Кыргыз асман духун кармап келет

Азыркы күндөрү теги түрк тилдеги улуттардын өкүлдөрүнүн бири-бири менен болгон мамилелерин айрыкча – руханий, маданий пикир алмашуусунун байма-бай болуп бара жатканы байкалууда. Айтсак, Россиянын тутумундагы тили тектеш улуттар мисал. Өткөн жылдары Алтайлык туугандар менен кыргыз, деги эле түрк улуттарынын байыркы тарыхына кызыгуу артылып, кээ бир иштерди жасаганга аракет болду эле. Бүгүнкү күнү бизге Борбордук-Азиянын ПЕН-клубунун артынан келип жаткан хакас улутундагы жазуучу, культуролог, драматург, сүрөтчү Александр Чапрай менен улутубуз, уңгубуз, келечегибиз жөнүндө кеп козгоп отурабыз.

— Чапрай мырза, кыргыз жерине кош келипсиз…
— Ооба, Кыргызстанга ушуну менен төртүнчү жолу келишим. Чыгармачылык сапар, деги эле бизди бириктирчү нерселердин көптүгү мени кыргыз жерине тартып турат.

— Кыргыздар мен үчүн бир туугандарымдай эле. Ошондуктан биз азыр да маданий, руханий байланыштарыбызды бекемдешибиз абзел. Ушул күнгө чейин хакас эли кандай жакшы салт-жөрөлгөлөрдү сактап келди, кыргыз эли кандай улуттук руханий байлыктарын сактап келди, келечегибизге кантип карайбыз, ааламдашуу убагында кандай жол менен аз эл катары көп элдерге жутулуп кетпей өз жүзүбүздү сактап калабыз – ошол нерсе мени өз улутумдун өкүлү, инсан катары түйшөлтүп келет. Дагы бир айтарым – кыргыз эли мени суктантканы ал эки жүздүүлүккө, алдым-жуттумдукка баш ийип бербегени. Бул – Манастын руху, духу тирүү экендигинде. Кыргыз эли уюткулуу касиет-сапаттарын сактап келе жатат. Чындыгында мамлекет өз атуулдарын бириктирип, коргоп, сактоо үчүн түзүлөт. Өз элин талап-тоноп, көчөгө тентитип коюу үчүн эмес. Бирок, силерде бул нерсе болбой калды.

— “Өз мекениниде пайгамбар болбойт” – деген ылакап менен тааныш эмессизби. Сизге биздин келечекке терең да, бийик да ой калчай билген инсандарыбыз жолугушуп жаттыбы?
— Ооба. Мага пакиза, адилет мамлекет курууга умтулган инсандар келип,сүйлөшүп, пикир алышып жатышат. Убагы келгенде алардын пикири чоң колдоого ээ болот болушу керек. Азыр элиңерде кыргыздын курултай институтуна көңүл бөлүүсү эң туура аракет болчудай. Азыркы башкаруу системасына альтернатива деп да баа берээр элем.

— Сиз көксөгөн Теңир-чиликте адам мүнөзү, тагдар жөнүндө эмне делип жатат?
— Мен мисал келтирип кетейин.  Түрктөрдүн таш жазууларында “Үз э көк теңгри азра яагыз ар кылын тугды тусты ыкын ыры кызы – улы гылынмыз” – делет. Азыркы тилге которгондо: “Көк Теңир жана да жалгыз жер мүнөзүн көрсөтө баштаганда экөөнүн ортосундагы адамзат да мүнөзүн көрсөтө баштайт” — делет. Демек, адамдардын мүнөзү, тагдыры асман менен жердин тагдырына тыгыз байланышкан. Ал эми киндик-тамырыбыз бир болгон соң биз келечекке өткөн жашообуздун мыкты үлгүлөрүн алып чыксак жакшы болоор эле. Деги эле рун жазууларындагы бир өзгөчөлүк, лейтмотив катары, шурунун жибиндей кармаган сөз – “Мен кайгы билбей жашадым эле” – дейт. Ким кайгы көрбөй жашагысы келбейт? Баары. Кайсы эстүү инсан адамзаттын кайгысыз жашоосун каалабайт? Баары каалайт. Мына ушул нерсе мени көп шыктандырат. Ал эми Кыргызстанда акыркы өткөн окуялар ар бир кыргызды жакшылык кылууга да, тагдыры өз колунда экендигине да ишендирди. Баягы көчмөн духу, анын асмандан алган касиеттери ойгоо.

Маектешкен  Айсулуу Көкөева, “Адилет-пресс”

Соц тармактар:

Добавить комментарий