Ат — адамдын канаты

Кыргыз элинин өткөн турмушунда тулпар аттардын мааниси чоң болгондугун танууга болбойт. Кыргыздын байыркы эпосторундагы баатырларынын өмүрү алардын минген тулпарлары менен тыгыз байланыштуу болгону бизге жакшы белгилүү.

Ат чабыш
Кыргыз элинде: «Тулпар — тушунда, күлүк — күнүндө. Ат, аттан кийин жат»,-деген макалдар бекеринен айтылып калбаса керек. Кыргыз эли байыркы замандан бери мал чарбачылыгы менен кесип кылып, төрт түлүк малды өстүрүп келе жатат. Төрт түлүк малдын ичинен да кыргыздар айрыкча жылкыны жогору баалашат. Өзүнүн көчмөндүү турмушунда жана жоокерчилик заманда жылкынын тулпарларын жоого минишкен, семиздерин союп, казы-карталарын жешкен, бээ-лерин байлап, кымызын ичишкен.

Кыргыздын балдары менен кыздары жаш чагынан эле ат мингенге үйрөтүлгөн. Балдары төрт, беш жашка келгенде, аларды айырмачка таңып, атка мингизип, толтурмачтап жетелеп үйрөтүшкөн, алар 7-8 жашка келгенде, аттын кулагы менен тең ойногон.

Кыргыз элинде ат оюн-зооктору өтө көп: кыз куумай, тыйын эңмей, кыз жарыш, келин жарыш, улак тартыш, оодарыш, тай чабыш, кунан чабыш, ат чабыш жана башкалар.

«Ат — адамдын канаты» дейт кыргыздардын дагы бир макалы. Кыргыз элинин өткөн турмушунда тулпар аттардын мааниси чоң болгондугун танууга болбойт. Кыргыздын байыркы эпосторундагы баатырларынын өмүрү алардын минген тулпарлары менен тыгыз байланыштуу болгону бизге жакшы белгилүү. Мисалы, Эр Төштүк баатырды анын минип жүргөн Чалкуйругу бир нече жолу өлүмдөн аман сактап калат. Манас баатырдын Аккуласы Манас төрөлгөн күнү кара жалдуу кула бээден туулат да, өмүр бою Манаска кызмат кылат. «Чоң казатта» Аккула окко учары менен Манастын шаштысы кетип, шайы оойт. Алмамбет окко учканда сөөгүн Сарала тулпарына жүктөп койсо, ал бир нече күнү суу ичпей, чөп чалбай жүрүп отуруп, Алмамбеттин сөөгүн аман-эсен Таласка жеткизет. «Чоң казатта» Чубакка ок жаңылат. Астындагы Көк тулпары Чубактын сөөгүн душманга бербей, ала качкан бойдон кетет.

Эпостун «Семетей» бөлүгүндө:
Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени —
Семетейдин ажалынын жеткени, —
деген сыяктуу учкул саптар бар.

Семетей караңгыда жол тосуп жүрүп, билбей, кокустук менен, өз бөлөсү Үмөтайды өлтүрүп коет да, таежесинен уялгандыктан, бөлөсүнүн куну үчүн, Тайбуурулун тартууга берип жиберет. Ошондон кийин, көп узабай, Кыяс менен болгон согушта, минген аты жүрбөй калып, Семетей өзү каза табат.

Калмактар менен болгон кагылышта Тейитбек Телтору тулпарын уулу Курманбекке бербей коюп, ал ошол чабышта минген аты баспай калып, калмактардан өлөт.

Күлүк тулпарлардын ичинде өтө акылдуулары болгондугу да бизге жакшы белгилүү. Ажыбайдын Карткүрөңүн миң сан жылкынын ичине агытып кое берсе, ал жылкыларды баштап алып, түз эле Таласты көздөй жөнөчү экен.

Революциядан мурда Көл башынан Анжиянга алпарып сатылган Аксур деген күлүк ат бир жылга жетпей, чылбырын сүйрөп, Көл башындагы ээсине кайра качып келген.

1916-жылкы эл үркүндө Ак-Суу, Турпандын базарына сатылган жумгалдык Бекболот деген саяпкердин Нарбаш аттуу күлүгү жарым жылга жетпей, Жумгалдагы ээсине качып келген.

Ат чабыштын тарыхынан
Ат чабыш кыргыз турмушунда өтө маанилүү орунду ээлеп келген. «Манас» эпосунда да ат чабыш жөнүндө айтылган маалыматтар көп. Манас боз улан кезинде, сексен бала талаада жүрүп, Манасты кан көтөрүшөт да анын урматына минип жүргөн аттарын чабышат. Манаска Алмамбет биринчи келип, ага ини болгон учурда да Манас ат чаптырып, той берет. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда да кырк чоросунун атын чапканы белгилүү.

Көкөтай өлгөндө, уулу Бокмурун Каркырада чоң аш берип, дүйнөдөгү элдердин көпчүлүгүн ашка чакырат да анда чоң ат чабыш болот, ат чабышка көп сандаган күлүктөр катышып, байге аттары Түркстан деген жерден кайра кайтат. Кайра келе жатканда, ат чапкан балдар адашып, башка жолго түшүп кетпес үчүн, жол бою ар бир жолдордун тоомдоруна жандоочулар коюлган. Бул ат чабышта Манастын Аккуласы чыгып келген, бирок байгени Коңурбай, Жолойлор талап кетишкен да, кийин Манастын «Чоң казатты» уюштурушуна ошол окуя да негизги себептердин бири болгон.

Манас өлгөндөн кийин, Каныкей Семетей менен кайненеси Чыйырдыны Бухарага алып качып кетип, Семетейди бир тууган агасы Ысмайылга бала кылып берет. Семетей эр жетип, он төрт жашка келгенде, Каныкей ат чаптырат да, байгеге, төлгө кылып, алтымыш асый болгон Тайторусун кошот.

Аттарды сүрөп чапмакчы болот. Тайторусун сүрөш үчүн, эркекче кийинип, Каныкей түпкү сүрөөнгө барат. Эжесинин бул жоругу Семетейге жакпайт.

«Алтымыш асый болуп, оозунда тиши калбаган атын байгеге кошуп, анысы аз келгенсип, эркекче кийинип алып, ат сүрөймүн деген эмнеси? Тайторусу байгеден келсе, анда бир кеп, эгерде байгеге илинбей калса, анда эжемдин башын аламын»-деп, Семетейдин ачууланганын Каныкейдин кулагы чалат.

Байге аттары кайра тартып, алдыңкылары Каныкейдин жанынан зуулдап өтө баштайт, бирок Тайторусунан дайын жок. Биринин артынан бири закымдап, кырк-элүү ат өтөт. Ошондо Каныкейдин заманасы куурулуп:
Арстан Манас, өлбөй кал!
Азапты бейбак, көрбөй кал!
Арбагы бийик Арстаным!
Колдочу болсоң, колдогун!
Колдобос болсоң дал бүгүн
Кокус болчу жолдомун! —

деп, буркурап ыйлап турса, алтымыш бир аттын аркасынан келе жаткан Тайторуну Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак баш болуп, кырк чоросу менен ортого алып, сүрөп келе жаткан экен.

Алар тез эле астындагы алтымыш аттан Тайторуну сүрөп, чыгарып кетишет.

Сынчылар, саяпкерлер жөнүндө
Күлүк аттарды таптоодо сынчылардын, саяпкерлердин ойногон ролдору чоң. Ат канчалык күлүк болсо да, аны таптаган саяпкер начар болсо, күлүктөр байгеге эч илинген эмес.

Кээде орточо эле күлүктөрдү мыкты саяпкерлер таптап, жарышта зор күлүктөрдөн чыгарып кеткен учурлар да болгон. Мисалга мындай бир окуяны келтирүүгө болот: Революциядан мурда Ысык-Көлдө баш байгесине миң жылкы сайылган чоң ат чабышта чыгып келип, биринчи байгени алган Карагашка аргымак аттуу зор күлүк болуптур. Ал Карагашка аргымак түбү Анжиян жактагы түштүк кыргыздардан оошуп келген күлүк экен.

Байгеден чыккандан кийинки эле жылы ошол аргымактын ээси менен Кенжебай саяпкер мелдеше кетет да жарышат. Алгач буту узундук кылып Карагашка аргымак чыгат. Жолдун тең ортосунан өткөндө, Кенжебай Карагашка аргымакты кууп жетип:
Арчаторум, арышта,
Аргымактан калышпа.
Асылдыгы көп эмес,
Атты таптап чабышта,
— деп Карагашка аргымактан Арчаторусун чыгарып кеткен экен.

Күлүктөрдү тааныган, аларды таптап, байгеге кошууга жараткан сынчылар, саяпкерлер болгон. Сынчылар күлүктөрдү дене түзүлүшүнөн да ажырата билишкен.

Күлүк аттардын сыны, мүчөсү «Манас» эпосундагы Тайбуурулдун сынында негизинен туура берилген.
«Бөрү тиши араадай,
Курч туягы чарадай,
Кашка тиши кадоодой,
Кызыл тили бүлөөдөй.
Азуулары болоттой,
Чаткаягы колоттой.
Секиргени бүргөдөй,
Семиргени сүмбөдөй.
Кең сорусу кетмендей,
Кебездей болгон көңүлү
Көзүнө ченеп керткендей.
Балтыры бала белиндей,
Басканы сырттын желиндей».
Эл ичинде айтылып жүргөн уламыштарга караганда, сынчылар күлүктөрдү баскан дүбүртүнөн да, таштаган тезегинен да жана небак өлүп калган күлүктөрдү баш сөөгүнөн да ажырата билишкен.

Көл башынан чыккан Найман сынчы деген киши үйдө отуруп:
— Балдар, сыртка чыгып, карагылачы! Желаяктын дүбүртү угулат!-дейт.
Сыртка чыгып караса, Кенжебай саяпкер Арчаторусун минип келе жаткан экен. Эл оозунда:

Толубай сынчы
«Толубайдай сынчы бол,
Токтогулдай ырчы бол!», -деген сөздөр байыркы замандан айтылып калган. Буга караганда, калыбы, өз доорунда сынчылардын ичинен Толубайдын астына эч бир сынчы чыкпаса керек.

Ошол эле Толубай сынчы жылкынын сууда агып бара жаткан тезегин кармап алат да: «Бул тулпардын тезеги экен»,-дейт. Текшерип көрүшсө, ошол өзөндүн башында, чындыгында эле тулпарлар оттоп жүргөндүгү аныкталат.

Илгери өткөн заманда Азиз аттуу бир кан:
— Мага жоого минип, айкырып найза сунууга жарагандай тулпар тапкыла! Андай тулпар тапкан сынчыга эмне кааласа ошонун баарын беремин,-дейт.

Бир күнү Азиз кан жанжөкөрлөрүн ээрчитип, сейилдиктен кайтып келе жатса, ээн талаада жылкынын куу башын кармап күңгүрөнүп, бир чал олтурат.

— Эмненин башы?-дейт андан кан.

— Бул илгерки өткөн Алтымыш баатырдын Чаар тулпарынын башы-дейт, ал.

Бул ишке кан таң калат да чалды ээрчитип келип:
— Мага тулпар тандап бергин, — деп өз элинде болгон жылкылардын баарын анын астынан чубатат, бирок Толубай сынчынын сынына эч бир жылкы толбойт:
Эң акырында сынчынын астынан Кармыш деген бир кедейдин кырчаңгы Бозатын жетелеп өтүшөт.

Ошондо Толубай сынчы ордунан ыргып тура калып:
— Анык тулпар ушул, каным,-дейт.

Ушул кантип тулпар болсун. Сен мени шылдыңдап жатасың,-деп кан Толубайдын эки көзүн ойдуруп салат.

Толубай: «Көзүмдүн куну үчүн, ушул жаман Бозду мага бериңиз!»-деп Бозатты кандан сурап алат да аны астына жылкы салбас күлүк кылып таптайт.

Акын А.Осмонов өзүнүн «Толубай сынчы» аттуу поэмасын мындай саптар менен жыйынтыктаган:

«Сынчы ата сөзүн буруп, Азиз канга:
Жаманбоз — мен минген ат таанып кара.
Падышам, сен баркыма жете албадың,
Акыры ээн талаада сен — маскара.
Менде жок арманды угур тууган, досум
Жана да өнөр билген жан жолдошум.
Кантейин, жаратканга айтарым бар,
Артымда атымды айтар заман болсун»,-
Деди да камчы салды боз тулпарга,
Боз тулпар жакшы кызып эми гана.
Дайынсыз сапар алып зымырады,
Эли жок, жери жоктой бул ааламда.
Жер жүзү, жер бүткөндү бүт тебелеп,
Ай менен күн ортосун жалгыз ээлеп.
Акыры бир деңизге түшүп кетип,
Ошентип, Толубай сынчы өлсө керек.

«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий