Максат Кулуев, КМАД театрынын актеру: «Кымыз ичкен кырдагы кыргыздаймын»

Артист Максат менен Соң-Көлдө кезиктим. Бозүй ичинде комузун толгоп, керегедей керилип, санат-термеден төгүп атыптыр. Үнү сөзүнүн маанисине куюлушуп, кымызга тойгон кызыл бет кыргыздардын жүрөгүн толкутуп атат тимеле. Кыргыз баласы микрофону жок эле бийик тоодо ырдаса, би-ир сонун ачылат экен, ов!..

— Максат, төкмөлүккө ыктаганыңды байкап жүрөм. Манас да айтасыңбы?
— Буйрук экен, Соң-Көлдөн жолугуп турабыз. Бул жерде Манаска кумарланган, кыргыз тукумдары баш кошуп турганы жакшы жөрөлгө. Бул да болсо кыргыз духу үчүн чоң ийгилик. Мен Манас айтуу үчүн эмес, Манас айтуучуларды коштоп, төгүп ырдоо үчүн Маданият министри Садык Шер Нияздын демилгеси менен келдим.

— Манасчылардын айткандары жактыбы?
— Ушундай чоң нерсеге кол салынып аткандан кийин көрүнүктүү манасчылар айтып турса керемет болмокпу деген ой келет. Уркаш, Сейдракман аксакалдарга катарлаша Рысбай, Замир, Улан, Дөөлөт аттуу тың чыкма жаш манасчылар дагы өнөрлөрүн төгүп турганда… Бул жерге көп эле тойлорго келип жүрчүбүз. Анда жети дубандан келген эл топурап, башка улуттан сонуркап карагандар көрүнүп, эл аралык мааниде өтчү эле. Бүгүн болсо тек Манас угуу катары өтүп жаткандай.

— Театр тармагыңарда абал кандай?
— Театр боюнча айтсам, ал жердин жыртыгы бүтөлө элек. Акындык чөйрөдө ар кимибиз өз арабабызды кылдыратып жүрөбүз. Партиялардын күнү келе жатпайбы, чакыруулар болуп жатат. Кайсы бир элге алымдуу партиянын «ырын ырдасамбы» деп ойлонуп турам. Себеби, кандай шайлоо болбосун талапкерлер маданият өкүлдөрү менен кызматташат. Өзгөчө эстрада тармагы негизги орунда. Акындар өз ордун билип, көп жерге барчу эмес. Азыр 7-апрелдеги окуялардан кийин жалаң Манас, комуз, акындардын ырын, айтышын угуу маанилүү болуп баштады.

— Төкмө-акындар партиянын саясат ырын ырдаса, «арзымат» болуп кетпейби?
— Ошондой жаманатты жагдайы да бар, чынында. Бирок, мындай кырдаалда акындын жеке даремети, чеберчилиги роль ойнойт. Акын болобу, ырчы болобу, партия добулбасын кагып элге жек көрүнгүсү келбейт. Биз элдин адамдары болгондуктан, жалпы партия аттууларды бир бүтүндүккө чакырабыз. Өнөрүбүздү ушундай өңүттөн көрсөтө алсак, жалпы эл алдында таза өнөрпоз бойдон кала беребиз. Митинг, анти-митингдерде көп ырчылар бир тарапка ырдаганын угуп, көрүп эле жүрөбүз. Бул нерсе ырчы-чоорчулардын өз аброюн түшүрөт. Жеңилген тарапка ырдаган ырчы куугунтук көргөнүнө күбө болгонбуз. Ырчылар акча үчүн чуркабай эле койсо. Бир жакшысы театрдын саясат менен иши жок.

— Жаңы маданият министри жаңыча бирдеме баштачудайбы?
— Ал министр эмес кезинде эч кимди карап отурбай эле «Айтыш» фондуна, киночуларга, «Манас» айтуучуларга эмгегин арнап келгени баарыбызга белгилүү эмеспи. Бул кишинин уюштуруучулук дарамети күчтүү, демек, бир далай маселелер пайдалуу жагына оойт деп ишенем.

— Жекече кандай пландарды «кайнатып» атасың?
— Улуттук телеканалда театр дүйнөсүнө арналган берүү ачуу алдында турам. Азамат Болгонбаев досум акындык, улуттук өнөрдү, мен театр кызматкерлерин өмүр-тагдырын баяндаган берүү кылсакпы деген ойдобуз.

— Төкмөлүк өнөрүңдү күчөтөсүңбү же чегине жеттиңби?
— Улуу Манас дастаны дагын удургугун төкмөлүк өнөрдөн келип жаралган эмеспи. Ырамандын ырчы уулу, Жайсаң ырчылар ушул өнөрдүн көзүн ачкан адамдар болгон. Бул нерселер акындык өнөр Манас доорунан нары эле бар экенин айтып турат. Демек Ала-Тоонун кырында баскан улуу ырчылар ошол кезден азыркыга калган керемет жаратылышты ошондо эле ырга салган. Улуу баяндарды, эчендеген кенже эпосторду жараткан — бул төкмөлүк өнөр. Төкмөлүккө кичинемден эле оогом. Мектеп жашынан эле батынып кол салып, учурда батыл киришип, ынтызарланып, дилгирленип турган чагым. Күчөйм го…

— Айтылуу төрт төкмөбүздүн үчөө ары карап кетти. Алардын ордун жоктотпой төгүп атканыңарга каниет кылабыз. Негедир, турпатың Эстекеге жакынырактай, ал кишинин жолойуна түшкөнгө кудретиң жетер бекен?
— Адамдык тилек, жаштык кыял сиз айткан нерселерге жетелебей койбойт. Бул менен купуя сезимиме уюган эртеңки үмүтүм, бүгүнкү аракетим. Бул асылдыктарга кадамымды таштагам. Ал нерсе мүнөздөн көз каранды экен. Ыкшоолук, жалкоолук шерик болуп жүрөт. Шаарда жашасам да «кымыз ичкен кырдагы кыргыздай» болуп басып жүрө бермейим бар. Бирок мен жетем! Аманчылык болсо…

Азамат КЫЯЗОВ, «Айат пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий