Жолболду Алыбаев: «МЕНИ «ЭКИНЧИ РЫСПАЙ» ДЕШЧҮ»

Эл ичи таланттарга бай. Мына ошондой өнөр адамы Жолболду Алыбаев 63 жаш пайгамбар жашына келсе да, колунан комузун түшүрбөй ырдап келет. “Арзыкан”, “Чолпонум” сыяктуу ырларын билбеген жан болбосо керек. Айрымдардын “үн деле карыйт” дегенин агай жокко чыгарып, аккордеон менен обон созуп, маек куруп берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

  • 1947-жылы 24-декабрда Өзгөн районуна караштуу Заргер айылында төрөлгөн.
  • Үй-бүлөдө жалгыз уул. Эки карындашы бар. Кичинекей карындашы кырсык болуп өтүп кеткен.
  • Наамдары: КРнын Эмгек сиңирген артисти (1993), Эл артисти (2003), Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, ОшМУнун профессору, Өзгөн районунун ардактуу адамы.
  • 200гө жакын обондуу ырлар, 50дөн ашык көлөмдүү чыгармалардын, 3 китептин автору.

– Агай, “ааламга кетчү жол айылдан башталат” дешет. Анын сыңары чыт курсак кез издери элетте калган болсо керек…
– Айылым Өзгөндүн төрүндө. Бизден ары жайлоо башталат. Бала кезде элеттеги таланттуу адамдар катуу таасир калтырган окшойт, айтор, музыка дегенде эт-бетимден кетчү элем. Таенемдин колунда өскөндүктөн, ал киши укмуш жомокторду айтып берчү. Айылдагы Касым аттуу аксакал мени комузда кол ойнотконго үйрөткөн. Анда мен 5 жашта элем. Күү үйрөтүп гана тим болбостон, комузун белекке берип сүйүнткөн. Азыр ойлосом, комузу менен кошо өнөрүн да өткөргөн белем.

Мектепте окуп жүргөндө “Манас”, “Курманбек” сыяктуу эпостордон үзүндү жаттап убара тартчумун. 8-класска чейин айылда окудум. 11-классты Өзгөндөгү Макаренко мектебинен бүткөм. Поэзияны жашымдан жакшы көрөр элем. Акын болом деп кыялданып, далай ырлар жаралган. Ошентип, мектепти аяктаар алдында кароого катышып, “Ичкилик эмне?” деген терме жазып, Бишкекке чейин келип орун алып кеткем.

– Анан акындык жолду тандайын деп окууга тапшырдыңыз…
Окууну бүтөрдө Рыспай Абдыкадыровдун “Түгөйүм” ыры укмуш ырдалып калган. Мен ал ырды аккордеон эмес, комузга салып ырдаганымды көрүп, музыкалык мектептин директору Ошко окууга тапшыртты. Болгондо да маданий ишмердин окуусуна тапшыртып коюптур. Түшүнбөй эле 1 жылдай окуп калдым. Анан кайрадан музыкалык факультетке тапшыргам.

– Сизди экинчи Рыспай деп коюшат экен…
– Мен окуган институтта Рыспай аке да окучу. Ал менден 2 курс жогору болчу. Менин ырдап калышыма да Рыспай аке түрткү болгон. Анын ырларын өзүндөй кылып ырдачумун. Ошондон улам мени экинчи Рыспай дешчү. 2-курста өзүм ыр жазып, обон чыгара баштадым. Акын Жолон Мамытов окуу жайда адабий ийримди жетектечү. “Ким ыр жазса, урнага салгыла” деп урна ачып койду. Мен 3 ырымды салып коюп, пахта теримге кетип калдым. Ал кезде окуучулар менен студенттер айлап пахта терчүбүз да. Бир күнү эле группалашым “сен ыр жазасыңбы же башка Жолболду Алыбаев деген барбы?” дейт. Көрсө, менин ырым облустук гезитке чыккан экен. Ал кезде ыр жазган, обон чыгарган адамдарга жакшы мамиле кылышчу. Бир жолу сабакта отурсам, агай кирип келип мени чакырып калды. Сыртка чыксам, коридордо Жолон Мамытов туруптур. Мен капкара, бою кичинекей бала элем. Жанындагы киши экөө “кичинекей эле бала турбайбы” деп карап калышты. Анан алар “сен жаңылып кирип алыпсың. Кыргыз тилге которулбайсыңбы?” дешти. Мен болсо ыр жазарымды, бирок чала-бучук обон чыгарарымды айтып, музыканы тандаган элем.

Ошентип, окууну бүткүчө 20-30 чакты обондуу ыр жаздым. Кийин поэзиядан алыстап кеттим.

– Өмүр жолуңузда өйдөдө өбөк болчу жубайыңыз менен кантип табышып калдыңыз эле?
– Ушунча сурадың, чындыгын айтайын. Мен 2-курста окуп жүргөндө Алайдан Орозайым аттуу сулуу кыз 1-курска келген. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, үйлөндүк. Уулдуу болдук эле, чарчап калды. Экинчи кызыбыз да 5 айында учуп кетти. Чынында, жубайымды ала качып кеткен элем. Алайга ал көрүнүш өөн учураптыр. Анысы аз келгенсип, апасынын төркүндөрүнө жашында кудалап коюшкан экен, мен аны билбепмин. Башында “ажыратабыз” деп жүрүп, 3 жыл жашаган соң ажыратып тынышты. Менин институтка окутуучу болуп калбаганымдын себеби да ошол.

– Экинчи жолу үй-бүлө курдуңузбу?
– Жалал-Абаддагы педучилищеде мугалим болуп жүрүп, 3-курста окуган Венера аттуу кыз менен түтүн булаттым. Экөөбүз 30 жыл чогуу жашап, ажыраштык. Себебин айтпай эле коёюн, айтканга тил барбайт. Кээ бир жакындарым, туугандарым гана билишет. Менден күнөө өткөн эмес, андан кеткен. Ошентип, 2002-жылы Ошко келе бердим.

– Кичине кезимде телевизордон сиздин “бурулуштан мүрзөмдү кайрылып барып ким көрөт?..” деп ырдаганыңызды көрүп, “баласы жок турбайбы” деп кейийт элем, түшүнбөй…
(Күлүп). Венера экөөбүз 4 уул, 3 кыздуу болдук. Азыр 11 неберем бар.

Азыркы жубайым Бүбүсайранын атасы ырга шыктуу болгондуктан, далай ырчыларды үйүнө коноктогон экен. Кызы болсо мени менен таанышам деп келиптир. Ошол маалда Венера экөөбүздүн турмуш отубуз тутанбай калган болчу. Бүбүсайра экөөбүз бир жылдай тааныш болуп жүрүп, анан баш коштук. “Үйүм жок, өкмөттүн бир бөлмөлүү үйүндө жашайм, макулсуңбу?” деп шартымды айтсам, бар-жогуна кайыл болду. Жаман үйдө жашап ысык-суукту мени менен тартып жүрүп, экөөбүз үйлүү да, кыздуу да болдук. Балдарымды өзүм үйлөп-жайладым.

– Агай, айрыкча чыгармачыл адамдар тагдыр бороонуна кабылганда ичкиликке туруштук бере албай калат өңдүү…
– Ичкилик маселесине келсек, 2-курска чейин оозума бозо да алчу эмесмин. Элге тааныла баштаганда андайды ууртап коюп жүрдүм. Толук 7 жыл ичип, айылга барып сарык болуп калып, 20 жыл ичкиликтен алыс жүрдүм. Кийин кан басымым түшүп кетиптир. Врачка кайрылсам, “күчтүү тамак жеңиз, шарап, коньяктан анча-мынчада ичип туруңуз” деди. “Ошол да болчу беле?” десем, дары жазып берип, “кур десе бозо ичип жүрүңүз” дейт. Ошентип, аздан алып жүрүп көбөйүп кетти. Дал ошол убакта турмушумдан чөгүп, ичтим. Бирок ичкенде эл көзүнөн качып, эч кимге зыяным тийчү эмес. Ичкилик жакшылыкка алпарбасын түшүнүп, 2001-жылдан бери ичкиликти таштадым. Азыр 5 убак намаз окуйм.

– Алайдагы бир үйдү көрсөтүп, “бул Жолболдунун Чолпонунун үйү” деп калышат…
– “Чолпонумда” мен кыргызда болгон таза сүйүүлөрдү бергем. Алайга таркап кеткени “Чолпонум” деген ыр чыккандан кийин биринчи жубайым Орозайымдын күйөөсү кызганып чыр чыгарат. Анан Сайпидин Рахманбердиев деген алайлык журналист “Чолпонумдун жообу” деген ыр чыгарып, ошондон күйөөсү аны сотко берип салат. Ушундан улам ушундай сөз тарап кеткен.

– Азыркы маданиятыбыздын өнүгүү жолуна сиздин бааңыз кандай?
– Союз убагында маданиятыбыз өнүккөн. Бирок биз даяр эмес болсок да, Опера-балетти киргизген. 99 пайыз орустардын чыгармаларын окуйт элек. Бул – терс жагы. Ал эми оң тарабы – нота үйрөтүп, жаңыча илим-билимге умтултканы.

Азыркы күндө уурдабаган чет элдик обон калбады. 90-жылдарга чейин жакшы обончулар чыккан. Ачык эле айтайын, халтурага өтүп кеттик. Оригиналдуу ырлары менен Бек Борбиев чыкты. Бирок кийинчерээк обондору окшош ырларды жарата баштады.

Азыркылардын обондору бири-бирине окшош. Колунан келсе-келбесе да сөзүн өздөрү жазышат. Компьютерден жаздырып алып, фонограмма менен ырдашат. Компьютер деген карганын үнүн булбул кылып коюуда. Эстрада дегендин өзү бизде жок. Чоро Кожомжаров, Шамшыбек Өтөбаевдер – эстраданын баштоочулары. Кыздардан ошол убактагы “Кыз-Бурак” тобунда эстраданын жыты бар болчу. Бүгүн фонограмманы жойсок, 99 пайыз ырчы жоголот. Азыркы ырчылардын ырын тыңдап отуруп, сөздөрүнө кускум келет. Чычалабай эле коюшсун, бул чындык.

– Саясатка кандайсыз, кайсы партияга мүчөсүз?
– Өмүрүмдө партияга мүчө болгон эмесмин. Саясатты, элдин турмушун мен ырларымда айтам. Акаев убагындагы быкы-чыкыны чукуп, 94-жылы “Кайран эл” деген көлөмдүү чыгарма жазгам. Анан бийлик тарабынан КГБдан келишип, “Акаевди жамандапсың” деп демитишти. “Анын аты аталбай эле турат” десем, “шайлоонун алдында тетири үгүттөгөнүңүз болбойт, аксакал, ырдабай эле турбайсызбы” дешет. Ошентип, ал ыр ырдалбай калды. Мен Масалиевди колдогон элем. Тилекке каршы, ал киши шайлоодон өтпөй калды. Ошондон кийин көңүлүм калган, эч кимге жан тартпайм. Анан да наамга жамынып саясатты аттагандарды дилим сүйбөйт. Карап отурсам 80ге чыккан аксакалы деле «Кош жылдыз» деп жаш ырчыны колтуктап, фонограмма менен ырдап жатат. Эй, бул деген маскарапозчулук!

– Шаардын куну кетип калгансыптыр, Ош окуясына күбө болгон чыгарсыз?
– 11-июнь күнү эртең менен Ак-Тилек кичирайонунан келатсам, жолду тосуп «шаарда согуш болуп жатат» дешти. Ачык айтыш керек, бир акмактардын тилине кирип, өзбек туугандар бекер кылышты. Буларда бийлиги, байлыгы бар адамдын оозун караган, аксакалынын сөзүн уккан сапат бар. Аларды дал ошол байлыгы бар өзбектер тукуруп, жолдон чыгарышты. Чынында, бул улутта деле бизге окшоп бала-чакасын араң багып жаткандар толтура.

Эки күндөн кийин жумушка келсем, кыбыраган жан жок. Калпак кийип алган элем, “Филармония кантти экен?..” деп ошол жакка барсам, “снайперлер атып жатышат, калпакты алып кой” дешкенинен калпакты коюнума катканга аргасыз болдум.

– Рахмат, маегиңизге, улут деп күйгөн өнөр адамдары өлбөсүн, алардын арасында сизде да ийгиликтер болсун.

Бурул Исмаилова, «Супер-инфо», №410 10-16-сентябрь 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий