Олжобай Шакир. «Жаны чыкпаган ташбака»

ңгеме)

Баятан кайра-кайра сыртка чыккан Тамырланга иттин эмнеге үрүп атканы белгисиз эле. Минтип жөнү жок ажылдаган итин тилдеп-тилдеп кирип кетип, көчүгү жаңыдан жер жыттаганда кайрадан башталдыле, эми үйдөгү меймандардан ыңгайсызданган Тамырландын келинчеги конок үйдөн жылып чыгып кеткен себеби: терезе тушундагы иттин ажылдаганына кулагы чыдабаган меймандардын арасынан «итиңерди бүгүнчө бошотуп деле койбойсуңарбы» деген өтүнүч болгон. Бирок бул кепти укса да укмаксан болуп, сыртка чыгып итти тилдеп койгондон башкага жарабаган күйөөсүнүн кежирлиги үчүн айда-жылда бир келген төркүндөрүнөн уялып отурган Айшерик сыртка чыкты да, итти чынжырдан бошотуп жиберди. Күйөө баласынын эмнеге итти бошотконго кыйыктанып атканын астыртан сезген кексе чал:

– Э балам, башка ит минтип үрсө да тайгандын үргөнүн көргөн эмесмин… Бу сеники тайган эмес. Тайган деген иттин мырзасы да. Минтип кандек же короо кайтарган ит гана үрөт, – дээр замат сөзгө Кандос да аралашты:

– Жездемдин тайганы ууга да жарай берет, короочулукка да жарай берет, ата. Туурабы, жезде? Меники өзгөчө тайган деп койбойсузбу, – дегенине үйдөгүлөр күлүп калышты.

– Жездемдики үргөнгө да үйрөтүлгөн тайган, – деп кошумчалап койду, үй ичиндегилердин күлкүсүнөн улам тили кычыша түшкөн Кандос.

Ангыча көңүлү жайдары кирип келген Айшерик:

– Үнү басыла турсун деп, итиңди бошотуп жибердим, – дегенин укканда кайната, кайненесинин көзүнчө зиркилдеген Тамырлан ордунан обдула калганда Айшерик төркүндөрүнүн көзүнчө кер-мур айтышпас үчүн сыртты карай зып койду. Күйөө баласынын кызуу кандуулугун туйган Дөкөн аксакал Тамырландын ачуусун жайгарыш үчүн «Кел балам, мынабул дасторконго бата кыла туруп, сыртка басып, буттарды эс алдыралы», – дегенинен отургандар козголуп калды.

Меймандар сыртка чыгары менен иттин ажылдаганы эми баккоруктан угулду. Дөкөн аксакал чакчасын кагып, оозуна насыбайдан уруп, Кандосту чакырды:

– Көзүң курч эмеспи, карачы… Тетигинде жаргылчактай таш кыймылдайт, ит ошого үрүп атканбы…Жакын барсаң.

– Оп-еей, чын эле бүлкүлдөп жылып атат, – дешип үйдөн чыккандын баары Кандос менен баккорукка жөнөдү.

– Ташбака-аа, ташбака экен! – Ташбаканы ишенип ишенбей кармалай башташты.

– Тобо-оо… ташбака дегенди биринчи көрүшүм.

– Бизде да ташбака барбы? Булар жылуу жактарда болчуле го?..

– Биздин Чүйдө чоң эмес ташбакалар болчу эле, бизге мындай чоңу кайдан келген? – дешип, бул шумдук азыр эле асмандан топ этип жерге түшкөндөй таңыркашты. Ал эмес ташбаканын чопкутун таш менен койгулап, сынаар-сынбасын да текшеришти. Денесин жыйырып, чопкутуна кирип алган ташбаканын жонунан бир да жарака кетпегенин көргөн соң, топурагандын баары таңдайларын шыкылдатып тим болду. Артында Дөкөн аксакал ташбаканы көтөнгө бир тээп көрдү да – Опе-ей тоотпогон неме го, – деп башын чайкады. Өмүрүндө биринчи көрүп атса керек, бут алдындагы тарбалаңдаган жаныбарды эми чалкасынан оодарып, шуудураган алакандары менен боорун сыйпалады.

– Булардын жону эле эмес, боору да таш турбайбы… Эми ушул канча өмүрдү жашадыкен, чиркин?

– Менимче, сиздин жашыңыздан да ашык жашады болуш керек. Сиз айткандай, көрдүңүзбү, жону эле эмес, боору да таш үчүн узакка жашашат, – деди атасынын курчоосунан алыс чыгып көрбөсө да, бирок колуна тийгенди окуп-чокуй берчү жер чечегин безеген Кандос.

– Урду-сокту айта бергениңди койчу, – деп кайнисинин айтканына Тамырлан кошулгусу келбедиле, Кандос эми ташбака жөнүндө гезиттен окугандарын айтып кирди:

– Эй жезде, ташбаканын эти аябагандай пайдалуу.

– Гезиттер жаза беришпейби.

– Жаза беришпей эле. Атайы дарыгердин кеңешин окугам.

– Эмне деп жазыптыр? – Дөкөн аксакал Кандостун айтканына кулагын түрүп калды.

– Биринчиден, өмүрдү жашартат экен. Экинчиден, тула бойдогу суукту айдап чыгып, ичегинин сезгенген ооруларын айыктырат. Анан да геморрой оорусун айыктырганга миңдин бири дейт… – Муну уккан Дөкөн аксакал ордунан тура калды.

– Бу ташбаканын эти арамбы же адалбы?

Күтүүсүз суроого Кандос бираз буйдала калды да, жооп таба калды:

– Дарычылык үчүн арам менен адал ылганбайт.

– Муну ким айттеле? – жездеси дагы бурк этти.

– Азыр кыргыздар иттин этин деле жеп атпайбы. Ит эмес, биттин этин медицинада колдонушат. Сиз эмне, суур, кашкулактын эти адал дейсизби? Аны сиз баягы чоң кара дөбөтүңүз тиштеп келгенде, кууртуп жебедиңиз беле Суусамырдан, билесизби? Билбей калат… Баягы суурдун этичи…

– Андан сен да жебедиң беле…

– Жегем… Эмнеси бар экен? Бул деле ошо… Мусулманбыз деген менен чочконун этин жеп деле үйрөнбөдүкпү, – деп жездесин бир заматта унчукпас кылды.

Дөкөн аксакал муну угары менен сакалын уучтап, ойлонуп калды. Уулу айткандай – жанагы өмүрдү жашартат, тула бойдогу суукту айдап чыгып, ичегинин сезгенген ооруларын айыктырса… Анан да геморрой оорусуна шыпаалыгын угуп отурса – ойлонуп отуруштун кереги жок ко. Өзү дал ушул дарттардын залалын канча тартты. Бир саам ушуну ойлонду да:

– Кандос, көтөр муну, – деп ташбакага кол жаңсады.

– Андай дартка шыпаа болор касиети болсо, бизге муну кудай-таала өзү жиберген экен.

Араң турган Кандос ташбаканы шап эле кармады. Кармаганда да уча турган кушту кармагандай чапчаң кыймылдады. Кызыкты эми көрүп ал. Ташбаканын этин дарылык касиет үчүн колдонушту ниет кыларын кылып алышып, бирок аны кантип адалдаштын айласын издегендери анык машакат болду. «Мал мууздагандай мууздаса болобу?» дешип биринен-бири акыл сурайт. Жооп жок. «Деги бул чөлкөмдө билген киши барбы?» деген Дөкөн аксакал динкеси сууганда көчүгүн жерге быктырды. Тургандар сакалын сылаган карынын оозунан бирдеңке күтөт. Дөкөн аксакал үнсүз. Бир убакта «мууздаса мууздай бергиле, кудай өзү кечирсин» – дедиле, шымалган уулу жалаңдаган бычакты ташбаканын кокосуна такады. Ангыча ташбаканын моюну култ этип кирип кетпеспи. Ошоменен чопкуттан чыккыс болду. Алеңгир экөө ташбаканын жыйрылган моюнун сууруп чыгалбай, бечаралардан кара тер кетти. Эбин табалбай аргалары кеткен соң, ташбака өз мойнун өзү чыгарганга чейин күтүштү. Ага да болбоду. Акыры экөө тең жадады бейм, чопкутка манжаларын тыгып атып, ташбаканын ичегидей чоюлган моюнун сууруп чыгышкан. Экөө ыкчам эле кыймылдап аткандай болгон, бирок култ эткен моюн колдорунан дагы чыгып кетти. Жаныбар басыгынан гана кашаң болбосо, эңгезердей экөөнү суй жыгылтып коё сактады го. Бир убакта экөөнүн олдоксон кыймылын карап отурган Дөкөн аксакалдын сабыры түгөдүбү, ордунан турду да, басып кетти. Бираз узаары менен Кандостун «ата, буга эми бата тилеп мууздайлыбы?» дегенин укканда, каны кайнады:

– Эк… атаңдын оозун урайындын баласы, ошону да менден сурайсыңбы?! – деп тетири басты. Ангыча Тамырлан Кандосту тилдей баштады. Колунда бычак кармап жүргөн кыялы чатак күйөөбаласынын ачууланып турганын туюп, алыс узагысы келген жок. Ангычале Кандостун кокуйлаган үнү чыгып калбаспы, чочуган чал артына шарт бурулса, Кандостун колдору кызыл-жаян. Кургур чалдын жаман ою күйөбаласына кетти… «Бирдеңке кылып ийдиби?..» деди эле, жок андай эмес экен.

– Ох-уу… тиштеп алды! Жезде, кана бычагыңыз?.. Тезирек мууздап жибериңиз!

– Коё бербей… Бираз чыда. Эп биссимилдай-рахум… – дегенин угар замат, ташбаканын үнү кырылдап-шырылдай баштады. Көп өтпөй, мына эми өмүрүндө жылкы, уй, кой мууздалып атканда укпаган үндөн Дөкөн аксакалдын дене-бою титиреп кетти. Ташбака дегениң адам онтогондой онтойт экен, тобо. Кудум тээ 41-жылдагы өзү катышкан кандуу согуштагыдай, окоптогу өлүм алдындагы адамдын онтогону угулду. Мындай онтогон үн адамдан башка да ташбакада болорун өз кулагы менен угуп, бираз мурдараак чопкутуна денесин жыйрыган ташбакадай, өз денеси жыйрыла түшкөнүн сезди. Үйдөн обочо узап кетсе да жаны чыкпай онтогон ташбаканын үнү, көрүнө жакын калган чалдын заманын кууруп жиберди. Ташбаканын этин чопкутунан чыгарыш үчүн барскан менен жонго жонго күрсүлдөтүп койгулаган күйөөбаласы азыр анын көзүнө каничкичтей көрүндү. Чөнтөгүндөгү насыбайдын чакчасын кайда салганын таппай атып, адат-үрпкө ылайык келбес өзү катышкан ишке каргыш айтып, күңкүлдөп ары-бери басып жүргөн чалдын кулагына бир убакта кызы Айшериктин үнү жаңырды:

– Ата, кайда жүрөсүз?.. Үйгө киргиле, тамак даяр.

Дөкөн аксакал төргө жайланышкан соң, ууга кызыгып жүргөн күйөө баласына собол узатты:

– Ээ, балам… Короодогуну тайган дейсиң, бул тайган эмес. Тайганды силер билбей калбадыңарбы. Анык тайганды көзүнөн тааныйт элем. Сеники тайган менен үгүшкөн эле түрөгөй. Биздин убакта тайгандар тайган эле, атаңдын гөрү! Кунан торпоктой кийиктин сөөгүн жара чайнаган таза кыргыз тайганы калбай барат. Тээ илгери карышкырдын көкжалына кол салар кызыл көз тайгандар болор эле. Азыр андагыдай карышкыр, аркар-кулжа дегенди жеткен жеринен будамайлап жыгылган тайган тукуму үзүлүп калдыбы деп жүрсөм, кудай жалгап Атбашы жакта бир-эки мергенчиде бар деп угуп, ошоякка жеталбай жүрөм. Анан да мени кубандырганы, өткөндө мынабу Кандос айтат, жанагы кампүтүр деген немеңерде америкалыктар кыргыз тайганы жөнүндө билет экен деп.

– Ай бала, айтып берсең жездеңе, – деп Кандосту сөзгө аралаштырделе, тиги желколтук неме, адатынча окуган-чокугандарынан баштады: – «Собака который не продаётся, это киргизский борзый тайган» дегенди өткөнделе интернеттен окудум, – дегенди өтө жанданып айтты. Кандос калп айттыбы, чын айттыбы, ушинтип айтты. Анан да чыныгы кыргыз тайгандарынын баасы Американын 30 миң долларына жетет экен, – деп кошумчалады.

Дөкөн чал күйөө баласынын көңүлүн бурдуруп, Кандостун айткандарына өзү да кунт коюп отурду. Кандос аяктары менен өзүнүкүн улантты.

– Алардын алдыңкы тиштери карышкырдын алдыңкы тишинен да узун экенин өгүнү бирөөгө айтсам ишенбейт. Куураган атаңдын оозун урайын, тайганды бир оңой ойлоп…

Тамырлан эми кайнатасы менен кайнисинин айткандарына толук ишенди окшойт, өзүнүн тайган деп салпактатып ээрчитип жүргөн немесинен иренжий түштү.

– А мен короодогуну тайган деп жүрсө. Өгүнү бирөө сатам деп алып келгенинен ченебеген бир ирикке алмашып алгам. Канча ууга чыктым, бокко жарай элек. Ээсине кийин кайра апарсам, ууга чыгарда 2-3 күн байлап коюп буулуктурсаң, алгыр болуп калат дегенинен, байлап койгонум да.

– Тайган өзү дээринен кыраакы жан. Ал ошого жаралган. Жыт менен изди гана кубалайт. А тыржыйган мунуң үргөндөн башкага жарабайт. Көрсө, жанагы ташбакага ажылдап аткан турбайбы. Эмнеге үрөт дейм да. А тайганды минтип байлачу болсоң, көзүнө тиктегенге өзүңдүн да дитиң барбайт…

Үйдөгү сөздү кирип-чыгып кулагы чалган Айшерик дасторкон четине лып отура калды.

– Азыр айтсам, билбейм эмне болосуңар… Ушул ит үчүн Тамырлан экөөбүз канча жаман-жакшы айтыштык. Мен ооруп төшөктө жатсам, мага итке көңүл бургандай көңүл бурбайт. Анан ити ооруп калсабы… Атайы шаардан дарысын алып келип, үйгө, мынабу төргө төшөк салып бергенин кантейин. Канча жолу ооруп жыгылдым, жок дегенде анальгин алып келгенге жарабайт! А ити ооруса, үйгө ветеринар чакырып, капельницадан өйдө сайдырат. Үйдө тооктор туубай атса, балдардын оозуна тиелек жумурткаларды итине чогултуп, мынабу чоң чыныга буламыктай суюлтуп чалып бергенин карап отуруп, бул үйдө бир күн да жашагым келбей кетет! – деген Айшериктин датын уккан төркүндөрү кыраан-каткы күлкүлөрүн араң тыйышты. Үйдөгүлөрдүн күлкүсүнөн улам, өзү да көзүнөн жаш чыкканча күлгөн Айшерик далиске чуркап кетип, бир убакта шорпо куюлган чоң чыныларын ташып келе баштады.

– Мына дарыңарды бышырып келдим, көргүлө…

– Даамы кандай экен?

Баары алдыга келген шорполорун шурулдата баштады.

– Башкача экен.

– Эти жумшак окшойт.

– Даамы сонун турбайбы.

– Пиязы көбүрөк болуп калганбы?

– Мага ары жактагы тузду берип койгулачы.

– Кызыл мурчтан салгыдай экен.

Ар кимиси ар кандай сынап баштады. Дөкөн аксакал гана шорпону үн-сөзү жок шурулдатып отурду. Чоң кесени түбүнө чейин ууртап болгондон кийин гана:

– Эмнеси болсо да, насип буюруп, миңдин бирине даба болор касиеттүү дарыны ичип отурабыз, кудайга тобо дейли. Эми ар кимге андай-мындай кептерди айта бербегиле. Атайы ниет кылып дарылыкка ичебиз деп, кудайга күнөөкөр да болдук окшойт. Азыр эми ичип болсоңор, дасторконго бата кылып туралы. Ниет деген жакшы болот. Ниет болсо эле дарты барыңар дартыңардан айыгасыңар, оомийин… – деп батасын жайып, ордунан турду.

Үйүнөн меймандар узары менен Тамырлан коңшусу Майрамкулдун огороддо жок издеп жүргөнүн көрдү.

– Эмне жоготтуң?

– Ташбака.

– Мен да сени тооктун жөжөлөрүн издеп жүрөбү десе.

– Тоок эмне болуп калыптыр. Тооктун жөжөлөрү жоголсо минтип издебейт элем да.

– Ташбака эмне, тооктон баалуу болуп калыппы?

– Тоокту айтасың, ташбаканы мен кубаарыңдын кунуна алмашпайм. Мен аны атайы Ашхабаддан алдырып келгем…

Майрамкулдун мындай жообунан кийин Тамырлан дароо иш олуттуу экенин түшүндү. Майрамкул башкалардай бейчеки сүйлөп, тамашалашпаган бир мүнөз адам эле, «кудай урган экен» деди өз ичинен. Эми ташбакаңды «көргөн жокмун» деп айтабы?.. же «жеп алдык» дейби?.. Анда бүтүн айылга шерменде болбойбу…

Тамырлан жанын коёрго жер таппай карайлай баштады. Кошунанын жоготкону ташбака. Экөөнүн огороду чычкан мурду өткүс болуп бирге кашааланган. Анан алыс канчага узап баралат эле? Айлана-чөйрөделе болуш керек да… Айласы куруганда, ичинен кайниси менен кайнатасын ызырылтып сөктү. «Демейде келбеген немелер, бүгүн кайдан келиштеле!» Ары-бери басып жүрүп, эсине бирдеңке келгендей, короого шыпылдай басып кирди да, ташбаканын жанчылып жаткан чопкуттарын жыйнап кирген. Ангыча сыртта Майрамкулдун турганын көрүп калды. Майрамкул Тамырландын колундагыларлы көрдүбү, жокпу – мына балээ…

– Сүйлөшөлү десем, басып кетипсиң, – дегенде жүрөгү оозуна кептеле түштү. Бирок Майрамкулдун бейгапар турганын көргөндөн кийин өзүн карманып, колундагыларды шып эле жерге коё койду. Майрамкул Тамырландын колундагы эмне экенин байкаган жок.

– Кел… Үйгө кир.

– Жо-жок… Сырттан эле.

– Кир эми, мынча келгенден кийин.

– Мейли. Кирсе кирели…

Үйдө меймандарга жайылган дасторкон али жыйылбаптыр. «Уурунун арты кууш» деген ушу белем, шаштысы кармагандан улам үйгө кирели деген сөз оозунан чыгып кеткенине карбаластап, эмнегедир айыбы ачылчудай болуп калды. Катын-балдары ташбаканын этин жедик деп айтып ийелегинде өзүм айтсамбы деп, сөздүн ылайыгын издеди. Майрамкул төргө отурары менен шыпылдай баскан Айшерик кирип келди. Бирок кудай сактап, Майрамкул дасторкондогу даамга эңкейгенде сырттан илбериңки кирген келинчегине «оозуңду жап» деген белги бергенге үлгүрүп калды. Муну айттырбай туяр Айшерик, демек, кошунанын көзүнчө ашыкча бирдеңкени айтпа деген белги экенин туйду.

– Кана, көптөн бери Майрамкул үйгө киргени ушул, бизге бир жүз граммдан алып келбейсиңби…

– Азыр, – деп оозу ачылелек шишени кармата коюп, чыгып кетти.

Экөөнүн ичтери жаңыдан ысып калганда Тамырлан келинчегин чакырды:

– Эми жанагынын шорпосунан бизге да бирден алып келбейсиңби…

Алдыга ысытылган шорпо келди. Майрамкул оозуна татаары менен эле шыпшынып-жаланып, шорпону мактады…

– Оо, аяшыбыздын тамагы мыкты экен, өй.

– Кел, үстүнө дагы куюп берсин.

Бөрү тоют болуп турган Майрамкул да ээрдин жаланып калды, – Мейли, куйса куйсун. Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын – Майрамкулдун өңү албырып турганын көргөн Тамырлан эми чечкиндүүлүк менен болгон ишти болгондой айтып бергенден кийин алагүү абалга жеткен Майрамкул алдына келген шорпо ташбаканыкы экенин билип, жерди бир муштап алды.

– Мен аны жердин түбүнөн алдырып келбедим беле, жердин!.. Жердин түбү тетигиле Түркмөнстандын чөлдөрүнөн!… Эмнеге билесиңби?.. Дарылык касиети үчүн… Билесиңби, эмнеге дары?

Тамырлан ташбаканын этинин пайдасы жөнүндө бүгүн эмнени укса, укканынын барысын айтып берди, бирок Майрамкул анын кебине ыраазы болбоду.

– Жок… Билбейт экенсиңер. Билген кайниң бок жептир, айтып кой ага… Билбесең, билип ал! Ташбаканын эти – эркектик кубатыңды арттырат, түшүнөсүңбү?

– Сен ташбаканы ошонүчүн эле алдырып келдиң беле?.. А мен сага таап берем анда… Ташбаканын этинен да укмушту таап берем. Улар чөптү билесиңби?.. Билбейсиң! Сен ошол улар чөптү жесең, катының экөөң уктабай каласыңар… Ооба, сен аңги болуп, катының сенден дырылдап качып калат.

– Улар чөп дегениң кандай? – Майрамкул Тамырландын айтканына кызыгып калды.

– Балээнин баары – улардын мынабул жемсөөсүндө. Этинде да касиет бар деп жүрүшөт, бирок анысын мен билбейм. Агер жөмсөөсүндөгү ал жеген чөптү сен жесең, бу дүйнөдө сага катын түтпөйт. Жанагы даңкайган катыныңдын бели ошондо түпкүчтөй түйүлөт, – деп тигинин бүйүрүн кызыткысы келди.

– Ташбаканыкы деле оңой эмес. Мейли, анысы ал, эй досум, мынабул тамактан кайнатаң да жедиби?

– Жеди.

– Анда бүгүн кайненеңди түнү бою уктатпайт. Кайта-кайта минип атып өлтүрөт экен. Эртең кызына «энең өлдү» деген кабар келбесе болду.

Тамырлан муну угары менен боорун тырмап күлдү.

– Чалдыкы эми кайдан жарамак эле…

– Ташбаканы жеген болсо бүттү. Бүттү дей бер… – Экөө бир-бинин айтканына ыкшый баштады.

Экөө ошентип күн уясына жашынганга чейин боор тырмап каткырып атышып, эстерине катындары келди. Майрамкул дароо үйүн көздөй жүгүрделе, Тамырлан да Айшерикти бүгүн эртерек төшөк салдырганга шаштырды.

Дөкөн чал болсо үйүнө келип, жаздыкка жыгылары менен ооналактап баштады. Кулагынан жаны чыкпаган ташбаканын онтогону кетпей койду. Түнү бою кемпиринин тынчын алып, «Тамагым кургап атат, суу…суу» дей берип уктатпай койду. Көзү илинип уктап баратып эле жаны чыкпаган ташбаканын онтогону кулагына угулат. Кайта-кайта «кемпир, кемпир» дей берип, кемпирине уйку бетин көрсөтпөдү.

Октябрь, 2005-жыл.

 

oshakir1

Олжобай Шакирдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий