Олжобай Шакир. «Кеп анда деле эмес»

ңгеме)

Эки сөзүнүн бири ушул. Кебинин кызыгына кулак түрүп баштагандале, «кеп анда деле эмес» деп кайталай бермейи бар. «Кеп анда деле эмес» дегенге басым койгондо, кепти башка жакка бурабы десең, баягыле кептин уландысы. Бирок «кеп анда деле эмес» дегенин кабат-кабат айта бергенинен жадабайсың деле. Аңгемелешкенди билсең болду, кайта так ошентип айтып-айталекте кеби мурдагыдан кызыйт. Адамдар кеп угуп отургансыганы менен укпайт эмеспи. Муну Токон сүйлөп атып сезип турабы, башкалар кебимди кулагынын сыртынан кетирбесин дегениби, «кеп анда деле эмес» дегенди күчөтүп айтканында мазмун бар экенине уютуп таштайт. Эмесе, менин каарманым кандай айтып берсе, аныкындай айтып бералбайм го, бирок айтып берейин.

Кудай аткыр Токон ошондо кууш көчө менен үйүнө барчу жолду кыскарта коем дебегенделе балээден кутулмак экен. Күндөгү көнгөн жолу менен кете бербейби десең. Саат басып, буту тарткан жакка бурулганын карабайсыңбы… Дегеле адамды кырсык чаларда болбогон жерден ушул эки бут сүйрөп барат. Жаны жер тартып турган куурагыр үйгө эртерээк жетип, эсалайын деп кууш көчөгө түшкөнбү, анан алдынан жүгүрүп чыга калган торпоктой иттен качам дептир. Ит деле Токонго тиймек эмес экен, кабат үйдө лөкүйүп жатып бук болгон немеби, сыртка жетелегени чыккан сары чач, акжуумал орус келиндин колунан бошонуп кеткен го. Шаар жерине көнөлек Токон торпоктой ит карпа-күрп чыга калганын көргөндө жарып салат дегенби, шашма неме жадегенде иттин тумшугунда нокто барын деле көрбөптүр, жаны жок десе. Бетмаңдайынан шуртулдап чыга калганын көрөр замат каптал жактагы коргонго жанын куткармак болуп тырмышып чыга качкан экен, Токондун антип коргондун үстүндө соройуп отурганын көргөн орус келин күлкүсүн тыйа албай:

– Чего вы боитесь? Она не кусается – деп иттин тумшугунда нокто тагылып жүргөнүн көрсөтөт. Итин ары жетелеп кетери менен анык ажылдаган итти коргондун ичинен көрдүм, бирок кеп анда деле эмес дейт. Жан деген курусун, кеп, коргондон кайра секирип түшөрдө жаман батинкесинин боосу мурдале чечилип жүргөнбү, анысы бутунан шыпырылып так эле коргондун ичиндеги чынжырда жулкунган иттин алдына түшүптүр. Анан эле ажылдаган ит да батинкени бир заматта улкуп-жулкуп тытмалап атканда же үйдөн киши чыгып койбойт дейт. Аңгыча терезеси капкараңгы иномарка автомашинасы келип, тормозу кыйчылдады дейт. Ичинен эңгезердей бирөө:

– Что ты здесь делаешь? – деп кудай бетин ары кылсын, орусча, кыргызчасын аралаштырып ашатып сөгүп киргенде, эки ооз орусча кошалбаган адашым, орусча билген сөздөрүнүн бирин калтырбаптыр:

– Соб-бака… –  деп такалгандале – Я тебе покажу собаку! – деп коргондон бир батинкеси жок секирип түшкөн Токонду шап эле жакадан алат.

Үйүнүн дарбазасындагы коңгуроосун басып, аялын да орусча, кыргызча ашатып баштады дейт. «Выходи сучка… Я тебя вместе с любовником похороню» дегенинен:

– Мен сенин катыныңа келгеним жок, – деп иштин болгонун болгондой түшүндүрүп баштаптыр. А тигинин уккусу да жок, бир жагынан каңкылдаган ит да тиги жаалдангырга үнүмдү угузсачы дейт. Бирок кеп анда деле эмес, кеп, өкүрүп-бакырып дарбазасын тепкилеген күйөөсүнүн үнүн угуп алдастаган аялы «я не могу найти ключ» дегенин угуп, ансайын калчылдаган тигинин ырайы бузулганын көргөндө, соо эмес немеге туш болгонума алеңгир болуп, муун-жүнүм калтырап калды дейт.

Жакама колу карышкан бойдон өкүрүп аткан күйөөсүнүн үнүн уккан аялы кургур дарбазаны эмне менен ачты билбейм, акыры ачты дейт. Ачсале балээ баскыр чачтары суу, үстүндө топчулаганга үлгүрбөй кымтылап алган халатчан экен дейт. Кудай уруп, аялынын андай түрүн көргөндө, баятан менин жакамды мыкчыган неме эми экинчи колу менен шак эле катынын чачтан алып, бизди сүзүштүрмөй болду дейт. Мынчалык кордукка шүмүрөйүп байкуш болбоюн деп ачуум менен мен да катуу жулкунган экем, тигинин кетмендей колунан бошонуп:

– Кандай кудай урган немесиң! Мен сенин катыныңа келген эмесмин! – дедим дейт. Токондун да бир ачуусу келсе, аама болгону менен айбатту неме да. – Зачем тогда пришел? – дегенде, – Я не пришел! – деп андан ары жагдайды жакшынакай кыргызча түшүндүрүп киргениме карабай, итинин алдында тытмаланып жаткан батинкемди көрүп,

– Значить ты вор! – деди дейт.

– Я не вор, арампөш! – деп өкүрүп баштаганымда, ычкырында байланган телефонун алып, милийсасын чакырыптыр. Катыны бир жактан чырылдап карганганына карабай, жакама кайра келип жабышарда мен да барскандай муштумумду көтөрүп, экөөбүз карсылдашып жатып калдык. Бирок кептин бары эми башталды дейт. Ал аңгыча милийсасы да жетип келип, колдорумду артыма толгоп эле машинесине тыгып, каргансам болбой, бөлүмгө жеткирип, түшүнүк кагаз жаз дегенине көнбөй койдум эле, камап салышты. Бирок кеп анда деле эмес дейт.

Кеп, караңгы күүгүм киргенде Гүлүсүн бечара күйөөсүнүн күндөгүдөй маалда үйгө келбегенине тынчсызданып, Токондун иштеген жерине телефон чалса, ал бүгүн жаным жер тартып турат деп, үйгө күндөгүдөн эрте кеткенин билдиришет. Мына анан Гүлүсүндүн жаны жай алабы, оюнан ар кандай жамандык кетпейт. Телефондун жаагын тындырбай тааныш-билиштерден күйөөсүн сураштырат. Күйгүлтүктүү заманда алда не болуп кеттиби деп уул-кыздарын шаардын туш тарабына атаңарды издегиле деп чуркатат. Тополоң түшкөн Токондун үйбүлөсү акыры арбир райондук милийсалардын бөлүмдөрүнө чала берип, анан эле Ленин райондук милийса бөлүмүндө Токондун камалганын билип, жетип келишет. Бети-башы көгала күйөөсүн көргөн Гүлүсүн чебелектеп иштин чоо-жайын териштире келселе тигиниси ойноштук жасап аткан жеринен кармалганына ишенип ишенбей, өңү сустаят да, милийсадан өткөн суракты баштайт. Токон куурагыр деле эмне кылсын, катынынын алдында аппак экенин айтып безеленет. Окуяны башынан аягына, аягынан башына чейин айтса да какылдаган катыны ынанбай, эси оогондо, мындай жалган жалаанын чын-төгүнүн териштирбей камакка алганы үчүн милийсаларга күпүлдөгөн менен бирок бул окуяга чекит коюлчу күн эртеңкиге калат. Ошону менен жылдызы жерге түшкөн Гүлүсүн балдарын жетелеген бойдон үйгө кайтат.

Канткен менен эрди-катын да, Гүлүсүн куурагыр балдарды алдына салып үйгө бараткан жолдун жарымынан санаасы тынбай бөлүмгө кайра келет. Кептин кызыгы эми ушул жерде – дейт Токон. Ызасы муунтуп турган Гүлүсүн бөлүмдөгү милийсалар менен эринин оозунан алиги катынын кызганган неменин үй дарегин тактап, милийсалардан мурдале ишти териштиргени жөнөп калат. Токон да иштин чоо-жайын Гүлүсүн өзү териштиргени жөнөп калганына санаасы бираз тынчыйт. Эми эмнеси болсо да окуянын чын-төгүнүнө күбө болуп келсин деген менен өзүн алаксытып, бөлүмдө каршы-терши басып, чылымдын артынан чылым түтөтүп атсале, убакыт канча өткөнүн ким билет, заматтын ортосунда эшик тарс ачылып, баягы эңгезердей немени жоон билектен алып жулкулдатып жетелеген Гүлүсүн келип калат. Өзү иймейип турса да жанындагы күрсүйгөн немени жоон билектен жылдырбай кармап турган катынын көргөн Токондун жүрөгү бир жакшылыкты сезгендей болот. Аял болсо да Гүлүсүн эми Токондун көзүнө айбаттуу көрүнүп, анда-санда какыс-кукус кыла койчу адаты азыр жалган сезилип, «ушуга кантип кол көтөрүп жүрдүм эле» деген ой болду дейт.

Гүлүсүндүн үнү милийсаларга чаңкылдап:

– Силердиби… силерди! Шашпагыла!.. иштин чоо-жайын териштирбей, күнөөсүз адамды камап салганыңар үчүнбү… эртең министриңерге кирем! Ачкыла, эшикти! – дегенди укканда, баятан камеранын ичинде жоошуп калган Токон бир заматта жолборс боло калдым дейт.

– Айткам силерди, айткам, акмактар! Эми мынабул арампөштүн өзүн камерага тыккыла! – деп команда бере баштадым дейт. Адатындай жайдаңдаган Токон, кептин баары анда деле эмес – дейт, көрсө, алиги эңгезердей неменин үйүнө Гүлүсүн чатак салганы барса, иштин жайы мамындай экен: Так ошол саатта баягы эрди-катын жаңыдан элдешип, үйдөн топураган эл чыгып келатканда Гүлүсүн дарбазанын коңгуроосун шыңгыратса, короодо үн чыгат…

– Сенин катын кысканычың качан калат, атаңдын оозун урайын! Бөөдө кемпирим экөөбүз келбегенде, мууздап таштамак турбайсыңбы, көркоо… Эми менин өлөөрүм калганда ушинтип сакалымды сүйрөтпөсөң болбойбу… Чал менен кемпирдин жашоосу кантип атат деп үйгө бир өзүң басып бардыңбы, айтчы! Анан эми муну карачы, элдин кайсы келини ушинтет экен? Сааттай болуп, баягы өрттөнүп кеткир оокаты бүтпөгүр апаң жүнүн тытып отурганда келип: «Апа, эмне болуп атасың?» – деп үч күн мурда үйгө келген экен, апасынын кийиз жасайт элем дегенин угуп, жардам бергени жүрүп калбады беле… Бүгүн шаарга биз менен келип, кемпир экөөбүз кыздардын үйүнө барып келгиче, сен минтип… –  деп, дарбазанын эшигине келген чал, коңгуроону шыңгыраткан чоочун келин кайра артына кетенчиктеп баратканын көрүп:

– Айланайын, эмне жумуш менен келдиң эле?.. – десе, бейтааныш келиндин – Жөн эле келдим – дегенин укканда, – Жөн эле келчү беле… – деп шектенет. Гүлүсүн андан аркы кебин эмне деп айтканын ким билсин, кыскасы, окуянын аягы бир үйбүлөнүн очогун кыйратып саларынан чочуган кексе чал, колундагы таягы менен эңгезердей уулун жондон ары бир салат…

– Жөнө, жөнө – дейм, – акмак ушунчаңда! Мойнуңа камчы илип кечирим сура да, камактан чыгарып кел! Күнөөсүз бирөөнү каматканга сенин кандай акың бар? Жөнө дейм… – деп катынын кызганчаак уулун Гүлүсүндүн колуна салып бергендегиси экен.

Милийсалардын бөлүмүнөн Токонду кайра алып чыккан тигил деле анчалык акмак эмес ко, кайта-кайта Токон менен Гүлүсүндөн ийилип кечирим сурап:

– Мындан кийин биртуугандай бололу, – деп ресторанга алып кирип, үстөлдүн үстүн жайнатып таштады дейт. Бирок кеп анда деле эмес, кеп, аялы чын-чынында келбети келишкен ургаачы экенине көзүм түшүп калды, эми катынын кызганган неменин катынына чындап барбасам элеби деп жүрөт, оңбогур Токон. Анан да ушул окуяны айтып болуп, – Кандай экен, чыгарма кылып жазсам болобу? – дейт. – Жок – дедим, – бираз бирнерсе кошуш керек. – А эмне кошуш керек? – дейт, – Апыртма кошуш керек – дедим. – Апыртмасы болмоюн чыгарма окулбайт, болгонун болгондой жазсаң, супсак болуп калат. Жакшы чыгармада чындыкка окшогон калп болмоюн болбойт. Мисалы, ушул айткан окуяң кызык экенинде талаш жок, бирок аяк жагында апыртма жетишпей атат. Эгер апырталсаң, укмуш чыгарма болуп жатып калат, – десем кыйратчудай биринчи чыгармасын жазганы кетти.

2005-ж.

 

oshakir1Олжобай Шакирдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий