп кармаш өнөрүнүн жаралыш тарыхы
Азыркы дүйнөлүк тарых илими кыргыздар Борбор Азиядагы эң эски элдердин бири экенин акыры келип таанып отурат.

Тарыхтын кыйма жолу кыргыздын көп кылымдык тарыхын кылым Кытай менен чиелентип байлап таштаган. Бекеринен кыргыздар тууралуу алгачкы маалыматтар кытай жылнаамаларында б.з.ч. 201-жыл менен белгиленбесе керек.

Улуу Жибек жолунун Кыргыз жери аркылуу өтүшү байыркы кыргыздардын үлкөн кошунасынын материалдык жана руханий байлыктарынан майнап таап, алып жана берип, карым-катнаш жасоого мүм­күндүк түзгөн. Байыркы Энесай каганатынын жетекчиси алп каган Барсбектин тушунда Тан империясы, Тибет Бороон империялары менен алыш-бериш алака, соода жакшы жолго коюлуп, дипломатиялык жана маданий байланыштар көктөп гүлдөгөн эле. Теңир-Тоо (Тяньшань) кыргыздары эки миң жылдан ашуун мезгил бою үлкөн маданий жаратуучулук процесстин айлампасында өмүр кечиришкен. Улуу соода жолунун өзөгүндө жайланышкан Кыргыз жери байыртадан зор кызыкчылыктардын, кан төгүлгөн тынымсыз кармаштардын майданы боло келген. Саны аз, бирок акылы, эрдиги, үрөйү саз кыргыз эл үлү­шүнө туш болгон ошондой сандаган баскын-чапкындардан түгөнгөн сайын түтөп, өчтү дегенде өрттөй жалбырттап кайра жанып, аман-эсен кутулуп, курчуп чыгып турган. Жашынан карысына чейин тегиз жоокер болгондуктан, бүтүндөй эл көчүп-конуунун, кол салып коргонуунун ыктарын мыкты билген көчмөндөр армиясы болгон десек жаңылышпайбыз. Өз мезгили үчүн өздөрү жасаган курч болот менен жабдылган, узунду-кыскалы көй­гөйлүү көчмөн жашоонун бардык сыноолоруна туруштук бере алган тоолук журт эркиндик-теңдигин дайыма «кан-көөкөрдө, баш-канжыгада», деп ар-намыс менен коргоп келген. Асман тиреген Ала-Тоо кыркалары кыргыздар үчүн эч ким бузуп кире алгыс чеп болгон. Коркунуч башка түшүп, эл тагдыры алаканга салынганда кыргыздар аска-зоолордун ак илбирсиндей каргып кол салышты, күч жетпесе кайкып чегинип, тоолорго житип кетишти мыкты билишкен. Миң жыгылып, миң жеңилип, бирок кайра миң биринчи жолу бутуна туруп, эл – улустугун сактап, эришин буздурбай кыргыз деген сыймыктуу атын кылымдар сактай келген. Ошон үчүн кыргыздар өздөрүн ак илбирске, атактуу баатырларын Кабылан шерге теңешкен. Улуу жайык Евразиянын кыйма жолдорунда, адамзат тарыхынын чордонунда өсүп-өнгөн кыргыз эли дүйнө тарыхында таасын из калтырган.

Байыркы бабалардын салттуу жолун улаган кыргыз адамы табият сырларын аңдап үйрөнүп, канаттуу куштардын, айбанат-жаныбарлардын кылык-жоруктарын да мыкты билген. Кыргыздын айрыкча аялуу малы жылкы болгон. «Ат – адамдын канатына» айланган, албетте, кыргыз баласы жылкы жаныбарды багып-кагып, үйрөнүп-үйрөтүүнүн миңдеген жылдарын өткөргөн. Бул үчүн кыргыздар жылкынын кү­нүмдүк турмуш-тиричиликтен баштап, аманат жанга күч келген коогалаң учурларда аткарган бардык кызматын, жүрүш-турушун, асыл сапаттарын мыктап үйрөнгөн, укумдан-тукумга өткөрүп берген.

Кыргыздын бүт өмүрү ат үстүндө өткөн десе болот. Баланы 3-4 жашынан айырмач ээрге отургузушкан, ал эми он төрт-он бешке чыккан өспүрүм мыкты чабандес жана көчмөн жоокерге айланган. Аны ат үстүнөн кол салып жана коргонуу жолдоруна үйрөтүшкөн. Ал үчүн адегенде каршы атчанды ээрден тартып түшүрүүгө, анан барып каршылаштын колдорун толгоп, ээрдин кашына басып кыймылдатпай коюуга жана муундарга салган түр­дүү оорутма ыкмалар аркылуу аз гана күч менен ат үстүнөн сүйрөп кетүүгө, алып ыргытууга үйрөтүш­көн. Ушул эле ыкмаларды кылыч, найза, чоюнбаш менен кол салгандарга каршы колдонууга мүмкүн болгон. Орто кылымдарда кыргыз каганаттары түзүлүп, жеңип да, жеңилип да келишкен. Согуш өнөрү өөрчүп, атактуу баатырлардын, хандардын, бектердин тегерегине кырк жигит, кырк чоро бирикмелери тү­зүлүп, кырчылдашкан Кытайдын Канжаркол жоокерлерине каршы турушкан. Жалаң колу менен куралдуу душманга каршы чыккан кытайлык жанкечтилерди кыргыздар канжарколдор деп атаган. Булар тууралуу «Манаста» кеңири баяндалат. Бири миңге татыган канжарколдордун кыргыз менен кармашы мыйзамченемдүү нерсе. Себеби кыргыздар өздөрү да ат үстүндө бири миңге татыган, «чагылган, бороон, ташкындай» жоокер журт болгон.

«Беш айбандын оюну»
Кытай даанышмандары Лаоцзы, Конфуцийдин дене жана рух жөнүндөгү, өмүрдү узартуу, дене менен жандын мүмкүнчүлүктөрүн чексизге чейин чыңап өстүрүү жөнүндөгү доктриналары ар бир кытайдын көкүрөгүнө кыт болуп куюлуп, атадан балага аздек менен берилип келгени да жашыруун эмес.

Ошол доордо «Беш айбандын оюну» – У-цзинь-шу деп аталган ден соолук – дем алуу гимнастикасы ойлонуп табылып, ал жолборс, аюу, маймыл, турна жана бугунун кыймыл-аракеттерин туурап үйрөнүүдөн турган. Бара-бара ушул гимнастиканын базасында кармашуу – колдонмо көнүгүүлөрү түзү­лүп, алар акырындап азыркы даңазалуу кытай ушусунун түрдүү стилдерине айланган. Кытай ушунусунун уникалдуу мектеби 496-жылы түзүлгөн болчу.

Даос жана Будда кечилдеринин өнөр тажрыйбалары кытайдын императордук армиясында пайдаланылган. Даостордун таалимин алган кытай жоокери өмүрү өткөнчө ал жолдон кылтайган эмес. Кармаш өнөрүнүн укмуштай түрлөрү менен машыгып чыңалган тандамал кытай жоокерлери империянын кызыкчылыгына «чаарбаш жапайыларды» багындырып басынтуу үчүн ишке салынган. Бекеринен «Манаста» канжарколдор  менен  кырк  чоронун кармаштары даңазаланбайт: даос устаттарынын жан-тенди тирүү куралга айландыруудагы укмуштай илими кыргыз жоокерлеринин эсин оодарганы, аларга бир гана асыл Алмамбет шер туруштук берип, мизин кайтарганы эпосто кеңири баяндалат. Канжаркол өнөрүнөн жеңилген кыргыздар келечек үчүн жакшы сабак алышат.  Канжарколдордун аракет-амалдары кыргыздардын коргонуу техника-тактикасын өз­гөртүп түзүүгө түрткү болот. Биринчиден, аттан түшүп жөө согушууга көнө башташат, экинчиден, контр-чабуулга өтүп, төрт тарапка бут менен согууну – «таштаман» техникасын ойлоп табышат.

Кармаш учурунда жылкынын кыймылдарын туураган жөөтаймаштын бул түрүндө «жара тебиш» – аттын арткы кош аягы менен кескин тебиши; алдыңкы буттарынын айланма кыймылдары менен чапчып алуучу «чапчыма» жана баш менен, омуроо менен согуу өңдөн­гөн кыймылдардан турган кармаштын жылкы стилин байыркы кыргыздар «Камбартебиш» деп атаган.

Чоро же Камбар деген наам бу жерде Манас жоокери дегенди тү­шүндүрөт. Камбар-Ата жылкы жаныбардын колдоочу пири экени да белгилүү. Манастын кырк чоросунун негизги ыйык парзы Ата-Мекен, атпай журтту коргоо болгондуктан, Камбартебиш менен машыккан Манастын жоокери эл түшүнүгүндө Ат үстүндөгү журт сакчысы катары пайда болгон касиеттүү түшүнүк. Демек, Камбартебиш – өзүн кор-
гоодо жылкы стилин пайдаланган Манастын кырк чоросунун эр таймаш өнөрү. Камбартебиштин чыгышы менен кыргыз жоокери ат үстүндө да, жерде да өзүн коргоонун күжүр­мөн системасына ээ болуп, ал өзүнө Көкөтеңирдин рухун сиңирет, б.а., кармаш системасы жана ыкмалардын алмашуусу пайда болот. Ошентип байыркы бабалардын атчан жана кээде жөө пайдаланган эртаймаш өнөрү Алмамбет баш болгон Манастын кырк чоросунун тапканы деп айтууга толук негиз бар. Жана ал кытайдын канжарколдоруна каршы мүнөздө өсүп өнүккөн.

Эрэңиштин (оодарыш) өзгөчөлүктөрү
Эрэңиш (эңиш же оодарыш) байыркы кыргыз көчмөндөр-дүн ат үстүндө кармашуу өнөр системи. Миңдеген жылдардын ичинде ат үстүн-дө кармашкан «темир атчандардын» турушу (стойка, позиция) келип чыгат.

«Темир атчан» позициясында колдордун орун которуштуруу же ордунан жылдыруу абалдары орой кармоо (захват) жана ыргытуу (бросок) ыкмаларын жасоо үчүн түрдүүчө коргонуу тосмолорун (защитные блоки) пайда кылат. Эрэңиштин тактика жана техникасын мезгил жана табият кайрап-бүлөп жерине жеткирген. Табият жоокер менен аттын кыймыл аракеттерин шайкештеп сайкалдап, алардын биоэнергетикалык касиеттерин бир бүтүн кылып жууруп салган. «Темир атчан» күжүрмөн турушу жоокер көч­мөн­дүн түбөлүк тынчып-жоошубас аскерий чабандестик үрөйүн көрсөтөт. Эрэңиште тегерене коргонуу тактикасы негизги мүнөзгө ээ. Ага жетишүү үчүн спираль боюнча чимирилген «Куюн» кыймылы колдонулат. Эңиште тактика-техникалык үстөмдүккө жетүүнүн негизи – коргонууда артыкчылык кылып, атаандаштын чабуул күчүн анын кыймыл багыты боюнча жиберип жана анын кол муундарына ар түрдүү оорутма, кайрыма ыкмаларды жасап, аягында, мүмкүн болсо, каршылашты ээрден эңип түшөт же алып ыргытат. Эрэңиштин ыкмалары учурунда чама, шартка жараша жасалат, б.а., учурга жараша жоокердин бүткүл турумунан тээп чыгат. Ошондуктан, атаандашты оодарып же эңип кетүүнүн ыктарынын түрү саны жагынан эсепсиз, кылма-кыл: эрэңиш кармаштын эркин жана калыпсыз (бесформенный) түрлөрүнө кирет. Бирок таза жеңишке жетүүнүн негизги ыкмасы болуп атаандаштын колун толгой тартып келип былк эткис кылып өзүнүн ээринин кашына басуу эсептелет. Ээрдин кашына толгоп басылган колду сууруп кеткен палван жок эсептүү.

Тоо арасында өткөн ат үстүндөгү көчмөн турмуш байыркы кыргызды эч кимге багынбас эр кылып бапестеген, ал эми тунук таза табият анын эс-акылын, ойлоосун кирсиз кылып чыңаган. Бул касиеттер ат жалында өмүр өткөргөн жоокер элдин «Эрсайыш», «Жамбы атмай», «Жаа тартуу», «Акинек чабышуу» (фехтование), «Көкбөрү» («Улак тартыш»), «Тыйын эңмей», «Ат чабыш» («Аламан байге») ж.б. көптөгөн ат үстүндө өткөрүлчү оюндарында уюган. Ал эми ушул жоокерлик оюндардын ичинен Эрэңиш ат үстүндө коргонуунун жана атоюн-каскадёрдук өнөрдүн туучокусу болуп эсептелет.

Канжаркол
Кытай менен байланышкан тарыхый окуялардын 2-3 миң жылдык күбөсү болгон кыргыз эли өзүнүн энциклопедиялык тарыхнаамасы «Манас» дастанында Канжаркол өнөрү жөнүндө маалымат менен кошо жалпы эле салттуу кытай философиясы жана анын эртаймаштагы туундусу Ушу тууралуу баян этет.

Канжаркол болчу жоокер эрте балалыгынан каражанды (физхикалык дене) жана жанды бириктирип чыңоочу түрдүү машыктардан өтөт. Дене менен жанды бир калыпта акырындап чыңоонун натыйжасында укмуштай чыдамкай жана ийкемдүү денеге ээ болуп чыгышат. Анан барып түрдүү системадагы демалуу машыктарынан өтүшөт; анын негизинде өмүркубатты (Ки же Ци) организмдин керектүү бөлүктөрүнө же чекиттерине (кол, бут, баш, чыканак, тизе, алакан, манжалар) жыйнап уюта билүүгө (концентрация) ээ болушат. Ылай, кийиз, жыгачтан жасалган ар түрдүү жабдууларды колдонуп, согуунун күчүн жогорулатып, техника менен демалууну үздүксүз байланыштырышып, тулкубой менен жылып жүрүүнүн бириктүү­лүгүнө жетишкен. Бара-бара тарамыш булчуңдардын чоюлчаактыгына жетишип, манжа, алакан, колдордун шакшагын, чыканак, таман, согончок, тизе жана баш мүчөлөрдү чыңап бышыкташкан. Окутуунун кийинки этаптарында канжаркол жоокер организмдин көрүнбөгөн ички резервдерин пайдаланып, биоэнергетикалык демалуу-гимнастикалык көнүгүүлөрдүн жана коюлган максатты аткарууда ички аракетти бир жерге жууруп уютуунун (концентрация) негизинде дененин белгилүү бөлүктөрү менен кыйраткыч энергетикалык сокку урууга жетишип жана ошол эле учурда ошол эле жолдор менен өз денесин кылыч кеспес, найза тешпес «соот» — темир денеге айланта алышкан. Мындай керемет күчкө ээ болгон канжаркол жоокер жалаң колдору же буттары менен жолборстун, арстандын, буканын белин үзө чаап же тээп, манжаларын душмандын мойнуна, ичине матырып ала билишкен. Рух менен денени аңсезимдүү жана бирмаксатка багыттап чыңап машыктыруунун бул жолу байыртадан келаткан эртаймаш – ушу же анын азыркы эквиваленти кунфу өнө­рүнүн негизин түзгөн. Ошентип ушу же кунфу өнөрү – бир эле максатты көздөгөн, бир эле түрдүү кыймыл-аракет менен жан жана денемашыгын узак жылдар үздүксүз аткаруу дегендикке жатат. Ошол иш-аракетти улам жогорку чектерге жылдырып отуруп, ушу устаты адам таңкаларлык натыйжаларга жетет. Демек, кунфу – ташты тешкен суунун тамчысы. Өзүн кемелге жеткирүүнүн жолун басып өтүү – өзүңүздү толугу менен кайра жаратуу деген сөз. Канжаркол чебер же кунфунун устаты болуш үчүн шакирт – адамды бүтүндүктөн ажыратып, майдаланткан бу дүйнөлүктөн кечип таштап, жандүйнө эркиндигинин кол жеткис бийиктерине кошулуп кетет. Бул окуунун негизинде жаткан Дао-Көкөтеңир – жеке инсанды бүт аалам менен чырмап жууруп салган универсал принцип жана ал өз кезегинде өзөгү ааламдык карама-каршылыктардын биримдигинен же Инь-Яндан турган ай-ааламды (макрокосм) өзүндөгү кичүү Ааламдан (микровосм) сезүүгө мүмкүн­дүк берет. Турмуш – чырмалышкан карама-каршылыктардын түбөлүк ашуусу; аларсыз өсүп-өнүгүү жок. Мисалы, канжарколсуз Кырк Чоро түзүлмөк эмес, кыргызды канжарколдор келип кырбаса Камбартебиш – улуу ушу дарагынын бир бутагы көктөп чыкмак эмес.

Канжаркол өнөрүнүн калыптанышына көз салсак, табият жана космос менен үздүксүз байланышкан жеке адам организминдеги тышкы көздөн жашыруун ички мүмкүндүктөрдүн ачылышына күбө болобуз. Космос менен табият үздүксүз биримдикте туруп, өз кезегинде Ааламдын бир бөлүгү болуп эсептелет. Табият менен Космосто өтүп жаткан бардык кубулуштар кишинин ден соолугуна таасирин тийгизет. Бирок, киши табигый таасирлерге көнүгүп жана эсептешсе, Космос таасирлерине дээрлик көңүл бурбай, ага маани бербеген учурлар арбын. Киши туулар замат эне менен болгон байланышын жоготот, биринчи дем аркылуу Космостун биоэнергетикалык демкубат системасына кошулат. Бул энергия Ки же Ци – демкубат деп аталат. Байыртан калыптанган биоэнергетик демалуу гимнастикасы – дем аркылуу кубат топтоо аракети болот.Байыркы тибеттиктер, индиялыктар, эгипеттиктер адамдын өмүрү жана ден соолугу ушул дем аркылуу кубат топтоого тыгыз байланыштуу экенин билишкен. Киши организми дайыма өзүн жаңыртып жана кемелге толтуруп туруучу система. Бирок шектенүү жана коркуу аргандай аракетти жокко чыгарат. Ой – бардык кыймылдаткыч күчтөрдүн башаты. Жаман ойлор туура ойду матап, сенейтип таштайт. Ошондуктан жан менен тенди (денени) аңсезимдүү жана бир багыттуу чыңап чыйралтуу – узун жана бактылуу жашоонун өбөлгөсү.

Камбартептин кайра жаралышы
Айкөл Манастын айдыңдуу ак жолунун изи менен «эскини жаңыртып, өлгөндү тирилтип» дегендей, Камбартеп өнөрүн кайрадан калың кыргызга кайтарып берүүгө аракет кылган эр азаматтар кемелге толуунун жана өзүн таануунун улуу жолунан өтүшүп, Эр Манастын Кырк Чоросунун жанүрөйүн таанып билип турган учуру.

Кылым Кытай улуу журттун Дао өнөрүн, жанкечти самырай рухунун чулуташ биримдигин, Теңирге момун уюган бороон рух империясы Тибеттин уникалдуу сакрал маданиятын тейлеп таанып үйрөнүү – байыркы кыргызды Чоң Кыргыз, улуу Кыргыз кылган улуу Тажрыйбаны – жанды, тенди Теңиртоонун жолунда кармап, аалам-табийгатка аркалаш сүйөнө өсүп, Космостун күнмайрам кооздугунан көңүл-көкүрөккө нап алып өскөн көөнө кыргыздын рухий жанаюу өнөрүн тикелеп, ал өзүн аңдап билип, кемелге толтуруунун биз унуткан дагы бир уникалдуу Жолу болгондугун, ошол Жолдун аян-белгилери азыркы кыргызды ат үстүнөн кармашуунун эрен жолу Эрэңиште, өчкөн отту күйгүзүп, өлгөн жанды тирилткен үрөйлүү сыйкыр өнөр Манасчылыкта сакталганын көрө­бүз.

Кытайдын кылторко үлбүрөк даанышмандыгын, Тибет менен Күнчыгыш өлкөсүнүн каразоодой бир тектүү мономаданиятын байкап, окуп-үйрөнүп, амалда (практика) колдонгон адам жан жарыгына жетип, ички өзөк ааламдын термояд табына туш болуп, анан бабалардын канжолуна кайрылып карап, алар деле акырзаман материализмге чейин аталган улуттардан кем эмес – тең, а балким кээ бир жагынан мисалы, Жараткан Эгем Бир Теңирге болгон момун, баёо, наристе баладай ишенчээк дили менен артык турганын көрүп, акырзаман кыргызы үчүн айкөл Атанын аруу жолунан башка багыт жол жок экенине дагы бир ирет муюйсуң.

«Саргара жортуп, кызара бөртүп» дегендей, жыйырма жыл ичинде байыркы кыргыз рухунун бизге жеткен чырпындыларынын алгылыгын иргеп отуруп, кыргыз адамынын денелик-рухий-психологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алган өзүн өзү агартып аруулантуу системи жана ошого негизделген эртаймаш мектеби түзүлдү. Бул жол менен жүргөн ар бир кыргыз баласы ахлактык жана психофизикалык аруулануунун улам бир баскычына көтө­рүлүп отуруп, акыры өзүнүн ички аала­мындагы айкөл Манастын Ааламрух Храмын, адамдын акыл жана карк күчтөрүнүн жогорку гармониясын түзгөн, улуттун рухий жаңылануусуна негиз болгон кудуреттүү Күчкубатты ачуу бактысына ээ болот.

Камбартеп мектебинин алгачкы көрсөтмө оюндары 1994-жылы Түркиянын президенти Тургут Өзалдын келишинин урматына Бишкек ипподромунда уюштурулган эле. Анын натыйжасында Камбартеп мектебинин кайра жаралуу демилгеси КР Өкмөтү тарабынан жактырылып, анын көрсөтмөлүү программасы «Манас» дастанынын 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын тизмесине киргизилген. 1995-жылы Ош шаардык стадионунда өткөрүлгөн Камбартеп көрсөтмөлүү программасы жетишилген ийгиликтерди дагы бекемдей түшкөн болчу.

Манастын кырк чоросунун кайра жаралуусунун руху демилгечилерди Күнчыгыш өл­көсүнө (Жапон), кишинин руханий жана денелик аруулануусунун эң эски булактарынын бири болгон айкидо өнөрү өсүп-өнгөн жерлерге зыярат кылууга түрткү болду. Самурай үрөйүнүн жаңырып аруулануу системасы болгон Будо мектебинин негиздөөчүлөрүнө таазим кылып, таалимине кулак төшөп келишибиз бекеринен эмес чыгар, анткени байыркы кыргыздын атчан кармашы Эр эңиш менен Айкидонун түбүндө жаткан биримдик, эки системадагы ажырым-айырмачылыктарга карабастан түбүндө кыймылдын түбөлүк гармониясын камсыздаган Куюн принцибине баш иет. Кармаш өнөрлөрүнүн Башыйыгы О Сенсей Кисшомару Уесиба менен болгон рухий жакындык жана ал кишинин акбатасы Камбартептин филосо-фиялык-эстетикалык тарабын бекемдөөдө маанилүү кадам болгонун айтып коюшубуз парз. Камбартеп өнөрү айкидо сыяктуу эле катаалдыкка каршы, душманды биротоло кырып-жоюуну көз­дөбөйт; шакирт-чоролордо айлана-чөйрөгө Манастын чыныгы айкөлдүгү менен аяр, этият, сүйүп мамиле жасоону көздөйт. Камбартеп – Манас жоо­керинин өзүн коргоп алуу жана руханий кемелтесин толтуруу өнөрү. Манасчылык сырдуу өнөрдөгү абсолюттук акыйкат учурларын тааный билүү, Эр эңиштин атчан кармаштын эң жетилген түрү экенин ажыратып кароо – Камбартеп өнөрүнүн заманбап концепциясын жаратууга мүмкүндүк берди. Мекенди сүйөр атуулдук бул кыймылдын башатында системанын жаратуучусу Назаров Кубанычбек менен катар белгилүү ойчулдар Болот Мамат, Өмүралиев Чоюн, ушунун «Ак Каркыра» мектебинин негиздөөчүсү Исаков Макетай, ушул эле мектептин кармаш устаттары Орозалиев Аскар, Маатов Жапарали, Орозов Байыш, маркум Юнусов Байыш, Сатыбалдиев Дүйүмбек жана аты аңызга айланган атоюнчу (каскадёр) Үсөн Кудайбергенов, улуттун баатыры Сүй­мөнкул Чокморовдор турганын айта кетсек ашык болбос. Улутту бириктирип ойготуучу бул улуу идеянын логикалык жыйынтыгы – Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшү болуп калды.

Бүгүнкү күндө эркин жана эгемен кыргыз эли жашоосунда жаңы көч барагын ачты. Акыл калчап көч баштаган бул жолдун башатында касиеттүү Айкөл Манастын ыйык кырк чоро орденинин устаканасы Камбартеп мектебинин турушу огобетер жүрөктү жарытып, дилди марыткан иш. Бул жакшылык иш ошокездеги Ош облусунун аксакалдары жана жетекчилери Баатыралы Сыдыков, Стамакун Асаналиев, Санабар Бахапова, Рустам Анарботоевдердин тилектештиги жана ак баталары менен башталгандыгы ого бетер кубанычтуу. Алардын ысымдары Камбартеп өнөрүнүн кайра жаралуу тарыхында түбөлүк калат. Элибиз айткандай, таза жүрөктөн таза ойлор, таза ойдон таза иштер жаралат.

Камбартептин ахлактык жана эстетикалык мааниси
Кыргыз элинин байыркы цивилизациясынын башатында адеп-ахлак, боорукерлик, жоокерчилик жана даанышмандык турган. Кытай жазмалары кыргыздарды бактылуу жана өмүр сүйгөн шатман эл катары сүрөттөшөт. Улут мүнөзүндөгү бул өзгөчөлүктөр – жаратылышында курчап турган айлана-чөйрөгө, адамзатына жана жаныбарларга карата болгон мээрим менен боорукердиктен башат алган маданият, рухий дөөлөт­төрдөн түптөлөт. Кыргыз адамына таандык ички момундук жана кубаныч сезимдери бабалардын миңдеген жылдардагы бейпил жашоосунан келип чыккан. Көңүл күүсүнүн бул деңгээли кыргыз ба­ласына ар­ган­дай тышкы сыноолордо ачуу­га жеңдирбей, ички жыргал туюмдан ажырабай туруп, акыл-эстүүлүк жана сабырдуулук менен чечүүгө мүмкүндүк берген. Бул – өтө маанилүү касиет. Мындай ички жыргал жана бейпил туюмдарсыз ал – өмүр тарыхындагы миңдеген сыноолордо таруудай чачырап, «Манас» сыяктуу алп дастанды жаратмак түгүл, түшүндө да көрбөй калмак. «Манас» – бүгүн кыргыз улутунун биримдигинин жана руханий жаңылануусунун, ошондой эле улуттун маданияты, наркы, өзүн аңдоосунун символу жана жаркыраган туу чокусу. Кыргыз жүрөгү Манас деп согуп турганда – ал өлбөс, ал түбөлүк! Айкөл Манастын Аалам руху – кыргыз элин улуу келечекке баштоочу түгөнбөс күч!

Акыркы жүз жылдарда биз «аттан түшүп» отурукташтык. Илим жана техниканын керемет ачылыштарынын күбөсү болуудабыз. Бүгүнкү жалпы кыргыз элинин сабаттуулугу жана билимдүүлүгү, сөзсүз, кубантат. Бирок ушул жетишкендиктер менен катар эле адамзаттын чечилбеген көптөгөн проблемалары өкүнтөт. Жалпы журттун билим деңгээлинин өсүшү азыркы адамдын ахлактык деңгээлин көтөрө алган жок, тетирисинче, бейтынчтык жана канааттанбагандык күч алды. Биз мекендештерибизге толук бейпилдик, чыныгы бакыт, кайгысыз, бакубат жашоо тартуулай албадык. Өкүнүчтүүсү: азыр башка бир да мезгилде болуп көрбөгөндөй ыймансыздык, ахлаксыздык адам акылын бийлеп алды; асылзаттык, шерлик сапаттар жеке пайдакечтикке орун бошотууда, айрыкча бул көрүнүш саясатчыларда жана саясатта ашкере жүз берүүдө; саясаттын өзү ыйман-ахлаксыздыктын синоними болуп калды. Саясый маданият каражаттары бийик идея, асыл ойлорду ишпалдасын чыгара бузуп элге жеткиргендиктен асылдык, идеалдуулук деген түшүнүктөр журт эсинен сапырылып кетти. Этикасыз саясат адамдардын жыргалчылыгын көтөрө албайт, ал эмес ахлаксыз жашоо адамдарды айбан кылат. Бул балээнин өзөк тамыры миңдеген жылдар тең салмакта келген ички жана тышкы экологиянын – табият, тоолордун жашоо экологиясы менен адамдын рух экология­сынын ортосундагы гармониянын бузулушунда жатат. Улуттун нарк-салт баалуулуктарынан жылмышып, заманбап аталган жашоо-шарт усулуна баш ийип берүү (бу жерде биздин күнөөбүз жок экенине карабай) акырындап жалпы адамзаттык адеп-ахлактын кыйрашына апкелүүдө. Бөрү замандын лабиринт сокмокторунда закымданган бакыттын артынан кубалаган биз, аласкар тоонун аскасындагы айрылышта түбөлүк бейпилдикке алпарчу чыйырын табалбай башы каткан барс сымалбыз… Азыркы дүйнөлүк цивилизациянын кан жолуна түшкөн биздерге комфорт менен материалдык дүйнө билимдеринен багыттанган илим-техника-физикалык аалам менен шартталган гана бакыт түшүнүгүн берет да, ал жолдогу адам ички мамырчылык менен жыргалга негизделген жеке өз ааламынан ажырап калат. Ичибизден жыргал менен бейпилдикке тунуп турганда, биздин айланабыздагы ким болсо да аларга аруулук, ак дилдик менен карап, тынчтыкта кол кармашып жашай алабыз. Бардык жандар умтулган текши бактылуулук – ар бирибиздеги тынчтык менен мамырчылыкта турат. Чыныгы бакытка ар бир инсан өз эли, өз журту, өз үй, өз чөлкөмүн жана өзүн курчаган ыйык тоолорунун арасында гана жете алат, анткени өз Мекениңен атылып турган ыйык күчтөр – түбөлүк баарына күч-кубат берип, баарын бапестейт. Ушуну түшүн­гөндөн соң биз бардык пикир-зикирибизди Улуттук Руханий тикелөөгө багыттап, Айкөл Манас атабыздын ааламдык үрөйүнө бет буруп, кайрадан ыйык тоолорубуздагы ыйык түтүндү булатып, калаа турмушу менен тең салмакта жа-шоого аракеттенишибиз – улут катары урпактар алдындагы ыйык милдетибиз. Тоодон ажыраган кыргыз тамырдан ажыраган дарак сыяктуу куурап, акыры үлп эткен желаргыга туруштук бере албаган камгактай калдаңдап, дүйнө элдеринин чокортосундагы орун-баркын жана улут катары касиет-кудуретин жоготот. Тоолордогу катаал, бирок тунук жашоо, момун, баёо ак дил кыргыз адамын жаралгандан бапестеп, ызат-ыйманы менен сактап келди, эгер эне коюн ыйык тоолору менен мурункудай тил таап, жашоосун уласа – кыргыз эли түбөлүк!

Рухандын жаңырып-көкөлөшү миң жылдар унутулган уңгулуу башатыбызга кайрып, келечек багытыбызга туура жол ачат: өткөнкү менен болочоктун ортосундагы бузулган тең салмакты тикелеп, тышкы экономика, саясат, глобалдаштыруу менен өнүгүүнүн ички ас­пект­териндеги бузулган гармонияны калыбына келтирет.

Камбартеп жана философия
Байыркы кыргыз коомдук  түзүлүшүндө абсолюттук демократиялуу үчилтик принцип – Манас, Бакай, кырк чоро мамлекеттик жашоонун негизин түзгөн. Бул теңирчилик философиясында Көкө Теңир Көк Дүйнөдөгү негизги күчтөр – Күн, Жер, Айды ишаралап, түпбашат (элемент) символикасында – ат, жер, металлды билдирет да, алар өз кезегинде инсандагы үчилтик: аң сезим, дене жана ички кубатты түшүндүрөт, булар болсо адамзат жамаатында бийлик, даанышмандык, күч кубат катары чагылып, ал схема кыргыз коомунда элдин абсолюттук калыс бийлигинин жеке символу болгон кандардын каны Манасты, журт карысы, даанышманы жана көзачыгы көсөм Бакай абаны жана себил­дүүсү сексен төрт, серп алган жагы кызыл өрт болуп элдин баарынын жеңип-кыйратуучу жана тикелөөчү куч кубатын билдирген кызыл кыраан кырк чорону туюнтат. Кыргыз коомунун түзүлүшүндөгү бул үчилтик анын кылымдар кыйрата алгыс алтын туур негизи болгон. Кыргыз эл болуп, журт болуп жаралгандан бери коомдук, ички жана тышкы жашоосунда мындан мыкты, мындан артык сыналган түзүлүштү баштан өткөрбөгөн. Коомдун жеке мүчөсү инсан менен элдин ортосундагы адилеттүү теңсалмактын сакталышы миңдеген жылдар бою элибиз абак-түрмө, кулпу-кароолу жок эле жашоого мүмкүндүк берген. Эне табигаттын алпештеген койнунда, асман менен  жериңдин теңсалмак чок ортосунда жашоо кечирген баёо журттун улуттук мүнөзүндө да эркин ойлоо, адилеттик жана эгемендик деп аталган принциптер түбөлүктүү чегеленген. 2005-жылдын 24-мартында жүз­берген окуялар дал ошол байыркы кыргыздын баатыр рухунун улуттун өнүгүшүнө каршы Сатаний күчтөрдүн ыйманды унутуп, че­нөлчөмдү билбей башкарган бийлигине урган соккусу болду. Бийлик ээсинин эрки менен эл эркинин ортосундагы гармониянын  бузулушу – тоо турмушунун экологиясынын бузулушуна алып келди. Жакырчылыктан кыжыры кайнаган байыркы көчмөндөрдүн урпактары тоолордон куюлуп түшүп, алеки саатта чириген алсыз да арсыз бийликти алмаштырып салышты. Саясатчы төбөлдөрдүн адеп-ахлак принциптеринен оолакташы эмнеге алып келээрин көрсөткөн бул уникалдуу тарыхый сабактын  жыйынтыгы – калк экономикасынын жана туруктуулуктун төмөн­дөшү болуп жатат. Дүйнөлүк цивилизацияга толуккан аралашуу үчүн нукура улуттук идеология зарыл экени түшүнүктүү болуп калды. Акырзаман катаклизмдеринде улуттун аман калуу, өзүн сактоо сис­темалары ишке түшүп, алар эми элдин кызыкчылыгында иштеш керек. Ушу тапта кадимден реалдуу натыйжа бере келген эки нерсе: жан дүйнө тынчтыгына жана эс-акылга келишибиз зарыл. Бул үчүн элдин ар бир атуулу ички бейпилдикке уюп, өзүн кемелге жеткирүү жолунда айлана-чөйрө менен гармонияда жашоо керек. Экономика менен кошо жан дүйнө теңсалмак өнүгүшү шарт. Жалпы адамзат менен бир үй бүлөдөй ынтымак жашоо зарыл. Бул – жашообуздагы туруктуулуктун кепили. Ал эми тоолордун турмушунда ички-тышкы экология теңдештигине жетишүү үчүн коомдук түзүлүштүн байыртан өзүн актап келген – Манас, Бакай, кырк чоро идеясынын мате-риалдык модели Айкөл Манастын аалам тоопканасы (храмы) же Манастөр – рух-дене машыгынын  сыйынты курулуш керек.

Улуттун өзүн сактоо жана өр­күндөтүү стратегиясы коомдогу элдик-демократиялык күчтөрдүн биригишине, анын күжүрмөн авангарды болгон кан Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшүнө, кыргыз элин ынтымак-ырашкерликке, бейпил турмушта жашоосуна алып келет.

Дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерин өздөштүргөн ыйык тоолор койнундагы таза жашоо кыргыз эли жаңы гармониялуу коомду куруп жана түбөлүк саясый сасык оюндардан кутулууга мүмкүндүк берет. Анткени адам болуп туулуштун өзү эле керемет, ал эми бейпил, татыктуу, кубанып жашоо – улуу бакыт. Буга жетүүнүн негизги жолу – жантеңиздин тынчып, бейпилдикте уюусу. Эгер акыл тынчып, тунук турса, ар кандай маселени чечсе болот. Тетирисинче, биз пендечиликке алдырып, жек көрүү, көмөчүбүзгө күл­тар­туу, кызгануу же ачууга жеңдирип ийсек абалды туура баалоодон кол жууп калабыз. Акыл көзүбүз көрбөй калган мындай учурда баары болуп кетиши мүмкүн. Пенденин азап-тозогу, көбүнчө, ошол акыл-эсин тартипке салып, ички кубатын багыттай албагандан келип чыгат окшобойбу. Акылды тынымсыз курчутуп машыктырган адам гана чыныгы бакытка жетет. Акылды курчутуу кишини азап-тозоктун бардык түрлөрүнөн куткарат жана тө­мөн­күдөй ыйык акыйкатка алып келет: азапты таанып, анын булагын жогот; азап менен жапаанын тамырын кыйып таштап, кутулуу жана боштондук жолуна түш. Азап менен кыйынчылыкты кыйратуу үчүн аң сезимдеги аларды жараткан себептерди кыйратып, алардын ордуна бакыт, жыргал апкелчү башаттарды күргүштөт. Тартипке түшпөгөн акыл закымды түбөлүк катары кабылдайт да, аны ээлөөгө адамды ээликтирет. Кыялдагынын артынан жээлиге бериш адамды агрессивдүү кылат, андайдын көңүл-көйү туруксуз келип, атаандаштыкка чабат. Адамзат чөйрөсүндө жашап жаткан биздер жаманды жаман, жакшыны жакшы деп таасын айра билген даанышмандыкка жетип, кишинин кайгы-азабын тең бөлүшүп, аларга кайрымдуу, боорукер болушубуз шарт. Булар биздин бабалардан, айкөл Манастан калган Осуят.

Куюн кыймылынын гармониясы
Суу үстүндө же жер бетинде капыстан пайда болуп, баарын оп тартып, баарын айлампа кургуй (спираль) аркылуу чексизге чейин соруп чимирилген Куюндун табиятын ойлонгон даанышмандар алар те түптөн, Ааламдын биоэнергетикалык тирүү чимирик кубатынан пайда болгон нерсе экенин байкашкан. Чыгыш кармашынын чы-гаан устаттары жолунда баарын оп тартып, баарын кыйраткан куюн принцибине салып атаандашты чалкасынан салуунун шумдуктай илээлерин табышкан. Алар кишинин дене жана жан күчтөрүн аң сезимдүү күчөтүп бир борборго топтоо менен кармашуу өнөрү айкидону жана каршылаштын өз күчүн өзүнө колдонуп, теңсалмактан чыгарып ыргытып ийүү илээси Тай Чи таймашын жаратышты. Ошол эле учурда, табигый шарттарда атчан атаандашты ат үстүнөн алып ыргытуу системасы Оодарыш кыргыз көчмөн­дөрүндө интуитив дааруунун натыйжасында пайда болгон.

Өнүгүү баскычтарындагы айырмачылыктарга карабастан алып-чалып ыргытуунун бул системаларынын башаты бир, анын үстүнө энергетикалык дене өз огунун айланасында айланып жана каршылаштын кубат күчү менен өз ара аракетке кирген учурда аны өзүнүн куюн жолунун орбитасына соруп киргизип, анын кыймыл энергиясын өзүндөгү уюп-тынуу кубатына өз­гөртүп ийгенден кийин атаандаштан таяныч чекити, кыймыл күчү жана тездиги боюнча ашып түшөт.

Өз кезегинде ошол карама-каршы күчтөрдүн өз ара тең салмак аракети Куюн кыймылынын гармониялык аракет теориясы ааламды философиялык аңдап билүүнүн негизги бөлүктөрүнүн бири. Камбартеп концепциясынын негизи. Ал боюнча адам денеси микрокосмос катары каралып, аны чыңдоонун эң мыкты жолу жан менен каражандын (физикалык дене) теңсалмак өнүгүүсүнө жетишүү керек. Өзүңдөгү ички кубатты жана денени тазалап башкара билип, та-бияттын бир бөлүгү болгон киши менен жылкынын ортосундагы теңсалмак гармонияга жетишүү жана анын негизинде бизди курчаган бүтүн айлана-чөйрө менен гармонияга келип жашап, аракеттенүү – ушулар гана инсанды бир багыт жолго салып, чоң ийгиликке жеткирет.

Аң сезим менен каражандын (физикалык дене) өз ара байланышынын гармониясы
Өзүнүн огун спираль боюнча айланган киши Куюн кубатына ээ болот. Аң сезимдин импульсу менен ички энергокубаттын жуу­рула аракеттенишинен Куюн кыймыл күчү келип чыгат. Аң сезим тазаланса, организм иш аракети да жакшырат. Бийик сүкүт абалдары эсти тескеп, акыл нурун ойготот – алар максат жолун жарытат. Ойдун күчү жан-ыйманды бекемдейт. Аң сезим менен рухан организмди теске салат. Таза жол менен Акыйкатка умтулуу организмдин ар бир клеткасын кыймылга келтирип өнүктүрөт; ар бир жаңы дем менен вена жана артериялар тазаланып, кан айлануу жакшырат да, дененин булуң-бурчуна өмүр кубат (жизненная энергия) тезирээк жетет. Бул амалдын натыйжасында мээ тазарып, кайчы таасирден улам аң сезим жаңырып, үрөй (рух) бекемделип, ар бир иш аракетиң жөнгө салынат. Куюн кыймылында сүкүттүн Бошоңдоо деп аталган жануютуу ыкмасы колдонулат; анын негизинде аң сезим спираль боюнча аракеттенген дене кыймылын бир багыт күзөтөт, көңүл сүкүттө­гүнүн денесиндеги эң маанилүү тү­йүндөргө жана спираль кыймыл аракетке уюйт. Мындангелди, Бошоңдоо – аң сезим денени ээрчип жүргөн­дүктөн башка бардык сүкүт жолдорунан кыска жана натыйжалуу жол болот. Кишиде кан айлануу менен кубат агымдын багыты (энергия агуу) карама-каршы. Энергия – жогору умтулат, кан өз салмагына көз каранды болгон үчүн – төмөн. Бошоңдоо учурунда сүкүттөгү чоро болгон жанынтаа­сын кан жана энергия ачып аткан канал-агымдарга коёт. Жана жан кубат (энергия) дайыма ойду ээрчигендиктен, барып отуруп сү­күт ээси (чоро) энергияны организмдеги каалаган чекитке агызып, куюп, буруп, топтоп алууну үйрө­нөт.  Мындай абалга жетүү үчүн аң сезим объектке көңүл коюуда бир кыйла аракеттениш керек экени түшүнүктүү. Аз-аздан мындай жануюу аракеттеринин натыйжасында сүкүт ээси жандүйнөдөгү кара тактардан кутулуп, ыйманга келип, агарып баштайт. Ыйманга келүү бу жерде Куюн күчү менен ой күчүнүн ортосундагы гармониядан келип чыгат. Сүкүткө кирген чоро таза, тынч орундан жай алып, өзүнүн ички кубат ааламындагы орто түйүнгө (дяньтянь) көңүл коюп, айталы, ошоерде балбылдап күйгөн Күндү элестетип баштайт. Андан соң сүкүттөгү «Темир атчан» турушка келет да, көңүлдөгү «чексиз шарды» жай аккан бир калып кыймылга келтирет. Ошол калыбында аң сезимдин объектке кадалышын уланта берет, эми ал мурунку абалдан дагы объектке тереңирээк сүңгүп, кайсыл бир бейпил образды, мисалы, толгон жайлоо деп коёлу: көпкөк асман, аппак кар баскан асман, тоолор жапжашыл тукаба жамынган адырлар… ушундай элести «тирүү» көрүүгө аракеттенет. Көңүл чордону жанкубаттын ички агымына топтолот. Дем жана кыймыл энергиясынын күчүнөн кубат алган бул агымдар бурулуп чимирилүү айлампасына ашылат да, бара-бара аң сезим дененин кыймыл ыргагын жана пайда болгон шыпаагөй чөйрөнү айкын ажырата баштайт. Сүкүт үстүндөгү чоро аң сезимдин кымындай четке агылган учурун даана сезип, аны көңүл чордонуна (объект) буруп турат. Андан аң сезим объекттин майда-чүйдө маанилерине агыла баштайт. Алыс… алыстагы жашыл шалбаалардагы аппапакай кыргыз үйлөр, келишкен аттар, кызыл-тазыл кийинген сулуу кыздарды даана көрөт. Алар жылмайып турушат. Көңүл көкөлөйт. Кыймыл дагы таасындала, тактала түшөт. Кубат агымдын, демдин, кыймылдын ыргагы бир нукка куюлуп, турукташа берет. Аз-аздап сүкүттүн жанга берген жыргалы аң сезимге таасын уюй баштайт. Кыймылдагы жан-тен таза табиятка жуу­рулуп, кубаныч менен жан жыргалына чумуйт. Шыпаагөй таасир жана аракет пайда болгон кенедей ныксыроону же элирүүнү айдап жоготуп турат, дене абага эрип сиңип кеткендей туюлат. Ал спираль боюнча көкөлөп жер, чөп, суу, шаркыратма үстүндө каалгып калат. Көкөлөө – сүкүт уюуга карата болгон акыркы терс сезимдерди жууп салат. Шаркыраган суунун үнү менен кубаты денеңди сергитет. Күндөн куюлган ысык тап жаныңды жайратат. Жануюу бүтүн барлыгына сиңип, толуп ташкандыктан, эми башка бир да таасир бул процессти бузуп токтото албайт. Кыймыл басаңдайт. Кубат агым ыргагы толугу менен дем жана кыймыл ыргагына куюлуп кетет. Аң сезим толугу менен бир гана объектте уюган. Табигыйлык пайда болуп, бейнеге көңүл топтоо өзүнөн өзү келет. Анан Куюн аракети тышкы ыкмалар аркылуу өнүгүп өсөт. Куюнду пайда кылган күчтөрдүн жайланышы аракеттеги элементтердин алмашып турушун тактоого мүмкүндүк берет. Куюнда чимирилүү кыймылы «түртүү» жана «тартуу» кыймыл күч элементтеринен пайда болуп, алар кезектеше алмашып спираль боюнча багытталган куюн-чимирикти жаратышат. Алар системдүү, бүкүлү иштешет. Куюн аракетин бүлөп курчутуп, жан дүйнөдөгү бардык кубат агымдарды оң мааниде өнүктүрүп өстүрсө болот. Бул иш-аракет барып Бошоң-доого куюлуп кетет да, атчан же жерде турган жоокер өнөктөшү менен амал-практикада ийкемдүү­лүккө, өз ара тең салмактуулукка иштей беришет.

Акырындап акыл, жан, дене тазалыгы келген сайын эмгек, чыдамкайлык, даанышмандык жана максатка умтулуу аркылуу өз денесин жана ички жан кубатын каалагандай башкара билүүчү чеберчилик пайда болот. Куюн кыймылында кемелге толгон жоокер акыл менен дене аракетинин биримдигине келип, сырткы таасирлерге таңкаларлык сергектик менен карап, дененин спираль боюнча кыймылынын геометриясы эң мыкты координацияланат, ошонун негизинде кыр арканын ийилчээктик ийкем­дүүлүгү, дем алуунун натыйжалуулугу, тарамыш байламдардын серпилгичтиги, туруктуу пластикасы жетчү чекке жетет. Мындан жалпы организмдин биоэнергетикалык мүмкүндүгү керемет касиеттерге толот. Тазарган аң сезим таң каларлык бышык жана кубаттуу дене менен биригип, чагылгандай тез натыйжалуу кыймыл аракеттер жасалат, андан улам каршылашты көз ачып жумгуча алып, чалып, оодарып, эңип түшүүгө мүм­күн болуп калат. Демек, Куюн кыймылынын негизинде денени ойдо жок гармония менен башкара билүү – жан менен дене гармониясы келип чыгат.

Ат менен адамдын мамилесин-деги гармония
Миңдеген жылдардан келаткан ат үстүндөгү бабалардын практикасынан белгилүү болгондой ат чынында эле адамдын канаты, ат үстүндөгү адамдын аң сезиминен ден соолугуна чейин жөөлөргө караганда асман-жердей айырма болот. Ат үстүндөгү чабандестин кыймылы аттын жү­рүшүнө карата тең салмакта, бой келбет каккан казыктай түз, ийкемдүү кармалып, карын көңдөйү­нүн эң түпкүр булчуңдарынан тартып, арка, кол-бут, моюн, белкөчүк, чаткаяк булчуңдары аз-аздан ийилип-чоюлуп, талкаша болуп көнү­гөт. Аттын эмшыпаа жылуусу жана аурасы кишини өзгөчө бир таза, табигый абалга кабылтат, чабандестин тула-бою тынымсыз бирдей микродозада вибромассаждалып, ошонун натыйжасында көчмөн эркек жыныс оорулары жана тукумсуздук, муундарда туздун топтолушу деген эмне экенин билген эмес. Аттын биоэнергетикасы кишинин дене жана жансоолугуна дайыма оң таасирин тийгизет. Ат үстүндө кишинин көңүлү көкөлөп, кез-кезде чу, жаныбарым деп ички жыргалды Камбарата менен тең бө­лүшүп бараткан не деген бакыт. «Күлүктү минген күндө мас, жоргону минген жолдо мас». Атчан жоокерде ийкем серпилгичтик менен бирге эле урагыс катуулук да кошо тарбияланган.

Ат менен адамдын өз ара ара- кеттенүү мамилесинде табийгаттын өзүндө катылган “катуулук-ийкемдүүлүк”, “жумшактык, пластикалуулук” деген сапаттар биринен бирине өтүп (көбүнчө таза табигый субъект катары аттан адамга) жана ушул карама-каршы күчтөрдүн тең салмактыгына жетишилип, аягы келип жоокер-чоронун ички энергетикасы толугу менен максатка ылайык өзгөртүп түзүлүп, тотал мобилизациялоого даяр абалга жетет. Бул деген ат үстүндө отурган жоокер кубат агымдардын ажайып Куюн дүйнөлөрүнө кабылып, бардыгын жараткан Улуу Теңирдин чексиз кудуретине баш ийип жана жумшактын катуусу, ийринин түзү, ийкемдин соккусу дей турган абалдарга апкелген бүтүн турушту Бошоңдотуунун сыйкырын сезип көрүү дегендикке жатат. Мына ошондо касиеттүү Камбарата менен Адам ата тукумдары байыркы гректер аңыз кылгандай, ички жана тышкы биримдиктин туу чокусу – бир бүтүн Кентаврга айланышат. Бул бүтүндүккө жетүүнүн көмө жана көрүнөө максаттарын ийине жеткире ийлеп ишке ашыруу – Камбартеп кармаш мектебинин улут алдындагы ыйык милдети.

Айлана-чөйрө менен мамиленин гармониясы
Ааламдын акыл оодарган кан жолунда жеке адам, Камбартеп рух мектебинин жоокер чоросу Кудай Теңирдин буйрук максатына ылайык өзү ички жанаалам өнүгүүсүнүн бийиктерине чабыттап, ай-аалам, айлана-чөйрө, калган адамзат менен мамыр-жумур улуу гармония абалында жашоого умтулат. Жылкы жаныбардын эне табияттын эң ыйык, аялуу бөлүгү болоорун билген чоро-жоокер “Ат – адамдын канаты” экенин эч качан эстен чыгарбайт, аны ыйыктайт, аздектейт. Астындагы аты менен бир бүтүнгө айланган кыргыз баласы Жер эненин ыйык ыргак толкундарына кулак төшөп, тартылуу күчүнөн Антейче кубат алып жашайт. Кыргыз баласы аттан теги жыгылбайт, жыгылса да ат жалын төшөйт деп эсептейт; кара кыргын, кызыл сүргүндө да кагылайын ат жаныбар ээсине залал жеткирбейт, тебелебейт. Аттан “былч” деп түшүп, жаракат алып, жапа чегүү – кыргыз үчүн өтө сейрек көрүнүш. Ал жыгыла билет, Жер эненин койнунан кубат ала билет жана кайрадан атка акилбирсче бир каргуу менен мине билет. Астында – төшү түктүү Жер эне, үстүндө – төбөсү ачык көк туруп, мингени канаттуу эр аты болгон кыргыз баласы жеңилип көргөн эмес. Азыр – жеңилет, себеби кыргызды аттан сүйрөп салышты.

Камбартеп – бул дене менен жанды бапестеп барктап, жогорку чыңалуудагы биримдикке жеткирүүнүн уникалдуу жоокер жолу; улуттун түпкүр идеясы менен көмө уюп, Ааламдын ирмемге токтобой агып жаткан улуу жолунан тайбай, чегинбей, калбай түбөлүктүү кошулуп, шайтан дүйнөнүн азгырык оюндарынан кутулуунун жолу. Камбартеп – кайталангыс Манасчылык өнөр менен Кыргыз атадан келаткан байыркы көчмөндөрдүн эр өнөрү Оодарыштан ширетилген нукура улуттук туунду. Камбартеп – кыргыз баласынын үрөйлүү ыйык касиеттерин калыбына келтирүүчү система, адам денеси менен рухунун мүмкүндүктөрүнүн дагы бир ыйык жолу. Камбартеп касиеттүү кан Манастын кырк чоро орденин кайрадан калыбына келтирип, айкөл Атанын Аалам коңгуроосунан жар салат. Камбартеп – акыр заман кыргыздарын бабалардын канжолунан ажыратпай жана азыркы цивилизациянын пайдалуу, оң таасирлерин жуурулуштура улуу келечекке, өнүккөн адам дооруна чакырат. Миңдеген жылдар кыргыз коомдук башкаруусунун демократиялык адилет принциптери болгон – Манас, Бакай, кырк чоро жана Манастөрдү улуттук масштабда тикелейт.

Манастөр – бул кыргыз улутунун Башыйык Төрү, Ааламга, Теңирге, Адамзатка чыгуунун ыйык амалият – (практика) мектеби. Кыргыз баласы ааламдын энергетикалык байланышын Манас атанын үрөйү аркылуу ишке ашырат. Мухаммед мусулмандар үчүн, Будда – буддисттер, Конфуций – кытайлар жана Иса пайгамбар – христиандар үчүн кандай ыйык болсо, Манас атабыз кыргыз үчүн дал ошондой ыйык.

Камбартеп – кыргыз рухунун түбөлүк кыймылы, салт-нускадан азыркы планетардык жаңыланууга өтүүнүн улуттук жолу. Прогрессчил адамзат аң-сезиминдеги эң ыйык, эң бийик идеялар менен биригип кошулуу жолу.

Манасчынын рухий-магиялык өнөрү
Манасчылык өнөрдүн жа-кынкы эле мезгилде акылга сыйбачудай көрүнгөн керемет-сыйкыр жактары элибиздин рухий боштондук-желаргысы менен кошо аз-аздан ачыла баштады. Ошого карабай манасчылык өнөрдүн аян, сыр, керемет аркылуу айтуучуга берилиши, мухиттей чалкыган кең дас­тандын ар бир жолу ар башка, кайталанбай ондогон, жүздөгөн варианттарда айтылып калыш сырлары материализм жөрөлгөлөрүнөн эми гана кичине козголуп, жыла баштаган биздин илим үчүн дагы эле табышмак… Манасчынын көзүнө көрүнүп, закымдай желип-жортуп, биздин физикалык ааламдан башка дүйнөлөрдүн, Манас дүйнөсүнүн бар экенинин далили катары түгөнгөн сайын түтөп, чачылган сайын толуп, оролуна келип, Чексизден Чексизге керилген жаадай бүтүн Баарлыгыңды ээлеп алып агып турган не деген керемет!? Азыркы жаңы фундаменталдык космофизика ааламдын кат-кабатынын, бүктөм сырларынын чексиздигин жарыялаган учурда, Манасчы ааламы дагы көп кабат, көп өлчөм, бирин сыйрысаң улам кийинкиси ачыла берген ченсиз-чексиз кө­рүнөт. Аалам дүйнө менен Адам дүйнөнүн бир-бири менен чексизге созулган алака-мамилесинде манасчылык өнөрдүн, “Манастын” жана Манастын орду каерде, башаты каерде?! Аалам жөнүндөгү эң соңку фундаментал түшүнүктөргө таянсак – Назик дүйнөлөрдө (Тонкий мир)! Ааламдык эфирдин ар кандай катыштарынан турган ментал, эмо-ционал алкактарда. Кыргыз улутунун коллективдүү аң-сезиминде (Юнг), кыргыз арбактар дүйнөсүн­дө (Эгрегор системи), Жер адамзатынын ааламдык аң-сезим банкында. “Манас” эпосунун жана манасчылык өнөрдүн улут үчүн эң баалуу жана талуу жери – бул өнөрдү угуп жаткан ар бир адам (албетте, кыргыз адамы) аз-аздап Чыгыштын улуу рух системаларында миңдеген жылдардан такталып бүткөн медитативдик (сүкүт) абалдарынын Жогорку чектерине баш багып, жануюу (концентрация – дхьяна) деңгээлине кирип кеткендигинде. Бул абалда – улуу окуулар йога, дзэн, сопулук-тарикат системаларындагы окуучунун бир нече ондогон жылдык жан машыктар менен жеткен абалдарына окшош. Улуу манасчылар угуучуларын жануюунун жогорку чектерине алып чыгып, керемет-сыйкыр дүйнөлөргө алып кирип кете алышкан. Атүгүл дастандын каармандары көзгө көрүнүп, ат туяк­тарынан издер калып, угуучулар жакасын кармап, тобо кылган учурлар тууралуу аңыздар эмгиче эсти оодарат. Демек, Манас дүйнөсү биздин ааламга параллель жашаган жана ачкычын таап бураган кезде ачылып, кыргыз баласына жаназык берип турган рухбашат аалам. “Манасты” угуп отуруп Айкөлдүн тирүү Арбагына таазим этип, сүкүткө кирген кыргыз адамы, биздин оюбузча, рух ааламдарына накта кыргыз жолу аркылуу бир каргуу менен жетет.

Айкөлдүн үрөйүнө жан уютуп, көңүл топтоонун  жогорку медитативдик абалдарынын  практикасы
Кайталайбыз: адамрух менен ааламрухтун байланышы тээ түп башаттан, аны Жараткандан башка эч ким үзө албайт. Азыркы адамзаттын максаты: ошол солгундап калган байланышты кайра калыбына келтирип чыңдоо. Тоо адамы калаа тургунуна караганда алда канча чымыр, дени-карды соо, жан дүйнөсү да тазараак. Бул – аксиома. Таза суу, тоо, көмкөрүлгөн Көк астында, табият менен аралаша жашаган адамдын ой пикири да жөнөкөй, баёо, таза. Бабалар ошон үчүн сөз кереметине, сөз тунугуна уюшуп, Айкөлдүн арбагына арасында жүргөн тирүү инсандай сыйынып, таазим кылышкан. Бирок акыркы 150-200 жылдагы темир замандын арышы баёо кыргыз баласын да аруулук, тазалыктан ажыратып, алдамчы, эки жүздүү, ынсапсыз, ыймансыз болууга мажбурлады.

Андыктан акыр заманда байыркы тунук башаттан нап алып, бабалардын үрөйлүү жолуна кайрылып, алардын таза, баёо практикасынан сабак алууга туура келет.

Муну кыргыз баласы жөнөкөй эле жолдор менен, мисалы, улуу манасчы Саякбайдын көп кырлуу, көп сырлуу үрөйүнө көңүл топтоп, жан уютуп сыйынып баштап, анан дастан дүйнөсүнө кирип, айкөлдүн кыргыз үчүн жасаган нарктуу-салттуу эмгектерине көңүл топтоп, жан уютуп, көрө билүүгө, көз ачылууга үйрөнсө болот. Эгерде Манас Ата арбагына, манасчы үрөйүнө көңүл топтоп, баш оту менен кирсе сү­күттөгү адам өзгөрүлгөн аң-сезим абалдары (измененное состояние сознания) деп аталган таң каларлык абалдарга туш болот. Көзачыктык, керемет көрсөтүү келип чыгышы мүмкүн. Сүкүттөгү адам акылды тунутканда ааламдык Теңдешсизге (буддизмге-Боштук: Будда, Теңирдин абалы) кабылып, өзгөрүлмө дүйнөнүн оюндарынан чыгып кетет. Албетте, сүкүт үчүн таза, тынч, өтө ысык же өтө суук болбогон орун тандалат. Сүкүткө кирген Чоро
баарынан канагат жана ырахат алып, напсисин агытпай, болгонго шүгүр кылып, жаман сөз, жаман көздөн качык болууга тийиш. Өрнөк­түүлөрдү (манасчыны) угуп-эшитип, ойлонуп, ал акырындап акыл тунугуна келет. Ач көздөнүп эңсөө, туруксуздук – жанүрөй максаты үчүн өлүмгө тете экенин билүү зарыл.

Бейпилдикке жетишүүгө тоскоол болгон беш ката төмөн­күлөр:

1. Жалкоолук – сүкүт-жан уюуга негизги тоскоол;

2. Унутчаактык – сүкүттөө объектти бир чордонго келтирүүгө тоскоол;

3. Уйкучулук, элөөрүү же энөө­лүк – көңүл топтоону бөлүндү кылат;

4. Эмдары колдонбоо – уйкуга же элөөрүүгө алып келет;

5. Же ашкере көп колдонуу да көңүлдү бузат.

Беш катага каршы сегиз эм бар. Кыргыз баласы бул жаатта элестүү кабылдап жана ойлоно билет. “Манасты” көп уккан адам аң-сезими тазаланып жана бир жерге уюй баштаганын байкайт. “Манастын” үстүндө ойлонуп, анын окуяларына көңүл топтоо – биздин мектептин сүкүт практикасынын өзөгү.

Манастын кырк чоросунун кайра жаралуусунун руху демилгечилерди Күнчыгыш өлкөсүнө (Жапон), кишинин руханий жана денелик аруулануусунун эң эски булактарынын бири болгон айкидо өнөрү өсүп-өнгөн жерлерге зыярат кылууга түрткү болду. Самурай үрөйүнүн жаңырып аруулануу системасы болгон Будо мектебинин негиздөөчүлөрүнө таазим кылып, таалимине кулак төшөп келишибиз бекеринен эмес чыгар, анткени байыркы кыргыздын атчан кармашы Эр эңиш менен Айкидонун түбүндө жаткан биримдик, эки системадагы ажырым-айырмачылыктарга карабастан түбүндө кыймылдын түбөлүк гармониясын камсыздаган Куюн принцибине баш иет. Кармаш өнөрлөрүнүн Башыйыгы О Сенсей Кисшомару Уесиба менен болгон рухий жакындык жана ал кишинин акбатасы Камбартептин филосо-фиялык-эстетикалык тарабын бекемдөөдө маанилүү кадам болгонун айтып коюшубуз парз. Камбартеп өнөрү айкидо сыяктуу эле катаалдыкка каршы, душманды биротоло кырып-жоюуну көздөбөйт; шакирт-чоролордо айлана-чөйрөгө Манастын чыныгы айкөлдүгү менен аяр, этият, сүйүп мамиле жасоону көздөйт. Камбартеп — Манас жоокеринин өзүн коргоп алуу жана руханий кемелтесин толтуруу өнөрү. Манасчылык сырдуу өнөрдөгү абсолюттук акыйкат учурларын тааный билүү, Эр эңиштин атчан кармаштын эң жетилген түрү экенин ажыратып кароо — Камбартеп өнөрүнүн заманбап концепциясын жаратууга мүмкүндүк берди. Мекенди сүйөр атуулдук бул кыймылдын башатында системанын жаратуучусу Назаров Кубанычбек менен катар белгилүү ойчулдар Болот Мамат, Өмүралиев Чоюн, ушунун «Ак Каркыра» мектебинин негиздөөчүсү Исаков Макетай, ушул эле мектептин кармаш устаттары Орозалиев Аскар, Маатов Жапарали, Орозов Байыш, маркум Юнусов Байыш, Сатыбалдиев Дүйүмбек жана аты аңызга айланган атоюнчу (каскадёр) Үсөн Кудайбергенов, улуттун баатыры Сүймөнкул Чокморовдор турганын айта кетсек ашык болбос. Улутту бириктирип ойготуучу бул улуу идеянын логикалык жыйынтыгы — Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшү болуп калды.

Бүгүнкү күндө эркин жана эгемен кыргыз эли жашоосунда жаңы көч барагын ачты. Акыл калчап көч баштаган бул жолдун башатында касиеттүү Айкөл Манастын ыйык кырк чоро орденинин устаканасы Камбартеп мектебинин турушу огобетер жүрөктү жарытып, дилди марыткан иш. Бул жакшылык иш ошокездеги Ош облусунун аксакалдары жана жетекчилери Баатыралы Сыдыков, Стамакун Асаналиев, Санабар Бахапова, Рустам Анарботоевдердин тилектештиги жана ак баталары менен башталгандыгы ого бетер кубанычтуу. Алардын ысымдары Камбартеп өнөрүнүн кайра жаралуу тарыхында түбөлүк калат. Элибиз айткандай, таза жүрөктөн таза ойлор, таза ойдон таза иштер жаралат.

Камбартептин ахлактык жана эстетикалык мааниси
Кыргыз элинин байыркы цивилизациясынын башатында адеп-ахлак, боорукерлик, жоокерчилик жана даанышмандык турган. Кытай жазмалары кыргыздарды бактылуу жана өмүр сүйгөн шатман эл катары сүрөттөшөт. Улут мүнөзүндөгү бул өзгөчөлүктөр — жаратылышында курчап турган айлана-чөйрөгө, адамзатына жана жаныбарларга карата болгон мээрим менен боорукердиктен башат алган маданият, рухий дөөлөттөрдөн түптөлөт. Кыргыз адамына таандык ички момундук жана кубаныч сезимдери бабалардын миңдеген жылдардагы бейпил жашоосунан келип чыккан. Көңүл күүсүнүн бул деңгээли кыргыз баласына аргандай тышкы сыноолордо ачууга жеңдирбей, ички жыргал туюмдан ажырабай туруп, акыл-эстүүлүк жана сабырдуулук менен чечүүгө мүмкүндүк берген. Бул — өтө маанилүү касиет. Мындай ички жыргал жана бейпил туюмдарсыз ал — өмүр тарыхындагы миңдеген сыноолордо таруудай чачырап, «Манас» сыяктуу алп дастанды жаратмак түгүл, түшүндө да көрбөй калмак. «Манас» — бүгүн кыргыз улутунун биримдигинин жана руханий жаңылануусунун, ошондой эле улуттун маданияты, наркы, өзүн аңдоосунун символу жана жаркыраган туу чокусу. Кыргыз жүрөгү Манас деп согуп турганда — ал өлбөс, ал түбөлүк! Айкөл Манастын Аалам руху — кыргыз элин улуу келечекке баштоочу түгөнбөс күч!

Акыркы жүз жылдарда биз «аттан түшүп» отурукташтык. Илим жана техниканын керемет ачылыштарынын күбөсү болуудабыз. Бүгүнкү жалпы кыргыз элинин сабаттуулугу жана билимдүүлүгү, сөзсүз, кубантат. Бирок ушул жетишкендиктер менен катар эле адамзаттын чечилбеген көптөгөн проблемалары өкүнтөт. Жалпы журттун билим деңгээлинин өсүшү азыркы адамдын ахлактык деңгээлин көтөрө алган жок, тетирисинче, бейтынчтык жана канааттанбагандык күч алды. Биз мекендештерибизге толук бейпилдик, чыныгы бакыт, кайгысыз, бакубат жашоо тартуулай албадык. Өкүнүчтүүсү: азыр башка бир да мезгилде болуп көрбөгөндөй ыймансыздык, ахлаксыздык адам акылын бийлеп алды; асылзаттык, шерлик сапаттар жеке пайдакечтикке орун бошотууда, айрыкча бул көрүнүш саясатчыларда жана саясатта ашкере жүз берүүдө; саясаттын өзү ыйман-ахлаксыздыктын синоними болуп калды. Саясый маданият каражаттары бийик идея, асыл ойлорду ишпалдасын чыгара бузуп элге жеткиргендиктен асылдык, идеалдуулук деген түшүнүктөр журт эсинен сапырылып кетти. Этикасыз саясат адамдардын жыргалчылыгын көтөрө албайт, ал эмес ахлаксыз жашоо адамдарды айбан кылат. Бул балээнин өзөк тамыры миңдеген жылдар тең салмакта келген ички жана тышкы экологиянын — табият, тоолордун жашоо экологиясы менен адамдын рух экологиясынын ортосундагы гармониянын бузулушунда жатат. Улуттун нарк-салт баалуулуктарынан жылмышып, заманбап аталган жашоо-шарт усулуна баш ийип берүү (бу жерде биздин күнөөбүз жок экенине карабай) акырындап жалпы адамзаттык адеп-ахлактын кыйрашына апкелүүдө. Бөрү замандын лабиринт сокмокторунда закымданган бакыттын артынан кубалаган биз, аласкар тоонун аскасындагы айрылышта түбөлүк бейпилдикке алпарчу чыйырын табалбай башы каткан барс сымалбыз… Азыркы дүйнөлүк цивилизациянын кан жолуна түшкөн биздерге комфорт менен материалдык дүйнө билимдеринен багыттанган илим-техника-физикалык аалам менен шартталган гана бакыт түшүнүгүн берет да, ал жолдогу адам ички мамырчылык менен жыргалга негизделген жеке өз ааламынан ажырап калат. Ичибизден жыргал менен бейпилдикке тунуп турганда, биздин айланабыздагы ким болсо да аларга аруулук, ак дилдик менен карап, тынчтыкта кол кармашып жашай алабыз. Бардык жандар умтулган текши бактылуулук — ар бирибиздеги тынчтык менен мамырчылыкта турат. Чыныгы бакытка ар бир инсан өз эли, өз журту, өз үй, өз чөлкөмүн жана өзүн курчаган ыйык тоолорунун арасында гана жете алат, анткени өз Мекениңен атылып турган ыйык күчтөр — түбөлүк баарына күч-кубат берип, баарын бапестейт. Ушуну түшүнгөндөн соң биз бардык пикир-зикирибизди Улуттук Руханий тикелөөгө багыттап, Айкөл Манас атабыздын ааламдык үрөйүнө бет буруп, кайрадан ыйык тоолорубуздагы ыйык түтүндү булатып, калаа турмушу менен тең салмакта жа-шоого аракеттенишибиз — улут катары урпактар алдындагы ыйык милдетибиз. Тоодон ажыраган кыргыз тамырдан ажыраган дарак сыяктуу куурап, акыры үлп эткен желаргыга туруштук бере албаган камгактай калдаңдап, дүйнө элдеринин чокортосундагы орун-баркын жана улут катары касиет-кудуретин жоготот. Тоолордогу катаал, бирок тунук жашоо, момун, баёо ак дил кыргыз адамын жаралгандан бапестеп, ызат-ыйманы менен сактап келди, эгер эне коюн ыйык тоолору менен мурункудай тил таап, жашоосун уласа — кыргыз эли түбөлүк!

Рухандын жаңырып-көкөлөшү миң жылдар унутулган уңгулуу башатыбызга кайрып, келечек багытыбызга туура жол ачат: өткөнкү менен болочоктун ортосундагы бузулган тең салмакты тикелеп, тышкы экономика, саясат, глобалдаштыруу менен өнүгүүнүн ички аспекттериндеги бузулган гармонияны калыбына келтирет.

Камбартеп жана философия
Байыркы кыргыз коомдук түзүлүшүндө абсолюттук демократиялуу үчилтик принцип — Манас, Бакай, кырк чоро мамлекеттик жашоонун негизин түзгөн. Бул теңирчилик философиясында Көкө Теңир Көк Дүйнөдөгү негизги күчтөр — Күн, Жер, Айды ишаралап, түпбашат (элемент) символикасында — ат, жер, металлды билдирет да, алар өз кезегинде инсандагы үчилтик: аң сезим, дене жана ички кубатты түшүндүрөт, булар болсо адамзат жамаатында бийлик, даанышмандык, күч кубат катары чагылып, ал схема кыргыз коомунда элдин абсолюттук калыс бийлигинин жеке символу болгон кандардын каны Манасты, журт карысы, даанышманы жана көзачыгы көсөм Бакай абаны жана себилдүүсү сексен төрт, серп алган жагы кызыл өрт болуп элдин баарынын жеңип-кыйратуучу жана тикелөөчү куч кубатын билдирген кызыл кыраан кырк чорону туюнтат. Кыргыз коомунун түзүлүшүндөгү бул үчилтик анын кылымдар кыйрата алгыс алтын туур негизи болгон. Кыргыз эл болуп, журт болуп жаралгандан бери коомдук, ички жана тышкы жашоосунда мындан мыкты, мындан артык сыналган түзүлүштү баштан өткөрбөгөн. Коомдун жеке мүчөсү инсан менен элдин ортосундагы адилеттүү теңсалмактын сакталышы миңдеген жылдар бою элибиз абак-түрмө, кулпу-кароолу жок эле жашоого мүмкүндүк берген. Эне табигаттын алпештеген койнунда, асман менен жериңдин теңсалмак чок ортосунда жашоо кечирген баёо журттун улуттук мүнөзүндө да эркин ойлоо, адилеттик жана эгемендик деп аталган принциптер түбөлүктүү чегеленген. 2005-жылдын 24-мартында жүзберген окуялар дал ошол байыркы кыргыздын баатыр рухунун улуттун өнүгүшүнө каршы Сатаний күчтөрдүн ыйманды унутуп, ченөлчөмдү билбей башкарган бийлигине урган соккусу болду. Бийлик ээсинин эрки менен эл эркинин ортосундагы гармониянын бузулушу — тоо турмушунун экологиясынын бузулушуна алып келди. Жакырчылыктан кыжыры кайнаган байыркы көчмөндөрдүн урпактары тоолордон куюлуп түшүп, алеки саатта чириген алсыз да арсыз бийликти алмаштырып салышты. Саясатчы төбөлдөрдүн адеп-ахлак принциптеринен оолакташы эмнеге алып келээрин көрсөткөн бул уникалдуу тарыхый сабактын жыйынтыгы — калк экономикасынын жана туруктуулуктун төмөндөшү болуп жатат. Дүйнөлүк цивилизацияга толуккан аралашуу үчүн нукура улуттук идеология зарыл экени түшүнүктүү болуп калды. Акырзаман катаклизмдеринде улуттун аман калуу, өзүн сактоо системалары ишке түшүп, алар эми элдин кызыкчылыгында иштеш керек. Ушу тапта кадимден реалдуу натыйжа бере келген эки нерсе: жан дүйнө тынчтыгына жана эс-акылга келишибиз зарыл. Бул үчүн элдин ар бир атуулу ички бейпилдикке уюп, өзүн кемелге жеткирүү жолунда айлана-чөйрө менен гармонияда жашоо керек. Экономика менен кошо жан дүйнө теңсалмак өнүгүшү шарт. Жалпы адамзат менен бир үй бүлөдөй ынтымак жашоо зарыл. Бул — жашообуздагы туруктуулуктун кепили. Ал эми тоолордун турмушунда ички-тышкы экология теңдештигине жетишүү үчүн коомдук түзүлүштүн байыртан өзүн актап келген — Манас, Бакай, кырк чоро идеясынын мате-риалдык модели Айкөл Манастын аалам тоопканасы (храмы) же Манастөр — рух-дене машыгынын сыйынты курулуш керек.

Улуттун өзүн сактоо жана өркүндөтүү стратегиясы коомдогу элдик-демократиялык күчтөрдүн биригишине, анын күжүрмөн авангарды болгон кан Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшүнө, кыргыз элин ынтымак-ырашкерликке, бейпил турмушта жашоосуна алып келет.

Жал сылама” туруштагы кыймыл
Камбартепте жылып кыймылдоонун негизин жоргонун жүрүшүн элестеткен майин, бат-бат алмашкан кайчылаш кадамдар түзөт.

Кыймылга жараша дене спи-раль боюнча бир калыпта айлана термелет: ага алакандары ачык, кенен жайылган колдордун айланма тең салмактоочу кыймылдары аркылуу жетишилет. Жапайы аттын жалын сылаган ыкмасы канатын жайып, ар кандай кокустук өзгөрүүлөргө даяр турган шумкар сымал чукул коргонууга да, же тулку бойду керек багытта буруп жиберип, каршылаштан демилгени тартып алып, кагып ийүүгө ылайык кыймыл. “Жал сылама” – Чоро азоо­нун жалын абай кыймылдап сылаган учурун элестетет. Тең салмакты, дене ийкемин жана туругун жеткире бышыруу үчүн “Шумкар канатын жаят” деген кыймыл колдонулат. Бул машыкта жоокер денеси спираль боюнча тез кыймылдап, атаандаштын артына чыгып, оорутма алып-салыш же көтөрүп урууну колдонот. Кармаш учурунда кыймылдоо белгилүү команда менен жүр­гүзүлөт. Чабуулда: – Камбар, чу! делинет, ал эми бүтүр же токто деген команда: – Камбар, тек!

“Темир жал” комплекси
“Темир жал” комплекси Камбартеп кармаш системасынын өзөгүн түзөт. “Темир жал” байыркы кармаш-коргонуу системасынын жаңыланышы – азыркы ат минилбей калган учурдагы бөксөнү толуктап, чыдамкай жана ийкемдүү болууга үйрөтөт.

Комплекс биоэнергетикалык дем алуу гимнастикалык көнүгүүлөрдүн тобунан туруп, “таштаман” деп аталган – таман, согончок, тизе, чыканак, баш, алакан, тулку бой менен жасалчу каршылаш соккуларды өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Жакшы машыккан адам катуу соккуларды оңой эле көтөрүп, ат үстүнөн оңтойлуу жыгыла берет. Комплекс “Канжаркол тизгин тартат” жана “Канжаркол тоголок таш түртөт” деп аталган эки түрдүү биоэнергетикалык дем алуу – дене машыктарынан турат.

“Канжаркол тизгин тартат”
Биоэнергетик дем алуу – дене көнүгүүлөрү – “таштаман” бет алма соккусун иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. “Тизгин” тартуу, анан аны “түйүн” кылып түйүү, бүтүн дене бойдогу кубатты шар сымал күч уюлуна айлантат да, дененин сокку уруучу мүчөлөрү жыйырылып, ошол энергия уюлунун борборуна умтулушат.

Анан топтой тоголок серпил- гич күч чу! деген тыбыштын коштоосу менен атаандашты жарып ийчү сокку жасайт. Кайчы соккулар “темир атчан” турушунда жасалат. Дем алуунун тула-бой жана кыймыл менен байланышы атайын жабдууларда, бошоңдоо менен коштолгон эки-экиден бет келген учурда аткарылат. Термелген дене төмөнтөн жогору көздөй серпилгич сокку урат. “Камбар, ур!” – дегенде кол менен согуп, “Камбар, теп!” – дегенде бут менен тебет.

“Канжаркол тоголок таш түртөт”
Комплекс – дене тулку менен түрткөндө – “камбар түртүш” – кубат агымды чордонго топтойт; чоро аттын тула бою менен чар көпөлөк айланып, “Айлампа” деп аталган акробатик кыймылдарды жасаганда; “жабышып калуу” жана “сыйгалануу” (“жылмышуу”) принциптери менен катуу тегиздикте аракеттенгенде иштейт.

Комплексте машыгуу үчүн “ат” деп аталган атайын аттын түспөлүн элестеткен манекендер, ийилчээк шар сымал маттар менен батуттар керек болот.

Бошоңдоо
Бошоңдоону – бүтүн тула бойду бошоңдотуп, психикалык тазалануу катары түшүнүш керек. Сүкүт абалда жекече, атайын жана эки-экиден коргонуу боюнча техника, ыкмаларды үйрөнгөндө колдонулат. Дененин кол-бут мүчөлөрү бошоңдоо аркылуу ички  күч топтоп жана согууга үйрөнөт.

Мисалы, ички күч толгон ий-кемдүү бут сенейген катуу буттан алда канча коргонууга жана чабуулдоого ыктуу, таасирдүү болот. Тепкенде – таман, тамандын кыры, өркөчү, кетмени, согончок, бүтүн шыйрак, тизе, жамбаш бөлүктөрү менен согулат. Кол менен коргонуунун толгон-токой варианттары бар, себеби кол эволюция жолунда мээ менен түздөн-түз байланыш жана узак сыноодон өткөн. Кол – каалаган учурда, каалаган багытта сокку урууга жөндөмдүү. Кол менен иштөөдө: кирип, качып, чумкуп, чапчып, түрдүү-түмөн тосмо-соккулар аркылуу “Чапчыма” деп аталган каршылаштын башына, тулкусуна жасалчу соккулардын сериясына чыгылат. Ошону менен катар “Камбар чалыш” аталган оорутма алыш, чалыштар колдонулат. Азыркы өзүн-өзү коргоо – каршылаштын ар кандай айла-амалына туруштук бере турган универсалдуу психофизикалык каражаттардан турат.

Бошоңдоо учурунда манасчы “Манас” айтуудан жаралган аалам сыйкыр керемет – жоокердин жан дүйнөсүн көкөлөтүп, ар кадамын, ар-бир соккусун, тула боюн асманга учурган өнөрдүн касиети ашкере зор. Камбартеп кармаш өнөрүндө бошоңдоо – дене менен рухту өркүндөтүүнүн чексиз мүмкүндүктөргө ээ жан куралы.

“Темир жал” машыгы
“Камба-ар, аттан!” деген чакырык боюнча чоро болгон көңүлүн кубат ортого уютуп, темир атчан турушта терең дем алып, “жапайы аттын тизгинин” кош колдоп толгоп, эки капталына кере тартат.

Соңунан сөөмөйдөн баштап манжаларды жазып, керилген боюнча килейген “таштарды” колго алат. Таштын бүткүл оордугун сезген чоро, аны акырын башына коёт да, арка булчуңдарынын чыңалган күчү менен өйдө карай түртө берет. Анан эрк менен демди кошо чымырканып, эки алаканды жакындатып, “шардын” оордугу астында энергетикалык таяныч пайда кылат. Ошол чыңалган бойдон, көкүрөк деңгээлинде “шарды” түртө берет да, “дубалга” жабыштыра түртөт. Алакандар катуу назар бири-бирине горизонталь бет келип турат. Анан “шардан” кутулуп, бирок чымырканган бойдон манжаларды кезек менен катуу муш кылып түйө баштайт. Кайрадан “жапайы аттын тизгинин” колго алып, колдорду каршы багытка толгоп алат. Тула бойдун булчуң тарамышын кычырата жыйырып, тизгинди кайрадан капталга тартып келет да “жапайы атты” токтотот. Баштапкы “темир атчан” турушка турат. Ушул көнүгүү комплекси бир демде аткарылат. Комплекс аткарылып бүткөндөн кийин “темир атчан” турушта “бошоңдоо” машыгы аткарылат.

“Кымыз кесе” деми шыпаа машыгы
Комплекс балдардын ден соолугун чыңоо, туруктуулук жана тең салмактык сезимдерин күчөтүү үчүн колдонулат. Кымыздын көпчүлүк сыркоолорду айдап чыгып, дене менен жанды кубатка нык толтураарын бабаларыбыз байыртадан билишкен. Кымыз сунуу машыгын үзбөй аткарып, организмди кымыздын гүлүнө шыкап, тоонун мүрөк абасынан кана жуткан Камбартептин жаш чоросу жашоосунда бет келген түрдүү сыноолорго кебелбей чыдап көнүгөт.

“Кымыз кесенин” сунулушу
Чоро кымыз мелт-калт кесени колго алып, “Темир атчан” турушта. Көңүл – кубат ортодо (ортолук даньтянь). Терең дем алып, колдору менен түрдүү багытта айланма-чоюлма кыймылдарды жасап, кесе сунат.

Ошого жараша тулку бой да термеле айланат. Колдордон кийин буттар менен түрдүү багытка айланма, сокмо кыймылдар жасалат. Буттун учу же согончок менен жан жакка, бет маңдайга тебилгенде “чу-чу” деген тыбыш коштойт.

Камбартеп кармашында орой алып ыргытуу – “Камбар алыш”, чалуу – “Камбар чалыш” колдонулат. Каршылашты бет алып шыйракка, тулку бойго тийген “таш таман” сокку жылкы жаныбардын шак эттире күтүүсүз тепкенин элестетет.

“Таштаман” – болушунча бош, бирок тамандын керектүү түйүнүнө кубат топтолуп, бут булчуңдар кескин кыскарып жасалат.

(Уландысы кийинки санда)

Кубанычбек Назаров,
“Кыргыз туусу”, 13.08-07.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Камбартеп – кыргыздардын эр өнөрү: 1 комментарий

Добавить комментарий