«БАКШЫ БОЛОМ ДЕП ЖАМАН КҮНДӨРДҮ КӨП КӨРДҮМ»

Анаркан Матраимова, 41 жашта, бакшы, бүбү, Майлуу-Суу шаарында жашайт.

Мен кыргызчылык жолуна 1993-жылы 33 жашымдан баштап түштүм. Минура деген эң кичүү кызым анда 4 жашта болчу. Касиетиме жолдошум каршы чыкты. Болбой кыргызчылыкты алгандан кийин, үч жыл бирге турдук дагы, жолдошум экөөбүз ажырашып кеттик. Мен ал адамга 20 жашымда турмушка чыгып, экөөбүз эки уул, эки кыздын ата-энеси болгонбуз.

Өзүмдөгү бул касиет кыз кезимден эле билинчү. Түштөрүмө ар нерселер кирчү, туура эмес тамак жеп алсам, кыйналчумун. Көзүмө ар кандай нерселер көрүнчү. 18-19 жашымда башым ооруп, апам окутканы Ахматкан деген бир бакшы-молдого алып барган. Ал молдо тууралуу менин атам конуп турган чымчыкты окуганда жансыз кылып түшүрүп койчу молдо катары айтчу. Мен көбүнчө күз маалында катуу ооручу элем. Апам жанагы молдого апарганда, ал: «Алкымы таза экен, кийин ыйык адам болот, жакшы кара», — деген. Үч жолу алып барды, жакшы болдум. Турмушка чыккандан кийин кайра оорудум. Светти карай албай калдым. Жакпайт. «Жарыкты өчүрчү», — деп эле турам.

Бир жолку түшүмдө сайдын боюнда, меңи бар, көзү көк катынды көрдүм, ошол аялга кайненем алып барды. Ал келин-уулун жамандап атып эле окуп койду. Ошол учурда акем ооруп, үйдөн анын кыргызчылыкты мойнуна алгандыгы жөнүндө кабар келди, аны угуп баарыбыз алмак белек дедим. Анан Кара-Суудан бирөө чыгыптыр дегенинен барсам, өзбек экен. «Кыргыздар да бакшыны билеби?», — деди. «Билет», — дедим. Ага бир барып, андан кийин бир күндөн кийин бармай болуп жатып, базарга теспе алганы кирип калдым. Карасам, эч бир теспе жакпайт. Түшүмдө үзүлүп кеткен теспелерди кошуп алыптыр болчумун, ошондой теспе издедим. Түшүмдө ошентип теспелүү болуп, бирок, азыркы мен барып жаткан эмес, такыр эле башка адам бата берген. Аны кармандымбы, айтор, бул бакшы мага бата бербейт экен деп, түшүмдөгүнү издедим. Ушул сыяктуу болуп, барып жүргөн кишилериме барбай калган окуяларым көп болду. «Эй бакшылар, мени окубайсыңарбы», — деп көп кишиге бардым. Таажы бакшыдан алган Фазилат эже деген өткөн, убагында ага дагы бардым. Бир түштүм, экинчи күнү: «Адамдарың күчтүү экен, ак кайып экен. Күчтүү бирөөнө бар», — деди. Бурулай деген энени жана Чачжибек энени түшүмдө көрүп, таап бардым. 17 жыл болду. 33 жашымда ооруп, көп жерге барып, себеп таппадым. Анан бир күнү түшүмдө өлүп, жаннатка барсам, эки кемпир отурган болот. Ошол эки кемпир Бурулай апа менен Чачжибек энем экен. Сиңдим: «Акманда ушундай кемпир бар», — деп алып барып, анан Чачжибек энемди таап калгам. Энемди тапканга чейин орто жерден Өзбекстандын Айым деген жериндеги бир өзбек киши түшүмө кирип, ага дагы жолугуп, бирок бул кишиден бата алам деп жүрүп күйөөм менен ажырашып кетпейин деп сактанымыш этип, бир жыл жүргөм. Бирок баары бир никемди сактай алган жокмун.

Энеме жолуккан күндөн бүгүнкү күнгө чейинки ортодо көп нерсе өзгөрдү. Азыркы күнү тамыр кармайм. Башынан энем бир нече шарттарды койгон: бирөөнүн айыбын ачпа деген, анысын карманам; бойдогу баланы айтпа деген, муну кээде болбой эле айтып коем; жаман-жуман жүрүм-турумдагыларды айтпа деген, муну деле кээде мындай экенсиң деп эле бетине айтып коем; менин артымдан жамандабайсың деген.

Энеме алгач жолукканда анчалык деле сүрдөгөн жокмун. Ошол кезде анан кыргызчылыкты мойнуна алып атса деп, акем Махаматрасулга барып камчыны, бычакты бердим. Анткени ал мени жип менен окуйт экенсиң деди. Эртең менен туруп кайра: «Сен деле албасаң болбойт экен. Жок дегенде жоюучулукту алышың керек. Он бир күндөн кийин бата алып берем», — деди. Өзү болсо каяккадыр күндө кетип, көздөрү кызарып келет. Кайда эле барып жатканын сурасам, бирөөнүн баспай калганын, ошону окуп жаткандыгын айтып атты. Акеме бараардын алдында мен бир түш көрүп, түшүмдө мага акемдин карап аткан ошол оорукчан кишисинин чилде түшкөндө дүйнөдөн өтөөрүн айтышкан. Ал эми мен түш көргөн мезгил чилде түшө элек, ноябрь айы эле. Акеме келгенимде мен аны дагы айтып койдум. Ооруп аткан кишинин айылында Авишкал-Ата мазары бар эле. Ал мазардан чилтендер чыгып, ошол айылга тийиштик кылып тураарын, алар акмалап калган киши 3-4 жылдан кийин өлүп калаарын түшүмдөн түшүнгөм. Менин кулагыма сүйлөйт эле да адамдарым, бир кулагым кадимкидей кыймылдап турчу. Төшөктө жаткан кишинин күйөө баласы дагы көзү ачык эле. Акем менин айтканымды ага дагы айтыптыр. Анан ал мага келип, менин туура эмес айтып жатканымды айтты. Мен муну өзүм оюмдан чыгарып жатпагандыгымды, эгерде күчү жетсе, менин кыймылдаган кулагымды токтотуп, оңдоп коюусун сурандым. Ошентип, убакыт өтүп, чындап эле баягы мен айткан киши каза болду. Күйөө баласы мага кызыгып: «Сенин адамдарыңды капаска салып койдум», — деп калды. Мен анте албасын айттым. Бир аз убакыт өткөндөн кийин өзү кайра менин адамдарым анын адамдарын өзүнө тартып алгандыгын айтты. Бул окуя — менин алдын ала бир нерселерди сезип-туйгандыгымдын бир мисалы.

Дегеле касиет биздин ата-бабалардан келатат. Таенем жайчы, бакшы, куугунчу (куучу) болгон экен. Ал албарстыларды кармап, чачын катып алчу экен. Жиндилерди окучу, кара баскандарды кармачу. Аны карабай, көчүртпөй, айыл-ападагылар жайлоого көчүп кетип калышса, ызалыгынан күн жаадырып салып, айыл адамдары кайра келип ага сыйынганда гана токтотчу экен. Таенем өлгөңдө анын чапаны сиңдисине калып, сиңдисинин келини аны өрттөп салат экен. Көрсө ал чапанды тиккен чебер кийиминин ичине билгизбей салып туруп, дубасын шырып тигип берген экен. Өрттөгөндө чапандагы дуба чыңырыптыр. Таенем өлгөңдө, ал чебер чапанды сурап келсе, сиңдиси бербей койгон экен.

Мен төрөлө элек, ал тургай апамдын боюнда боло элек кезимде, апам түшүндө Азирет-Айыпка апарып мага көкүл койдурат. Кийин чын эле ошол түштөгү окуя куду өзүндөй өңүндө болгон, башкача айтканда, мени алып барышып, Азирет-Айыптан көкүл коюшкан жана кийин ал көкүлдү алганы барганбыз.

Менин балдарым токтобогонунан, баарын окутуп жүрүп, эки уул, эки кыз төрөгөм. Дегеле биздин тукумда баланын токтошу чоң маселе болгон экен. Менин чоң энем он төрттү тууп, эч бири токтобой, он бешинчиси болуп атам төрөлгөн экен. Чоң атамдар бардар, бай кишилер болуп, ажыдан келген Жунус хан, аны атам Жылаңач төрөм, ак сөөктөр деп койчу, алар чоң атамдын үйүнө туруп, отурукташып калышыптыр. Ошол кезде жаңы төрөлгөн атамдын оозуна түкүртүп, чоң атам уулун алардын колуна салып берген экен. Атам ошентип ырым аркылуу токтоп калат. Атам туулган айыл — Мурда Кыргызстанга, бүгүнкү күнү Өзбекстанга караган Миян деген айыл. Атамдын уруусу — багыш.

Анда совет учуру, ажыдан келген ал кишилерди милициялар камап коюп, бирок кандай болбосун, намаз учуру келгенде бүт каалгалар өзүнөн-өзү ачылып калчу экен дагы, намаз окууга эч тоскоолдук болбоптур. Айтор, ошондой кездер өткөн.

Азыр деле сыйына турган жеримди бир жума же бир ай мурда көрөм. Бул ирет менин Бишкекке келем деген оюм жок эле. Түшүмдө энем экөөбүз капчыгайларда, Суусамыр, Чычкандын жайлоолорунда жүргөнбүз. Эртеси сүйлөшсөм эле, Бишкекке чакыруу болгонун айтып калды.

Дегеле энемдикине, Базар-Коргондун Акман айылына келип, бир-эки жума жашап кетем. Энем экөөбүз келгендерди карап, эски кеселдерди көчүрүп иштейбиз. Тоокко, ак чүпүрөктөн жасалган куурчакка, шыпыргыга, күчүккө, эчкиге көчүрөбүз. Эчкиге көчүргөн жеңил. Тоок көбүнчө көтөрө албайт. Окуп баштаганда эле, ичинен жумурткалары чыгып, өлүп калат. Ал эми куурчакка көчүрүлгөн соң, ага тиешелүү, ооруган кишинин атын коюп, көмөбүз. Малдыкы деле дээрлик ошондой. Койдун этин эзилте бышырып, этин шыпырып алып, ооруган кишинин өзүнө ооз тийгиздирбей, айылдагыларга берип, ал эми сөөгүн кепиндеп, ошол адамдын атын коюп, көмөбүз.

Мен колдонгон буюмдардан камчы бар. Аны кайберендин терисинен өрдүрүп, устага жасатып алгам. Жинди болгондорду окуйм. Чөптөр менен тамак, мурун ооруларын дарылайм. Парпы болгон балдардын аркасын тилем, болбосо кежигеси артка тартылып эле, ыйлай беришет. Кара талдын чыбыгы менен учуктайм.

Мендеги болгон касиеттер өзүмдүн балдарымдан дагы байкалат. Түштөрүнө ар нерселер кирет. Алар деле коркот, сезет, айрыкча кичүү кызым көп сезет эле: «Жыланыңыз калып калыптыр, ала кетиңизчи, мени жаман кыйнап атат», — дейт.

Бакшы болом деп жүрүп жаман, оор күндөрдү көп көрдүм. Ошол кездеги алгачкы түштөрүмдүн биринде бир атчан адам келип, мага бир түйүн эт апкелет. Чечип алып, этин албастан, бир сөөгүн алып калам. Ошо менен эми эмне болот деп кыжаалат болуп калдым. Ошол кезде мал бакчубуз. Бир күнү бир бастырма жыгылып, эки жылкыбызды басып калды. Бул бир кырсык болду. Андан чоң кырсык андан кийин болду. Ичип отурушуп, бир нерседен чыккан чатактан улам, күйөөм менин эжемди чайнек менен уруп жиберип, эжем ошол жерден жыгылып, ооруканага жатып калды. Реанимацияда эжемдин жанында уйку-соонун ортосунда отурсам, жан алгычтар келип, алакандарына салган эжемдин жанын көргөзүшүп: «Кыйын болсоң, эжеңдин жанын алып кал», — дешти. Мен жан алгычтарды кармайм деп далбастаганча, алар колумдун алдынан буйтап өтүп, жок болушту. Мен аларга жалынып, ыйлаган дагы жокмун, суранган дагы жокмун. Дегеле мен башынан эле өзүмдү кыйын сезчүмүн. Азыр деле көзү ачыктардын арасына келгенде, менменсинип турам. Бирөөдөн бир нерсени жалбарып сурана албайм.

Ал жан алгычтардын тышкы түспөлү, өздөрү кичинекей-кичинекей болуп, шапкелери буратинонукуна окшош экен. Негизи Азирейил менен Жебирейил дегендери эки башка экен. Жан алгычтар адамдын жанын алат. Ошондо мындай бир үстөлдө кичинекей-кичинекей кагаздар жатат. Акемдин үкөсү ошол жерде иштейт имиш. Кагазга эмнеге жазып алгандарын сурайм. «Минтип жазып албасак, жаңылышып, башка бирөөнүн жанын албайбызбы», — дешет.

Ошол эле жан алгычтарды экинчи ирет башкача шартта жолуктурдум. Бир ажы аял жесир катын, жетим кыздарга аш берип калды. Ал окуп жатканда, «Эжесинин жанын алдык эле, таанып койбосун», — деп баягылар бекинип алышты. Андан кийин бир жолу айылдан бир адам ооруп жаткан учурда, көчөдөн ошол жан алгычтарды көдүм. Эми мындайды айтсаң, кээ бири ишенет, кээ бир адам ишенбейт. Көрсө, жан алгычтар айтылган адамдын жанын алышат, ал эми жаңылышып калса, аны кайра калтырышып, кайра тиешелүү, керек кишинин жанын алышат экен. Мен жакында ооруп калдым. Түшүмдө үч кыргыз үй тигилген, кооздолгон. Мага ошол үйгө кир дешет. Мен айтам: «Кирбейм, дагы бир балам бар, ал үйлөнсүн, анан кирем», — деп. Аз өтпөй, айылдан үч адам каза болду.

Айтор, ушинтип кыргызчылык деп аталган жолдо келатам. Мени бүбү дегендер да, бакшы дегендер да бар. Бакшы дешсе, мурда ачууланчумун, азыр эми көнүп калдым. Айылдан эл көрөм, башым, бутум ооруйт деп келишет, чочугандар келет, ал тургай кулагын тештирем дегендерден бери келет. Убагында өзүмдү-өзүм кармай албай, талаага чыгып кеткен учурларым болгон. Азыр эми ошондой адамдарды камчы менен сабап, айыктырам, жиндилерди карайм.

Мурдатан беш маал намазга жыгылчумун. Быйыл шартыма жараша беш маалдын бир маалы кыскарып калды. Кыз маалымдан эле даарат менен жүрөм. Ысытма (түндө калган) тамак жебейм, бирөөнүкүнөн тамак жакса жейм, жакпаса жебейм. Кыз күнүмдөн эле өлгөндүн, кара аштын тамагын жебейм, антсем ооруп калчумун. Бирөөнү ушактаган жерде отура албайм. Ушинтип ушул жолдо келатабыз.

Жазып алган Аида Эгембердиева, филология илимдеринин кандидаты,
«Айгине» маданий-изилдөө борборунун илимий кызматкери,
“Адилет press” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий