Ала-Тоодон – Алтайга

(Башы өткөн санда)

Кыргыз эч качан кул болгон эмес
Кайсы доордо, кандай жерде жашабасын, кыргыз элим таң азандан күн батканга чейин көчмөндүк, жоокердик, баатырлык жашоосун өтөшкөн.

Өзбек элинин жашоосу: «алың, өтүң, ичиң», – деп өтүнүү, сурануу түрүндө өткөн болсо, байыркы кыргыз элиндеги тур, бол, ал, ич, же, жат, бер, току, мин, чап, жет сыяктуу буйрук иретиндеги сөздөр чыныгы жоокердик маанайды туюнтуп турат.

Мына ошол улуулугубузду барк­тай албай: «Пулуң болсо – кулуңмун» дегенге чейин барышты акылсыздар. Улуу салттан четтеп, сасык саясатты, эл душмандары болушкан өткөн бийликтерди жактап, «дүжүр» болушту айрым чалдар. Мамлекет камкордугунан ажырап, денесин сатты жеңил ойлуу жаш кыздар. Мына ошонун баарына буга чейинки мамлекет төбөлдөрү, наадандар, чыккынчылар, куйтулар күнөөлүү. Эң алды эми гана эгемендүүлүгү сезиле баштаган жаш мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, айтылган ылаңдардан арылтуу ар бир чыныгы кыргыз элинин ыйык парзы болууга тийиш. Башка жол жок экендигин кан төгүлгөн эки төңкөрүш, коргонуу позициясындагы Түштүк окуясы далилдеди.

Жаңы кылым байыртадан көч башында келген кыргыз элинен жаңыланууну, эми эч качан жаңылбоону талап кылууда. Жакшынын шарапаты дегендей, Акай Киненин уюштуруучулар тобунун, кырк чоронун салымы менен нечендеген кылымдар бою аткарылбай келген улуу парздын ушул сапар орундалышын, албетте, утурумдук саясаттан аябай бийик жана ыйык баалашыбыз керек. Улуу жүрүштөгү максатыбыз, аруу тилегибиз: эл биримдиги, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу, кыргыз болуп төрөлгөн соң кыргыз болуу эле.

Кан-Тоонун касиети күчтүү экен, баары эле бара албайт. 1998-жы­лы Аскар Акаев баратса, жол жабылып, күн бүркөлүп, карагайлар кулап, ажо артка чегиниптир. Ошол карагайлар бүгүнкү күнгө чейин жатат жол четинде. Акаевге бак куласа, Бакиевге таш куламак. Ыйык жер андайларды кабыл албайт тура. Биз барганда эки күн асман ачык турду, кетээрибиз менен нөшөрлөп жаан жаады. Элүү чакырымды басып, Жетигенге жеткенде суу болдук, биз да тазаландык.

Кыргыз элиме асмандан нур түштү
Кан-Тоо Чамалган өрөөнүнө караса, Манас көлү, Аттанар-Таш Онгудай районуна кирет экен. Тоолорду айланып, узак жол менен Онгудайга келдик.

Эртеси Акай Кине уучу баланын (бизче кичүү баланын) ыйык ташын бизге баяндап жаткан. Себелеген жаан басылып, ошол замат эки каркыра учуп келип, бизди үч айланды. Табияттын кыргыз элине ыроологон ырыскысы ушул белем, булуттар арасынан бөлүнүп, асман жерди туташтырган нур түштү, тилегибиз орундалганына баарыбыз  сүйүндүк.  Акай  Кине бизге ошол өрөөндөгү сактардын, кыргыздан тараган арийлердин, түрктөрдүн жана да кыргыздардын байыркы мүрзөлөрүн көргөзүп, ал убакта бирдиктүү жашашканын айтты.

Ат майданына көп эл чогулду. Акай Кинеге Дөөлөстөн чыккан кыргыз баатыры деп баа бердик. Баарыбыз чын ниеттен белек, жакшы сөз тартууладык. Ала барган ээр токумдарыбызды аттарга токунуп, ат оюндарын көргөздүк. Арсен Дедиев чоробуз ат кулагында ойноп, боордошторду таң калтырды. Дөөлөт «Манас» айтты күпүлдөп. Комузчу, чоорчулар күү сыбызгытты. Замир, Арсен, Мурат, Азиз, Элдияр, Намазбек, Нурсултан, Жаныбек, Аттокур чоролорубуз 2005-жылдан бери уюшулуп, Алтайда үч ирет чемпион болушкан Аткыр, Ахмет, Ахам, Николай, Азамат өңдүү балбан билек боордоштор менен  күч  сынашты. Биз алтайлыктарды, алтайлык кө­рүүчүлөр кыргызстандык чоролорду колдоп, сүрөп турдук. Достук жеңип, оюн тең чыкты.

Андан соң Аттанар-Ташка бардык. Улуу Манас баатырыбыз жоого чыгаарда бул жерден жөнөчү экен. Баатырга таазим кылып, Алтай элине ыраазы болуп жолго чыктык. Жолдон Акай Кине тегерегинде алты, ортосунда бир түркүк биригип, алтын казык сайылган, жер менен туташкан чоң монументти көрсөттү. Автору өзү экен. Акай баатыр кыргыз башында турган түрк дүйнөсүнүн ошол доорлордо дүйнөлүк багыты ошол жерден башталганын баяндады.

Кароол чокудан күндүн чыгышын тосуу
Калмактар, орустар, казактар тарабынан ар кандай шылтоо менен карама-каршылык болгондуктан, барган автобусубуз менен артка кайтууга туура келди. Аманчылык болсо жылкыларды машина менен болсо да алып келүү пландаштырылууда.

Күндөп-түндөп жол жүрүп Таласка келдик. Уюштуруучулар тобу, кырк чоро жана элибиз менен ниети, тилеги бир Акай баатыр менен биргеликте Кароол-Дөбөгө чыгып, ала келген топурагыбызды Манас баатырга ыроолодук. Элибизге ынтымак, ыйман, жаркын келечек тилеп, күндүн чыгышын тостук.

Сол Бөйрөктүдөн ала келген кедр көчөттөрүбүздү кан ордого отургуздук. Манас бабабыздын рухуна, күмбөзүнө таазим кылдык.

Сапарыбызды уладык. Бишкек шаарындагы Турусбек Мамашев уюштурган Кыргыз айылынан элибиз тосуп алышты.

«Кыргыз туусу», 01.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий