Чолпонбек Базарбаевди эскерип

Ч.Базарбаев Макбет

2-сентябрь… Кыргыздын чыгаан уулу, дүйнө элине таланты менен таанылган атактуу балерон Чолпонбек Базарбаев ушул күнү тирүүлүк менен кош айтышкан. Күз айынын келиши менен элибиздин сыймыктуу уулун эскерип, бейитине эскерүүдөн гүлдесте коймокчубуз…

Надежда Базарбаева: «Чолпонбек мага ыр менен кат жазчу»

Бийчи тууралуу:
Чолпонбек БАЗАРБАЕВ 1949-жылы 4-февралда Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1959-жылы Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. 1966-жылдан баштап, Кыргыз опера жана балет театрынын Москвадагы жана Ленинграддагы гастролдоруна чыга баштаган. 1967-жылдан 1968-жылга чейин Москва академиялык хароеграфиялык орто окуу жайында тажрыйба алмашууга барып, окуп келген. Жылына балет классикасынын отуздан ашык спектакльдерин ойночу. Алардын ичинен эң оор образдар: П.И. Чайковскийдин «Ак куу көлү», А. Адандын «Жизель», У. Мусаевдин «Томирис», Петрушканын «Петрушка» ж.б. болду. 2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумган.

Надежда эже, Чолпонбек агай менен кантип таанышып калдыңыз эле?
Чолпонбек экөөбүз бала чактан бери эле чогуу жүрдүк. Хореографиялык орто окуу жайын да чогуу аяктап, театрга чогуу кирип, 20 жылдан ашык иштедик. Экөөбүз1969-жылы баш кошуп, 33 жыл чогуу жашаптырбыз. Биз иштеген ишибизден рахат алчубуз. Ортобузда эки балабыз бар эле, Чолпонбектен кийин бир уулум атасынын артынан каза болуп калды. Таалай деген уулум Англиянын элчилигинде иштейт. Үйлөнүп, бир балалуу болду. Азыр үй-бүлөсү менен ошол жакта турат. Келин-уулумдукунда төрт айча жүрүп жакында эле келдим. Өзүм Чолпонбек Базарбаев атындагы Хореографиялык орто окуу жайында балеттен сабак берип иштейм.

Сиз Тувалык кыргыз болсоңуз да, атыңыз орустардын аты. Надежда дебей эле кыргызча Үмүт десеңиз болбойбу?
Енисейлик кыргызмын. Биз төрөлгөн учурда көбү Россиянын курамына кирип, якуттар, буряттар, хакастар, татарлар орустардын«Света» , «Роза» деген аттарын койгон мода болгон. Кээ бирлер орус досторуна арнап, орустун атын койгон.

Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз?
1956-58-жылдары Тувага Кыргызстандан артисттер барып калганда, биздин министрлик «Биздин балдарды да балет жагынан окутуп келгилечи, бизде да балеттер болсун» — дешкенинен, Кыргызстандан мугалимдер келип, балетке мени тандап алган. Мен 1959-жылы Тувадан келсем, Чолпонбек Нарындын Ат-Башысынан келген. Башында мени баары эле Үмүт дешчү. А бирок, документтеги атым Надежда.

Чолпонбек агайды берешен, ак көңүл деп уктук эле…
Ооба, абдан берешен болчу. Ак көңүл, боорукер, ачык мүнөз, чынчыл киши эле. Өзү шайыр жүргөндүктөн, үйдөн достору үзүлчү эмес. Спектакльден кийин биздин үйгө келип ар нерсени сүйлөп отуруп, анан кетишчү. Адамдарды даражасына карап «Бул министр, бул дүкөнчү же болбосо кароолчу» — деп бөлчү эмес. Ким болсо дагы «Менин маңдайымда отурган — адам. А адамдын баары кудайдын алдында бир. Азырынча иштеп жаткан иши убактылуу нерсе. Баарыбыз тамак ичебиз, уктайбыз, эс алабыз, убакыт-сааты келгенде министр деле, жөнөкөй кызматкер деле өлөт» — деп көп айтчу. Атасынан эрте калып, инилери, кайненем баары биздин үйдө жашашкан. Экөөбүз иштечүбүз. Айлыгыбыз аз кыйналып-кысталдык. Бирок, ошого карабастан, капаланбай өзүн карманып, сабырдуу жүрчү.

Туугандары азыр кайда?
Апасынын кайтыш болгонуна үч жыл болду. Болгону бир карындашы бар болчу, ал каза болду, эки иниси да Чолпонбек барган жайга кетти. Азыр Кудайберген, Жумабек деген эки иниси калды. Алардын балдары бар, алар менен катышып турабыз.

Романтик беле?
Чолпонбек чоң романтик болчу. Отуруп алып, барган жерлерин шөкөттөп айтып бергенде, отурган достору, «Сен барган жерге баргандай эле болуп калдык» — деп күлүп калышчу. Мен Москвада жүргөндө ыр менен кат жөнөтчү, сүрөт да тартчу. Талантты берсе ар кайсы жагынан бере берет турбайбы. Ыр жазып, сүрөт тартчу, комузда, фортепианодо сонун ойночу. Өлөөрүнө эки-үч жыл калганда ырдай баштады. Кубулжуган үнү бар болчу. Спорт жагынан да мыкты болчу. Футбол, баскетбол, бильярдды жакшы ойночу. Бир нерсени жасайм десе, сөзсүз түрдө, анын майын чыгара жасачу. Балет — жаратылыштын берген таланты болуш керек. Чыңгыз Айтматов «Андай киши бир кылымда бирөө эле төрөлөт» — деп айткандай, Чолпонбектей таланттар жүз жылда бир жаралса керек. Чолпонбек, пианист болсо деле мыкты пианист болмок, спортсмен болсо, дүйнөнүн чемпиону болмок. Ал тирүү кезде биз бири-бирибизди мактачу эмеспиз. Тескерисинче, «Мунуң туура эмес, тигиниң туура эмес» — деп жетишпеген жерибизди айтчубуз. Азыр мактасам жарашат. Чолпонбек менен жашаган жылдарымды эң мыкты жылдарым деп эсептейм, ошол жылдарымдын күүсү, күчү менен жашайм.

Үйдө кандай жар эле?
Аткарам дегенин аткарчу. Бирок, колу бошобогондуктан, үй жумуштарын өзүм жасачумун.

Экөөңүздөр урушуп, таарынышып кеткен күндөр болду беле?
Эми болот да ар бир үй-бүлөдө. «Биздин үйдө уруш болгон эмес» — дегендерге ишенбейм. Турмушта урушпаган үй-бүлө болбойт. Мен таарынып жүрө берчүмүн, Чолпонбек мага биринчи келип, тамашалап, кызык нерселерди айтып, мени күлдүрө берчү: «Билем, акча түгөнгөн го» деп күлчү. «Жок, кеп акчада эмес» — десем, «Мен билем, макул эртең акча таап келем» — деп калчу. Биздин көйгөйүбүз акча болчу. Орустар айткандай ар бир адамдын жетишпеген нерсеси ар бөлөк. Байлардыкы башка, биздики башка. Акчаны өзү кармачу эмес. Касса мен болчумун. Эгерде колуна акча тийсе, баарын түгөтмөйүн үйгө келчү эмес. Кийин биз бөлөк иштеп калдык. Ошондо «Айлык алганда үйгө чейин такси менен келчи» — деп өтүнчүмүн. Анткени, жолдон бирөөгө жолукса, ар нерсени алып берип акчасын коротуп коймою бар эле.

Чыгармачылыкта жакын санаалашы ким эле?
Достору көп болчу. Баарын иним, биртууганым дечү.

Бийчилер диета кармашат эмеспи. Чолпонбек байкенин диетасы кандай эле?
Жок, экөөбүз тең диета кармачу эмеспиз. Биздин жакшы тамагыбыз, эт болчу. Спектакль болгондо эт менен картошка, камырды бышырып, шорпосу менен жечүбүз. Анткени, эт менен камыр жеңил болуп, ток жүрчүбүз. Андан башка тамак жечү эмеспиз. Чолпонбек ак сөөк адам болчу. Табагы, кашыгы, салфеткасы, наны, чайы өз ордунда болгондо гана тамак иччү. Баарын даярдап койсом, келип жеп алып, туруп кетчү. Кээ бирде кайнилеримдин аялдары, «Жеңе, агама чайды өзүңүз эле бериңизчи. Биз бере албайбыз» — деп күлүп калышчу.

Айсулуу Токомбаева менен бийлеп калбадыбы. Айсулуу эжеден кызганчу белеңиз?
Айсулуу Ленинграддан келип, аны менен 20 жыл чогуу иштедик. Айсулуунун үй-бүлөсү менен абдан жакшы мамиледе болчубуз. Күйөөсү жакшы бала болчу. Айсулуу «кыйтың-мыйтыңы» жок түз жүргөн кыз болчу. Кызганчу деле эмесмин. Азыр Турцияда иштеп жүрөт, 4-февраль Чолпонбектин туулган күнүндөгү эскерүү кечесине келип, сүйлөп турат.

Чолпонбек байкени «Көңүлдөшү менен кетип баратып, автокырсыктан каза болгон» деген имиштерди да кулагыбыз чалган эле…
Жок, «Эл оозунда элек жок» — дегендей, айта беришет. Чолпонбекти же алдым-жуттум деп, же акча уурдады деп айталбай ошондой кыйкым таап атышат да. Бизде иштеген келин менен Манас айылына спектакль коёбуз деп жүргөн. Анан Манас айылын көрсөтүп келатып каза болгон. Биз экөөбүз 33 жыл чогуу жашадык, 8 жыл бир партада отурдук. Эгерде суюк аяктыгы бар болсо, элдин баары билмек. Үйгө конбой калчу эмес. Дайыма чогуу жүрчүбүз. Жумушка, жумуштан үйгө, конокко чогуу дегендей. Элдер сүйлөй берсин,күйөөмдүн менин, өзүнүн абийиринин алдында ак экенин өзүм билем.

Уразгильдеев Роберт Хасанович, Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин проректору: «Чолпонбек, окуучум болчу»
Чолпонбек менин окуучум болчу. Оптимист, айланасындагы адамдарга жакшы мамиле кылчу. Дайыма жардамга муктаж адамдардан жардамын аячу эмес. Кыргызстандын искусствосуна, маданиятына аябагандай чоң салымын кошту десем жаңылышпайм. Чолпонбек Базарбаев улуттук искусствонун легендарлуу инсаны болчу. Эркектердин арасынан «СССРдин эл артисти» наамын биринчилерден болуп алган. Көптөгөн өлкөлөрдүн театрларында белгилүү балерина Айсулуу Токомбаева менен чогуу бийлечү. Ал артист гана болбостон, мамлекеттик ишмер болгон. Маданият министри, Билим берүү жана илим министринин орун басары да болгон. 1999-жылы Чолпонбек Базарбаев жөнүндө жазган китебим бар.

Акан Нуртазин, балетмейстер: «Тер чыккыча бийлечү»
— 1973-жылы Чолпонбек байке менен таанышып калдым. Ошол учурда Москвадан комиссия келип, балетке кыз-балдарды тандап алып жатышкан. Чолпонбек байке мени карап, «Москвадан окуйсуңбу?» — деп мени тандап алды. Москвадан 8 жыл окуп келип, Чолпонбек байкенин колунда тарбиялана баштадым. Мен « Өкүл ата » деп коём. Экөөбүз бир гриммёркадан кийинчүбүз, спектакльдерде чогуу бийлеп жүрдүк. Мыкты башкаруучу, оратор, психолог, уникалдуу адам болчу. Бардык адамдар менен тил табыша билчү. Бардык сыйлыктарга өзүнүн гана күчү менен жетти. Иш дегенде жанын берген адам эле. Бир жолу бийлеп жатып, көңүлүнө төп келбей калса жинденип, өзүн-өзү бетке урган. Анын айынан бир канча күнү тамак жей албай жүрдү. Ооруканага барса, бетинен жарака кетиптир. Тер чыккыча бийлечү. Өзүнүн кол алдында иштегендерге талапты жакшы койчу. Алдыга абдан сонун пландарды койгон эле. Анын бири да аткарылбай кетти.

Төлөбүбү Касымалиева, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий