Улуу жүрүш

Ала-Тоодон – Алтайга

Уучубуз толтура бата сурадык Көкө Теңирден, кыргызга ыйман, ынтымак тиледик!

«Чү» дегенде эле Чудан кармалдык

Чудагы  бажыканада жети саат кар-малдык. Эч нерседен кыйкым таппай,  ээр  токумдарыбызга  асылышты  казак коңшулар. Гафур, Абыш жана башка айдоочуларыбыз  тың  болушкандыктан күндөп-түндөп жол жүрүп, ондогон  шаарларды  аралап,  Иртыш, Кадын дарыяларынан өтүп, Тоолуу Алтайга жете бардык. Бизди Акай Кине, Асыкбек Оморов жана алтайлык боордоштор  тосуп алышты. Буга чейинки сүйлөшүү­лөрдө Тоолуу Алтайдын  губернатору  Бердников (улуту орус) борбордук аянтка боз үй тигүүгө, алтайлык таланттуулар менен бирге концерт өткөрүүгө макулдугун берип, келишимге кол коюп, эс алууга кеткен экен.

Биз жеткен учурда анын калмак орун басары Антродонов иш-чараларыбызды өткөрүүгө бут тосту. Майма дарыясынын жээгиндеги  мейманканага  жайгаштык. Манас атабызга атап мал союуну  баштадык. Түндүк  көтөрүп, боз үй тиктик. Алтайлык  боордошторго,  андагы  жашоо өтөп жүргөн кыргыздарга  чоң программадагы  концерт  бердик. Комузчулар Намазбек Уралиев, Малик Аликеев, Асылбек Маратов комуздарын күүгө салса, Азамат Исмаилов  чоордун  күүлөрүн сыбызгытты. Көл-шал тер кетип, эргүү менен Дөөлөтбек Сыдыков «Манас»  айтты көп убакыт.

Кан-Тоодо кереге жайылып, түндүк көтөрүлдү

Эртеси бир күн кечке жол жүрүп, Чамалган өрөөнүндөгү Эдиган (кыргызча Жетиген) айылына келип жеттик. Биз келээрде үч күн тынбай жаан жаап, жаңы эле күн ачылганын кабарлашты жергиликтүү эл.

Сөз жана Сыр ээлеринин эң көрүнүктүүсү Бүбү Мариям Муса кызы өзүнө керектүү маалыматты алуу үчүн, убакыттын тоголушун утурлап Кан-Тоого түнү менен кетти. Калгандарыбыз Садовое айылындагы №86123 аскердик бөлү­гүнөн барышкан куткаруучулар Шайлоо, Асылбек, Жеңишбек жана кардиолог врач Камчыбек, травматолог врач Русландын камкордугу менен Көкө теңир астында, Жетиген суусунун жээгинде бүктөмө керебеттерибизди жайып, жылуу төшөккө кирип, жылдыз санап уктадык.

Таң эрте ГАЗ-66 автомашинасына боз үйүбүздү, чатырларыбызды, эмеректерибизди жүктөнүп, Кан-Тоого сапар тарттык. Түш оой таза ниетибиз, ыйык тилегибиз орундалып, жаркырап тийген ачык асман астында ыйык жерге да жете бардык. Өр таянган жолдун, ажайып токойлуу тоолордун кооздугу айтып бүткүс.

Манас баатыр Алтайдан Ала-Тоого кеткени бул жерде кыргыз боз үйү тигилбептир. Кырк чоро кереге жайып, түндүктү бийик көтөрдүк. Эки метр бийик болгон, айткан сөзү ыйык болгон таластык Мухтар чоробуз түндүктү былк эттирбей кармап турду, биз уук сайгыча. Ынтымак-ырашкердүүлүк менен боз үй тиктик чоролор. Дөөлөт манасчыбыз «Манас» айтты эргүү менен.

Очок түптөдүк, арча, анан май түтөттүк…

Бул ыйык жерден да түнү бою комузчулар күү ойносо, ырчылар өнөрлөрүн көргөзүштү. Дөөлөт кайрадан «Манас» айтты ааламдын көңүлүн буруп. «Бали» деп сүрөп жатышты чоролор.

Кыргыз элинин салтында бар: таң тосуу, күндүн чыгышы менен ырыскысын толтуруу. Алтайлык  боордошторубузда бул салт сакталып калыптыр. Тогуз метр бийиктикте Манас туусун желбиреттик. Уучубуз толтура бата сурадык Көкө теңирден, элибизге ыймандуулук тиледик.

Байыркы кыргыз эли табият кубулуштарын баалай да, багынта да билген эмеспи. Буга кургакчылыкта түлөө кылып, жаан жаадырганын айтсак эле жетиштүү болор. Очокко арча түтөтүп, жыт чыгардык, актан чачыланы адегенде Акай Кине, андан соң ар бирибиз чачтык. Бүтүндөй кыргыз элинин жолун тазалап, аруу тилек, чоң үмүт менен ак, сары, көк жагоо тарттык Манас чокусундагы карагайга.

Аян деген аян, аны илимий теорияга алмаштырып болбойт. Акай Кине Жакып ата жайлаган ак сазды, оң бөйрөктү, сол бөйрөктү баяндап, Манас атабыздын киндик каны тамган сол бөйрөктү көргөздү. Ыйык жерге таазим кылып, дем-күч топтодук. Аткаруучу парзыбыздын бири болгон ал жердин топурагын, ташын түйүп алдык.

Деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте жайгашкан тоо койнундагы Манас көлүнө он беш чакырым аралыкты басып келдик. Ыйык парзыбыздын бири болгон Манас көлүнүн суусун Ысык-Көлүбүзгө куюуга идиштерге алып алдык. Бир четинде али эрий элек мөңгү жатса да, бизге эмнегедир жылуу сезилди, үч ирет сууга жүз чайыдык. Куржундарыбызды ийинге салып боз үйүбүзгө кайра келсек, бизден чочулап, коштоп жүргөн Россиянын ФСБсынын өкүлдөрү самоорго чай коюп күтүп алышты. Эки алтай жигитинин бирөөсү адигине уруусунан экен.

(Уландысы кийинки санда)

Кубатбек ОСМОНОВ, Бугу – Торгойдон чыккан чоронун бири.
Бишкек –  Тоолуу-Алтай – Бишкек.
«Кыргыз туусу», 27.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий