ЭХ, КЫРГЫЗЫМ, ТАЗА ЭМЕС БЕЛЕ КЫМЫЗЫҢ?..

Кымызды ичип көрбөгөн кыргыз болбосо керек. Азыркы учурда Кытайдан Кыргызстанга канчалаган сапатсыз буюмдар менен азыктардын кирип жатканын баарыбыз эле билебиз. Ошентип, биздин мекен да жасалма азык-түлүктөн кур кол калбады. Буга мисал катары кымызды алып көрдүк.

СУУСУНУҢДУ КАНДЫРГАН СУУСАМЫР КЫМЫЗЫ
Эчен кылым карыткан кыргыз эли улуттук суусундук катары кымызын кылкылдатып, келген конокко сунуп келет. Чаңкаганда суусунуңду кандырчу, оорусаң шыпаа болчу да дал ушул кымыз. «Базарда гана эмес, жайлоодо деле кымызга суу кошушат, анысы аз келгенсип, атайын порошок кошот экен» деген сөздөр акыркы кезде эл арасында көп айтылчу болду. Ушундан улам Суусамырга барган сапарымда бул сөздүн чын-бышыгын билип көрүүнү чечтим.

Ош-Бишкек жолуна каттаган ар бир айдоочу Суусамыр жолунан жөн өтпөй, сөзсүз түрдө кымыз ууртап өтүшөт эмеспи. Суусамырдын башталышынан жолду катар ар кайсы жерде тигилген боз үйлөрдү сапарда жүрүп сиз деле көрсөңүз керек. Төө-Ашуудан түшкөндө эле атайын тигилген боз үйлөрдө кымыз саткандар кездешет.

“БЭЭСИ КӨРҮНБӨЙ ЭЛЕ, КЫМЫЗ САТКАН ЭЭСИ КӨРҮНӨТ ГО…”
Сапарлашым бир убакта «желеде байланган бээси көрүнбөй, биринчи эле «кымыз аласыңарбы?» деген ээси көрүнөт» деди. Чын эле байкасам, жашыл жайытта мал көрүнбөйт. Анан бир боз үйгө токтодук. Үйдүн кожойкеси Бариса эже Суусамырда кымыз жасап сатканына 10 жылдын жүзү болгонун айтат. “Эже, бээлер жок го…” десек, күлүп “жүргүлө, тиги жайытка баралы” деп ээрчитип жөнөдү. Кырга чыгып, желеде байланган бээлерди эже саап кирди. “Ак ооз тийип кеткиле” деп саамалдан куюп сунду. Мына, нак кымыз деген! Шаардагы базардан сатып алган кымыздан, албетте, жайлоонун кымызынын даамы башка. Көп жылдан бери бээ байлап, кымыз жасаган адамдар “өзүбүздө кымыз турганда порошоктон жасалган “самопал” кымызды биз эмнеге ичет экенбиз?! Суусамырдын кымызы таза» деп меймандостугун көрсөтүп, жылуу узатышты.

Жүрүп отуруп, кан жол боюндагы боз үйлөргө токтодук. Жол боюндагы үстөлдөрдүн үстүндө суусу тунган бөтөлкөлөр тизилет. «Азыр эле «биз «самопал» кымыз сатпайбыз» деп айтышпады беле» деп кыйла таң калып турдум. Бир улгайган эне «таң калба, иним, бул ириген сүт, кымыз эмес, ысыкта кымыз бузулуп кетпейби» дейт. Бирок андан ары басканда сүт эмес эле бөтөлкөдөгү кымыз кайнаган ысыкта турат. Айтор, бирөө “ысыкта кымыз бузулат” десе, экинчиси “эч кандай бузулбайт” дейт. Кимисине ишенебиз?

Ошентип, суусу таза Суусамыр өрөөнүнөн кайра борборду көздөй жол алдым.

КЫМЫЗГА СУУ ЭЛЕ ЭМЕС, ПОРОШОК ДА КОШУШАБЫ?
Шаарыбыздагы жана базарлардагы кымыз сатуучу жайларды кыдырып көрүүнү чечтим. Алгач “Беш-Сары” соода борборунун алдында кымыз сатып турган агага кайрылдым.
– Саламатсызбы, байке, кымыздын 1 литри канчадан?
– Кел, кымыз ичесиңби? Литрин 50 сомдон сатып жатам, бир стаканы 10 сомдон.

– Байке, мен кымыз сатып иштейин дедим эле, кымызды кайсы жерден алсам болот.
– Бул жерде тонналап кымыз ташыган балдар бар. Кымызды ошолордон алсаң болот. Алар мага “байке, бизден кымыз алып сатпайсызбы?” деп сунушташкан. Өзүм жайлоодон кымыз алып келип саткандыктан, жок деп койгом.

– Кымызды порошоктон да жасайт турбайбы ээ, байке, кандай порошок экенин билбейсизби?
– Жанагы балдар мага «буторить» деген порошокту айткан. Кыязы кымызды ошол порошоктон жасашат өңдүү.

– Сиз да порошокту колдонуп көрдүңүз беле?
– Негизи, бул порошок жөнүндө көп уккам, бирок бир да жолу колдонуп көргөн эмесмин. Колдонмок тургай кандай экенин билбейт экенмин.

Мен көп суроо бергендиктенби же чөнтөгүмдөгү диктофонду байкап калды окшойт, тиги байке ары көздөй басып кетип, мен кеткичекти келбей койду.

Ошентип, порошок тууралуу азыноолак билген соң ары жакта кымыз сатып отурган эжеге бардым.

– Эже, бир чыны кымыз бересизби?
– Кел, кымыздан ич, таза, Нарындан келген.

– Суусамырдын кымызына окшошобу?
– Билбейм, Суусамырдын кымызын ичип көрө элекмин, биздин кымыздар бүт эле Нарындыкы.

– Суусамырда жолдун эки бетинде толтура кымыз сатышат экен. Ал кымыз нак кымыз турбайбы, ошон үчүн сураганмын…
– Өткөндө тааныштар айтып келишти. “Суусамырда бүт эле порошок кошуп кымыз жасап жатышат” деп. “Азыр деген Кытайдын порошогу чыккан турбайбы, бүт эле ошону менен кымыз жасап сатышат экен”,-деген эже кейип-кепчимиш болуп суюк кымызын өткөрдү.

“ЖАСАЛМА КЫМЫЗ САТКАНДАН КОРКОМ”
Кыргызда “караңгыда бирөөгө ак бербейт, анан да айран, сүт, кымызды сатпайт” деген ырым бар. Бирок борбордук мечиттин алдында кымыз деген чоң жазуу илинип турат. Ушул нерсе мени кызыктырып, мечитти көздөй жөнөдүм. Көп жылдан бери кымыз саткан Шаршеке кызы Айша эжени кепке тарттым.

– Айша эже, айтсаңыз, бул жерде кымызды канча жылдан бери сатып иштейсиз?
– Мен өзүм Жети-Өгүз районунан болом, Бишкекке келип борбордук мечиттин жанында кымыз сатканыма быйыл 15 жылдан 16-жылга карайт. Башында мага айтышчу, “кымыз саткан уят го…” деп. Мен ага карабастан эле сатчумун. Мына, азыр Кудайга шүгүр, бул жер менин экинчи үйүм болуп калды. Жумушумдан дагы күндө кымыз алчу элимди сагынам. Ушул ишим менен турмуш-тиричилигиме, балдарымдын окууларына жеткирем. Мен саткан кымыз – Нарындын кымызы, ишеничтүү адамдар алып келишет. Күнүнө орточо эсеп менен 40-50 литр кымыз сатылат, 1 литрин 50 сомдон сатам.

– Таза кымыз менен жасалма кымызды кантип билсе болот? Сиз жасап сатып көрдүңүз беле?
– Мен өзүм көп жылдан бери кымыз саткандыктан, таза жана жасалма кымызды дароо эле билем. Таза кымыздын даамы бир аз таттуу жана коюу болот. Ал эми таза эмес кымыз суюк, өңү аппак болуп, даамы кычкылыраак келет. Мен элге жасалма кымыз жасап саткандан коркомун.

– Кымыздын жана бээнин сүтүнүн кандай дарылык сапаттарын билесиз?
– Негизинен, бээнин сүтүнүн дарылык касиети 60 ооруга шыпаа. Эң биринчиден, өпкөгө суук тийгенде, бөбөк эмизген эненин сүтү чыкпай калган учурда бээнин сүтүн ичсе, дарылык шыпаасы өтө чоң.

БАЗАРЛАРДА КЫМЫЗДЫ КАНДАЙ ШАРТТА САТЫШАТ?
Кымыз – кыргыздын улуттук суусундугу, бирок бизде ошол улуттук суусундукту отуруп ичүүчү жайларыбыз аз. “Ош базарынын” Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде аксакалдардын арызы менен ачылган жалгыз боз үй бар. Ошол эле базардын ар кайсы жеринде машинанын багажына кымыз коюп саткандарды көрөсүң.

Бул боюнча атайын “Ош базардын” лабораториясынын башчысы Бөкүшов Тазабек Өмүржановичке кайрылдым.

– Тазабек байке, айтсаңыз, базардагы кымыз саткандар кымызын силерден текшерүүдөн өткөрүшөбү?
– Ооба, бардыгы эле өтүшөт, бизден өткөндөргө сөзсүз түрдө сертификат беребиз.

– Мен сертификаты жок кымыз саткандарды да кездештирдим го, аларды барып текшербейсиңерби?
– Биздин жумушубуз абдан көп, алардын ар биринин артынан жүрүш кыйын. Бизди көргөндө эле качып кетишет. Бир жолу атайын биздин кызматкерлер текшерип барышса, аларды жумуртка менен уруп кубалап чыгышыптыр. Эл деген эл экен да, айрымдары түшүнсө, кээ бирлери түшүнбөйт. Элге кайрылат элем, кымызды сертификаты бар сатуучулардан алып ичиңиздер.

– Кымызды бир порошок менен «буторить» этишет экен. Башкача айтканда, «кымызга порошок кошот» дешет. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?
– Жок, андайды уккан эмесмин.

Суусамырга барсам, “шаардагы кымыз жасалма” дешет, ал эми бул жактагылар аларды айтышат. Кымызды нак сатабы же ага суу, кошулмаларды кошобу, ар бир адамдын өз абийиринде гана калат окшобойбу.

Мухаммед Мадоморов

НАК КЫМЫЗДЫ КАНТИП БИЛСЕ БОЛОТ?

Динара, 40 жашта, продюсер:
– Жаш кезимде апам кымызга нан салып койчу эле, “жакшы сакталат” деп. Эмнегедир ошол кымыздын даамы таңдайымда. Нак кымызды бээ байлаган жерден гана ичпесең, Ош-Бишкек жолунда деле, шаарда деле аралашма. Кымыз кычкыл тартып үстүнө суусу көп тунуп калса, ал нак эмес.

Билимбек, 36 жашта, фермер:
– Албетте, нак кымыз менен суу кошулган кымызды ууртабай туруп билем. Нак кымызды идишке куюп койсо, үстүнө 2 элидей гана суу тунуш керек. Суу кошулган кымыз суюк болуп, даамы кетип калат. Ал эми нак кымыз кылкылдап бетине майы чыгып, коюу келет.

Айпери, 24 жашта, ырчы:
– Кымызды абдан жакшы көрүп ичем. Бирок нак кымыз менен жасалма кымызды айырмалай албайм. Ичкенде уйкуңду келтирген, күчтүү, майлуу кымыз нак кымыз болсо керек. Ал эми шылдырап, көк суусу үстүнө калкып калганы таза эмес кымыз окшойт.

Сатыбалды, 57 жашта, айдоочу:
– Саамалга көрөңгө кошкон соң тез-тез бышыш керек. Ошондо сүт ачып, нак кымыз болот. Кымызды банкага куюп койсоң, көпкө тургандан кийин үстүнө суу калкып чыгат. Мындан чочулабаш керек. Ал тундурма пайдалуу.

Анаркүл, 53 жашта, үй кожойкеси:
– Бээни саап келген соң сабаага куюп, көрөңгө кылып быша берет. Анан эле накта кымыз болуп чыга келет. Суусамырда жалаң таза кымыз кылабыз. Кымыз тунуп калса эле таза эмес деп ойлошот. Бирок бетине калкып чыккан суу тундурма деп аталып, ден соолукка пайдалуу.

Сүйүн, 30 жашта, режиссёр:
– Кымызды дайыма ичпегендиктен, нак же суу кошулганын билбейм. Эс алууга жайлоого барып калсам, ошол жердин кымызы нак экенине ишенем. Даамы сонун болуп, ичкен сайын табитиңди ачат. Базарда сатылган кымызды ичсең, ачуу болуп чыгат. Демек, кымыздын тазасы жайлоодо.

Фарида, 25 жашта, үй кожойкеси:
– Ачыгын айтсам, мен жасалма кымыз ичип көрө элекмин. Кайненем бизге бээ саап берет, мен болсо суу кошпой эле сатам. Өткөн-кеткен жолоочулар “башка жактын кымызы супсак, суу кошулат” деп бизге келип ичишет.

Бурул Исмаилова, “Супер инфо”, №410 10-16-сентябрь, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий