Жыпар Исабаева, акын, жазуучу, журналист: «Алыкулдун бейитинен айыккам»

Жыпар Исабаева дили таза, жан дүйнөсү жаркын, аруу акын. Эженин наздуу ысымы китеп, поэзия сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн эбак түнөк тапканы анык.

Жарык көргөн китептери: «Жылаандын сүйүүсү», «Махабат мазары», «Алыкулду сүйгөн кыз», «Адашкандар», ж.б.

Кыялкеч балалыгым

Менин балалыгым Нарын областынын Миң-Булак айылында калды. Үчүнчү классымда «Кыргызстан пионери» гезитине ырларым биринчи жолу жарык көрүп, почточу: «Исабаева деген сенсиңби? Азамат турбайсыңбы, алагой, ырларың чыгыптыр» деп, гезитти таштап кетти. Мен шашып-бушуп гезитти ача салсам, бир татынакай жасалгаланган бетинде үч ырым турат. Ошондо күн кечтеп калган эле, «эми качан эртең болот» деп, таң атканча улам ойгонуп терезени карап, чыдамым кетти. Бир убакта көзүмдү ача салсам үйдүн ичи жапжарык, ыргып туруп, жанымдагы инимди жулкулдатып ойготуп, экөөбүз кийинип алып мектепке жөнөдүк. Демейде апам өзү ойготуп, курсагыбызды тойгузуп, чачымды өрүп анан жөнөтчү да. Анда эмнегедир турган жок. Кар себелеп жаап атыптыр, жер аппак, иним эркек да, болбурап басып баратат, мен дегдеңдетип жетелеп алгам, мектепке барсак ачыла элек экен. Үшүп күтүп турабыз, жарым саат өткөн соң, үшүгөнүбүзгө чыдабай, кайра үйгө жөнөдүк. Апам артыбыздан издеп келатыптыр, экөөбүздү ээрчитип барып, жылуу төшөкккө жаткырып койду. Көрсө, биз келгенден кийин таңкы саат 4 болуптур. Эртеси сабакка барсам мектеп ызы-чуу, окуучулар, мугалимдер баары мени дүңгүрөтө мактап атышыптыр. Класска кирип эле гезитти ачып балдарга көрсөткөнчө эле бир классташ балам колумдан жулуп алып, партанын үстү менен жүгүрүп качты да, гезитти айрып-айрып туруп ыргытып салды. Баарыбыз нес болуп туруп калыптырбыз. Ошол классташымды окууну бүтөр-бүткөнчө аябай жаман көрүп жүрдүм.

«Алыкул «мен түрмөдөмүн» деди»

Онунчу класста окуп жүргөнүмдө Алыкул түшүмө кирди. Башына кепка, бутуна өтүк кийип, терезенин түбүндө капталдап жатат да: «Менин ырларымды уурдап кетишпедиби!» деди кейип. Мен анда Алыкулдун ырлары жоголгонун билчү эмесмин. «А сиз кайдасыз?» десем «Мен алыс жакта түрмөдөмүн» дейт. «Ии, менин деле кээ бир ырларымды гезитке жөнөткөндө же жарыяланбайт, же редактордон жооп келбейт, меники дагы жоголуп кетет» деп койом. Дагы бир жолу биздин айылдык клубда көл-шал түшүп ыр окуп атыптыр, бир убакта терин шыпырды, мен карап турсам аккан тери кочушуна толуп калды. Кайда төгөрүн билбей, элдин ичинен кимдир-бирөөнү издегендей карап турду да, мени көрөөрү менен колун шилтеп жиберсе, бетиме «чалп» этип жабылып калса болобу. Бул кезде турмушка чыгып, айылда жүргөн кезим эле, үч күн эчтеке укпай, сезбей ушул түштү гана эстеп, учуп-күйүп жүргөнүм эсимде.

«Алыкулдун көрүстөнүнө сыр төгүп…»

Мектепти бүтүп, университеттин журналистика факультетине өтүп, айылга барганымда жолдошум алагачып кетти. Сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, удаа эки балалуу болуп, айылда жети жыл жашап калдым. Жолдошум үйдүн улуусу болчу, «өзүм жалгыз келин болсом, анан бөлүнүп кетсем кайынжуртум таарынат го» деп унчукпай жүрө бердим. Эки кайним үйлөндү, анда деле айталбайм, ыймандуулугумду карабайсыңбы. Кайненем ыр жазганымды анча жактырбай «ыр жазбай эле койчу балам, жакшы турмушта жашабай, кыйналып каласың. Андан көрө балдарыңды, үй-жайыңды ойлон» десе эле коркуп, ырларымды бекитип жазчумун. Анан айылда жашап, акындардын чөйрөсүнөн алыс калганга өзүмдү акыл-эси жетишпеген жандай сезип жүрдүм. Кыжаалат болом, колума тийген буюмду ыргытып ийгим келет, буулугам. Бир күнү кудай өзү кечирсин деп «мени университетке чакыртып атышыптыр» дедим. Күйөөм уруксат берген соң, сүйүнгөн бойдон Бишкекке келип, түз эле Ала -Арча көрүстөнүнө бардым да, Алыкулдун бейитин издеп жүрүп таптым. Сумкама ырларымды сала келгем, отуруп алып ырларымды окудум, сүйлөштүм, сырдаштым, айтор өзүмчө эле кобурана бердим. Акындын күмбөзүндөгү сүрөтүнөн, жаткан жайынан мага нур келип, жүрөгүмдөгү дартымды айыктырып, кат-кат черимди тазалап аткандай болду. Аңгыча кеч кирип, бейиттин арасына чоочун адамдар келе баштады. Мени карап коюшат, а мен арбактардан коркпой эле, тигил адамдардан коркконумдан кетүүгө мажбур болдум. Кыялбай «эртең да келем ээ?..» дедим, Алыкулдун үнсүз сүрөтүн карап. Шаардагы кайын сиңдимдин үйүнө барып жаттым да, эртеси дагы келип, көпкө чейин ичимдеги толгон чыгармачылык муң-зарымдын баарын айтып, анан айылга кеттим.

«Ыр жазбай жүрүп ооруп калган экенмин»

Жүрөгүм жаңы туулган наристеникиндей согуп, ушунчалык тазаланып, бардык оорумдан айыгып, жыргап калыптырмын. Көрсө, жазчу ырларымдын баары жарыкка чыкпай, көөдөнүмө чөгө берип катуу кыйналып, ооруп калган экенмин. Анда Нарындагы медициналык окуу жайда лаборант болуп иштечүмүн, эртеси 9да жумушка барып эле машинкага олтурдум. Такылдатып басып атам, бирөө айтып бергендей эле жазылып атат, ошентип кечки саат 4кө чейин бир поэма жазып бүткөм. Бир күнү айбыгып атып: «Апа, биз бөлүнүп шаарга жашайлы, иштейли» дедим. Кайненем, күйөөм экөө тең ынабай койду. «Айылда үй-жайыбыз бар, балдарыбыз багылып атат, апамдар жардам берип атат, шаарда эмне бар?» деп жолдошум чекит койду. Анан университетке акыркы экзамендеримди тапшырганы барганда бир классташым: «Жыпар, сен шаарга иштегим келет» дебедиң беле, университетте орун бар экен, барып көрбөйсүңбү» деп калды. Университетке лаборант болуп иштеп, ошо менен айылга барбай койдум да, кайненеме телефон чалдым: «апа, мен шаарда калдым, иштеп атам» десем «Мейли! Күйөөнүн, баланын кереги жок болсо жүрө бер» деп катуу таарынды. Ошентип көп убакыт өткөндөн кийин, чемоданын көтөрүп алып күйөөм шаарга келди да, чогуу жашап калдык.

«Алыкулду мен да сүйчүмүн»

Окуучу кезимден баштап Алыкулдун ырлары, дүйнөсү менен жашап аны чын эле сүйчүмүн. Алыкулду сүйүп, кат жазып, бетаарчы белек кылган Жамийла аттуу кызга ушунчалык суктанчумун. Тагдыр мага Жамийла апа менен көрүшүүмдү буйруган экен, кокусунан аны тааныган адамдардан дарегин алып, байланышып калдым. Жамийла апа бардар үйбүлөдө өскөн, эрке, өтө татынакай кыз болгон экен. Алыкул Осмонов Койсарыда эс алып жүргөн кезинде жалаң күмүш менен жасалгаланган ат минип, кош этек көйнөк, үкү топу кийип Алыкулга барып жолугуптур. Экөө ошентип бири-бирине арзуу сезимдери ойгонуп, кечкисин кайыкка түшүп сейилдеп, керемет күндөргө туш болушат. «Алыкул калак да тарталбайт экен, экөөлөп тартып, көлдө жүрөбүз. Менин чачым тиземен өтчү эле, кайыкта келатып жазып алсам Алыкул таңгалып да, суктанып да карап турган, аңгыча чоочуп кыйкырып жиберди. Карасам, кайыктын тешигинен кирген суу кайыкка толо баштаптыр. Сууга секирип түшүп, кайыкты жээкке карай сүйрөп, тердеп-кургап атат, а мен каткырып күлкүмдү тыя албай калдым. Араң дегенде кайыкты чыгарып, анан экөөбүз отуруп алып, боорубуз эзилгиче күлдүк. Алыкулдун жарпы жазыла көпкө чейин каткырып күлгөнүн ошондо биринчи жана акыркы жолу көрдүм» деди. Жамийла апа аябай кербездүү, сөөлөт күтүп сүйлөгөн, Алыкулдун сүйүктүү көңүлдөшү болгону үчүн өзүн бийик да койгон, анын сүйүүсү менен сыймыктанган байбиче экен. «Алыкулду сүйгөн кызды» жазып жүргөнүмдө кээде кербези кармап «тигил жакка олтуруп тур, мен азыр» деп койчу эле. Китеп чыкканда сүйүнү, апага алпардым, «Аа, бүттүңбү? Эми мага тооп кылып, анан китепти бер» деди. Мен «тооп кыл» десе карап эле калыптырмын, анан ичимден «Алыкул үчүүн муну да аткарышым керек» деп, апага таазим кылып, китепти тапшырдым.

«Таанылып калган акын-жазуучу аялдар өзүн-өзү сактайт»

Биринчи китебим чыкканда чыгармачылык кечемди өткөрдүм. Көрүүчүлөрдүн 70 пайызын тааныбайм, эл укмуш келди. Кайын журтума, өзүмө «отчёт» беришим керек болду да. Алпаруучу Майрамбек Осмонов: «эже, мына, куттуу кечеңиз өтүп атат, кудайдын алдында айтыңызчы, жолдошуңузду алдадыңыз беле?» деди. «Сөзсүз айтышым керекпи?» десем, «Ооба» дейт. Ойлонуп туруп «бир жолу алдагам» десем зал жымжырт боло түштү… «Мени университетке чакырып атат» деп калп айтып, Алыкулдун күмбөзүнө барганымды айтсам, залдагылар дүркүрөп кетти, айрымдары тура калып кол чаап жиберишти. Кайненем толкунданганынан ыйлап… Кийин тааныштар «сен жооп бергиче «эми эмнени айтып жиберет» деп, өлүп кете жаздадык» деп жүрүшпөдүбү. Бир күнү кайненем экөөбүз сырдашып отурганда «Апа, акын-жазуучу аялдар аты билинип, эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин жаман аттуу болгондон сактанып, өзүнө мурдагысынан да жоопкерчиликтүү мамиле жасап калышат. Сиз абийирин сактабаган айрым аялдар жөнүндө айтып каласыз, алар же пол жуугуч, же дагы ушул сыяктуу жумушта иштегендер дебединиз беле. Адамдын даражасы канчалык өйдө болсо, ал ошончолук өзүн сактаганга аракет кылат» дегем. Апам байкуш мени өзгөрүп кетеби деп да корксо керек.

«Балдардын жан дүйнөсүн да багыш керек»

Эки кыз, эки уулум бар. Кудайга шүгүр, акыл-эстүү, зирек, боорукер, жаракөр балдар болду. Улуу кызым Нурайым бизди неберелүү кылды. Баланын өзүн эле багуу милдет эмес, анын жан дүйнөсүн да азыктандырыш керек.

«Көйнөк-сөйкөгө кызыкпайм»

Аялзаты көйнөк-көнчөккө жакын болот эмеспи, мен негедир ал жагынан шыктуу болгон жокмун. Кесиптешим, менин эң жакын сырдашым, акын Бактыгүл Чотурова «көйнөк, сөйкөбүздү ким карамак эле, биздин ырларыбызды карайт» деп келет. Бир кабинетте отурганыбызга 10 жыл болду, бир жолу дагы мурчуюшкан жокпуз. Бактыгүл эжем ыр жазган күнү ушундай жайкалып басып келет, мен шарт эле байкап: «Эже, ыр жаздыңызбы, окуп бериңизчи» дейм. Суктанып угуп отурам, ырын окуп бүткөндөн кийин: «А сен жаздыңбы? Ай, кыз, сен прозага өтүп кеттиң. Ырларың калды, кана чыбыгың? Берчи, бир жазгап койоюн» деп тамашалайт.

Афина Бакирова, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий