АЛТЫН-КӨЛ, КОРБУ, КҮРКҮРӨӨ

(Башы өткөн санда)
Караңгы түн, асманда жыбырап жылдыз жайнайт. Биз баягы боз качырыбыз менен, өңгүл-дөңгүл жолдо бара жаттык. Жол узак, төрт-беш саатка барат. Баарыбыз Манас-Туусундагы, Манас-Көлүндөгү көргөн-билгендерибизди, туйган-сезгендерибизди бири-бирибизге айтып келе жаттык. Орто жолдон Тоолуу-Алтай шаарына кирип, ден соолугуна байланыштуу Мария эжени Чагаттын үйүнө калтырып, Чемал районунан чыгып, Чой, Майма райондорун басып, Турочок районуна караштуу Арты-Баш (кыргыз тилинде-Аттын-Башы) айылына бурулдук. Ошентип, түнкү саат экиде Алтын-Көлдүн жээгиндеги (орус тилинде-Телецкое озеро) Арты-Баш деген айылга кирип келдик. Бул сапар Арты-Баштагы кызыл карагайдан кынаптап курулган эки кабат конок үйүнө түнөдүк.

3-күн, 9-август. Эртең мененки онго чейин уктап, кайрадан сапар тарта турган болдук. Сыртка чыксак, Жаркынай эже айткандай эле жаан нөшөрлөп жатыптыр. Чатыры айнектен жасалган, мотор менен жүрүүчү катер-кайыгына баарыбыз отуруп, түштүктү көздөй көлдүн ортосу менен сүзүп жөнөдүк. Батыш-чыгыш жээги бийик аска-зоо, чиркей тумшугу баткыс карагайлуу чер токой. Бизди коштоп бараткан Чагаттын айтуусу боюнча көлдүн алтайча аталышы Алтын-Көл экен, көлдүн тегерегин дөөлөс уруусу мекендегендиктен жергиликтүү эл бул көлдү Дөөлөс-Көлү да деп, ал эми орустар дөөлөс деген сөзгө тили келбей, Телецкое деп атап калышкан. Көлдүн тереңдиги — 320 метр. Адамдын бою менен тең келген нельма деген жырткыч балык мекендейт. Кыш суук болгон жылдары Алтын-Көл тоңуп, үстүнөн машине жүрө тургандай болот экен.

Кайык менен көл үстүндө эки сааттай сүзүп, Корбу деген мазарлуу шаркыратмага токтодук. 30-35 метр бийиктиктен түшкөн суу агып отуруп, көлгө куят экен. Шаркыратманын түбүндө өскөн бак-дарактардын бутактарында ак түстүү жалгын чүпүрөктөр байлануу. Келген-кеткен адамдар абдан көп. Бири зыярат кылып келсе, кээ бирөөлөр жөн эле эс алганы келет экен. Көпчүлүк үчүн бардык шарттар түзүлүп, туристтик база катары камкордукка алынган бул мазардын коргоочу-ээси, Жаркынай эженин айтуусу боюнча, аял киши экен. Биз бул жерге жарым сааттай туруп, тиленип, мазардын ээсине кайрылып, зыяратыбызды аткарып, бир сыйра сүрөткө түшүп, кайра кайыгыбызга келип орун алдык.

Дагы бир сааттай көл үстүнөн сүзүп, саат 16.30да Чолушман аттуу чоң дарыянын куймасына келип токтодук. Ал жерден бизди Николай деген жаш жигит өзүнүн УАЗ — боз качыры менен күтүп турган экен. Чолушман дарыясын бойлоп отуруп, жарым түн дегенде Езен турбазасына келип түштүк. Ал жерде да тамагын белендеп, бизди Айгүл деген алтай кызы күтүп алды. Кечки тамак деп, бугунун этинен жасалган ысык тамак тартты. Тамактан кийин эркектерди өзүнчө, аялдарды өзүнчө кылып бөлүштүрүп, биздин боз үй порумдуу, төбөсү шокшойгон, кызыл карагайдан ашталып курулган үйлөргө жаткырышты.

4-күн, 10-август. Эртең менен ойгонуп, саатымды карасам жети болуптур. Катарымдан орун алган Кубанычбек аба, Алымбек ажы, Кулмат терең уйкуда. Сыртта дыбырап жамгыр жаап жатыптыр. Мен жай туруп, жуунуп тазаландым. Топ мүчөлөрү тургуча турбазанын ичинде ары-бери басып, конгон жерибиздин айлана-чөйрөсүнү көз чаптырып жүрдүм. Түндө караңгыда келгендиктен көп байкалган эмеспи, тегереги бийик аска-зоо, түбүнөн чоң дарыя агып өткөн турбазанын жайгашкан жери конушка өтө ыңгайлуу, жаныбарлардан кайберен, аюу, бөрү, сүлөөсүн, кундуз, суусар мекендей турган жер экен. Бул база ээсинин ордунда, мен да ушул жерди тандамакмын деп ичимден ойлоп койдум.

Бир маалда мойнуна сүлгүсүн салынган Кубанычбек аба келип: «Таке, жана сен бир нерсени туйдуңбу?, — деп калды. Таңга жуук сыртка чыгайын деп ордуман козголмокчу болгондо, темир зоот, туулга кийген, көзү жанып турган бир зор баатыр сенин баш жагыңда турган экен. Аны көрүп, бир топко чейин козголо албай жаттым. Сен аны туйдуңбу?». Мен үндөгөн жокмун. Экөөбүз дагы үч-төрт кадам бастык. Анан Кубанычбек аба: «Таке, сени баатыр өзү колдоп жүрүптүр. Буюрса мында ары манасчылыгың күчөп, сөзүң арбыйт. Бул жер өтө касиеттүү экен. Бизди бул жерде Манас атабыз коштоп жүрөт», — деди. Мен ооз ачкан жокмун. Бар болгону, түндө баатырлар менен казатка аттанып бара жаткан түшүмдү эстеп, Кубанычбек абам айткан бул окуя менен түшүмдү ичимден талдап жаттым. Манас атабыздын миң кырдуу, миң сырдуу ыйык дүйнөсү бизди коштоп жүргөнүн мен Бишкектен чыкканда эле сезгем. Анын үстүнө, жолубуз бирге жолдош болуп, чоң аталары айтылуу Дыйканбай менен Алмабек семетейчинин небереси Кубанычбек абанын бирге болушу да жышааналуу эле. Биздин айылдык ооруканага башкы врач болуп жаңы келген жылы эле, мен ооруп Кубанычбек абанын колуна түшкөм. Оорумдун төркүнүн манасчылыкка жоруп, орус мектебинде окуп, «Манас» жөнүндө кылдай түшүнүгү жок менин көзүмдү Кубанычбек аба ачкан. Ал кезде анын манасчы экенин, манасчынын тукуму экенин кайдан билейин. Бир күнү эле таятам жаңы келген врачыбызды көрүп: «Бул жигит кадыресе жигит эмес, мунун ар жагында ыйык сыр жатат», — деген сөзү али да эсимде.

Ошентип, ал күнү эртең мененки саат тогузда биз Чолушман суусун бойлоп, аска-зоонун этеги менен жөө жолго чыктык. Эр жигит эл четинде жүргөндө курал-жарак, жок дегенде бычак, аса-таяк ала жүрүш керек деген элдик кеп эсиме келип, жолго чыгаар алдында, суу боюнда жайнап кыйылып жаткан карагайлардын арасынан үчөөнү тандап, боюбузга тууралап Алымбек ажыга, Кубанычбек абага, өзүмө таяк алдым. Ошол аса-таягыбызды жолдош кылып, экиден-үчтөн болуп, чубап бара жаттык. Бара турган жерибиз Күркүрөө деген ыйык мазарлуу шаркыратма. Жамгыр бирде токтоп, бирде себелейт. Ич кийимибизге чейин сыгып алма суу болсок дагы, ага кайылбыз.

Артымда келе жаткан Алымбек ажы: «Талантаалы, сенин колдоочуң чоң экен. Бүгүн эртең менен багымдат намазды окуюн десем, жаныңда аскер кийимчен, өзүң курдуу бир жигит туруптур. Ал жигит бир топко турду да анан сүзүлүп барып, караңгыга сиңип кетти. Сага улуу киши катары айтаарым, боюңду да, оюңду да таза тутуп жүр. Мындай касиет баарына эле келе бербейт. Сенин колдоочуң да, касиетиң да зор. Кут болсун балам, кут болсун, кут болсун!», — деди да алаканын жайып бата тиледи. Не дээримди билген жокмун. Эмнеси болсо да бүгүнкү уккандарымды жакшылыктын жышааны дедим. Алымбек ажынын жакшыдан жаманды, жамандан жакшыны көрө ала турган жогорку касиетин билчүмүн. Ал эле эмес, анын тубаса даанышмандыгын, зор дипломаттык чеберчилик менен адамдын көңүлүн таба ала тургандыгын, оозунда кеби, сыпаа сүйлөгөн сөзү, эч бир университеттен окубаса да, кандидаттык, докторлук диссертация жазып коргобосо да мейли диний багытта болобу, мейли илимий багытта болобу артыкча билими бар экендигин билип жүргөм. Ал эми бу сапар таксырдын көз ачыктык да касиети бар экендигин билип отурам. Көрө албастык, ичи тардык же ич күйдүлүк кылбай, эртең мененки көргөнүн ичине катпай, көргөнүн көргөндөй, болгонун болгондой кылып айткан, акыл-насаатынан аянбаган Алымбек ажыга мен терең ыраазы болдум.

Ошентип, сегиз чакырымдай жол жүрүп, мазарлуу Күркүрөө шаркыратмасына келдик. Көч аягындагылар келгичекти, Чагаттын айтуусу боюнча, ар бирибиз төрттөн таш чогултуп, мурда үйүлгөн — обо таштардын жанына, жеке тилегибизди айтып жаңы обо кылып өз тартиби менен үйүп койдук. Баарыбыз чогулганда, дасторкон жайып куран окуп, тилек айтып, шаркыратманы көздөй басып бардык. Шаркыратманын сүрү биздин жүрөгүбүздү бир топ опкоолжутту. Бийиктиги элүү-алтымыш кездей бар. Суунун агымы да аябагандай күчтүү. Корбу шаркыратмасына салыштырмалуу төрт-беш эсе чоң экен. Топ мүчөлөрү кайта баштады, Жаркынай эже экөөбүз элдин артында калып, дагы бир саамдай туруп калдык. Мен шаркыратманын так түбүнө барып, дагы бир жолу тилегимди айтып — Манас! Манас! Манас! деп үч ирет ураан чакырдым. Чакыраарын чакырып, өзүмдүн дене-боюм дүркүрөй түштү. Дагы бир аз турдум да Жаркынай эженин жанына келсем: «Талантаалы, бул жерде бешикте жаткан бала көрүндү. Сен «Манас!» деп ураан чакырганда, тетиги маңдайдагы кырдан атчан жоокер кийимин кийген баатыр көрүндү», — деди. Мен сестенгенимден үч ирет жүгүнүп артка карай бастым.

Турбаза көздөй баратып, бүгүнкү уккандарымды талдап, Манас атамдан айланайын деп, тобоомду оозумдан түшүрбөй келаттым. Биз жатагыбызга келгичекти саат кечки жети болуп калды. Баарыбыз кечки тамакка отурдук. Тамактан кийин Чагат бул өрөөндү мекендеген жан-жаныбарлардын түрлөрү тураалуу айтып отурду. Бул өрөөн эле эмес, жалпы Алтай жергесинде: марал, чыбырчык бугу, багыш, элик, мускус элиги — алтайча — тооргы (орусча — кабарга), каман, киш, кундуз, аркар, тоо теке, суур, куну, түлкү, кашкулак, түндүк ак бугу, аюу, тыйын чычкан, коён, ондатр, сибирь тоо текеси, норка, кара кур, каркыранын үч түрү, улар, карышкыр, сүлөөсүн, кызыл тумшук чөкө таан, тоодак, тоо казы, куназ, бүркүт, ак куу, шумкар, илбирс, карсак, кемчет ж.б. бар экен.

Кечки аңгемелешүүдөн кийин биз жаткан үйдө турбазанын кызматкерлерине бир жарым сааттай манас айттык. Ал түнү да кечээгидей түшүмдөгүдөй баатырлар менен казатка аттанып бара жатыптырмын. Кошой атабыз баш болгон он эки кандын түмөндөгөн колу. Мен жайнаган ал колдун ичинде жүргөнсүйм. Бирок ошол эле учурда казат жолунда жүрүп жаткан бардык окуялар көз алдымдан экрандай болуп чубап өткөнсүйт. Көрсө ошол көргөндөрүмдүн баарын өңүмдө да уктап жатып айтыптырмын. Эртең менен турсам, Алымбек ажы менен Кубанычбек аба түндөгү уккан-көргөнүн төкпөй-чачпай мага айтып беришти. Бул сапар да мен үндөбөй кутулдум. Кечээги баскан узак жолубуздан уламбы же түнү менен «Манас» айтып чыккандыктанбы, дене-боюм бир аз талыкшып, чарчаңкы тартып калыптырмын.

Ошентип, Алтайдагы дагы бир мазарлуу жерди басып, зыярат кылып, алтай эл-жерине, өзүбүздүн эл-жерибизге тынчтык, ынтымак, биримдик тилеп, кайрадан сапарга чыктык.

Талантаалы Алыбек уулу, манасчы, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
«Адилет пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий