Садык Шер-Нияз театрлар, байыркы кыргыз жазуулары жана «Манас» эпосу тууралуу

Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз “КАБАР” маалымат агенттигине берген интервьюсунан.

Театрлардын абалы өтө оор

“Учурда театрлардын абалы өтө оор. Артисттер аз айлык алып эмгектенсе, театрларда оюн коюуга каражат жетишпейт”, — дейт маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз.

Анын айтуусунда, учурда Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында оюндар коюлуп жатат. “Белгилүү болгондой, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрда үч жылдан бери оңдоо иштери жүргүзүлүп, оюн коюуга шарт жок. Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры да оңдоо иштерине муктаж. “Учур” театры болсо оюн коймок турмак, имараты жок ар кайсы жерде жүрөт. Ошондой эле облусттук театрлардын да абалы оор”, — деди министр.

С. Шер-Нияздын пикиринде, театрларга коомчулуктун кызыгуусун арттырып, артисттерди колдоого алган учурда гана театрлар өнүгөт. “Театрга карапайым адамдардан тартып, мамлекеттик ишмерлерге чейин барышы керек. Мамлекеттик ишмерлер элдин көз алдында болгондуктан, алар театрларга барып, оюндарды талкууга алса, бүтүндөй коомчулук, анын ичинде жаштардын кызыгуусу ойгонот. Театрларды көрөрмандарга толтуруу үчүн биз бардык аракеттерди көрөбүз”, — дейт министр.

Байыркы кыргыз жазууларын сактоо боюнча атайын мыйзам кабыл алуу керек

“Азыркы жаштардан байыркы кыргыз жазуулары деген эмне деп сурасаң, “кайдагы кыргыз жазуусун айтып жатасың?” деп күлүшү мүмкүн. Бул биздин тарыхка өтө жоопкерчиликсиз жана кылмышка тете жасаган кош көңүл мамилебиз болуп саналат. Биздин байыркы жазуулар бар го, алар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Айыл жерлеринде күнү бүгүн малга ошол жазуулардан кабар берген эн тамгаларды басып жүрүшөт. Байыркы жазууларды сактоо боюнча атайын мыйзам кабыл алуу керек деп ойлойм. Кыргызстанда мындай жазуулар Орхон-Енисей же рун жазуулары дебестен, байыркы кыргыз жазуулары деп аталышы керек. Мындай аталышты айрым академик окумуштуулар сынга алып, тарыхта Орхон-Енисей же рун деген аталыш менен таанылган жазуулар бар экендигин айтышы мүмкүн. Бирок мындай кайдыгер мамилени бул жазууларды пайдаланган биздин ата-бабаларыбыздын арбагы кечирбейт”, — дейт Садык Шер-Нияз.

Анын айтуусунда, байыркы кыргыз жазууларын сактоо боюнча мыйзамды кабыл алуу менен тарых да такталмак. “Өз жазуулары бар башка элдин өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө кыргыздар да жер карабай айта тургандай болуш керек. Бул элде чоң сыймыктанууну жаратат. Мен эртең эле байыркы кыргыз жазууларына өтөлү дебейм. Бирок ар бир кыргыз баласы тарыхта өзүбүздүн жазуу бар экендигин билип, аны менен сыймыктанышы керек деп ойлойм”, — деп кошумчалады министр.

Белгилей кетсек, тарыхта ата-бабаларыбыз орхон-енисей жазуусун пайдаланышкан. Кийин ислам дини менен кошо араб жазуулары тарагандыгы белгилүү. 1928-жылдан тартып латын жазуусуна өтсө, андан соң кириллица ариби пайдаланыла баштаган.

“Манас” эпосу кыргыз элинин эпосу деп баса көрсөтүлүшү зарыл

“Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк адамзаттык материалдык эмес мурас тизмесине Кытай тарабынан киргизилишине байланыштуу маселени кайра карап чыгуу Маданият жана маалымат министрлигинин стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. Бул туурасында “КАБАР” маалымат агенттигине берген интервьюсунда маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз билдирди.

Эске сала кетсек, өткөн жылы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги сессиясында кыргыздын эпосу – «Манас» Кытай Эл Республикасынын атынан Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген. Буга байланыштуу убагында Садык Шер-Нияз баштаган «Айтыш» жана «Манас-Мурас» коомдук фонддору эпос КЭРдин эмес, Кыргызстандын атынан көрсөтүлүшү керектигин коомчулукка айтып чыккан.

“Бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Жакында комиссия менен отуруп сүйлөшүп кайсы жол менен барабыз деген маселени карадык. Бул жерде “Манастын” үчилтигин сунуштап, тизмеге киргизүү керектиги айтылууда. Болбосо “Манасты” бир эле Кытайга гана эмес, бүткүл элге таандык кылып киргизүү да сунушталууда”, — дейт Садык Шер-Нияз.

Анын айтуусунда, “Манастын” үчилтиги ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилбей калышы толук мүмкүн. “ЮНЕСКО “Манас” жоголуп бараткан эпоско кирбей тургандыгын белгилеп, ал Кыргызстанда өнүгүп жаткандыгын, манасчылар бар экендигин, китептер жазылып, жарыкка чыгып жаткандыгын, эпостун жоголуп кетүү коркунучу жок экендигин айтышы мүмкүн. Демек, тизмеге үчилтик киргизилбей калат. Эми “Манас” Кытай тарабынан дүйнөлүк шедевр катары таанылгандан кийин биз биринчи кезекте кыргыз эпосу деп баса көрсөтүлүшүнө аракет кылышыбыз керек. Тагыраак айтканда, жөн эле “Манас” эпосу эмес, кыргыз элинин “Манас” эпосу деп баса көрсөтүлүшү зарыл”, — деген оюн айтты министр.

Мындан тышкары Садык Шер-Нияз ЮНЕСКО Кытайдын “Манасты” Бүткүл дүйнөлүк адамзаттык материалдык эмес мурас тизмесине киргизүүгө акысы бар экендигин, анткени ал жакта да кыргыздар жашаарын айтып жаткандыгын белгилеп, андай болсо эпосту Казакстан, Россия, Тажикстан жана башка өлкөлөргө кайрылуу аркылуу бүткүл элдин эпосу катары таанытуу керектигин билдирди. “Мындай боло турган болсо биз “Манасты” Кытай тартып алды дебей, тескерисинче кыргыздар жашаган көп өлкөлөрдө белгилүү болгон эпос деп сыймыктансак болот”, — дейт ал.

Маданият жана маалымат министри “Манастын” ЮНЕСКО тизмесине киргизилишине байланыштуу талаш-тартыш көп экендигин баса белгилеп, бул боюнча жыйынтык элге жарыяланаарын билдирди.

Соц тармактар:

Добавить комментарий