Ааламды таңдандырган кыргыз дүйнөсү жана Чочунбаеванын чоң эрдиги

Жарыктык чоң кайненем Райкан токсонду оодарып барып дүйнө салды. Биз эле эмес бүт айыл «ЭНЕ» деп ызаат кылып, алдынан кыя өтчү эмес.

Анысы айылдагы эң кары адам катары эле эмес, кара кылды как жарган калыстыгы, көптү көргөн көсөмдүгү жана эң башкысы — колунан көөрү төгүлгөн чебердиги үчүн да болсо керек. Ошол энемдин колун салаңдатып бош отурганын көргөн жокмун. Бир карасам, жүнгө асылып жаткан, бир карасам ийик ийрип же тери өңдөп жаткан…, айтор ары өтүп, бери өтүп көзүмдүн кыйыгын салганым болбосо, жанына отура калып, бирдеме үйрөнүп алайын деген ой болбоптур. Бир кана жолу энем: «кызыңдын көшөгөсүнө чаян боо жасап жатам, муну бары эле биле бербейт, көрүп алсаң» — деп калды.

Түр-түр сайма жиптерди манжаларына чалып алып, татаал бир «операцияларды» жасап жатыптыр. Анда кызым сегиз жашта, «көшөгөсүнө» деген сөзгө бир эсе күлкүм келип, көргөнгө да, үйрөнгөнгө да убактым жок экенин айтып качтым.

Атаңдын гөрү, өмүр деген ачып көздү жумганча өтүп кетээрин ким билиптир… Ошол кыргыздын бир сонун өнөрү энем менен кетти. Ойлобойун десе да ойлой берем. Улутту улут кылып турган эң бир кымбат өнөрчүлүгү улуу муун менен кошо четинен көмүлүп отурса, эмнеси калат болду экен? Өзүмдү эле алсам, кийиз жасай албайм, ийик ийре албайм, чий токуй албайм, өрмөк сого албайм. Демек, мен кызыма эч нерсе үйрөтө албайм. Азыркы аялдардын көбү эле мендей болсо керек.

Кыргызстандагы саясаты сапырылган бүгүнкү күндүн фонунда буга окшогон көйгөйгө орун деле жок сыяктанат.

А бирок өзүнүн айдыңында кумурскадай тынбай изденип, улуттун улуу мурасын сактап, муундан муунга кала тургандай иш жасап жаткан адамдарда бар экен, тоб-бо!

«Табигат менен үндөш кооздук: Кыргыз улуттук буюмдарынын жасалыш ыкмалары жана оймолор» деген долбоордун баалуулугунун өзүм аралашкандан баштап туйдум. Жүргүзүп жаткан ишине саресеп салып отуруп «бали Динара! Сен кандай акылдуу кызсың» деп, орден-медалым болсо тагып ийгим келип кетти.

Динара Чочунбаева — Орто Азиядагы чеберлерди колдоо бирикмесинин Кыргызстандагы ресурстук борборунун жетекчиси, — өзүнүн кана дүйнөсү, кыялы, принциптери менен жашаган, улутчулдук сезими курч, шаасы бийик кыргыз кызы.

«Эс тарткандан эски буюмдарга жакынмын. Байыркы калкымдын бир үзүм тарыхы катылып калгандай көрүнгөн, эски-и, оймолор, саймалар, таарлар, чачыктар ж.б. буюмдардан кыя өтпөйм. Аны жасаган устанын небак сөөгү сөпөт болгондур. А бирок өнөрү, чеберчилиги, дүйнө таанымы, сүйүүсү, кубанычы-кайгысы, терең философиясы жалпы улутка таандык болуп, элибиздин байыркылыгын, касиеттүүлүгүн далилдеп да, даңазалап да келатпайбы. Ошондуктан биз жогоруда сөз кылган долбоордун баасы жок. Бул долбоорду колдоп жаткан «Кристенсен» фондуна да, «Азияуниверсал» банкына ыраазыбыз.

2009-2011 жылдары бүт Кыргызстанды түрө кыдырып, кыргыз элинин кол-өнөрчүлүктө пайдаланган (же жараткан) ыкмаларын жана билимдерин жерине жете изилдеп иштеп чыгып, азыркыча айтканда илимий-маалымат программаларын түзүп калтыруу. Бул изилдөөлөрдүн дагы бир оорчундуу максаты!

Кылымдар бою атадан балага, энеден кызга мураска өтүп келаткан кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн, зергерлеринин, уздарынын жаратылыш байлыктарын пайдаланып колдонгон билимине өзгөчө үңүлүп байкоо жүргүзүү болуп саналат. Ушул пландардын бир тобу иш жүзүнө ашты, Кыргызстан боюнча өтө көп материал топтодук. Эми чет жердеги кыргыздарды кыдыралы деп турабыз. Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия, Кытай сыяктуу зор мамлекетте айыл-айыл болуп жашап, улутунун жүзүн, өзгөчүлүгүн сактап келаткан кол өнөрчүлөрү да изилдөөгө алынат»- дейт Динара Чочунбаева. Бали! Бул-бизге болбосо да эртеңки муунга керек.

Бул дал ушу багытта илимий эмгек жазгысы келген окумуштуулар үчүн керек.

Эми акырында айтаарым «Эл ичи өнөр кенчи» дейт эмеспи.

Арабызда билинбей, өз казанында кайнап жаткан улуу муундун не бир сонун чеберлери бар, ар бири өзүнчө аалам, ар бири өзүнчө дүйнө… Биз ушул адамдарда байкалбай калып калбаса дейбиз; биз менен байланышса бирге иш алып барганга дайым даярбыз. Арыба, ата-бабанын асыл мурасы!

«Айат пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий