Кыргыздын 7 кереметинин бири – ӨЗГӨН МУНАРАСЫ

Кыргызстанда да 7 керемет бар. Мисалы, Саймалы-Таш, Манастын күмбөзү, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Бурана мунарасы, Сафед-Булан жана башка.

Булардын баары элибиздин эчендеген тарыхын камтып, илгерки доордун күбөсү катары сакталып келет. Келиңиз, карт тарыхты казып, сиз менен 7 кереметтин бири – Өзгөн мунарасына саякатка бирге чыгалы.

ӨЗГӨН ОРТО КЫЛЫМДА ЧОҢ СООДА БОРБОРУ БОЛГОН
Өзгөн – Кыргызстандын эң байыркы шаарларынын бири. Караханиддер доорунда (10-12-к.к.) бүтүндөй Азия чөлкөмүнө базарлары менен даңкы чыккан. Өзгөн калаасы 8-9-кылымдарда эле чеп менен корголуп, 12-кылымда Караханиддер династиясынын борборуна айланган. Убагында Фергана өрөөнүнүн чоң соода борбору дал ушул Өзгөн болгондуктан, Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин базарларга кайрылып өтүшү салт эле. Караханиддер доорунда Өзгөн шаары маданий жактан гүлдөп-өнүккөн. Айрым изилдөөлөрдө калаа ошол убакта гүлдөп-өнүккөнүнөн улам Озгон делинип, кийин Өзгөн деген аталышка өтүп кеткен.

МУНАРА – ӨТКӨН ДООР ЭСТЕЛИГИ
Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Комплекс мунарадан жана 3 күмбөздөн турат. Бул тарыхый эстеликтердин баары бир мезгилде курулган эмес. Айтылуу Өзгөн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, урап отуруп, азыркы бийиктиги 27,5 метрди түзөт.

Мунараны куруу максаты эмнеде болгон? Бул жаатында изилдөөчүлөр мунаранын эки түрдүү себеп менен курулганын айтышат. Биринчи себеби, сырттан келаткан душмандарды байкоо иретинде атайын кароол мунара катары курулган. Экинчи себеби ислам динине байланыштуу. Мунарага чыгып, азан айтып элди намазга чакыруу максатында тургузулган делинет. Түрдүү оюм-чийим менен кооздолуп, кыштан тургузулган мунаранын бүгүнкү күнгө чейин урабай турушу мунаранын сырын күчөтүп келет.

Жанаша турган 3 күмбөздү Өзгөн эли Орто, Түндүк, Түштүк күмбөз деп бөлүп аташат. Күмбөздөрдүн ичинен Орто күмбөз биринчи курулган. Орто күмбөз убагында ошол чөлкөмдө бийлик жүргүзгөн султандын буйругу менен курулуп, ага Караханиддер династиясынын өкүлү хан Наср Ибн Алинин сөөгү коюлган…

Түндүк күмбөз Орто күмбөздөн 1 кылым кеч курулган. Күмбөздүн ичиндеги жазуулардан улам адистер 1152-жылы караханиддердин башчысы Хусейин Ибн Хасан курдурган деген жыйынтыкка келишкен. Маалыматка караганда, күмбөздө ошол кезде аймакты башкарган султандын агасы Султан Илчи Мазынын сөөгү коюлган. Дагы бир уламыштарда элди ажыдаардан сактаган баатыр хан жана анын ата-энесинин сөөгү коюлган деп айтылат.

Ал эми Түштүк күмбөз 1187-жылы курулганын изилдөөлөр тастыктаган. Мында кимдин сөөгү коюлганы алигиче белгисиз. Бирок өкүмдарлык кылган инсандын көмүлгөнү турган иш. Бул үч күмбөздүн архитектурасы байыркы жана ошол кездин өнөр ээлери колунан көөрү төгүлгөн усталардан экендигинен кабар берет.

АЙЛАНАЙЫН МУНАРА, УРАЙ КӨРБӨ, УРАБА!
Ооба, мунаранын абалы укмуш дегенге жарабайт. Ушунча кылым урабай турганына шүгүр дегенибиз менен, эртеңки келечек ээлерине тарыхый үзүмдүн сакталып калышына күмөн бар. Анткени мунаранын сынынан кеткени жакшылап караган адамга байкалат. Албетте, мунаранын эскилиги жеткенине доорлордун өтүшү, табият кубулуштары, экологиянын бузулушу таасирин тийгизбей койбойт.

Мунарага 1923-жылы чырак орнотулган. 1927-жылы күмбөздөр бир аз оңдолуп, жалпы архитектуралык комплекс толук оңдоодон 1976-1983-жылдары өткөн. Мына ошол жылдан бери бул комплекстер кайрадан оңдоого муктаж экендигин биз эле эмес, сырттан келген туристтер да байкап, айтып жүрүшөт. Ал эми муну шаар тургундары “мунара жолдун боюнда жайгашкандыктан, эл, унаа дегендер Ош-Бишкекке Өзгөндү аралап өтөт. Тынымсыз өткөн автоунааларды мындай кой, тонналаган жүк ташуучу КамАЗ жерди дүңгүрөтүп өтөт. Анан кантип мунарага залакасы тийбей койсун?!” деп божомолдошот. Дагы бирлери “жер титиреген сайын мунаранын абалы начарлап барат” деген кептерди айтышат. Мунаранын ичине кирсең, дубалдардагы “баланча+түкүнчө” деген же өз аттарын чийип-сызган жазууларга көзүң түшөт. Сыягы, ошол жазып жаткан адам тарыхый эстеликтин кадырын билбейт сыяктуу. Муну адамдардын аңдап-билбеси дейли, ал эми буга тиешелүү жетекчилик, акимчилик деле кайдигер карайт өңдүү. Дегеним, 30 жылдан ашуун убакыттан бери бир да жолу оңдолбоптур. Бир күнү болбосо качандыр бир жылы улутубуздун байыркыдан калган баалуулуктары эртеңки келечек үчүн оңдолуп калар деген үзүлбөгөн үмүттө күтө туралы.

МУНАРАГА КЕЛИШЕТ ЖАШТАР КУБАНА
Үй-бүлө курууга бел байлаган жаштар ушул жерге келишип, мунара жанында эстеликке сүрөткө түшүшөт. Күнүнө дебесек да, жумасына 3-4 жуп үйлөнгөн жаштарды кездештирүүгө болот. Ал эле эмес башка район, облустардан келген конокторун дал ушул Өзгөн мунарасына алпарып, тааныштырып, сүрөткө түшүргөн жарандар көп. Андыктан тарыхый эстелик болгон мунаранын сүрөтү ар тарапка тарап, баркы өсүүдө десек да жарашат.

Дүйнөлүк археологдордун, туристтердин ушул эстеликтерди көрүп баа беришкени да мактанарлык нерсе.

Бурул Исмаилова, «Супер-инфо», №411 17-23-сентябрь 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий