Ата көргөн ок жонот…

Кыл калем чебери, жазуучу жана журналист Үсөн Сарыбаев өзүнүн сүрөтчүлүктү сүйүп, ушул кесипти тандап алышына атасы уста Сарыбай зор себеп болгонун ар дайым урматтоо менен эскерип жүрөт. Анын айтымында, уулунун сүрөт тартууга шыктуулугун байкаган атасы Сарыбай уста анын талантын өстүрүүгө чындап киришет. Үсөн төртүнчү класста окуп жүргөндө Манасты кырк чоросу менен кошо бир барак кагазга тарткан сүрөтүн үйүнүн коридорунун дубалына камыр менен чаптап жабыштырып, ошондой эле, уулунун кыл калеминен жаралган башка сүрөттөрдү да катар- катар кылып илип коёр эле.

Ал эми, Сарыбай устанын үйүнө ат такалатканга же дагы бир башка нерсе жасатканга келишкен кишилер илинген сү­рөттөрдү кызыгып караша турган. Ошондо уста атасы мурутун сылап, жүзү жадырай, уулунун өнөрү менен сыймыктангандай түр көр­сөтөр эле. Атасынын мындай сыймыктануу сезими жаш талантты ого бетер шыктандырып, бала сүрөт­чүгө чоң жоопкерчилик тагып, сүрөтчүлүк кесипти тандап алуусуна түрткү берет.

Уста Сарыбай төмөнкү райондук борбор – Кара-Кулжага түшкөн сайын унутпай, түркүн түстөгү карандаштарды ала келип, Үсөнгө сүрөт тарттырчу экен. Мындай камкордукка шыктанган бала улам барган сайын арымын арттырып, такшала берет. Ошону менен бирге, эки жакты көрсүн, көңүлү өссүн деп, Салам – Аликтеги пионер лагерине жолдомо таап берип, жан дүйнөсүн жаркытып, жаратылышка жакындатат.

Өз айылындагы мектептин 7-классын аяктагандан кийин, орусча үйрөнсүн, талаа-түзгө бышыксын үчүн уулун  шаар тибиндеги Гүлчө поселогундагы мектептен окутууга жиберет. Ошентип, баласынын келечегин түптөп жүргөндө, тилекке каршы, Үсөн тогузунчу классты аяктаганда, кокустук кырсыктан камкор ата жарык дүйнө менен кош айтышат. Болочок сүрөтчү камкор атасынан айрылып, канаты кайрылып, жашоо-турмуштун ачуу-тат­туу­сун тата баштайт.

Убакыт улуу дары демекчи, убакыт өткөн сайын кайгысы акырындап  басаңдап, онунчу клаасты ийгиликтүү аяктап, айылына келет. Ошондо жакын туугандары чогулуп, ага туугандык кеп- кеңештерин беришет. “Сен эми, Жалал-Абадга барып, зоотехниктин окуусуна киргин да, адистик алып, мындагы ини, карындаштарыңды баккын. Бул окууга  өткөрүү биздин колдон келет”, – дешет. Бирок Үсөн алардын айтканына макул болбой: “Атам менин сүрөтчү болушумду каалоочу эле, эми, атамдын тилегин актап, сөзсүз сүрөтчү боломун, ошондуктан ордо калаага барып, сүрөтчүлөр окуусун окуймун”, – деп туугандарынын сунушуна макул болбойт. Ошол жылы убакыт өтүп кеткендиктен, окууга бара албай калат да, кийинки жылы келип, сүрөтчүлөр окуу жайына өз күчү менен өтүп кетет.

– Менин адам болуп калыптанышыма жардам беришкен туугандарыма жана устаттарыма ыраазымын, – дейт Үсөн Сарыбаев. – Атын атаса куту сүйүнөт дейт, мага жакшылык каалап, колдон келген жардамдарын аябаган туугандарымды, устаттарымды атай кетейин. Көзү өтүп кеткендердин арбагы козголуп, ыраазы болушсун, тирүү жүргөн­дөрүнүн иштери илгерилей берсин. Мага көңүл буруп, ак ниети менен жардам берген айылдаш агаларым Тилеш аке, Маматемин Эркебаев, Өзгөн районундагы Ильичевка айы­лынан чыккан сүрөтчү Кыдыбай – Акмат, анан Кыргызстан сүрөтчү­лөр союзунун  ошол кездеги төрагасы, азыркы Кыргыз Республикасынын Баатыры Тургунбай Садыков. Окууну бүткөн соң,  чыгармачылыкка багыттаган устаттарым СССРдин эл сүрөтчүсү Г.Айтиев жана багы ачылбай, жарык дүйнө менен эрте кош айтышкан аябагандай таланттуу живописчи К.Аманкожоев жана башкаларга терең ыраазымын.

Үсөн Сарыбаевдин айтымында, чыгармачылыкка берилип, багыт алуу үчүн сокур тыйынга арзыбаган, эч бир пайдасы да жок нерселерди мүмкүн болушунча көп тарта берүү керек экен. Ошондой эле, жаратылышты, адамдарды өзүнүн турган (натуршик) турпатынан сүрөткө тарта берсе, ошондо гана сүрөтчүдө сонуркоо, адат пайда болот.

Ар бир сүрөттүн, этюддун таржымалы, тагдыры өзүнчө болот тура. Мисалы, “Ажикеде кеч күз” деп аталган этюд сүрөтү ит өлгөн суукта тартылган экен. Тилекке жараша, анын кийинки тагдыры жакшы болуптур. Тактап айтканда, Аскар Акаев президент болуп туганда, аны чоңойтуп, кездемеге тартып, сатуу үчүн бир чоң галереяга коёт. Ошол кезде Казакстандын эгемендик күнү болуп, биздин бийликтегилер бул күнгө белек катары тартуулоо үчүн сүрөт издеп жүрүп, Үсөндүн ушул сүрөтүн жактырышат да, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге тартуу кылышкан экен. Жазуучу Төлөгөн Касымбековго белек кылуу үчүн анын жакындары ушул сүрөттү кайра дагы тарттырышат.

Сүрөтчү Үсөн Сарыбаев бүкүл дүйнөгө белгилүү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таанышуу үчүн ушул сүрөтүн жаңыдан кайра тартып, буга демилгечи болгон анын иниси менен жазуучунун үйүнө барат. Сүрөттүн таржымалын жазуучуга мындайча түшүндүрөт: “Биздин жер Ажике деп аталат. Кезинде Курманжан датка жыл сайын ушул жерге келип, тетиги зоо түбүндөгү жерге боз үй тигип алып жайлоочу экен”, – дейт сүрөтчү.

Ошондо улуу жазуучу экинчи кабатка чыгып барып, эч бир жерден кездешпеген  бир сүрөт алып келип: “Ме, Үсөн, ушуну урунуп кой”, – деген экен.  Бул сүрөттүн мындай тагдыры анын авторунун нукура талантын айкындап турат.

Улуу жазуучу берген сүрөттү көргөндөр: “Мындай буюм Кошмо Штаттардагы Доминикан фирмасынан гана чыгат,  ал кишинин тартуусун мүрүгө илип көтөрүп жүрбөй, үйдөгү бийик жерге илип кой”, – дешет экен.

Дегинкисин алганда ар бир сүрөттүн жаралышы өзүнчө эле кичинекей окуя же таржымал менен коштолот окшойт, сүрөчүнүн баамында. Алардын күлкүлүүлөрү да, кейиштүүсү да кездешет.

Үсөн Сарыбаев көп кырдуу талант ээси. Дегеним, ал жалаң эле сүрөт тартпастан, ошондой эле, адабий чыгармачылык менен да алпурушат. Анын Ырыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык өмүрүнө арналган китеби, гезит-журналдарга чыккан түркүн темадагы очерктери, макалалары мунун айкын далили.

Мына ушул көп кырдуу талант ээси Үсөн Сарыбаев жакында өзү тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн өткөрүүгө ниеттенүүдө. Анын кыл калеминен жаралган чыгармаларынын негизин табият пейзаждары жана портреттер түзөт. Анын көргөзмөгө коёр айрым чыгармалары ушул макалага коштолду.

Токтомуш ӨСКӨНОВ, “Кыргыз Туусу”, 14.09.2010

Соц тармактар:

Добавить комментарий