Айтматов менен Садырбаевден калган «АРМАН»

Фашисттер бейкапар жаткан Советтер Союзунун аймагына кирип келишти. Бейкут жаткан эл будуң-чаң түшүп, кол арага жараган жигиттердин бардыгы мекенди коргоо үчүн согушка аттанышты…

Ошол согуш каарын көрүп, тестиер Чыңгыз Айтматов эс тартканы бир үйдүн жалгыз уулу согуштан кайтпай калганын чыгарма кылып жаратты. Ал чыгарманы даанышман кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев тасмага айлантты.

Тасма Ч.Айтматовдун “Уулу менен жолугушуу” аңгемесинин негизинде 1975-жылы тартылган.
Режиссёру – Дооронбек Садырбаев.Режиссёрдун жардамчысы – Насырет Дубашев.
Сценарийин жазгандар – Дооронбек Садырбаев, Муса Мураталиев, Бакыт Карагулов.
Ролдордо:
Чодрон ата
– Нурмухан Жантурин.
Султан – Жоробек Аралбаев.
Бурма апа – Роза Рыскелдинова.
Эжелери – Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова.
Султандын курман болгондугун угузган адам
– Турсун Уралиев.
Устанын жардамчысы – Асанкул Шаршенов.
Чодрондун экинчи жубайы – Алиман Жанкорозова.

АТАНЫН АЙТЫП БҮТКҮС АРМАНЫ
Фильмде жалгыз уулун Улуу Ата Мекендик согушка жөнөтүп, андан айрылган атанын армандуу өмүрү баяндалат. Чодрон карыя артта калган бактылуу күндөрдү эстеп, көз алдынан чуурутуп жүрүп отурат. Ал жубайы Бурма экөө эки кыз жана Султан аттуу уулду тарбиялап өстүрүшөт. Кыздары бой жетип, турмушка чыгып шаарда жашап калышат. Султан каникул убагында башталгыч класстарга сабак берет. Аңгыча эл ичин согуш деген суук кабар аралайт. Ошондо Султан жашын чоңойтуп, өз ыктыяры менен согушка аттанат.

Уулунун согушка бара жатканын уккан Бурма апа “жок дегенде эки бутум соо болсо эмне?!” деп зар какшап ыйлайт. Анткени ал баса алчу эмес эле. Устаканасында темир ширетип жаткан Чодрон аксакал баласынын согушка аттанганын угуп, айылдан райондун борборуна ат менен жетип барат. Эки кызы “ата, бирдеме кылып Султанды алып кал!” деп жалдырашат. “Жок, баламдын чечимине каршы чыга албайм!” дегенде эки кызы “эмне болгон атасың?! Өз уулуңду ажалга жиберип, сакалың өрттөнгүр!” деп таарынып, атасы менен катташпай калышат.

Аттиң дүйнө, атасы ошондо баласын акыркы жолу көрүп жатканын сезди беле?

ТАСМАДАГЫ СУЛТАН ЖЕ ЖАШООДОГУ ЖОРОБЕК

  • 1957-жылы 24-январда Таш-Көмүр шаарында туулган.
  • Баш-аягы 20дан ашуун фильмге тартылган. Анын 6сы кыргыз, 14ү орус тасмасы. Кыргыз фильмдеринин алтоосунда тең башкы ролду ойногон.
  • Актёрлукка өтө берилген жок. Жөн гана хобби катары эсептейт.

Жоробек Аралбаев: – Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшыргам. 1-курсту бүтүп, каникулга Фрунзеге келдим. Улуттук телевидениенин жанынан Дооронбек Садырбаев жолугуп калып, «каяктансың, кайда окуйсуң?» деп сурап калды. Анан «Айтматовдун «Уулу менен жолугушуу» аңгемесин окудуң беле?» деди. Мен ал чыгарманы окуганымды айтсам, “кинопробага кел” деп чакырды.

Мени дароо эле жактырышты. Съёмка Воронцовка айылында жана борбордо жүрдү. Мага Таттыбүбү, Жантурин сыяктуу кинонун дөө-шаалары менен ойноо актёрлук шыгыма шык берди. Жантурин аксакал аталык мээримин тасмадан сырткары да төгүп, дайыма акыл-насаатын айтып, көз салып турчу.

Дооронбек байкенин жан дүй­нөсүнө ата менен уул темасы аябай жакын эле. Ошондон улам кинону адамдын жүрөгүнө жеткире берген.

Кинодо апамдын каза болгону ачык айтылбайт. Атам экинчи аял алат. Атам бир күнү “балама барам” дегенде аялы “кайдагы бала?! Аның эчак өлбөдү беле!” деп чаңкылдабайт. “Анда сен жакшы кийинип алышың керек” деп тебетейин алып чыгып берет. Ушул мамилеси аркылуу экинчи апамдын ролун аткарган Алиман эже кыргыз аялынын образын ачып бере алган.

“КӨКӨЙ КЕСТИНИ” МУҢКАНА ЧЕРТКЕН ТУРСУН УРАЛИЕВ
Турсун агай журналист, сатирик, актёр, режиссёр, бир сөз менен айтканда, көп кырдуу талант. Эң башкысы – КРнын Эл артисти. Ал кино жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:
– Жантурин өзү аябай жашык адам эле. Асанкул согушка аттанганда бата берет эмеспи. Мына ошол жеринде Жантурин бата бере албай кайра-кайра жашый берген. Берилүү менен ойногонун ушундан бил, эртеси ооруп калыптыр. Бизге “атанын кайгысы ичиме түшүп кетиптир” деп жатпайбы.

Азоо аттарды кармаган жерибиз- де Асанкул экөөбүз тең укурукту бир атка салып алыптырбыз. Ал ат сүйрөп кетип, катуу жыгылганбыз.

Гонорарды тартылган күнүбүзгө эсептешчү. 9000 рублга жакын гонорарыма Жигули сатып алгам. Токмокко конокко бара жатып Канттан үч машина сүзүшүп кеттик. Аны оңдотуп алып айдап жүрсөм, бажам “ишимди бүтүрүп алайын, берип турчу” деп сурап кетип, ошол боюнча берген жок.

БИР ЖОЛУ…
Жоробек Аралбаев:

– Кесиптештер менен дүкөнгө баратсак, Асанкул байке бирөө менен «бекер шарап алып чыгам» деп мелдеше кетти. Биз «коюңузчу, кантип?» дейбиз. Дүкөнгө кирери менен өңү-башын бузуп, оорукчан адамдай түр көрсөтүп колу менен шарапты көрсөтсө, сатуучу унчукпай кармата салды. Асанкул байке да оорукчан кейипте чыгып кетти.

Турсун Уралиев:
– Жашык Жантуринди кинодогу атанын кайгысынан улам ичип албасын деп режиссёр артынан эки жигитти кайтартып койгон. Бир күнү мага өз тилинде “кой деши, анагы артымдан калбай койду гой” деп ыйлактаган эле.

ТАСМА ТУУРАЛУУ

  • Казакстанда өткөн кинолор көргөзмөсүндө “Арман” биринчи орунга татыган.
  • Атанын ролуна алгач Советбек Жумадылов тандалган.
  • Султандын сүйгөн кызынын ролун Зульфия аттуу кыз ойногон.
  • Актёрлордун бош убактысы Асанкул куудулдун куйкум сөздөрүнө бөлөнгөн.
  • Асанкул Шаршеновдун ат арабаны ийини менен жөлөп турган жерин тартчу убакта куудул ооруп калып, съёмкага келбей калат. Ошондо анын борбордогу ун комбинатында иштеген өзүнө куюп койгондой окшош бир тууган агасын алып келип тартышкан.
  • Чыгармачыл топ съёмка аяктагыча Воронцовка айылындагы лагерде жашашкан.
  • Асанкул байкенин шайтан арабаны дөңдөн ылдый тээп барып жыгылган жерин бир гана жолу тартышкан. Анткени ал жашоодо шайтан араба тепкенди чын эле билчү эмес.

Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №412 24-30-сентябрь, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий