Улуттук адабияттагы психологизм, же Узакбай Абдукаимов тууралуу учкай сөз

Кыргыз элинин залкар котормочусу жана жазуучусу, агартуу системасында эне тили боюнча окуу куралдарын түзүүгө активдүү катышкан улуу инсан катары калкыбызга таанымал болгон У. Абдукаимовдун ысымы элибиздин профессионалдык жазма адабиятында көрүнүктүү орунга ээ болгон. Ал өзүнүн чыгармачылык ишинде калкыбызга дүйнөлүк классикалык адабиятты тааныштыруу максатын коюп, өмүрүнүн акырында гана өлбөс-өчпөс «Майдан» романын тартуулаган эле. Анын котормо ишине жан-дили менен берилиши, классикалык чыгармалар менен кеңири тааныштыгы жоопкерчилигин көтөрүп, классикалык деңгээлге жеткенге чейин жеке чыгармачылык ишке киришүүсүн чектеп келген сыяктанат. Мындай тыянак чыгарууга анын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар себепкер болууда.

У. Абдукаимов — улуттук профессионал жазма адабиятыбызды түптөгөндөрдүн бири. Жаңыдан 19 жашка толгон жаш жигиттин алгачкы аңгемелери жана новеллалары 1928-жылы «Жаңы маданият жолунда» (кийинки «Ала-Тоо») журналына жарыяланат. Ошол эле жылы «Эркин-Тоо» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитине «Биз — жолдоштор» поэмасы жарык көрөт. Анын «Үмүт» псевдоними менен жарыкка чыккан «Таң атканда», «Ач талаа», «Бакыт жолунда» аңгемелери келечекте анын мыкты жазуучу болорун адабий коомчулукка таанытып койгон десек жаңылышпайбыз. Анын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн алгачкы көлөмдүү туундусу «Кыздын таалайы», «Карындашыма» повесттери жана Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда «Суусамыр окуясы» тарыхый очерки болуп саналат. Бул чыгармалары калемгердин жазуучулуктун катылуу сырларын өздөштүрүүдө, тажрыйба топтоосуна белгилүү роль аткарганын белгилей кетсек болот.

Классикалык чыгармаларды которууда жоопкерчиликтүү мамиле жасап, аларды жогорку көркөмдүккө ишке ашырган У. Абдукаимов Н. Гоголдун «Текшерүүчү», В. Шекспирдин «Верондук эки киши», Лопе де Веганын «Койлуу булак», Мольердин «Жорж Данден, же акмак болгон күйөө», А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр», А. Пушкиндин «Борис Годунов», М. Горькийдин «Егор Булычев жана башкалар» пьесаларын, У. Гажибековдун «Аршин мал алан» операсынын либреттосун кыргыз көрөрмандарына тартуулаган. А. Фадеевдин «Жаш гвардия» романын, А. Горькийдин повесттерин жана аңгемелерин, Г. Тукайдын, А. Пушкиндин жана Н. Некрасовдун, Байрондун поэмаларын жана ырларын жогорку деңгээлде которгон. Анын адаттагы аябай тактыгы, оригиналдын деңгээлине чейинки сапаты бул котормолордун салмак баасын жоготпой келгенин баса көргөзүүгө туура келет.

Мисал келтирели. А. Пушкиндин «Кышкы кеч» ырын кыргызчалаган У. Абдукаимов экендигин ар ким эле биле бербесе керек. Котормочу бул ырды эң жогорку деңгээлде гана которбостон, ырдын сабынын ритмин так сактап, акындын оюн жогорку деңгээлде чечип гана тим болбостон, боздогон бороондун «кар тозоңун уйпалаган» учурун чебер тарткан сүрөткер катары таасын тартып берген. Окурман бул лирикалык маанайдагы ырдан табигаттын көркөм көрүнүшүн жүрөгү менен сезет да, реалдуу көрүнүштүн так сүрөтүн тарткан акындын талантына аргасыз таазим кылат. Демек, бул ырды кыргыз элинин өзүнүн жан дүйнөсүнө сиңиришине У. Абдукаимовдун кошкон зор салымы экенин эскерте кетсек артыкпаш болбос. Жогорудагы классикалык чыгармалардын таасиринде жазуучу У. Абдукаимов «Айша менен Айдар» сыяктуу операсынын либреттосун жана «Ак кайың» пьесасын жазган.

Залкар жазуучунун нукура таланты өмүрүнүн акыркы жылдарында жараткан «Майдан» романы жарыкка чыккандан кийин көрүндү. Бул чыгарма учурунда көптөгөн талаш-тартыштарды пайда кылып, айрым сынчылар тарабынан жогорку баасын алса, кээ бирөөлөр мындан «ката табууга» жан үрөгөн учурлар болду. Ошого карабастан бул көп пландуу, катмарланган проблемаларды камтыган чыгарма окурмандардын купулуна толгондугу менен эки томдугу бириктирилип, кайрадан экинчи ирет басмадан жарык көрдү.Чыгарманын жанрдык өзгөчүлүгү жана тематикалык өзгөчөлүгү боюнча алганда бир эле мезгилде согуштук да, социалдык-философиялык да, психологиялык да роман болуп саналат. Жазуучу У. Абдукаимов эң жогорку чеберчиликте адам концепциясын алгачкылардан болуп көтөрүп чыгат. Каармандардын образын ачууда алардын психологиялык абалын көркөм талдоого алып, алардын ички монологдорун өз орду менен билгичтик менен пайдаланат. Сюжеттик-композициялык курулушу жагынан алганда буга чейинки кыргыз романдарынан зор өзгөчөлүккө ээ экендигин айтсак болот. Ал эми чыгармадагы мезгил менен мейкиндиктин өз ара байланышы поэтикалык жактан курч жана күчтүү чечилгендиги менен айырмаланат.

Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндөгү тыл менен фронттун синхрондуу байланышы, элибиздин ошол учурдагы патриоттук сезиминин күчтүүлүгү, кан күйгөн согуш учурунда да адам деген аттын ыйыктыгы көркөм каражаттар менен чечмеленет. Ошол эле учурда махабат менен сулуулук темасы ар башка аспектиде каралат да, эртеңки келечек үчүн бүгүн күрөшүү зарылдыгынын маселеси көтөрүлөт. Романдагы Бермет менен Кыдырбектин, жазуучу-акын Искендер менен Аруукенин таза махабаты, тылдагы кыргыз элинин каарман эмгеги, жаш экендигине карабастан мезгилсиз картайган Шарапаттын аянычтуу тагдыры, согуш учурунда тез эле эсейген, бирок эртеңки жеңишке ишеними өчпөгөн өспүрүмдөрдүн образдары жазуучунун чоң жетишкендиги болуп отурат жана алардын тагдырлары окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Ошол эле учурда автордун эпистолярдык форманы чеберчиликте пайдаланышы бул чыгарманын көркөмдүүлүгүн жогорку сапатка көтөргөнүн белгилеп кетсек болот.

«Майдан» романында аскердик-согуштук операциялардын жүрүшү да тиешелүү даражада талдоого алынган. У. Абдукаимов кенже лейтенант катары согушка катышкан жана күндөлүк жазып жүргөн экен. Ошол кол жазмалары да бул чыгармада пайдаланылган көрүнөт. Айрыкча, Сталинграддын алдындагы согуштун жүрүшүндөгү окуяларга аскердик баа берүүсүн өзүнчө карап көрөлүк. Тарыхта Улуу Ата Мекендик согуштагы бурулуш Москванын алдындагы, негизги бурулуш Курскидеги салгылашуулар катары көргөзүлүп келет. Ал эми «Майдан» романында автор СССРдин учурунда эч коркпостон согуштагы негизги бурулуш Сталинграддын алдындагы жеңиш болгондугун көркөм чечмелеп отурат. Тактап айтканда, Сталинградда Советтик Армиянын жеңилиши СССРдин кулашына алып келмек деген жыйынтык чыгарат.

Автордун аргументине кайрылалы. Эгерде Паулюс максатына жетсе, Сталинград кулап, немецтик-фашисттик аскер күчтөрү Волга дарыясынын чыгышына чыкмак. Мунун эң коркунучтуулугу, анда фронттук линия үч тарапка жайылтылмак. Биринчи сокку Урал тоосуна багытталмак, натыйжада Борбордук Азия тарапка согуштук аракеттер жүргүзүлмөк. Ошол эле учурда Кавказ толугу менен согуш талаасына айланмак. Ошентип, чыгыштан курал-жарактардын, азык-түлүктөрдүн, кийим-кечектердин агымы буулмак жана аскердик-согуштук техникаларга керектүү майлоочу жана күйүүчү майлардын таңкыстыгы түзүлмөк. Мындай кырдаалда түштүктөн СССРге Турция, чыгыштан Япония кол салуу коркунучу түзүлмөк деген пикирин айкын белгилеген.

Чыгарма көп кырдуу да, көп сырдуу да экендигин мурда эле белгилегенбиз. Бул романда автор көтөргөн актуалдуу проблемалардын бири — кыргыз интеллигенциясынын өнүгүүсүн терең жана көркөм иликтөөгө алгандыгы менен баалуу десек жаңылышпайбыз. Өзгөчө көңүл бурулган каармандардын бири Качике илимий кызматкер катары эмгек жамаатынын арасында өз орду бар. Ал түгүл башкаларга пайдалуу жана керектүү кеп-кеңешин айтып, тарбиялык багыттагы насаат сөздөрү менен согуш талаасында жоокерлердин арасында деле кадыр-баркка ээ болот. Көптү билгени, өзгөлөр анын насаат кебин укканы менен Качикенин тагдыры трагедиялуу. Айрыкча анын жалтактыгы, жеке турмушун өз алдынча куруп кете албагандыгы, алгач боорукер жан катары мамиле жасап, качан бир үй-бүлө катары турмуш кургандан кийин «ажыдаарга» айланган Чынаркандын алдында мажирөө жанга айлангандыгына ар бир окурмандын кантип зээни кейибесин?

Чыгаан жазуучу У. Абдукаимовдун «Майдан» романында Качикенин образы — кыргыз интеллигенциясынын типтештирилген образы. Буга биздин интеллигенттер чычалашы мүмкүн. Тээ илгери, В. И. Лениндин «орус буржуазиясы коркок жана жалтак» деген баасы биздин кыргыз интеллигенциясына таандык экенин У. Абдукаимов алгачкылардан болуп түшүнгөн экен. Күчтүү цензуранын учурунда жарыкка чыккан бул чыгармасы аркылуу жазуучу өзү жашаган ошол доордун терс жактарын ачып көргөзүп, Качикенин образы менен каймана мааниде катуу сынга алгандыгын зор эрдик катары санасак болот.

Качике жарык дүйнөгө жалтак болуп төрөлбөсө керек. Анын ошол абалга жетишине жеткирген Чынаркан менен ажырашып кетишине тоскоолдуктарды ошол доор жараткан болчу. Союздун учурунда мамлекеттик кызматтарда жүргөндөрдүн үй-бүлөсүн бузууга укугу чектелген. Бир чети жоопкерчиликке тартылса, экинчи тараптан келечек карьерасына доо кетмек. Ошентип, интеллигенция бул багытта чыныгы «маңкуртка» айланганын «Майдан» романы аркылуу У. Абдукаимов биринчилерден болуп ачыкка чыгаргандыгын белгилесек күнөө болбос.

Чыгарманы толугу менен талдоо биздин максатыбыз эмес. Жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз куруп, чыгаан акын-жазуучуларыбызга азыркы күндө кайдыгер мамиле жасап жатышкан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунун жана Маданият министрлигинин короосуна «таш ыргытууга» туура келип жатат. Азыркы күндөгү абийирсиздикти даңазалаган чыгармаларга бөгөт коюу максатында У. Абдукаимов сыяктуу улуу инсандардын чыгармаларын массалык нускада чыгарып, калкыбызга жеткирсек, мына ушунун өзү эле улуттук идеологиянын башаты болбойт беле? Аттиң, аны туя билген бизнесмендер, чиновниктер элибизден чыгар бекен?..

Эртабылды Аттокуров, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.08.2020-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий