Таланталы БАКЧИЕВ: «Бабабыз Манас Чоң казатты баштаган»,- деди Жусуп Мамай аксакал»

Ушул жылдын 8-12-июлунда Акыйкатчы Турсунбек  Акун баштаган делегация, курамында «Мана-мурас» коомдук фондунун жетекчиси Баткен Шерниязов, манасчы Таланталы Бакчиев болуп, Кытай эл республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном областында залкар манасчы Жусуп Мамай менен жолугушкан сапары тууралуу кабарчыбыздын маеги.

— Таланталы, манасчы Жусуп Мамай «Манас» эпосун ЮНЕСКОго Кытайдагы кыргыздардын мурасы катары каттатуу туурасында кандай кеп кылды?

«-Балдарым, -деди ал, — Ала-Тоонун аркы жагында силер, берки жагында биз турабыз.  Биздей эле кыргыздар  Ооганда, тажикте, өзбек, казакта деле бар экен. «Манасты»  улуу кыргыз элинен ким тартып ала алмак? «Манас» -кыргыз калкынын атадан бабага келаткан көөнөрбөс маданий мурасы.

Кытай эл республикасы мындагы манасчыларды колдоп, китебин чыгарып, колго алып атат, буга ыраазымын.

Силер жактагы саясий абалды көрүп атабыз, Аскарды, анан Бакиевди кетирдиңер, эми Роза деп аял кишини шайлап алдыңар. Ушуну менен ишиңер оңолуп кетсе болду. Жүрөгүбүз, эки көзүбүз менен биз, Кытайда жашаган кыргыздар, силер мененбиз. Силердин жакшы жагыңар айтылса, биз кубанып калабыз. Силер кайгырсаңар, биз деле кайгырабыз.

«Манастын»  баянында деле жазылып калган, кыргыздардын илгертен оорусу бар, илгери Манаска деле каршы чыгып турушкан,  баш-аягы  Көкөтөйдүн ашынан кийин, Эр төштүктүн тоюнда 12 хан Манаска катылган. Ошондо Манас атабыз айкөлдүк кылып, ички каршылашууну ичке, кыргыздарга эмес, тышкы душмандарга жумшап, Чоң казат жарыялап, тышкы душмандарга катылып, кыргыздарды ички  кыргынга учуратпай, аман алып калган.

Ошол эзелки адат, эзелки дарт, маңдайга жазылган нерсе улана берет, тарых кайталана берет. Кааларым ынтымакта болгула. Бир журтпуз,  аз элбиз, аз эл кор эл, көп эл зор эл дегендей, зор элдин кордугуна алынбайлы.

«Манасты» каттоодон беш ай мурда Кыргызстандын жетекчилигине, тышкы иштер министрлигине  кабар айттырганбыз. Силер тараптан кабар болбой, мөөнөтү өтүп бараткандыктан, ЮНЕСКО уюмуна биз өзүбүз эле  кайрылып калдык.  Биз менен эле катар казактар да, уйгурлар да ЮНЕСКОго өз элинин маданий мурастарын каттоого берген, бирок алардын мурасы өтпөй, биздики өтүп кетти. Бул жактагы 180 миң кыргыз элибизди сактап турган нерсе- «Манас» мурасыбыз» деп айтты Жусуп Мамай.

-Кыргыз делегациясын жалпысынан кандай кабыл алышты?
-Чек арада Кызыл- Суу кыргыз автоном областтык администрациянын аппаратынын жетекчиси Турсунжан Мамбетурайым, обладминистрациянын маданият, спорт бөлүмүнүн башчысы Аскар Жаңыбай жылуу тосуп алышты.

Ал жер илгери кыргыздын тарыхында, санжырасында Какшаал деп аталчу экен.

-Абдрасул Токтомушевдин «Какшаалдан кат» деген чыгармасынан таанышпыз да.
-Ооба, ошол Какшаал- чөп чыкпаган, какыраган аска таштуу жер келет экен. Төрт саат жол жүрүп  жетип бардык.  Жолу жакшы, даңгыр, асфальт төшөлгөн.

Кыргыз делегациясын Кызыл- Суу кыргыз автоном областынын губернатору Пархат Турду кабыл алды.  Жолугушууда областтын башка жетекчилери, мисалы коммунисттик партиянын областтык комитетинин биринчи секретары Ян Фен Сцин да болду. Бизди жогорку деңгээлде, ханды тоскондой эле, тосуп алышты. Алгач эки мамлекеттин маданий байланышы тууралуу сөз жүрдү. Андан соң салтанаттуу расмий сый тамакка чакырышты. Кытай, кыргыз, уйгур тамактарын жайышты.

9-июлда Ак-Чийге  жөнөдүк. Артыш- областтык борбор,  Ак-Чий оодандык борбор экен.  Артыштан Ак-Чийге дагы төрт саат жол жүрдүк.  Ак-Чий айылына карай жолдо Сыргак баатырдын жайы, сөөгү коюлган жер дейт экен, ал жерде болдук. Шагыл таш, бийиктиги 5 метр көтөрүлгөн, анан ичти карай кирип кетет экен. Ал жактан зыярат кылып, куран түшүрдүк.

Ак-Чий өзүнчө эле бир чоң шаар. Үч жылдыздуу мейманкана, мүнүшкөрлөр айылы жайгашыптыр. Өкмөт мүнүшкөрлөргө 2.5 гектар жер бериптир,  айына 650 юань төлөп турат экен.

Жусуп Мамай ак сарайда эмес,  эл катары эле,  бардык элге бирдей, окшош үй салынган жерде жашайт экен. 60 жаштардагы, ийкемдүү, жакшынакай байбиче тосуп алды . Небереси Акылай  биздин улуттук университетте окуйт. Жусуп Мамай аксакал өзү үйдө, төрдө олтуруптур.  Дасторкон үстүндө делегация башчысы Турсунбек Акун аксакалга суроо узатып калды.

-Манасты кантип айта баштадыңыз?
-Үч ирет аян көрдүм. Биринчи аянды Сыргак баатырдын жайынын жанынан көрдүм, экинчисинде түшүмдө Ырамандын ырчы уулу келди, үчүнчүсүндө токойдо болду.

Атам 40 жашка чыкмайын манас айтпайсың деген, бирок мен 25-26 жашымда эле айта баштагам» деди Жусуп аксакал.

2009-жылы октябрь айында «Манас» эпосу Кытай тарабынан ЮНЕСКОго  маданий мурас катары катталды. Бул тууралуу Жусуп атанын сөзүн документ, тарых катары видео, аудио тасмаларга жаздырып калуу да биздин милдетибиз болду.

Ак-Чийдеги фабрикада андагы  кыргыз кыз- жигиттери кыргыздын кийимдерин, шырдак, кийиз тигет экен.

Кытай өкмөтү манасчыларга карамдуу экен. Жусуп Мамайга өкмөт айына 3.5 миң юань төлөп берип турат, 13- айлык да берет экен. Медициналык кароодон өткөрүп турат . Кытай боюнча транспортто жүрүүгө бекер. Атайын машина да бөлүнүп берилген. Артышта,  Кызыл- Сууда бирден үйү бар.

Калган манасчыларга өкмөт айына 650 юань берип турат. (100 дөн ашуун манасчы бар дешет). Алардын көбү Жусуп атанын китебинен  жаттап айткандар экен.

-Жусуп Мамай аксакалдын жашы канчага келиптир?
-1918-жылы туулган, 92 ден 93 кө караптыр.

— Сиз аларга «Манас» айтып бердиңизби?
-Ооба, Жусуп Мамайдын алдында жарым саат «Манас» айтып бергенде, ыраазы болуп калды. 

-Ал киши менден: – Балам, урууң кайсы? -деп сурады.
-Бугу болом,  Ысык-Көлдүн, Түргөнүнөн,- десем,

-Арык тукумунан турбайсыңбы?- деп айтты.  Акыл-эси кадимкидей эле, эс тутуму күчтүү экен.

-Жусуп Мамай манас айтат бекен?
-Манас айтууну 60-жылдары токтотуп койгонун айтты, бирок анын себеби эмнеде экенин айтпады.

Токтоо, сабырдуу келген, «Манас» эпосун дүйнөгө жайылтууга салым кошкон Кытайдагы кыргыздардын залкар манасчысы  Жусуп Мамай менен, ошентип, жүз көрүшүп келдик.

Маектешкен Айжан Айтышева, “Адилет пресс”

Соц тармактар:

Добавить комментарий