Роза Айтматова: «Чыңгыз жөнүндө эскерүү жазсам деп жүрөм»

Ааламга белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Төрөкуловнанын «Тарыхтын актай барактары» аттуу китеби жарык көргөнүнө бир топ болду. Ал китепти окуган адам кайдыгер калбайт. Сөзсүз түрдө өзүнчө ойго батат. Кыргыз элинин тарыхындагы кандуу жылдарды, кандуу күндөрдү көз алдына келтирет. Окурманды ошондой ойго жетелеген эже менен кенен маектештик.

Роза Төрөкуловна, бул китепти жазууга сизге эмне түрткү берди?
— Кайсы бир жылдары мен Францияга иштер менен барып, бир француз аялдын үйүндө жашап калдым. Анын үйүндө аябай көп китептери боло турган. Бир күнү карасам жалаң французча, англисче китептер экен, арасынан Анастаcия Цветаеванын «Мои воспоминание» деген жалгыз орусча китебин жолуктурдум. Колума алып, ушунчалык кызыгуу менен окуп чыктым. Көрсө, Анастасия атактуу акын Марина Цветаеванын бир тууган эжеси болот экен. Эмнегедир ошол китепке аябай таасирленип калдым. Мен дагы ушундай бир китеп жазсам деп кыялдангам. Анан «Тарыхтын актай барактары» ошол кыялдардын жыйынтыгы болду. Өзүм жазуучу болбогон соң чынында бул китепти баштоо, жазуу оңойго турган жок. Жазаламбы же жазалбаймынбы деп көпкө чейин күмөн санап жүрдүм. Ушундай учурда менин жакшы санаалаш кишилерим, анын ичинде мен сыйлаган улуу адамдарым, жолдошторум мага тирек болушту. Негизинен китептин ар бир бөлүгү эскерүү катары жазылды. Ар бир жолу жазып, кайра ошол окуянын муңуна малынып, жүрөгүм сыздады.

Китептен сиздин тагдырыңызды окуган кишинин ыйлагысы келет. Жүрөктөгү сызылган сырларыңызды окурмандар менен бөлүшпөйсүзбү?
— Мен атамдан беш айлык кезимде айрылганмын. Ошондон улам өзүмдүн атам жөнүндө эскерүүлөрүм жок. Апам Нагимадан, эжелерим Карагыз менен Гүлайымдан уккандарым чогулуп, жүрөгүмө жазылып олтуруп, менин эскерүүлөрүмө айланды. Элдин айтымында, биздин чоң атабыз Айтмат бычканды, тиккенди билген, зергер буюмдарды жасай алган, ээр чапкан, комуз жасаган уста киши болуптур. Ал тургай айылда биринчи болуп «Зингер» маркасындагы кийим тиккен машинесин сатып алып, кийим тикчү экен. Айылдаштары «Машинечи Айтмат» дешсе, келиндер «машинечи аке» деп тергешкен. Ал эми атам жөнүндөгү эскерүүлөр көбүнчө сүрөттөрдү көрүп олтурганда башталчу. Анткени, атамдын Чыңгыз, Ильгиз, Люция менен түшкөн сүрөттөрү көп эле. Мени менен түшкөн бир дагы сүрөтү жок. Өзгөчө атам менен апамдын ортосунда бактылуу болуп түшкөн Люсянын сүрөтүн көргөндө тимеле ичим туз куйгандай ачышып кетет десең. Анан апамдан: «Атам эмне үчүн мени менен сүрөткө түшкөн эмес. Эмне, атам мени жаман көрчү беле?» -деп сурачумун. Андайда апам: «Кантип эле сени жаман көрсүн? Тек гана мүмкүнчүлүгү болбой калбадыбы. Болбосо сени менен аябай көп сүрөткө түшмөк»- деп мени сооротуп коёр эле. Атамды утуру сурап, апамдын аябай тынчын алчумун. Тагдырдан экен, апабыздын өмүрүнүн ар кайсы мезгили ар кандай болду. Кээде турмуш аны көкөлөтүп, коомдун эң жогорку деңгээлине жеткизип салса, кээде үстөккө-босток башына түшкөн кайгы куу турмуш менен алыштырып кыйнады. Бирок, кандай гана шартта болбосун, апам өзүн «барга көппөй, жокко чөкпөй» дегендей өзүн таза, ак пейил, кенен адам катары алып жүрө алды. Ак эмгеги менен жашады. Өзүнө мүнөздүү болгон жогорку адамдык сапаттарын эч качан жоготкон жок.

Апаңыз сизди кандуу жылдардын башталышы болгон 1937-жылы 8-мартта төрөгөн экен го?
— Ошол кезде бөрк ал десе баш алган алаамат башталып калган болот. Апам мени санааркап жүрүп төрөйт. Кыз экенимди угуп апам «күйөөм кыз күтүп атты эле» деп аябай сүйүнүптүр. Бирок, ошол эле учурда санааркай берип ооруп калат. Жаңы төрөгөн аялдын балкыган денесин суук чыйрыктырып, эти ысып, эс-учун жоготот. Жөөлүп, көзүнө атам менен алгачкы таанышкан мезгилинен тарта, анын камалып кетип баратканы кино тасмадай тартыла бериптир. Эсине келгенде «өңүм эмес экен, Кудай, өзүң сактай гөр» деп аябай кубанган тура. Менин атымды Чыңгыз коюптур. Атам болсо «Роза деген жакшы ат экен. «Известия» гезитине Розетта деген испаниялык партизан кыз жөнүндө макала чыгыптыр. Карындашың ошондой баатыр кыздардан болсун. Андыктан атын Розетта коёлу, а күнүмдүк турмушта Роза деп чакыра беребиз» -дептир. Ошентип, мен кичине торолуп калганда абал абдан курчуп, атамдын өтүнүчү менен апам 4 баласын ээрчитип алып Казандан Таласка келет. Атам ошондо балдарын акыркы жолу көрүптүр. 1-декабрда атамды камакка алышат. Ага чейин апама атамдын акыркы каты келген экен. Апам ал катты өмүрү өткөнчө ыйык тумардай сактап жүрдү.

Канча бир жылдардан кийин түрмөдө сиздин атаңыз менен бир камерада жаткан адамга жолуккаңыз тууралуу баян этсеңиз?
— Ал кишинин ысмы Теңирберди Алапаев эле. Тилекке каршы, анын кабары бизге абдан кечигип келди. 1975-жылы күз айларында мен Таласка баргам. Ошол жактан Касида деген аял мени атайын издеп келиптир. «Менин Теңирберди деген агам сиздин атаңыз менен бир камерада олтуруптур. Төкөмдүн балдарына айта турган кебим бар эле» деп силерди издеп аткан. Азыр кургак учук менен ооруп, өлүм алдында жатат. Барып жолугуп койсоңуз жакшы болмок»- деди. Атамдын акыркы көз ирмемдерин билүү үчүн ашыгып, ооруканага бардым. Көрүнүшүнөн чыдамкай, калбаат көрүнгөнү менен жабышкан дарт аны мүлжүп бүтүптүр. Ийнинен араң дем алган киши мени көрүп оор үшкүрүнүп алды. Көпкө дитин сала мени карап: «Көзүң Төрөкулдуку экен. Атаңа окшош турбайсыңбы… Эми өлсөм арман жок. О дүйнөдөн Төкөгө жолуксам жүзүм жарык» — деп энтигип алды. «Менин агам Узакбай Таластын жогору жагындагы «Ак жар» колхозунун төрагасы болчу. Кичине баш көтөрүп келатканда эл душманы деп камап коюшту. Анан мен камалдым. «Сенин агаң өз мекенинин чыккынчысы, кана ал эмне иштерди кылган?»- деп мен өмүрү укпаган нерселер боюнча суракка алышып, тепкилешип, сабашты. Мен да унчукпай көгөрдүм, ошондо чыдамы кеткен тергөөчү мылтыктын кундагы менен бетиме бир чапты. Канча тишим күбүлгөнү эсимде жок, эсимен танып куладым. Камеранын муздак бетон полунан эсиме келдим. Айланамда сакал-муруту өскөн, ачка, жүдөгөн 6-7 адам туруптур. Бурчта жалгыз темир керебет. Ыманы ысык бир киши менин бетимдеги канды сүртүп жатыптыр. Тура гой, тууган, керебетке менин ордума жат» деп керебетке жаткырды. Керебетке кезектешип жатышат экен. Ошол күнкү кезек Төрөкулдуку болуптур. Ал мага өз кезегин берди. Ошентип биз жакын болуп кеттик. Түрмөнүн жаздык кабынан кичинекей баштыкча тигип, бетине Чынгыз, Ильгиз деп, ал эми ылдый жагына Талас деп саймалап жазып коюптур. Бир жолу мени обочороок бөлүп алып минтти: «Жакында биздин тагдыр чечилгени калды көрүнөт. Сен качан бошонуп чыксаң да менин үйбүлөмдү таап, туура эмес соттолгонумду, ак экенимди айта бар. Алар менин өз элиме карасанатайлык жасабаганыма ишенишсин. Дагы бир нерсе эгерде мени Молдовановкадагы түрмөгө которсо, анда милиционерлер аркылуу самынды суратам. Эгерде Сибирге айдашса, таракты суратам, эгерде тиш щётканы сурасам, Уралга айдалган болом. Мунун баары үй-бүлөмө так маалымат жеткирүүңө жардам берет. Мени кат жазышуу укугунан ажыратып коюшу толук ыктымал»,-деди. Төрөкулду алып кетишти, аны эки күн күттүм. Бирок, ал камерага кайрылып келген жок. Көп өтпөй 10 жылга эркимен ажыратылып, Свердлов түрмөсүнө айдалдым. Мөөнөтүм бүткөндө мекениме келүүгө уруксат беришпеди. Сибирдин кулак уккус, көз көргүс жерлеринде жашоого уруксат беришти. Татар кызга үйлөндүм, балдар төрөлдү, бирок, туулган жерге болгон кусалыгым өчпөдү. Хрущевго миң рахмат, туулган жерге кайтуума уруксаат берди. Бир жолу ооруканада жатсам, бир бала китеп окуп атыптыр. Карап көрөйүн деп сурадым . Көрсө, ал Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести экен. Мен Төкөнүн уулун тапканыма аябай сүйүндүм. Бирок, Чынгызга кат жазууга даабадым, чечкиндүүлүк кылалбай койдум,-деп ыйлап жиберди. Атамдын акыркы сааттарында бирге болгон карыяны кучактап мен дагы ыйладым…

— Атаңыздын сөөгү 53 жылдан кийин табылбадыбы?
— Эми бул бир шумдук окуя болду го. «Ак ийилет, бирок, сынбайт» дегенге ошондо ишендим. 1991-жыл… «Кайра куруу» жүрүп турган кез. Мезгили келди окшойт деп Бүбүра эже КГБга сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жерди көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет. Ага эч ким көңүл бурбай коёт. Ошондо Бүбүра Кыдыралиева КГБда иштеген Болот Адрахманов деген жигитке жолугуп калат. Алар Чоңташка барып казуу иштерин башташат. Ошондо атамдын айыптоо баракчасы табылбадыбы. Ал 53 жыл бою жер астында кадимкидей сакталыптыр, абага чыкканда үбөлөнүп калат. Ал жерден 137 кишинин сөөгү табылды, дээрлик баарынын баштарынын аркасы тешик экен. Демек, аларды аркасын каратып туруп, башка атышкан. Менин атамды жүрөккө атышкан. Себеби, сол чөнтөгүндөгү каттын ортосу тешик болгон. Айтор, не деген гана азаптуу күндөрдү башыбыздан кечирдик. Ушул окуялар менин жашоомду далай өзгөрттү го. Сөөктөр салынган 137 саркофагды карап алып «Айланайын ата, ушунча жыл издеп жүрүп эми тапканда, бирибиздин үйүбүздөн чыгара албадык, кечирип кой, ата» деп зар какшап ыйладым. 137 саркофагды бир эле мезгилде солдаттар көтөрүп барып чуңкурларга орнотуп, команда менен көмө баштаганы адам чыдагыс көрүнүш эле. Бүткөм боюмду калтырак басып, башым бир саамга караңгылай түштү. Ошол кезде биздин үй-бүлөгө кездешкен бактысыздыктар түккө турбай калды. Мен бизге ушундай турмушту ыроологондордун баарын унутуп, бардыгын кечиргим келип турду…

— Апаңыз акыйкаттык издеп барбаган жери калбаган чыгар?
— Апам сабаттуу эмеспи, күйөөсүн издеп кайсы жакка гана кат жазган жок. Бир катына «Төрөкул Айтматов 10 жылга эркинен ажыратылган» деп жооп келген эле. Бирок, 10 жыл өткөндөн кийин дагы атам келген жок.

Нагима Айтматова Чыңгыз Айтматовдун атактуу болоорун кичинесинен эле билген экен деген кептер бар.
— Бул чындык. Айзавари деген көзү ачык: «Улуу балаң атактуу болот. Сени 10 жылдан кийин Шекерден көчүрүп кетет. Турмушуңар оңолот. Күйөөң болсо тирүү, ал сөзсүз келет.Балдарыңды жакшы кара»,-дептир. Кийин анын айткандарынын баары келди, бир гана атам келген жок. Анын келбесин билсе керек. Болгону апамдын жашоодогу үмүтүн үзгүсү келбей, жалган айтып койгонун апам да, биз да убакыт өткөндөн кийин түшүндүк.

Дагы бир суроо, Чыңгыз агай жөнүндө эскерүү жазсам деп ойлоносузбу?
— Ооба, ошондой ойлор болуп атат. Жазсам жакшы болмок. Жашым 74кө келип калды. Мезгил өзүнүкүн баары бир алат экен. Чыгынып коём, дегеним, эскерүүмдүн бир бөлүгү даяр. Кудуретим жетип, ушуну колдон чыгарып койсом, жакшы иш кылган болот элем. Бирок, билбейм…

Маектешкен Айназик Раимкулова, «Леди kg» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Роза Айтматова: «Чыңгыз жөнүндө эскерүү жазсам деп жүрөм»: 1 комментарий

Добавить комментарий