Олжобай Шакир. «Кумайык»

ңгеме)

1.

Анын итин кимде-ким «ит» деп койсо жаагын жап кылып, сазайын колуна берчү. «Меники ит эмес, Кумайык! Ит мына өзүң» деп, итин «ит» деп айткандар менен кызаңдаша кетчү. Ал чынындале ити менен адамдай сүйлөшчү. Ити да ага адамдан артык жакын эле. Талаа-түздө дайыма итин маңдайына соксойтуп отургузуп алып, сүйлөшө берген мампайлар экенине малчылар күлүп эле жатчу. Ал эмес «Чоокур ити менен ит болуп сүйлөшөт» деген ылакап Аксайга жайылып кеткен. Бирок элдин антип айткан шакабасына Чоокур эчбир терикчүү эмес. Аны териктирген бир гана нерсе: Кумайыкты ит деп айткандардын оозун тыялбай койгон. Жайытка чыккан чабандар эртеден-кечке койдун артынан калбай, бир колоттон бир колотко чапкылап жүрсө, Чоокур гана атын көк шиберге тушап коюп жамбаштап жатчу. Эчбир чабан анын кой артынан салпактап чапкылап жүргөнүн көрбөптүр. Башка чабандардыкына караганда Чоокурдун алдында айдап жүргөн койлорунун да, минген атынын да жайы-кышы кабыргасы ачылчу эмес. Эртеден-кечке мал артынан калбаган чабандардын минген аттары жооруп кетсе, ушул Чоокур гана дайыма бир аттын үстүндө. Чабандар бир жайда бир ат эмес, эки ат, үч ат алмаштырат. А анын минген аты эчкачан жоору эмне экенин билбесе керек.

«Койдун башын мында кайрып келчи» деп Кумайыгына буйрук берип гана бир жамбашынан экинчи жамбашына оодарылып коюп, кончуна тыгып алган гезит-журнал, китептен башын көтөрчү эмес. Буйрукту илгиртпей аткарган жандосу шыйпаңдап жанына келсе «адамсың» деп, маңдайынан сылап койгонучу. Анысы Кумайыктын кулагына да абыдан жагат. Кокус, ээси артта калган кайсы бир отор каптап келатканын көрдү дегиче Кумайык шып эле жөнөйт. Эки короо койду эки жакка үркүтүп таштап, «туура кылдымбы» дегенсип, ээсине келип шыйпаңдап калганычы. Кээде көзгө көрүнбөй, атайы үйрөтүп койгондой колоттун ичи менен бугуп кетип да Чоокурдун жайытын башкалардын оторунан коргогону башка малчылардын күйбөгөнүн күл кылчу. Кептин баары эки короо койдун ортосун жакындатпаган Кумайыктын кыраакылыгына ишенген ээсинин «адамсың» деп кабаттап айткан ыраазычылыгын тигиниси түшүнүп алганында эле. Колхоз боюнча Чоокурдун алдыңкы чабан болуп калганынын сыры Кумайыктын адамдан артык зээндүүлүгүнөн экенин көбү билчү эмес. Муну Чоокур өзү гана билчү. Анын алдыңкы чабан экени район, облуска чейин жетип, ал эмес республикалык гезит беттерине сүрөтү чыгып, далай жолу орден алып сыйланганына Кумайык сыймыктанчу беле, жокпу, билбейбиз, катын-балдары сыймыктанчу. Бирок ушул сыйургалдар Кумайыктын артынан келерин Чоокур деле аңдачу эмес. Ал «өзүмдүн гана ак эмгегим» деп саначу.

Чабандардын Чоокурдан бөлөгү Аксай боюнча күн аркан бою көтөрүлмөйүн малын короодон чыгарбайт. Башкалардын малына караганда дайыма Чоокурдун малы үрүл таңдале жайытты беттеп кеткен себеби, Кумайык мал артынан калчу эмес. Шүүдүрүм таңдын салкынында оттогон мал эрте тоюнат, анан жуушаар маалы болуп калганда Чоокур үйүнөн аттанып чыкчу. Ага чейин малга көз салар Кумайык бар үчүн санаасы тынч. Ага кыр-кырдан дүрбү салган чабандар: «Кайран Чоокур уйкусун кандырганы келатат» дешип, кусамат артар эле. Чоокур да жайыттагы тынч жаткан малына бир сыйра көз салгандан кийин же уйкуга кирчү, же адатынча кончундагы гезит-журналдарды окуп жатып, кечинде көз карайганда Кумайык айдап бараткан малдын артынан үйгө бет алчу. Башкалардын короо-короо кою аралашып кетип, ызы-чуу түшүп жатканына табасы кангандай, «өзүңөр ит болгон үчүн кырчылдашып жатканыңарды билбей, менин Кумайыгымды ит дейсиңер» деп жоонсунуп сүйлөчү. А чын-чынында малдын артынан Кумайык калбаган үчүн башканын отору  Чоокурдукуна жакындачу эмес да. Ал эмес анын малынын башын ит-куштан аман сактаган да Кумайык эле.

Сариймек кыштоосуна көчүп барган жылы Кумайыктын болгону бир карбаскан мезгили. Эртең менен Какен сүзгөн бозодон эки чоң чыны бастырып алып, мал артынан аттанган Чоокурдун койлору бир убакта артына жапырыла берди. «Болду болбоду койдун алдына карышкыр тийди» деп шашкалактаган неме атына камчы салып жөнөрү менен колоттон ашып бараткан карышкырдын жону көрүндү. Ангыча арттагы Чоокурдун айгайын угуп, куйругун чатына кыпчып качкан карышкырды Кумайык толорсуктан бир булкуп алып, кежигеден бурдадыле, бирок көкжал көкжалдыгын кылды. Кумайыкты бир каңшылатып алып, кутулуп кетти. Кумайыктын каңшылаган үнүн Чоокур ошондо бир уккан, кийин бир укту. Ошол окуяны кыр-кырдан дүрбү салып карап отурган чабандар: «Бир кар баскан иттин карышкырга кол салганын өмүрүмдө көргөн эмесмин» десе, бири: «Карышкырга жаш болгон үчүн гана алдырып койду» деп катуу шыпшынышкан. Кээси «карышкырдан бир жолу каңшылап калды, экинчи тиш салалбайт» деген эле, бирок кийин андай болбоду. Ошол бир жолу карышкырдан каңшылаганына ызаланып калганбы, кийин анын азуусунан кутулган карышкыр болгон жок. Кумайык да бир кар басты жаштан кийин эле торпоктой ит болуп чыкты. Мына анан далай көкжал карышкырга, далай иттин сырттанына көргүлүктү көрсөттү го. Атчанды көрсө сабалап-самсып үрүп чыкчу чабандардын иттери жал-куйругу төгүлгөн Чоокур минген кара жоргого жакындады дегиче жалгыз өзү 5-6 итти жапырып кубалаган сырттандыгы менен Кумайык атанып кетти. Анын даа бир өзгөчөлүгү – коңулга жатканын көргөн жан жок. Чоокур кыштоого көчүп барабы, жайлоого көчүп барабы, ал дайыма короодон алыс, айланага көз салып турар дөңсөгө барып жатар эле. Андан кызыгы, күчүк кезинен бери башка иттердей болуп жугунду ичпеген мырзалыгычы. Сырттандан тукум алып калуунун амалын издеген башкалар да, Чоокур өзү да эмнени гана кылбады. Канча канчык менен үгүшсө да, бирок Кумайыктан кумайыктай тукумду эчкимиси алалбады. Канчыгын башка дөбөт менен үгүштүрбөй, өзүнчө камап деле көрүштү, калыбы Кумайыкка кумайыктай канчык табылган жок ко?

А Кумайыкты Чоокур өзү күчүк кезинде журттан таап алган. Ал анда борсулдак боз күчүк эле. Анын күчүк кезинен бери иттен башкача касиети чабан болгондордун арасында бүгүнкүгө чейин ооздон оозго өтүп айтылып жүрөт. Ошол күчүк кезинделе кой жайган чабандар менен кызуу сөзгө кирип кеткен Чоокурдун тушалган аты бир кыйла алыстап кетпейби. Астындагы унаасы узун колоттун этегинде жүргөнүн көргөн Чоокур «атымды жетелеп келип бергиле» дегенинен, бирөөсү жаңыдан аттанып калган. Ангыча төмөн жакка дүрбү салган чабандардын бири: «Атты, боз күчүк чылбырдан жетелеп келатат» дебеспи. «Мүмкүн күчүк неме аттын чылбырын тиштегилеп ойноп аткандыр» деп таңгалышкан. Жок, боз күчүк түз эле Чоокурдун алдына атты жетелеп келгени. Кызыгы, аттын чылбырын же күчүк чечкенине, же өзү чечилип кеткенине эчкимдин акылы жетпеди. Бул эми Кумайыктын күчүк кезиндеги бир эле окуясы. Андай окуянын кийин канчасы болду, бирок алар Чоокур үчүн кадыресе көнүмүш эле.

Сариймек кыштоосунда Кытай менен Кыргызстан ортосундагы чегара тосоту турат. Ошол чегара кызматынын аскер командири Олег менен Чоокур жайдактөш достордон эле. Майрам сайын үйбүлөлүк катыштары да үзүлчү эмес. Аксайдын кычыраган суугунда жыл сайын Чоокурду солдаттардын жылуу тону менен чокоюнан камсыз кылган Олегдин достук камкорлугу да күч болчу. Айрыкча кышкы согум маалында Какен жасаган жылкынын чучугу менен бозосунун кыныгын алган Олег Чоокурдун үйүнө үзбөй каттачу. Келген сайын босогону куру кол аттабай, ал да колбаса, балык, консерва, май-чайынан өйдө солдаттардын ырыстуу деген тамак-ашын Чоокурдун үйүнө опсуз ташычу. Ал эмес чырак менен отурган досунун үйүнө электр жарыгына чейин тарттырып берип ажаат ачкан эрдиги бар. Алыскы кыштоо жеринде эчбир чабандын мончо менен иши болчу эмес. А Чоокур менен Какен Олегдин кадыры менен жумасына бир жолу казарманын короосундагы мончодон жуунуп-таранып алышчу. Атүгүл жакадагылардан кабар алып турганга телефонунан өйдө пайдаланышчу. Эки достун бир-бирине ичи-койну эзилип, Чоокур да колунда болгонун Олегден аянчу эмес. Анын айрым сөздөрүнө анча түшүнбөй калганда Какендин жардамы тийип кетчү. Какен  орус мектебинен окуган. Ал ошонүчүн көп учурда күйөөсү чайналган жерлерден тилмеч боло калган үчүн эки дос бири-бирин жакшы түшүнчү.

Чоокур менен Олег кийиктин кыныгын алып, ууга чыккан учурлары көп болду. Олегдин «Уазик» машинасын айдатып алышып, колдорунда дайыма автомат. Бир чыкканда 10-15 аркар-кулжанынын этин жүктөнүп келишчү. Бир курдай уудан жаңыле келип босогону аттай берерде ырылдап качырган Кумайыкка Олег автоматын кезеп койгону бар. Болду, ошондон бери Кумайык да Олегди көргөн жерден качырчу. Анысын Чоокур уруп-согуп да койдуралбады. Мүмкүн ошондонбу, Кумайык да кийинки күндөрү талаадан качып, үйгө кетип калчу болду.

 

2.

Какен менен Олегдин ортосундагы мамиле көпкө уланды. Көңүлдөшүн бир жумадан бери көрелек Какен бүгүн негедир эле жүрөгүнүн түрсүлдөгөнү башкача болчу. Олегдин босогону жарк этип аттаар маалын күтүп отурган неме Кумайык келээрин да боолголоп чочулап аткан. Анан калса күйөөсү да так ушул күнү дүрбүсүн үйгө унутуп баса бериптир. Демейде дүрбүсүз үйдөн аттанып чыкпаган Чоокур келип калышын ойлогондо, жүрөгү «дүк-дүк». Баарынан кооптусу ушул. Улам сыртка чыгып, эки жакты акмалап атып, Кумайык келатканын көрдү. «Бул бир балээ болду го» деп ичинен кыжаалаттанды. Бала болуп башына жүн чыкканы мындай итти көргөн эмес. Олег экөөнүн бейубакта бекинип күткөн арзууларын жан адам туйбаган менен ушул ит тукуму туйганы күндөн-күнгө беймаза кооптондурчу. Кээде жөнсүз жерден тынчсызданып, үйдү чимирилип чуркап үргөнүн көргөндө өзүн коёр жер таппай калчу. Иттин минтип тынчсыздануусунан күйөөсү бир күнү шек алып калса не болот… «коркконго кош көрүнөт» болду. Акыры эмне кыларын билбеген абыгер жаны иттен кутулуунун ар жолун ойлоп, бирок эчнерсе кылалбады. Ал эмес бир кесим эттин ортосуна ийне салып жедирип көрдү. Сулп этти чайнап атып, бир жолу тишине ийне кабылып калгандан бери Кумайык да Какендин колунан эт жеген сайын, ийнеден этияттап калган. Какен ага бир нече жолу ийненин чоңун да, кичинесин да жедиралбай койгондон кийин биротоло амалы түгөдү.

Айтып берер тили болсо Кумайык да Какендин абийрин Чоокурдун алдына эбак төгүп берет эле. Бирок анысы үчүн ээсинен таяк жегенден башка эмне опаа болду? Болгон ишараты менен тиги экөөнүн кылыгын туюнталбай жүрдү.

Күн сайын үйгө келгенде Кумайык жокто мал кайтарган кыйын экенин айткан Чоокур: «Үйгө келгенин көргөндөн кийин кайра мага кубалап ийбейсиңби!» деп катынынан далай жолу ачуусун чыгарган. Бирок Кумайыкты канча кубалаганы менен кетиралбай койгонун айтып чырылдаган Какендин кебине же Чоокур кулак кагып койбоду.

Баятан айласы куруган Какен суу алганы эки чаканы каруусуна илип, мурдагыдай кашатка эмес, казарма жакка жөнөдү. Анын шашылыш келатканын көргөн Олег кашатты карай басты. Какен да Олегдин артынан ылдамдады. Анын тамак-ашка деген сууну кашаттагы тоңгон муздан ат арабага жүктөп барып, эритип ичип жүргөндөрүн көргөн ашыгы «бизден алып кетип тур» дегенинен, Какен да акыркы убактарда сууну казармадан ташып барчу. Кээде Олегдин буйругу менен сууну солдаттар да жеткирип беришет.

Экөө маңдай-тескей көрүшкөндөн кийин Какен энтигип калды:

– Жаным, бүгүн жолуга албайбыз…

– Антпечи…

Олегдин ысык эриндери бетине чопулдап жабыша түшкөнүнө эреркеген Какен каршылык кылгысы келбеди. Өзүнүн да сагынычы таркабай жүргөн неме сүйгөнүнүн бооруна башын жөлөдү:

– Мейли, бирок кечирээк кел, макулбу?

Какен үйгө келери менен Кумайыкты талаага кубалаган аракетинен майнап чыкпады. Акыры Олегдин келер маалы болуп калгандыктан, чынжырга байлап таштады. Бирок чоң машакат менен чынжырлады. Кумайык да Какендин колунан буга чейин далай жолу чынжырга байланып жалкып калган, сарайды айланып качты. Аз убакыттан кийин Какендин «мэ-мэ» деп, үйдөн эт алып чыкканын көргөн сугалак чуркап келди. Түбү терең таштектеги жаңы союлган этти көргөнү менен моюнга сыйыртмак үчүн даярдалган аргамжыны байкабаптыр, эт оозуна тиер замат колго түшүп калды.

Мурда бир Олег келерде да жип менен байлап койгон жеринен бошонуп кетип, үйгө кирип бараткан меймандын багелек этин үзүп алчудай качырган. Олег анда чапчаңдыгынан эле үйгө кире качып аман калган. Ошондон кийин көңүлдөшү келер убакта пайда болор Кумайыкты Какен да чынжырга байлаганга өткөн.

 

3.

Чоокур алдындагы оторду үйгө жакын өтөккө чейин жайып келип, атына камчы салып, үйгө тыз койду. Атты мамыга байлап атып, негедир Кумайыктын чынжырланып турганына таңгалды. «Муну эмне байлап салды!» деп катынына ачуусу келди. Адегенде үйгө кирип дүрбүсүн алмай болуп, босогону аттаары менен тигил экөөнүн үстүнөн кабылды. Экөөнү камчы менен тартып-тартып алып, ызырынып сыртка атып чыкты.

– Канчык… Сени шашпа!

Артына кайрылып, мылтыгын октоюн деп, токтоп калды.

– Канчык. Билем сенин буга чейинки жоруктарыңды! Уккам!

Кызылтуулук чабандардын бири менен жайыт талашып сабаша кеткендеги «сенин кантип алдыңкы чабан болуп жүргөнүңдү билебиз. Ычкыры бош катының чоңдорго жагынып, жакшы мамиле түзгөн үчүн орден менен сыйланып жүрөсүң» дегенин эстеди. Анда бул кепти ичи күйгөндөрдүн көралбастан айтканыдыр деп, жалган ушактай көргөн. Бирок «катының чоңдор менен жакшы мамиледе» деген кепти уккандан кийин Какенди малчыларга арналган салтанаттарга жибергис болгон. Босогодон артка кайрылып, ушул окуяны эстегенде мылтыгын октоюн деп барып, ачууга алдырган жаны бөөдө кырсыкка кабылып, эки адамдын канына забын болбоюн деди. Болгону артына кайрылып, экөөнү кызыл-жаян болгуча сабап, кычуусу кангандан кийин Кумайыкты чынжырдан бошотуп, жандосун моюндан кучактады:

– Тилиң болуп калбаганын карачы! Тиги канчыктыбы, коё тур…

Кашабанын күч болуп турган мезгилинен чочулаган Чоокур оторуна шашты. Кумайык да Чоокурдун келип калганына кудуңдагансып, шаңыраңдап алдыга жүгүрдү. Кайырын бир заматта чайыр кылган Олегдин койнунда эбактан бери котур ташы бар экенин өзүнөн мурда Кумайык сезгенине арданган Чоокур алдындагы каражоргосуна үстөккө-босток камчы бастырды. Ат колтугу тердегиз жердеги жайытка жеткиче каражоргонун соорусуна камчы бастырган аны башка кырда дүрбү салып отурган чабандар көрдүбү, жокпу, көргөн болсо, азезил жин тийгендей куюндап келатты.

Кырсык эртеси күнү келди. Кумайык таң эртең менен казарманын дарбазасынан чыккан Олегдин «Уазигин» көрөрү менен жүгүрдү. Машинанын алдын тороп чуркаган макулуктун ажылдап үрүп келатканын көргөн айдоочу рулду бурганга карабай, Кумайык жол бетиндеги көктайгак муздан боюн токтоталбай, «дүңк» этип дөңгөлөккө урунду. Анын каңшылаганын уккан Чоокур «Уазиктин» деле четке качканынан – айдоочуда айып жок экенин көргөн. «Ап бечарам, оңбой калдың бекен» деп катуу каңшылаганынан эле бир балээни сезди. Кумайык да четке чыга берип, кулап жыгылды. Жүгүрүп барып, иттин башын кучактап, өксөп ийди:

– Дөңгөлөгүң сынып калгыр!

Оозунан кан кеткен Кумайыкты үйгө көтөрүп келип, салбырап отуруп калды. Ити башын көтөрөр эмес. Ордунда кайсалактаган Чоокурду жалдырап тиктеген бечаранын көздөрүндө бир үмүт бардай жанат… Дүйнөсү тарыган тиги да не кыларын билбей, ордунда тегеренип калганы. Төмөн карай салып-уруп кеткен «Уазиктин» төрт дөңгөлөгүн, анан калса ичиндеги Олегдин өзүн атып салат эле, кечикти. Болбосо ызырынып турган неме адам канын Кумайыктын канына алмашкандан кайра тартпас эле. Жаны үзүлүп бараткан Кумайыктын көзүнө тиктеш Чоокур үчүн кан жуткандан оор болду. Үйдөн сары май алып чыгып, оозуна салып атканда өпкөсү өпкөсүнө батпай, көзжашы шорголоп берди.

«Адам достугуна ыраазы болбосом да, сага ыраазымын… Досторду көрбөдүмбү!» – деп ичинен күңгүрөнгөн Чоокурдун түтөп турганын Кумайык туйдубу, туйбадыбы, тыбырчылаган буттары бир серпилип алды.

 

4.

Кумайыкты жонуна көтөрүп, жардын түбүнө барып көмүп келген ошол күндөн баштап ал бир кызыл камчы зөөкүргө айланды. Анда Горбачев доору сүрүп, элдин аракка болгон таңсыгы күчөгөн. Жакадан келген Кызыл кулактар Аксайдын чабандарына бир шише спиртти бир койго алмашып кетчү. Талаа-түздө маңдай-тескей отуруп сүйлөшө берчү Кумайык жоктон бери бук болгон Чоокурдун арактан башы чыкпады. Адам башына түшкөн жалгыздыкты ал ошондо сезди. Адамдын адамдан башка да сүйлөшө турган эрмеги болот тура. Эртең менен мал артынан кетип, кечинде үйгө келген менен сүйлөшөр кишиси жок неме босогону аттары менен аялын:

– Эй, канчык! – дейт. Какендин Какен деген аты өчтү.

Ортолорунда балдар турган үчүн гана эрди-катын катары жашоо улап жүргөнү болбосо, бир үйдөгү экөөнүн ортосу музга айланды.

Атбашынын балдар интернатында окуган тун кызы Жамал, уулу Нурак бир күнү кышкы каникулдун убагында келип калган үчүн да экөөнүн үйбүлөлүк очогу жанып кетти. Ата-энесинин ортосундагы суз мамилени балдар келген күнү эле туйду. Бири-бирине түнөрүнкү ата-энелеринин мамилесине экөөнүн тең супсуну сууп, ортодо эмне болгонун сезалышпай:

– Эмне болуп калгансыңар? Ээн Аксайда кантип сүйлөшпөй чыдап жүрөсүңөр?..

Ата-эненин бирөө да үңкүйүп жооп кылбагандарына жүрөктөрү ооруду. Жакага кетерге жакын Нурактын:

– Ата, Кумайыгыңыз кайда? – деген суроосуна, атасы:

– Мынабул апаңдан сура!.. – деп бурк этип алып, сыртка кеткенден кийин гана Жамал экөө ата-эненин ортосунда ит үчүн чыккан бир балээни боолголоп, тим болушту. Ата-эненин ортосунда жылуулук муздап калганына ичтери сыйрылган балдарын Чоокур да, Какен да аяган жокпу, Жамал менен Нурак үйгө эмес, талаага келгендей болду. Алар ата-эненин эмес, чоочун бирөөнүн үйүндө жүргөндөй томсорушту.

Чоокур малын короого киргизип, үйгө жаңеле жайгашкан күндөрдүн биринде бой жетип келаткан Жамал апасынын үкөгүнөн таап чыккан атырды Какенге, анан өзүнө куюнуп:

– Апа, бул атырыңызды куюнбайт деле экенсиз. Мага бериңизчи, – дегенден чатак ырбады. Тиштери кычырап, көздөрү чанагынан чыккан Чоокур ордунан атырылып туруп, Какенди башка-көзгө койгулап жатып калды.

– Эй, канчык! Бул үйдөн ушул атырдын жыты жоголсун дебедим беле! Же дагы келип, белегин берип кеттиби!

– Ата, эмне болуп атасыңар? – деген Жамал менен Нурак чырылдап арачы түшкөнүнө карабай, Какенди жанчып сабады.

– Канчык, айтып бер балдарыңа! Уккула, апаңарды!

Какен эшикке чыга качты.

– Атакебай, айткылачы, эмнеле болуп атасыңар? – деген Жамалдын суроосуна Чоокур:

– Аны апаңардан билип алгыла, – дегенден башка эчнерсе айтпады. Эртеси күнү:

– Апа, атам экөөңөргө эмне болгон? – деген кызына болгон окуяны түшүндүрүп берет эле, уулунан тартынды.

 

5.

Уул, кызынын каникулдары аяктаса да, мектепке барганды каалашпай, ата-энелеринен алыстагылары келбегенин туйган Чоокур бир күнү өзүнөн-өзү жибип калыптыр. Сууга бараткан Какендин артынан өзү барды:

– Какен…

Артынан келаткан күйөөсүнүн оозунан канчадан бери Какен дегенди угалек бечаранын жүрөгү бир жакшылыкты туйду. Буга чейин жакшеле камчысынан кан тамган Чоокурдун Какен дегенин уккан үчүн баарын кечирди. Кабагы жарк этип, артына кайрылары менен колундагы чакаларды күйөөсү алды.

– Балдарды деле жибербейт белең…

Какендин көздөрүнөн мончок жаш ыргып кетти.

– Чоокур, мени кечирип… Балдарды мусаапырдай кылбай, жок дегенде ошолор кеткиче мага адамча мамиле жасачы…

Какен муну жалдырап өтүндү.

– Болду эми, өткөндү кеп кылбай…

Чоокурдун да көзжашы каканактап берди. Көзүндө жаш тегеренип турган күйөөсүн Какен да ичинен аяды. Анын түйтөйүп, тез эле жүдөп кеткенине жүрөгү ачышып, өмүрлүк жарынын айкөлдүгүнө чексиз ыраазы болду. Баш-аягы үзүлбөгөн коркунучтуу түшүнөн ойгонгондой, дароо жеңилдей түштү.

Экөөнүн ээрчишип келатканын көргөн Жамалдын үнү үйгө шаңк этип жаңырды:

– Нурак, сүйүнчү! Атам менен апам бирге келатат… Карасаң. Бол эми, эшикке чык!

Нурак сыртка чуркап чыкты. Атасы колуна эки чака суу көтөрүп, апасы да анын жанында мойнун бийик көтөрүп келатканын көргөн балдар «ураалап» жүгүрдү. Бири апасынын мойнуна, бири атасынын мойнуна секирген наристелердин көзүнөн кубанычтын жашын көргөн ата-эне эриндерин кырча тиштеди. Үйгө келери менен курмандыкка түлөө өткөрүү үчүн Чоокур короодон эттүү ириктердин бирин жетелеп чыгып, көтөрүп чапты.

– Оомийин… Жамандыктын баары быйылкы кар, быйылкы кыш менен кетсин! – деген күйөөсүнүн батасын Какен коштоду:

– Үйүбүздүн босогосунан жамандык аттабасын. Коломтобуз өчпөсүн! Оомийин.

Үйгө ошол күнү дароо кут киргендей жарык боло түштү. Баары кужулдашып, түндүн бир далайына чейин сөздөрү түгөгөн жок. Балдар эртеңки жолго камынып, окууларына кетмек болду. Көптөн бери өз-өзүнчө уктап жүргөн Чоокур менен Какен бирин-бири боорго кысып, кучакташып уктады.

Ошондон тартып ортодо ынтымак жылоолоп, эрди-катын Аксайдын ысык-суугун бирге тартып жүрсө да, бирок жарыктык Кумайык жетпей атты. Кашаба күндөн-күнгө күч алып, жонунан мылтык түшпөгөн Чоокурдун айласы куруду. Каражоргосунун жону жооруп, баспай калганда жээрде кашкасын минип, анысы да тез эле көтөрүм болуп калды. Эртеден-кечке мал артынан калбай чапкылап жүргөнүнө карабай, көзү мындай болору менен малдын башын кашаба кайсаганы күчөдү. Каңырыгы түтөгөн күйөөсүн көргөн сайын Какендин заманы куурулуп, өзүн күнөөлү сезет. Күйөөсү «ушунун баарына сен күнөөлүү» деп айтпаганы менен Кумайык жоктон бери короону түнкүсүн да кырсык чалып, экөөндө түн уйку жок. Улам кезектешип уктап, улам бири эшикке башбагып, мылтыкты тарсылдатканга карабай кашаба короого секирип киргенин койбоду. Оттун жарыгынан коркот деген кашабаң, короодо жанып турган асма чыракка да карабас болду. Бир эле кыштын жарымында жыйырма коюн карышкыр жарып кеткенине ызырынган Чоокур башка чабандардын биринен Короочу деген итин сурап келсе, анысы сак болгону менен түнкүсүн карышкырдын жытын сезгенделе куйругун чатына кыпчып, үйдүн далисинен чыкпай кыңшылайт. Бирок ошонусу да кашабанын келип калганынан кабар бергенине шүгүр дешчү.

Кумайыктын короодон алыс жердеги дөңгө барып жатчу оордун көргөн сайын каңырыгы түтөгөн Чоокур кээде талаага мал жайып барганда, жаш балача ыйлайт. Кумайыктын анык сырттандыгы ошол күндөрү көрүндү. Эртең менен короодон чыккан отордун артынан калбай ээрчип кетчү Кумайык барда алдында минген атынын жону былкылдап семиз болор эле. Анда санаа дегенди билбептир.

 

6.

Чоокур быйыл жылдагыдай Кызылбулак эмес, Каралаташ жайлоосуна көчүрүлдү. Кыркындан кийин этке төгүлчү алдындагы бир короо ирик жылдагыдан арык. Жылыга алдыңкы чабан болуп жүргөн неме быйыл жүндүн планын да толтура албады. Эми эртеңки этке төгүлөр оторун караса, уяла тургандай. Мал таңкы шүүдүрүмдө жайытка чыкса да, отордун ирденбегенин эмнеден көрөрүн билбеди. От деген буралып жатат, жайыт кенен. А Кумайык барда качан ушундай эле? Башка чабандар көргөн кыйынчылыктар эми анын да башына түштү. Бир эмес, эки атынын тең жонундагы жоорусу ачылып кетти. Кыштоодон жайлоого мал айдап келаткандагы быйылкыдай кордукту көргөн эмес. Жолдо көтөрүм болгон чабырлары көп болду. Жылда эки күндө мал айдап келип калчу жайлоого Чоокур бул жылы үч жарым күндөн кийин жетти.

Ушуларды ойлоп отуруп, малды сүрмөй болду. Кырылып калгырлардын козголоор түрү жок, жуушап жатышат. Мурда итти көргөндө дыргаяктачу ак кой ысык аптаптан улам биринин чаткаягына бири башын тыгып, жыла турган көздөнбөйт. Эмне кылсын, жанындагы Короочуну айгактаса, анысы тилин салаңдатып, бадалдын түбүндөгү көлөкөдөн чыкпай жатып алганына жаны кайнады. Аттын чылбырынын бир учуна Короочунун мойнунан байлап, жок дегенде иттин караанын көргөн малды үркөбү десе, анысы да кежеңдеп баспай койгонучу. Кээде көөнү келсе мал айдашып, кээде ээсинин тилин албаган мындай итти ким көрүптүр. Чоокурдун жаалы ошондо кайнады. Ак койдон мурда итке ушунчалык кыжынды да, чылбырды биротоло ноктодон кесип, ага итти моюндан байлады. «Мындай иттин барынан жогу!» деп Кара-Үңкүрдүн күрпүлдөп кирип турган чоң суусуна Короочуну дыркыратып сүйрөп келип, казандай ташка чылбырдын бир учун ороп-чырмады. Экинчи учу иттин моюнунда эле. Чоокур эми суунун тереңине ташты тоголотуп, артынан итти түрттү. Жанталашкан иттин артынан Чоокур кошо кандай кирип кетти, өзү билбейт. Буту тайдыбы же жипке чалындыбы, алкымынан келген суу аласалдырган бойдон агызып жөнөдү. Күрпүлдөп кирген суунун шары менен ылдый аккан бечара камгакка окшоп, суу үстүндө аласалып баратты. Жээкке сунган колуна арча, карагайлардын тамыры кээде кармалып калып, бирок жулунуп кетип атты. О далайга чейин агып барган кезде Короочу жээкти бойлоп жүгүрүп келатканын көрдү. Чоокур жээкке канчалык жанталашса, ал да ошончо ээсин карай жүгүрүп, бир убакта ак көбүк сууга секирди. Адамга караганда суунун каршылыгына Короочу туруштук берип, чабак урду. Бирде шаркырап келген суунун астында көрүнбөй калып, бирде Чоокурду кайда калды дегенсип, мойнун кекейтип эки жагын каранган Короочу бир убакта ээсинин купайкесинен тиштегилеп тартып атып, жээкке жакындай башташты. Баятан өзү жалгыз шар суунун ичинде таканчыктай албай аткан Чоокур иттин жардамы менен боюн токтотуп калды. Сыйгалак таштардан буту тайып барып, иттин үстүнө боортоктогон үчүн оозу-мурдунан суу кирбей да, бираз дем тартканга жарады. Болбосо, баяле жандан түңүлүп, тырп этер алы калбаган Чоокур үстүндөгү шөлбүрөгөн кийимдердин салмагын көтөралбай, суунун шары менен эле калкып калган. Азыр эптеп иттин колдоосу менен жээкке чукул жердеги карагайдын бутагына колу жабышып, кургакка чыккандан кийин аман калганына көзү жетип, ыйлап ийди. Муздак суудан ээги титиреп үшүгөн зөөкүр эми иттин көзүнө тиктегенден уялды. Суу болгон боюн силкилдетип, калтырап-титиреген Короочунун мойнундагы чылбырды көргөндө, жети өмүрү жерге кирди. Иттин суудан кантип аман калганына акылы айран болсо да, ал бир нерсени түшүндү. Жашоодо иттин жаманы жок экен деди. Иттен башка эчбир жаныбар адамга мынчалык жан тартпасына ишенип, эми ал Короочуну Короочу эмес, Кумайык атады. Иттин баары Кумайыктын тукуму экенине көзү жетти.

2007-08-ж.ж.

 

oshakir1

Олжобай Шакирдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий