Кыргыз – китеп

Шабдан баатырды – эл артисти, Кара Молдону – депутат дегендердин мууну жаралууда

Китепке көңүл бурбоо – идеологиялык соку
Эгемендиктин  эдиреңдеген, эйфорияга берилген жыйырма жылында кыргыз адабияты, маданияты купуя сырдуулугунан, рухий уюткусунан ажыраган абалга жетти.

Академик президентиң деле, өндүрүшчүң деле өз көмөч­төрүнө өзгөчө көп күл тартуу менен алкымдарын тыя албаган, акыры Ала-Тоого сыя албаган эл безерине, жербезерине айланганына аалам күбө.

Аларды учурунда “кой-ай” дей албаган үзөңгүлөштөрү эми  эстерине келе А.Акаевдин: “Элим менен, элим үчүн”, – деген ураанын дүң­гүрөтө кайталап, жайнаган партиялар жамыраган козулардай баш оорута баштаганынан калк кайрадан  жакасын  кармашууда.

Ооба, мурдагы бийлик башындагылар деле колунан келгендерин жасашты. А бирок, азыркы көз караштан алганда жана жаңы маалыматтарга таянганда алар эл үчүн, жер үчүн жетимиш эсе ак эмгек сиңирсе болмоктугу айкындалууда.

Мына ошол эмгектердин эң алдында кыргыз китебине кызмат кылуу турганда азыркы наристелерге, неберелерге, бөбөктөргө, жеткинчектерге, өспүрүмдөргө, жаштарга рухий көмөк көргөзүлүү менен 2010-жылдын апрель, июнь каргашаларына жол берилмек эмес беле деген ой учугу убайым убарасына салат. Анткени, “Бардык нерсенин башы Сөз, Сөз – бул Кудайдын өзү”, – деген акыл-туюмдан алып караганда да китеп жаатына көңүл бурулбай калганы – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өзөгүнө, эне тилине урулган башкы идеологиялык сокку экенине эми гана ынанып тургандайбыз.

ХХ кылымдагы эле кыргыз адабиятынын, тарыхынын таасирдүү барактарынан таалим албаган XXI кылымдагы кыргыздын жаш муундарын элестетип көрүңүздөр. Ушул үчүн төмөнкү кайрылуу  жазылды.

Кыргызга китеп керек

КРнын Президенти Р.Отунбаевага

Урматтуу Роза Исак кызы!

1926-жылы 30-сентябрда кыргыз улуттук басмасы негизделип, ушул күнү Кыргыз мамлекеттик басмасынын (Кыргызмамбас) уставы Кыргыз Автоном облусунун аткаруу комитетинин президиуму тарабынан расмий бекитилген. Кыргызмамбастын негизинде уюшулган “Кыргызстан” басмасы элүү жыл ичиндеги ири ийгиликтери үчүн 1976-жылы Элдердин достугу ордени менен сыйланышы  кыргыз китеп полиграфиясынын да СССР маалындагы зор жетишкени эле.

Окуу китептерин жана балдар адабиятын чыгаруучу “Мектеп”, көркөм жана котормо адабияттар боюнча “Адабият” басмалары да Кыргызмамбас – “Кыргызстан” пайдубалы негизинде ачылган болчу. 1991-жылдан кийинки өзгөрүү­лөргө, рыноктун катаал шартына капилет кабылган бул басылмаларга Өкмөт тарабынан колдоо көр­сөтүлбөй калышы китеп тармагынын акырындап талкаланышын шарттады. Авторлор менен иштөө такыр токтоп калды. Ошентип, көптөгөн мыкты, чебер китеп редакторлору, сүрөтчүлөрү жана техникалык, өндүрүш өкүлдөрү туруктуу иштин, ага жараша жалыйнанын жоктугунан башка тармактарга өтүүгө аргасыз болду.

Натыйжада, китеп редактору, художниги, техникалык адиси деген мааниси терең кесиптердин баркы төмөндөп, азыркы окуу китептеринин жана жалпы эле көркөм адабий басылмалардын мазмундук, техникалык жана көркөм жасалга сапатынын кескин төмөндөөсүнө алып келди. Ал эми начар китеп менен билимдүү, кесиптик даярдыгы мыкты жана маданияттуу муунду тарбия­лоо мүмкүн эместигин эгемендик тарыхыбыз тастыктоодо. Ата Журтун кастарлаган, эне тилине таазим эткен, ата-баба салтына баш ийген, Ала Тоо табиятын көз карегиндей сактаган жана ошону менен бирге дүйнөлүк асыл баалуулуктардан четте калбаган анык улутман атуулду тарбиялоо мамлекеттик идеологиянын өзөк жүлүнү. Азыркы учурда Шабдан баатырды – эл артисти, Карамолдону – депутат дегендердин мууну жаралганы өкүнтөт.

Демек, окуучуларга окутуу-тарбиялоонун таасирин арттыруучу агартуу тармагына, асыресе көркөм окуу китептерин чыгарууга да жаңыча мамиле жасалышы парз. Бул маселеге чукул арада өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик маанидеги камкордуктар көрүлбөсө – Кыргызстан аттуу өлкөнүн эртеңкиси даркүмөндүгү өөрчүп баратканына басма сөздөгү пикирлер жана соңку окуялар күбө. Албетте, бардык иш барып келип каражатка байланыштуу. Антсе да “Китеп билим булагы, тарбиянын тумары” экендигине эки эселенген маани берүү менен төмөндөгү сунуш, ой-пикирлерди караштырып көрүүнү өтүнөбүз.

Эмне кылуу керек?

Дээрлик 85 жылдык (1926) тарыхы бар “Кыргызстан” басмасын кайра уюштуруу менен ага улуттук статус ыйгаруу.

Бул басманын эң башкы милдети:

– мектеп менен жогорку окуу жайларынын программасына ылайык окуу китептерин жана кошумча окуу куралдарын, көрсөтмө материалдарын;

– балдар бакчалары, кенже класс­тар сериясындагы басылмаларын;

– “Окуучунун китепканасы” сериясындагы адабияттарды чыгаруу;

– Кыргыз адабиятынын мектеп, ЖОЖ программасына ылайык темпланы негизинде өзгөчө иштөө. Жалпы окурмандар үчүн көркөм, илимий-популярдык жана “Дүй­нөлүк казынадан” көркөм котормо басылмаларды жарыялоо;

– башка сабактарга да кошумча катары илимий-популярдуу, техникалык, искусство-маданият жана медицина, экономика, айыл чарба, спорт тематикасындагы китептерди чыгаруу.

Рынок шартын эске алуу менен кардарлар каражатына чыгарылуучу ар түркүн басылмалардын заказдык редакциясы, ошондой эле түстүү плакат, афиша, календарь ж.б. жарнамалык багыттагы дизайн-жасалгасы бөлүмү, окуу китептеринин, дегеле жалпы басылмалардын көркөмдүк-сүрөт-иллюстрациялык жасалгасын жакшыртуу максатында атайын көркөм борбор болмогу шарт.

Авторлор менен иштөө, темпланды аныктоо, кол жазмаларды сыноо, талдоо, редакциялоо, кабыл алуу, нускасын аныктоо жана китеп түрүндө чыгаруу боюнча редакциялык жана көркөмдөө-жасалгалоо кеңешине атайын адистер, дасыккан илимпоздор ж.б. тийиштүү тармак өкүлдөрү тартылышы үзүрүн бермекчи. Мындан тышкары китеп соодасы жана китеп таратуу иштери жөнгө салынмак.

Мамлекеттик басманын иштеши менен акыркы учурда байкалып жаткан окуу китептеринин мазмундук жана полиграфиялык кемчиликтерин жойгонго мүмкүндүк түзүлмөк. Анткени, элүүгө чукул жеке басмалар менен басмаканалар негизинен кошумча пайда табууну гана көздөп, чыгармачыл жана техникалык редакторлорго, корректорлорго анча талап коюлбайт.

Билим берүү жана илим минис­трлиги жана Билим берүү академия­сы агартуучулук вазипаны ак аткарууну көздөгөн авторлордун эмес, калем акыны гана көксөгөн “котормо авторлордун” (котормолорду оригинал катары көргөзгөн) желесине чалынып калгандай… Мындай абалдан чыгуу үчүн министрликтин тармагында иштегендерге автор же авторлош болууга кандайдыр чек коюлушу керек. Алар бири-бирине рецензент, редактор же басылманын чыгышына жооптуу болгондуктан, “Өңдү көрсө жүз тайып” ке­түүдө. Айрым иликтөөлөргө караганда, Армения менен Молдовада авторлорду ушундай чектөө жана кол жазмаларды даярдоонун жалаң басмаларга берилиши өзүн актаган.

Окуу китептерин басуу боюнча өткөрүлүүчү тендерге да жаңы талап, шарт коюлушу зарыл.

Полиграфиялык база: Кыргызполиграфкомбинатынын мурдагы жетишкендиктери менен азыркы техникалык-өндүрүштүк мүмкүн­чүлүгүн салыштырып болбойт. Бул ишкана бир кезде Орто Азиядагы алдыңкы китеп фабрикасы болгону да эстен чыкты. “Учкун” ААК мезгилдүү басма сөздү, түстүү басылмаларды, китептерди чыга­руу­да. Бул ишканага да мамлекет тарабынан көлөмдүү көмөк көр­гөзүлсө баалуу кагаздарды, паспорт­торду, ал турмак улуттук валютаны басуучу ири өнөр жай бирдигине айланмакчы.

Полигафкомбинаттын өндү­рүштүк базасы азыркы талапка жооп бербестиги атайын тыянак менен ырасталса, анда “Кыргыстан” басмасы “Учкун” менен иштеши үчүн атайын китеп цехи азыркы техникалык жабдуулар менен толукталышы абзел.

Учурда, “Кыргызстан”, “Мектеп”, “Адабият” басмалары негизинде уюштурулган “Акыл” ААКсы акыркы жылдары окуу китептери эле эмес, жалпы кыргыз адабий басылмаларын чыгарууну да дээрдик токтоткон. Ошондуктан “Акыл” ААКсын чарбасыздыгын укуктук негизде тастыктоо менен, аны жоюп, имаратын кайра түзүлүүчү улуттук басмага (мурунку ээсине) кайтарып берүү жагы да эске алынса.

Кайрадан түзүлүүчү улуттук “Кыргызстан” басмасы рынок-экономика жол-жобосуна ылайык иштөөсү да башкы талап. Бул үчүн адегенде башталгыч капитал, айрым жеңилдик, кепилдик жана финансылык колдоо (грант, кредит, тендер ж.б.), ошондой эле материалдык-техникалык колдоо мамлекет тарабынан алына жараша көргөзүлөр.

Жаңы жылдык балатыда балдарга китеп тартуулоодо ата-энелер: “Эмне үчүн эне тилибиздеги жакшынакай кооз китепчелер жок? Жалаң эле бөлөк тилдеги жана башка жакта басылгандар турбайбы?!” – деп айткандарын көңүлгө түйүп, Кыргызстанды бир кезде дүйнөгө дүңгүрөтө таанытып, “Манас” эпосу, “Капитал” сыяктуу адамзатына таандык не бир укмуш басылмаларды, кыргыз эл жомокторун миллиондогон нускада чыгарып келген “Кыргызстан” басмасынын жоюлуп кеткендигине, эң башкысы азыркы учурдагы кыргыз китебинин, өндүрүшүнүн, соодасынын абалына ардануу менен ушул ой-пикир, сунуш жасалды.

Памирбек КАЗЫБАЕВ, «Кыргыз туусу», 14.09.2010

Соц тармактар:

Добавить комментарий